التَّحْذِيرُ مِنَ البِدَعِ
Бидъаттардан эскертүү
لِسَمَاحَةِ الشَّيْخِ العَلَّامَةِ
عَبْدِ العَزِيزِ بْنِ عَبْدِ اللهِ بْنِ بَازٍ
رَحِمَهُ اللهُ
Автор Урматтуу шейх
Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз
بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ
Бешинчи китепче:
Пайгамбардын мавлидин жана башка мавлиддерди майрамдоонун өкүмү
Аллахка алкыш-мактоолор, Аллахтын Элчисине, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана анын жолу менен жүргөндөргө Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Андан кийин айтарым: Көпчүлүк тарабынан Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) туулган күнүн белгилөөнүн, ошол учурда анын урматына ордунан туруунун, ага салам айтуунун жана мавлиддерде жасалуучу ушул сыяктуу башка иштердин өкүмү тууралуу суроо көп кайталанды.
Жооп: Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да башкалардын да туулган күнүн майрамдоого болбойт. Анткени, бул динге киргизилген жаңы бидаттардан. Бул ишти Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзү да, анын туура жолдогу халифтери да, башка сахабалар да (аларга Аллах ыраазы болсун), ошондой эле мыкты доордогу аларга жакшылык менен ээрчиген табийиндер да жасашкан эмес. Алар сүннөттү эң жакшы билген, Аллахтын элчисин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кийинкилерге караганда көбүрөөк сүйгөн жана анын шариятын бекем карманган адамдар болушкан. Аллах Таала Өзүнүн ачык-айкын китебинде мындай деген:
﴿...وَمَآ ءَاتَىٰكُمُ ٱلرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَىٰكُمۡ عَنۡهُ فَٱنتَهُواْ...﴾
"... жана (о момундар!) Пайгамбар силерди эмнеге буюрса, дароо кабыл алгыла, эмнеден кайтарса, ошол замат кайткыла!"
(Хашр, 7-аят). Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿...فَلۡيَحۡذَرِ ٱلَّذِينَ يُخَالِفُونَ عَنۡ أَمۡرِهِۦٓ أَن تُصِيبَهُمۡ فِتۡنَةٌ أَوۡ يُصِيبَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٌ﴾
"... Пайгамбардын буйругуна каршы иш жасагандар баштарына балээ же жан ооруткан азап түшүп калуусунан абайлашсын!" (Нур, 63-аят) Аллах Таала дагы минтип айткан:
﴿لَّقَدۡ كَانَ لَكُمۡ فِي رَسُولِ ٱللَّهِ أُسۡوَةٌ حَسَنَةٞ لِّمَن كَانَ يَرۡجُواْ ٱللَّهَ وَٱلۡيَوۡمَ ٱلۡأٓخِرَ وَذَكَرَ ٱللَّهَ كَثِيرٗا21﴾
"(Оо, ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн". (Ахзаб, 21). Аллах Таала мындай деген:
﴿وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلۡأَوَّلُونَ مِنَ ٱلۡمُهَٰجِرِينَ وَٱلۡأَنصَارِ وَٱلَّذِينَ ٱتَّبَعُوهُم بِإِحۡسَٰنٖ رَّضِيَ ٱللَّهُ عَنۡهُمۡ وَرَضُواْ عَنۡهُ وَأَعَدَّ لَهُمۡ جَنَّٰتٖ تَجۡرِي تَحۡتَهَا ٱلۡأَنۡهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدٗاۚ ذَٰلِكَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ100﴾
"Мухажир жана ансарлардан турган алдыңкы саптагы эң биринчилер жана ошолордун изинен эң сонун ээрчип бара жаткандардан Аллах ыраазы болду, алар дагы Аллахтан ыраазы болушту. Жана Аллах аларга, астынан дарыялар аккан, түбөлүк калуучу бейиштерди даярдап койду. Бул – чоң жеңиш!" (Тообо, 100-аят) Аллах Таала мындай деген:
﴿...ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗا...﴾
"…Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым…". (Маида, 3-аят). Бул маанидеги аяттар өтө көп. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
«مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنهُ فَهُوَ رَدٌّ».
"Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат". Тагыраак айтканда, кабыл кылынбайт, кайтарылат. Башка хадисте мындай деген:
«عَلَيكُم بِسُنَّتِي وَسُنَّةِ الخُلَفَاءِ الرَّاشِدِينَ المَهْدِيَّينَ مِنْ بَعدِي، تَمَسَّكُوا بِهَا، وَعَضُّوا عَلَيهَا بِالنَّوَاجِذِ، وَإِيَّاكُمْ وَمُحْدَثَاتِ الأُمُورِ، فَإِنَّ كُلَّ مُحْدَثَةٍ بِدْعَةٌ وَكُلَّ بِدْعَةٍ ضَلَالةٌ».
"Менин жана менден кийинки туура жол көрсөтүүчү халифтеримдин сүннөтүн кармангыла. Ага бекем жармашып, азуу тишиңер менен тиштегиле. Жаңыдан пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени, ар бир жаңы иш – бидаат, жана ар бир бидаат – адашуу". Бул эки хадисте бидааттарды чыгаруудан жана аларга амал кылуудан катуу эскертилген.
Мындай мавлиддерди динге киргизүү - Аллах бул үммөт үчүн динди толук кылбаган жана Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөт аткарууга тийиш болгон нерселерди толук жеткирбеген деген маанини туюндуруп калат. Анткени, кийинкилер келип, Аллах уруксат бербеген нерселерди Анын шариятына киргизишип, муну Аллахка жакындата турган иш деп эсептеп жатышат. Шек-күмөнсүз, бул өтө чоң коркунуч жана Аллах Таалага жана Анын элчисине каршы чыгуу болуп саналат. Аллах Таала пенделери үчүн динди толук кылып, аларга жакшылыгын да толуктаган. Ал эми Аллахтын элчиси ачык-айкын кабарды жеткирип, үммөткө бейишке алып баруучу жана тозоктон алыстатуучу бир дагы жолду калтырбастан, баарын баяндап берген. Абдуллах ибн Амр (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган ишенимдүү хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«مَا بَعَثَ اللهُ مِن نَبِيٍ إِلَّا كَانَ حَقًّا عَلَيهِ أَن يَدُلَّ أُمَّتَهُ عَلَى خَيرِ مَا يَعْلَمُهُ لَهُم، وَيُنْذِرَهُمْ شَرَّ مَا يَعْلَمُهُ لَهُمْ».
«Аллах кайсы гана пайгамбарды жибербесин, анын милдети – өз үмөтүнө алар үчүн жакшы деп билген нерселерге жол көрсөтүп, жаман деп билген нерселерден эскертүү болгон». Муслим "Сахих Муслим" китебинде риваят кылган.
Маалым болгондой, биздин Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) пайгамбарлардын эң абзели жана акыркысы. Динди жеткирүү жана насаат айтуу жагынан эң толугу. Эгерде туулган күндү белгилөө Аллах Таала ыраазы болгон динден болгондо, анда Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аны үмөтүнө баяндап бермек. Же тирүү кезинде өзү жасамак, же анын сахабалары (аларга Аллах ыраазы болсун) жасашмак. Ушул нерселердин эч бири болбогондуктан, бул иштин Исламга эч кандай тиешеси жок экендиги белгилүү. Тескерисинче, бул Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өз үммөтүн эскерткен динге киргизилген жаңылыктардан (бидааттардан) болуп саналат, бул тууралуу хадистерде айтылып өттү. Бул бөлүмдөгү аяттар жана хадистер өтө көп.
Аалымдардын бир тобу жогоруда айтылган жана башка далилдерге таянып, мавлиддерди туура эмес деп, андан эскертишкен. Ал эми кийинки аалымдардын кээ бирлери буга каршы чыгып, эгерде анда Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) карата аша чабуу, аялдар менен эркектердин аралашуусу, музыкалык аспаптарды колдонуу жана таза шарият тыюу салган башка иштер сыяктуу тыюу салынган нерселер камтылбаса, ага уруксат беришкен. Алар муну жакшы бидааттардан деп эсептешет.
Шарияттык эреже: адамдар талашып-тартышкан маселени Аллахтын Китебине жана Анын элчиси Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнө кайтаруу керек. Аллах Таала айткан:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَ وَأُوْلِي ٱلۡأَمۡرِ مِنكُمۡۖ فَإِن تَنَٰزَعۡتُمۡ فِي شَيۡءٖ فَرُدُّوهُ إِلَى ٱللَّهِ وَٱلرَّسُولِ إِن كُنتُمۡ تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ وَأَحۡسَنُ تَأۡوِيلًا59﴾
"О ыйман келтиргендер! Аллахка, пайгамбарга жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон иш башчыңарга моюн сунгула. Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар, эгер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенүүчү болсоңор ал маселени Аллахка жана пайгамбарга кайтаргыла. Ушул (силер үчүн) жакшы жана эң абзел чечим (болуп саналат)". (Ниса, 59-аят). Аллах Таала мындай деген:
﴿وَمَا ٱخۡتَلَفۡتُمۡ فِيهِ مِن شَيۡءٖ فَحُكۡمُهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِ ...﴾
"Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү – Аллахка!" (Шура, 10-аят).
Биз бул маселени: мавлидди майрамдоо маселесин, Аллах Тааланын китебине кайтарганыбызда, Ал бизди Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана ал алып келген динди ээрчүүгө буйруп, ал тыйган нерседен тыйганын көрдүк. Аллах Таала бул үммөт үчүн динин толук кылганын кабарлаганын таптык. Ал эми бул майрамдоо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген нерседен эмес; демек, ал Аллах биз үчүн толук кылган жана анда Пайгамбарды ээрчүүнү буйруган динден эмес.
Биз бул маселени дагы Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнө кайтардык. Бирок анын сүннөтүнөн да ал ишти өзү кылганын, же ага буйруганын, же сахабалары кылганын тапкан жокпуз. Ошентип, бул иштин динден эмес экенин, тескерисинче, ал кийин киргизилген бидаттардан экенин жана китеп ээлеринен болгон жөөттөргө жана христиандарга алардын майрамдарында окшошуу бар экенин билдик.
Ушуну менен, акыйкатка умтулган жана аны калыстык менен издеген, ошондой эле аз болсо да түшүнүгү бар ар бир адам үчүн мавлидди майрамдоо Ислам дининен эмес, тескерисинче, ал Аллах Таала жана Анын Элчиси таштоого жана сактанууга буйруган, кийин пайда болгон бидааттардан экени айкын болот. Акылдуу адам ар кайсы өлкөлөрдө бир ишти кылып жаткандардын көптүгүнө алданбашы керек. Анткени акыйкат аны кылуучулардын көптүгү менен эмес, шарият далилдери менен таанылат. Аллах Таала жөөттөр жана христиандар жөнүндө мындай деген:
﴿وَقَالُواْ لَن يَدۡخُلَ ٱلۡجَنَّةَ إِلَّا مَن كَانَ هُودًا أَوۡ نَصَٰرَىٰۗ تِلۡكَ أَمَانِيُّهُمۡۗ قُلۡ هَاتُواْ بُرۡهَٰنَكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ111﴾
"(Китеп ээлери) “Бейишке яхудилер же христиандар гана кирет” дешти. Бул алардын кыялдарынан башка эмес. Сен (о Мухаммад, аларга) айт: “Эгер сөзүңөр чын болсо, анда далилиңерди алып келгиле!” Бакара сүрөсү, 111-аят. Аллах Таала мындай деген:
﴿وَإِنْ تُطِعْ أَكْثَرَ مَنْ فِي الْأَرْضِ يُضِلُّوكَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ...﴾
"Эгер сен жер бетиндегилердин көпчүлүгүнө моюн сунсаң, сени Аллахтын жолунан адаштырып салышат..." (Анъам, 116-аят).
Андан тышкары, бул мавлид тойлорунун көпчүлүгү бидаат болгону менен бирге, алар башка дагы мункар иштерден куру эмес; мисалы, аялдардын эркектер менен аралашуусу, ыр-күү жана музыкалык аспаптарды колдонуу, мас кылуучу ичимдиктер менен баңгизаттарды ичүү жана башка ушул сыяктуу жамандыктар. Анда андан да чоңураак күнөөгө, тактап айтканда, чоң ширкке түшүп калышы мүмкүн. Бул көптөгөн адамдардын Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана алар “олуялар” деп атаган башкалардын туулган күнүн (мавлид) белгилөө учурунда кылып жүргөн каапырлык иштери менен болот. Ал иштер: Аллахтын элчисинин, же башка олуялардын даражасын ашыкча көтөрүп жиберүү, аларга дуба кылуу, алардан жардам жана колдоо суроо, аларды кайыпты билет деп ишенүү жана башка ушул сыяктуулар. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү хадисте минтип айткан:
«إِيَّاكُم وَالغُلُوُّ فِي الدِّينِ، فَإِنَّمَا أَهْلَكَ مَن كَانَ قَبْلَكُم الغُلُوَّ فِي الدِّينِ».
«Динде чектен чыгуудан сактангыла! Анткени, силерден мурдагыларды динде чектен чыгуулары кыйраткан». Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«لَا تُطْرُونِي كَمَا أَطْرَتِ النَّصَارَى ابْنَ مَرْيَمَ، إِنَّمَا أَنَا عَبدٌ، فَقُولُوا: عَبدُ اللهِ وَرَسُولُه».
«Христиандар Мариямдын уулун (Исаны) аша чаап көкөлөткөндөй, мени да аша чаап көкөлөтпөгүлө! Мен болгону, кулмун. Ошондуктан, (мени): «Аллахтын кулу жана элчиси» - деп айткыла». Имам Бухари "Сахих" китебинде Умардан (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган.
Эң таң калыштуусу: көптөгөн адамдар ушул бидаат майрамдарга катышууга аябай аракет кылып, жан үрөшөт жана аны коргошот, бирок Аллах парз кылган жума жана жамаат намаздарына катышпай калышат. Буга такыр маани беришпейт жана чоң күнөө иш кылдым деп эсептешпейт. Шексиз, бул ыймандын алсыздыгынан, түшүнүктүн аздыгынан жана ар кандай күнөөлөрдүн айынан жүрөктөрдү дат басып калганынан. Аллахтан өзүбүзгө жана бардык мусулмандарга аманчылык тилейбиз.
Ушуга окшогон нерселердин бири: кээ бирөөлөр Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мавлидке келет деп ойлошот. Ошондуктан, алар ага салам берип, тосуп алуу үчүн ордуларынан турушат. Бул эң чоң жалган жана эң жаман наадандык. Анткени, Пайгамбарыбыз Кыямат күнүнө чейин кабырынан чыкпайт, эч бир адам менен байланышпайт жана алардын жыйындарына катышпайт. Тескерисинче, ал Кыямат күнүнө чейин өзүнүн кабырында болот, ал эми анын руху Раббисинин алдында, сый-урмат жайы болгон эң жогорку даражадагы Иллийиинде. Аллах Таала айткан:
﴿ثُمَّ إِنَّكُمْ بَعْدَ ذَلِكَ لَمَيِّتُونَ15 ثُمَّ إِنَّكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ تُبْعَثُونَ16﴾
"Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр.
Кийин силер кыямат күндө (кайрадан) тирилтирилесиңер".
(Муьминун, 15-16-аяттар).
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«أَنَا أَوَّلُ مَنْ يَنْشَقُّ عَنْهُ القَبْرُ يَومَ القِيَامَةِ، وَأَنَا أَوَّلُ شَافِعٍ، وَأَوَّلُ مُشَفَّعٍ».
«Мен Кыямат күнү кабырдан эң биринчи чыгуучумун, эң биринчи шапаатчымын жана шапааты эң биринчи кабыл кылынуучумун». Ага Раббисинен мактоо дуба жана саламдын эң жакшысы (мыктысы) болсун.
Мына ушул эки улуу аят, куттуу хадис жана ушул экөөсүнүн маанисинде келген башка аяттар менен хадистердин баары – Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана башка өлгөндөр Кыямат күнү гана кабырынан чыга тургандыгына далил. Бул мусулман аалымдарынын ортосунда бир добуштан кабыл алынган маселе; алардын арасында бул боюнча эч кандай талаш-тартыш жок. Ар бир мусулман ушул иштерге көңүл буруп, түркөйлөрдүн жана аларга окшогондордун жаңыдан пайда кылган, Аллах алар тууралуу эч кандай далил түшүрбөгөн бидаат жана ырым-жырымдардан сактануусу керек. Жардам бир гана Аллахтан суралат, Ага гана тобокел кылынат. Күч-кубат бир гана Аллахка таандык.
Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават жана салам айтуу, Аллахка жакындатуучу эң жакшы амалдардан жана сооптуу иштерден болуп саналат. Аллах Таала айткан:
﴿إِنَّ ٱللَّهَ وَمَلَٰٓئِكَتَهُۥ يُصَلُّونَ عَلَى ٱلنَّبِيِّۚ يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ صَلُّواْ عَلَيۡهِ وَسَلِّمُواْ تَسۡلِيمًا56﴾
"Албетте Аллах жана Анын периштелери пайгамбарга салават-салам айтышат. О ыйман келтиргендер, силер да ага көптөн-көп салават-саламдарды айткыла!" (Ахзаб, 56-аят). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«مَنْ صَلَّى عَلَيَّ وَاحِدَةً؛ صَلَّى اللهُ عَلَيهِ بِهَا عَشْرًا».
"Ким мага бир салават айтса, ага Аллах Таала он салават айтат". Бул салаваттар бардык убакта айтылышы керек. Өзгөчө ар бир намаздын аягында айтуу маанилүү, ал тургай көптөгөн аалымдардын пикиринде ар бир намаздын акыркы ташаххудунда айтуу важиб. Анын сүннөт экендиги көптөгөн учурларда, анын ичинде азандан кийин, пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аты аталганда, жума күнү жана анын түнүндө бекемделет. Буга көптөгөн хадистер далил.
Аллах бизди жана башка мусулмандарды Өз дининде туура түшүнүк берип, анда бекем болууга, Сүннөттү карманып, бидааттан сактанууга насип кылсын. Ал - Берешен, Жоомарт.
Пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына салаваттар жана саламдар болсун.
***
بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ
Алтынчы ките:
Исра жана Мираж кечесин тосуунун өкүмү
Аллахка алкыш-мактоолор, Аллахтын Элчисине, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Шек-күмөнсүз, Исра жана Мираж – Аллахтын элчиси Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) чынчылдыгына жана анын Аллах Тааланын алдындагы улуу даражасына далалат кылган, ошондой эле Аллахтын кереметтүү кудуретине жана Анын бардык макулуктарынан жогору экендигине далил болгон Аллахтын улуу белгилеринен. Аллах Таала мындай деген:
﴿سُبۡحَٰنَ ٱلَّذِيٓ أَسۡرَىٰ بِعَبۡدِهِۦ لَيۡلٗا مِّنَ ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡحَرَامِ إِلَى ٱلۡمَسۡجِدِ ٱلۡأَقۡصَا ٱلَّذِي بَٰرَكۡنَا حَوۡلَهُۥ لِنُرِيَهُۥ مِنۡ ءَايَٰتِنَآۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ1﴾
"Пендесин түн ичинде Аль-Харам мечитинен Биз айланасын берекелүү кылган Аль-Акса мечитине сейил кылдырган Аллах (каапырлар таңуулаган алсыздык сыпаттарынан) Аруу-Таза! Биз ага (пендебизге) Өзүбүздүн белгилерибизди көргөзүү үчүн (сейил кылдырдык). Ал - Угуучу, Көрүүчү". (Исра, 1-аят).
Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) асмандарга көтөрүлгөнү көптөгөн ишенимдүү жолдор менен тастыкталган. Ага асмандардын эшиктери ачылып, ал жетинчи асмандан да өткөн. Ошондо Раббиси аны менен Өзү каалагандай сүйлөшүп, ага беш убак намазды парз кылды. Аллах Таала алгач элүү убак намазды парз кылган эле. Бирок биздин Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Раббисине кайра-кайра кайрылып, жеңилдетүүнү сурай бергендиктен, Аллах аны беш убакка түшүрдү. Ошентип, намаз аткарууда беш убак, ал эми сообу боюнча элүү убак болуп калды. Анткени бир жакшылыкка он эсе сооп берилет. Аллахка бардык нээматтары үчүн мактоолор жана шүгүрлөр болсун.
Исра жана Мираж окуясы болгон түн Ражаб айында же башка бир айда болгону сахих хадистерде так белгиленген эмес. Анын убактысын тактаган бардык риваяттар хадис аалымдарынын пикири боюнча Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тастыкталган эмес. Аллах Тааланын адамдарга аны унуттурганында улуу даанышмандыгы бар. Эгер анын убактысы так тастыкталган күндө да, мусулмандарга аны кандайдыр бир ибадат менен өзгөчөлөөгө жана майрамдоого уруксат берилбейт. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабалары (аларга Аллах ыраазы болсун) аны майрамдашкан да, кандайдыр бир нерсе менен өзгөчөлөшкөн да эмес. Эгерде аны майрамдоо шариятта уруксат берилген иш болгондо, анда Пайгамбарыбыз аны үммөтүнө сөзү менен же иши менен түшүндүрүп бермек. Эгер андай нерсе болгондо, ал сөзсүз белгилүү болуп, сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) аны бизге жеткиришмек. Анткени алар өздөрүнүн Пайгамбарынан үммөт муктаж болгон ар бир нерсени жеткирип, диндин эч бир нерсесин калтырышкан эмес. Тескерисинче, алар ар бир жакшылыкта биринчилерден болушкан. Эгерде бул түндү майрамдоо шариятта уруксат берилген иш болгондо, алар ага биринчилерден болуп шашылышмак. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга эң көп жакшылык каалоочу инсан болгон. Ал пайгамбарлыкты эң мыкты деңгээлде жеткирип, аманатты толук аткарган. Эгерде бул түндү улуктоо жана аны майрамдоо Аллахтын дининен болгондо, анда Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ага кайдыгер карамак эмес жана жашырмак да эмес. Андай болбогондуктан, бул түндү майрамдоо жана улуктоо Ислам динине эч кандай тиешеси жок экени белгилүү болот. Чындыгында, Аллах бул үммөт үчүн динин толук кылып, Өз нээматын аягына чыгарган. Жана Аллах уруксат бербеген нерсени динге киргизгендерди айыптаган. Аллах Таала Өзүнүн ачык-айкын Китебинде мындай деп айткан:
﴿...ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗا...﴾
"…Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым…". (Маида, 3-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:
﴿أَمۡ لَهُمۡ شُرَكَٰٓؤُاْ شَرَعُواْ لَهُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا لَمۡ يَأۡذَنۢ بِهِ ٱللَّهُۚ وَلَوۡلَا كَلِمَةُ ٱلۡفَصۡلِ لَقُضِيَ بَيۡنَهُمۡۗ وَإِنَّ ٱلظَّٰلِمِينَ لَهُمۡ عَذَابٌ أَلِيمٞ21﴾
"Же болбосо алардын (Аллахка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллах уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?! Эгер («Алардын жазасы Кыяматта берилет» деген) чечүүчү сөз болбосо, алардын арасында (ушул дүйнөдө эле, өлүм менен) өкүм кылынмак. Чынында залымдарга жан ооруткан азап бар!" (Шура, 21-аят).
Ишенимдүү хадистерде Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бидааттардан тыйганы жана алардын адашуу экенин ачык айтканы бекемделген. Бул үммөттү анын зор коркунучунан кабардар кылуу жана аларды аны жасоодон алыстатуу үчүн болгон. Ага мисал катары, эки Сахихте Айшадан (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылынган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
«مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ؛ فَهُوَ رَدٌّ».
«Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат». Муслимдин риваятында:
«مَنْ عَمِلَ عَمَلًا لَيْسَ عَلَيهِ أَمْرَنَا؛ فَهُوَ رَدٌّ».
«Кимде-ким биздин шариятыбызда жок амалды кылса, анда ал кабыл болбойт». Имам Муслимдин "Сахих" китебинде Жабир, (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: «Аллахтын Элчиси Жума күнкү кутпасында мындай деп айтчу:
«أَمَا بَعْدَ، فَإِنَّ خَيرَ الحَدِيثِ كِتَابُ اللهِ، وَخَيرَ الهَدْيِ هَدْيُ مُحَمَّدٍ ﷺ، وَشَرَّ الأُمُورِ مُحْدَثَاتُهَا، وَكُلَّ بِدْعَةٍ ضَلَالَةٌ».
«Андан соң айтарым: чынында, сөздөрдүн эң жакшысы – Аллахтын Китеби, ал эми жолдордун эң жакшысы – Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолу. Иштердин эң жаманы – (динге) жаңыдан киргизилгендери, жана ар бир бидаат – адашуу». Ан-Насаиде жакшы чынжыр тизмек менен буга кошумча минтип айтылган:
«وَكُلَّ ضَلَالَةٍ فِي النَّارِ».
«Бардык адашуу тозокто». Ирбаз бин Сария (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бизге аябай жеткиликтүү насаат айтты. Андан жүрөктөр титиреп, көздөр жаш алды. Биз: "О Аллахтын элчиси, бул коштошуучу адамдын насаатындай туюлду. Бизге осуят кылыңызчы" - дедик. Ал мындай деди:
«أُوصِيكُم بِتَقْوَى اللهِ وَالسَّمعِ وَالطَّاعَةِ وَإِنْ تَأَمَّرَ عَلَيكُم عَبدٌ، فَإِنَّهُ مَنْ يَعِشْ مِنْكُم فَسَيَرَى اخْتِلَافًا كَثِيرًا، فَعَلَيكُم بِسُنَّتِي وَسُنَّةِ الخلُفَاءِ الرَّاشِدِينَ المَهْدِيِّينَ مِنْ بَعْدِي، تَمَسَّكُوا بِهَا وَعَضُّوا عَلَيْهَا بِالنَّوَاجِذِ، وَإِيَّاكُم وَمُحْدَثَاتِ الأُمُورِ، فَإِنَّ كُلَّ مُحْدَثَةٍ بِدْعَةٍ وَكُلَّ بِدْعَةٍ ضَلَالَةٌ».
"Силерге Аллахка такыба болууну, (башчыны) угууну жана ага баш ийүүнү осуят кылам, эгер силерге кул киши башчылык кылса да. Анткени, силерден ким (менден кийин) жашаса, ал көптөгөн карама-каршылыктарды көрөт. Ошондуктан, менин жана менден кийинки туура жолго баштаган халифаларымдын сүннөт-жолун кармангыла. Аны бекем кармангыла жана ага азуу тишиңер менен тиштеп жармашкыла. Жаңыдан пайда болгон иштерден сак болгула! Анткени, ар бир жаңыдан киргизилген иш – бидаат, ал эми ар бир бидаат – адашуу". Бул маанидеги хадистер өтө көп.
Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан жана алардан кийинки салихтерден бидааттардан сактанууга жана андан коркутууга чакырыктар көп айтылган. Анткени, ал (бидаат) – динге кошумча киргизүү, Аллах уруксат бербеген шарият, жөөттөр жана христиандар сыяктуу Аллахтын душмандарына окшошуу. Алар дагы диндерине Аллах уруксат бербеген нерселерди кошуп, жаңылыктарды киргизишкен. Ошондой эле, бидаат Ислам дини кемчиликтүү жана аны толук эмес деп айыптоого алып келет. Мунун канчалык чоң бузукулук, жаман иш жана Улуу Аллахтын төмөнкү сөзүнө каршы келүү экени белгилүү:
﴿...ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ...﴾
"…Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым…". (Маида, 3-аят). Ошондой эле Пайгамбардын (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) бидааттардан эскерткен жана алардан алыстаткан хадистерине ачык-айкын каршы чыгуу.
Биз айтып өткөн далилдер, акыйкатты издеген адам үчүн бул бидаатты, тактап айтканда, Исра жана Мираж түнүн майрамдоо бидаатын жокко чыгарууга, андан эскертүүгө жана анын Ислам динине эч кандай тиешеси жок экенин билүүгө жетиштүү жана ынандырарлык болот деп үмүттөнөм.
Аллахтын мусулмандарга насыят айтууну, аларга динден шарият кылгандарын баяндоону важиб кылганы жана илимди жашырууну арам кылганы үчүн, көптөгөн өлкөлөргө тарап, атүгүл кээ бир адамдар аны динден деп ойлоп калган бул бидаат тууралуу мусулман бир туугандарыма эскертүүнү туура көрдүм.
Аллах жалпы мусулмандардын абалын оңдосун, аларга динде туура түшүнүк берсин. Бизди жана аларды акыйкатты карманууга жана анда бекем турууга, ага каршы келген нерсени таштоого насип кылсын. Аллах буга кадыр.
Аллахтын кулу жана элчиси, пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты жана берекеси болсун.
***
بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ
Жетинчи китепче:
Шаабан айынын жарымындагы кечени тосуунун өкүмү
Биз үчүн динди толук кылып, бизге нээматын кемчиликсиз кылган Аллахка мактоолор болсун. Анын пайгамбары жана элчиси, тообо жана ырайым пайгамбары Мухаммадга салам жана салаваттар болсун.
Андан кийин айтарым: Чынында Аллах Таала айткан:
﴿...ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗا...﴾
"…Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым…". (Маида, 3-аят). Аллах Таала мындай деген:
﴿أَمۡ لَهُمۡ شُرَكَٰٓؤُاْ شَرَعُواْ لَهُم مِّنَ ٱلدِّينِ مَا لَمۡ يَأۡذَنۢ بِهِ ٱللَّهُ...﴾
"Же болбосо алардын (Аллахка) шерик кошкон «кудайлары» барбы (жана алар) Аллах уруксат бербеген динди аларга Шарият кылып беришеби?!..." (Шура, 21-аят). Эки ишенимдүү хадистер жыйнагында Айша, (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтты:
«مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ؛ فَهُوَ رَدٌّ».
"Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат". Имам Муслимдин «Сахих» китебинде Жабирден риваят кылынат, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Жума кутпасында мындай деп айтчу:
«أَمَّا بَعْدُ: فَإِنَّ خَيرَ الحَدِيثِ كِتَابُ اللهِ، وَخَيرَ الهَدْيِ هَدْيُ مُحَمَّدٍ صَلَّى اللهُ عَلَيهِ وَسَلَّمَ، وَشَرَّ الأُمُورِ مُحْدَثَاتُهَا، وَكُلَّ بِدْعَةٍ ضَلَالَةٌ».
«Андан кийин: Сөздөрдүн эң жакшысы – Аллахтын Китеби, жолдордун эң жакшысы – Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолу. Иштердин эң жаманы – динге киргизилген жаңылыктар, жана ар бир бидаат – адашуу». Бул маанидеги аяттар жана хадистер көп. Алар Аллах Таала бул үммөт үчүн динин толуктап, аларга болгон нээматын толук кылганын жана Анын пайгамбары (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ачык-айкын кабарды жеткирип, үммөткө Аллах шарият кылган бардык сөздөрдү жана амалдарды баяндап бергенден кийин гана кайтыш болгонун ачык-айкын далилдейт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) андан кийин адамдар Ислам динине таандык кылып жаңыдан пайда кылган сөздөр менен амалдардын баары бидаат экенин жана аны ойлоп тапкан ээсинин ниети жакшы болсо да, ал өзүнө кайтарыларын ачыктаган. Бул ишти Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары, ошондой эле алардан кийинки Ислам аалымдары да билишкен. Ошондуктан алар бидааттарды четке кагып, андан эскертишкен. Муну сүннөттү улуктоо жана бидаатты четке кагуу боюнча китеп жазгандардын баары эскерген. Мисалы, Ибн Ваддах, ат-Туртуши, Абу Шама жана башкалар.
Кээ бир адамдар чыгарган бидааттардын бири – Шаабан айынын он бешинчи түнүн майрамдап, анын күндүзүн орозо менен өзгөчөлөө. Буга таянууга жарай турган далил жок. Анын пазилети жөнүндө алсыз хадистер келген, бирок аларга таянууга болбойт.
Ал эми ал түнү намаз окуунун артыкчылыгы тууралуу келген риваяттардын баары, көптөгөн илим ээлери эскерткендей, ойдон чыгарылган. Аллах кааласа, алардын бул тууралуу айткан кээ бир сөздөрүнө дагы токтолобуз.
Ошондой эле бул тууралуу Шам элинен жана башкалардан болгон кээ бир салафтардан да риваяттар айтылган.
Аалымдардын көпчүлүгү аны майрамдоо бидат экенине жана анын пазилети тууралуу айтылган хадистердин баары алсыз, ал эми кээ бирлери токума экенине бир пикирге келишкен. Бул нерсеге көңүл бургандардын арасында: Хафиз Ибн Ражаб бар, ал «Латаиф аль-Маариф» китебинде кеңири токтолгон. Белгилүү болгондой, алсыз хадистерге негизи сахих далилдер менен тастыкталган ибадаттарда гана амал кылынат. Ал эми Шаабан айынын ортосундагы түндү белгилөөнүн эч кандай туура негизи жок болгондуктан, алсыз хадистерге таянууга болбойт. Бул улуу эрежени Имам Абуль-Аббас Шейхуль-Ислам Ибн Таймия (Аллах аны ырайымына алсын) айткан.
О окурман! Бул маселеде толук кабардар болушуңуз үчүн, мен сизге айрым илим ээлеринин айткандарын айтып берейин.
Аалымдар (аларга Аллах ырайым кылсын) адамдар талашкан маселелерди Улуу Аллахтын китебине жана Анын элчисинин сүннөтүнө кайтаруу важип экендигине бир ооздон макул болушкан. Ал экөө же алардын бири эмнеге өкүм кылса, ошол – ээрчүү важип болгон шарият, ал эми аларга каршы келген нерсени таштоо важип. Куран жана Сүннөттө келбеген ибадаттар бидаат болуп эсептелет. Ага чакырып, аны жакшы көрсөтүү мындай турсун, аткарууга да болбойт. Аллах Таала минтип айткан:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ أَطِيعُواْ ٱللَّهَ وَأَطِيعُواْ ٱلرَّسُولَ وَأُوْلِي ٱلۡأَمۡرِ مِنكُمۡۖ فَإِن تَنَٰزَعۡتُمۡ فِي شَيۡءٖ فَرُدُّوهُ إِلَى ٱللَّهِ وَٱلرَّسُولِ إِن كُنتُمۡ تُؤۡمِنُونَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِۚ ذَٰلِكَ خَيۡرٞ وَأَحۡسَنُ تَأۡوِيلًا59﴾
"О ыйман келтиргендер! Аллахка, пайгамбарга жана өзүңөрдөн (мусулмандардан) болгон иш башчыңарга моюн сунгула. Кайсыл бир маселеде талашып калсаңар, эгер Аллахка жана Акырет күнүнө ишенүүчү болсоңор ал маселени Аллахка жана пайгамбарга кайтаргыла. Ушул (силер үчүн) жакшы жана эң абзел чечим (болуп саналат)". (Ниса, 59-аят). Аллах Таала мындай деген:
﴿وَمَا ٱخۡتَلَفۡتُمۡ فِيهِ مِن شَيۡءٖ فَحُكۡمُهُۥٓ إِلَى ٱللَّهِ...﴾
"Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү – Аллахка!" (Шура, 10-аят). Аллах Таала мындай деген:
﴿قُلۡ إِن كُنتُمۡ تُحِبُّونَ ٱللَّهَ فَٱتَّبِعُونِي يُحۡبِبۡكُمُ ٱللَّهُ وَيَغۡفِرۡ لَكُمۡ ذُنُوبَكُمۡ...﴾
"Айт: "Эгер Аллахты сүйчү болсоңор, анда мени ээрчигиле. (Ошондо гана) Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет...". (Аали Имран, 31-аят). Аллах Таала минтип айткан:
﴿فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤۡمِنُونَ حَتَّىٰ يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيۡنَهُمۡ ثُمَّ لَا يَجِدُواْ فِيٓ أَنفُسِهِمۡ حَرَجٗا مِّمَّا قَضَيۡتَ وَيُسَلِّمُواْ تَسۡلِيمٗا65﴾
«Жок, Раббиңе ант, (Оо Мухаммад) алар өз ара талаш-тартышууларына сени өкүмдар кылмайынча жана сенин өкүмүңө, жүрөктөрүндө нааразылык калбай, толук моюн сунмайынча (толук) ыймандуу боло алышпайт». (Ниса, 65-аят). Бул маанидеги аяттар өтө көп. Алар талаш-тартыш маселелерди Китепке жана Сүннөткө кайтаруунун жана ал экөөсүнүн өкүмүнө ыраазы болуунун важип экенин, ошондой эле мунун ыймандын талабы экенин, пенделер үчүн бул дүйнөдө жана Акыретте жакшыраак жана натыйжасы эң сонун экенин ачык-айкын көрсөтүп турат.
Хафиз Ибн Ражаб (ага Аллах ырайым кылсын) «Латааиф аль-Маариф» китебинде бул маселе тууралуу, мурунку сөзүн улап, мындай деген:
Шаабан айынын ортосундагы түндү Шам элинен болгон табийиндер; Халид ибн Маъдан, Макхул, Лукман ибн Амир жана башкалар улукташып, анда ибадат кылууга аябай тырышышчу. Адамдар ал түндүн пазилетин жана аны улуктоону ошолордон үйрөнүшкөн. Ошондой эле, аларга бул тууралуу исраилдик риваяттар жеткен деп айтылат. Бул нерсе алар тууралуу шаарларга тараганда, адамдардын ортосунда бул маселеде пикир келишпестик пайда болгон. Алардын арасынан кээ бирлери аны кабыл алып, аны улуктоого макул болушкан. Алардын катарында Басра элинин ибадатчылдарынан бир топ адамдар жана башкалар да болгон. Хижаз аалымдарынын көпчүлүгү, алардын ичинде Аътоо, Ибн Абу Мулайка да бар, муну четке кагышкан. Бул пикирди Абдуррахман ибн Зайд ибн Аслам Мединанын факихтеринен риваят кылган. Бул Маликтин шакирттеринин жана башкалардын да сөзү. Алар: «Мунун баары бидаат» – дешкен.
Шам элинин аалымдары аны тирилтүүнүн сыпаты тууралуу эки пикирге бөлүнүшкөн:
Биринчиси: ал түндү мечиттерде жамаат менен өткөрүү мустахаб. Халид бин Маъдан, Лукман бин Амир жана башкалар ал түнү эң жакшы кийимдерин кийип, атыр себинип, сурма сүйкөнүп, мечитте түнү бою ибадат кылып чыгышчу. Исхак бин Рахавайхи да бул пикирди колдогон. Ал түндү мечиттерде жамаат менен өткөрүүнү «бидаат эмес» деп айткан, муну Харб ал-Кирмани өзүнүн «Масаил» китебинде жазган.
Экинчи: намаз окуу, ибараттуу окуяларды айтуу жана дуба кылуу үчүн мечиттерде чогулуу макирөө. Ал эми адамдын жалгыз өзү үчүн намаз окуусу макирөө эмес. Бул Шам элинин имамы, факихи жана аалымы болгон Авзаинин сөзү. Ушул пикир туурага жакыныраак». Ошентип айтып келип, акырында минтип айткан: «Имам Ахмаддын Шаабан айынын ортосундагы түнү боюнча айткан сөзү белгисиз. Анын эки Айт түнүндө намаз окуу боюнча айткан эки риваятынан, бул түндү намаз менен өткөрүүнүн жакшы экендиги тууралуу да эки риваят келип чыгат. Ал (бир риваятта) ал түндү жамаат менен намаз окуп өткөрүү мустахаб эмес деп эсептеген; себеби, Пайгамбардан жана анын сахабаларынан андай кылганы тууралуу риваят жок. (Бир риваятта) муну жакшы деп эсептеген, анткени табииндерден болгон Абдуррахман бин Язид бин ал-Асвад ушундай кылган. Ошондой эле, (Шаабан айынын) ортосундагы түнү намаз окуу тууралуу Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да, анын сахабаларынан да эч нерсе тастыкталган эмес. Бирок бул амал Шам элинин көрүнүктүү факихтеринен болгон табииндердин бир тобунан тастыкталган».
Хафиз Ибн Ражабдын (Аллах аны ырайымына алсын) сөзүнүн маңызы мына ушунда: ал Шаабан айынын ортосундагы түнү жөнүндө Пайгамбардан да, анын сахабаларынан да эч нерсе айтылбаганын ачык айткан.
Ал эми Аль-Аузаии (ага Аллах ырайым кылсын) аны жекече аткарууну мустахаб деп эсептегени жана Хафиз ибн Ражабдын бул пикирди тандаганы – бул, таң калыштуу жана алсыз пикир. Анткени шарият далилдери менен анын уруксат экени бекемделбеген ар бир ишти мусулмандын Аллахтын динине киргизүүсүнө уруксат берилбейт. Мейли аны жалгыз аткарсын же жамаат менен, мейли жашыруун кылсын же ашкере кылсын. Себеби Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп жалпылай айткан сөзү бар:
«مَنْ عَمِلَ عَمَلًا لَيْسَ عَلَيهِ أَمْرُنَا؛ فَهُوَ رَدٌّ».
«Кимде-ким биздин шариятыбызда жок амалды кылса, анда ал кабыл болбойт». Ошондой эле динде жаңыдан пайда болгон иштерден кайтарууга жана алардан сактанууга далил болгон башка далилдер көп.
Имам Абу Бакр ат-Туртуши (ага Аллах ырайым кылсын) «Аль-Хаваадис валь-Бида» китебинде мындай деп айтат:
Ибн Ваддах Зайд ибн Асламдан риваят кылат, ал айткан: «Биз устаздарыбыздан да, факихтерибизден да эч кимисинин Шаабан айынын ортосуна көңүл бурганын, Макхулдун хадисине маани бергенин жана анын башка күндөрдөн артыкчылыгы бар деп эсептегенин көргөн эмеспиз».
Ибн Абу Мулайкага: «Зияд ан-Нумайрий айтат», - деп айтылган: «Бараат түнүнүн сообу – Кадыр түндүн сообу сыяктуу». Анан ал: «Эгер аны укканымда колумда таяк болсо, аны урат элем» – деди. Зияд аңгемечи болгон, айтылган максат аягына жетти.
Аллаама аш-Шавкани, рахимахуллах, «аль-Фаваид аль-Мажмуъа» китебинде мындай деп айтат:
Хадис: "Эй Али, ким Шаабан айынын ортосундагы түнү жүз ирекет намаз окуп, анын ар бир ирекетинде Фатиха сүрөөсүн жана он жолу Ихлас сүрөөсүн окуса, Аллах анын ар бир муктаждыгын аткарат...". Бул (хадис) жалган. Анын сөздөрүндө, аны аткарган адамга бериле турган сооп тууралуу айтылгандардан улам, эстүү адам анын жалган экенине шек санабайт. Анын риваят кылгандар белгисиз. Ал экинчи жана үчүнчү жолдор менен да риваят кылынган, бирок алардын баары жалган жана риваят кылуучулары да белгисиз. Ал «Мухтасар» китебинде Шаабан айынын ортосундагы намаз тууралуу хадисти жараксыз деген. Ал эми Ибн Хиббандын китебинде Алиден келген: «Шаабан айынын он бешинчи түнү келсе, анын түнүн намаз менен өткөргүлө, ал эми күндүзү орозо кармагыла» деген хадис – күчсүз. «Ал-Лаали» китебинде мындай деген: «"Шаабан айынын ортосунда "Ихлас" сүрөсүн он жолудан окуп, жүз ирекет намаз окуу" жөнүндөгү, пазилети узун баяндалган, Дайлами жана башкалар риваят кылган хадис ойдон чыгарылган жана анын үч риваят жолундагы риваят кылуучулары көпчүлүгү белгисиз жана алсыз». Ал айтты: «Ихлас сүрөсүн отуз жолу окуп, он эки ирекет окуу» – токума, «жана он төрт ирекет окуу» да – токума.
Бул хадистен улам факихтердин бир тобу, мисалы, «Ихйа» китебинин автору жана башкалар, ошондой эле муфассирлер да жаңылышкан; бул түндүн, тактап айтканда, Шаабан айынын он бешинчи түнүнүн намазы тууралуу ар кандай риваяттар айтылган, алардын баары жалган, ойдон чыгарылган. Бул, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Бакиге барганы, Шаабан айынын ортосундагы түнү Раббинин дүйнө асманына түшүшү жана Ал Калб уруусунун койлорунун жүнүнүн санынан да көп (адамды) кечириши тууралуу Айшадан (ага Аллах ыраазы болсун) айтылган Тирмизийдин риваятына карама-каршы келбейт, анткени сөз бул түнү окулуучу ойдон чыгарылган намаз тууралуу гана болуп жатат. Айта кетсек, Айшанын бул хадиси алсыз жана үзүлгөн. Ошондой эле, жогоруда айтылган Алинин анын түнүн намаз менен тирилтүү тууралуу хадиси, биз айтып өткөндөй, андагы алсыздыкка карабастан, бул намаздын ойдон чыгарылгандыгына карама-каршы келбейт» Керектүү жери бүттү.
Хафиз Иракий минтип айткан: «Шаабан айынын ортосунун түнүндөгү намаз жөнүндөгү хадис Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таңууланган токулма жана жалган». Имам Навави «ал-Мажмуъ» китебинде мындай деген: «Рагаиб намазы деп белгилүү болгон намаз Ражаб айынын биринчи жума түнү шам менен куптандын ортосунда окулуучу он эки ирекет намаз жана Шаабан айынын он бешинчи түнү окулуучу жүз ирекет намаз. Бул эки намаз айыпталган, жаман бидааттар. Алардын «Кут ал-кулуб» жана «Ихйа улум ад-дин» китептеринде эскерилгенине, ошондой эле аларда келтирилген хадиске алданбаш керек, анткени мунун баары жалган. Бул эки намаздын өкүмү чаташып, аларды мустахаб деп эсептеп, бул тууралуу баракчаларды жазган кээ бир имамдарга да алданбаш керек. Анткени ал (ошондой деп жазган адам) бул маселеде жаңылышкан».
Шейх Имам Абу Мухаммад Абдуррахман бин Исмаил аль-Макдиси ал экөөсүн жокко чыгаруу боюнча баалуу китеп жазып, аны абдан мыкты жазган. Бул маселе боюнча илим ээлеринин сөздөрү өтө көп. Эгерде биз бул маселе боюнча таанышып чыккан сөздөрдүн баарын айта турган болсок, анда сөзүбүз өтө узарып кетмек. Балким, биз айтып өткөн нерселер акыйкатты издеген адам үчүн жетиштүү жана ынанарлык болот.
Жогоруда айтылган аяттар, хадистер жана аалымдардын сөздөрүнүн негизинде акыйкатты издеген адамга төмөнкүлөр айкын болот: Шаабан айынын он бешинчи түнүн намаз же башка ибадаттар менен тосуу жана анын күндүзү орозо тутуу – аалымдардын көпчүлүгүнүн пикиринде жек көрүлгөн бидаат. Ага таза шариятта эч кандай негиз жок, тескерисинче, ал сахабалардын доорунан кийин Исламда пайда болгон нерселерден. Акыйкатты издеген адамга бул жана башка маселелерде Аллах Тааланын төмөнкү сөзү жетиштүү:
﴿...ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ...﴾
"…Бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылдым...". (Маида, 3-аят). Ушул мааниде мындан башка да аяттар бар. Ал эми Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:
«مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ فَهُوَ رَدٌّ».
"Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат". Ушул мааниде хадистер да көп.
Имам Муслим «Сахих» китебинде Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
«لَا تَخُصُّوا لَيْلَةَ الْجُمُعَةِ بِقِيَامٍ مِنْ بَيْنِ اللَّيَالِي، وَلَا تَخُصُّوا يَوْمَهَا بِالصِّيَامِ مِنْ بَيْنِ الْأَيَّامِ، إِلَّا أَنْ يَكُونَ فِي صَوْمٍ يَصُومُهُ أَحَدُكُمْ».
«Жума түнүн башка түндөрдүн ичинен намаз үчүн, ошондой эле жума күнүн башка күндөрдөн орозо үчүн өзгөчөлөбөгүлө! Силердин бирөөңөрдүн кармаган орозосуна туш келгенден тышкары». Эгерде кайсы бир түндү ибадаттын бир түрү менен өзгөчөлөөгө уруксат болгондо, анда жума түнү башка түндөрдөн артык болмок. Анткени, Аллахтын Элчиси айткан ишенимдүү хадистерде так айтылгандай, анын күндүзү – күн чыккан күндөрдүн эң жакшысы. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түндөрдүн ичинен бир түндү ибадат менен өзгөчөлөөдөн тыйгандыгы – башка түндөрдү андан да бетер, аны өзгөчөлөөгө туура далил болмоюнча, кандайдыр бир ибадат менен өзгөчөлөөгө болбой турганына далил болот.
Кадыр түнүн жана Рамазан түндөрүн ибадат менен өткөрүү жана аларда көбүрөөк ибадат кылууга аракет кылуу шариятта каралгандыктан, Пайгамбар буга көңүл буруп, үммөттү ал түндөрдү ибадат менен өткөрүүгө үндөгөн жана муну өзү да жасаган. Эки "Сахихте" Пайгамбардын төмөнкү хадиси айтылган:
«مَنْ قَامَ رَمَضَانَ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا، غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ، وَمَنْ قَامَ لَيْلَةَ الْقَدْرِ إِيمَانًا وَاحْتِسَابًا، غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ».
«Кимде-ким Рамазанды ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет. Кимде-ким Кадыр түндү ыйман келтирип жана сооп үмүт кылып (ибадат менен) өткөрсө, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет». Эгерде Шаабан айынын он бешинчи түнү, же Ражаб айынын биринчи жума түнү, же Исра жана Мираж түнүн майрамдоо, же кандайдыр бир ибадат кылуу менен өзгөчөлөө шариятта көрсөтүлгөн болсо, анда Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөттү ага багыттамак, же аны өзү жасамак. Эгерде ушундай болгондо, сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) аны үммөткө жеткиришмек, жашырмак эмес. Алар пайгамбарлардан кийинки адамдардын эң жакшысы жана эң чынчыл насаатчылары. Аллах Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынан ыраазы болуп, аларды да ыраазы кылсын.
Жогоруда аалымдардын сөзүнөн белгилүү болгондой, Аллахтын Элчисинен (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да, анын сахабаларынан (аларга Аллах ыраазы болсун) да Ражаб айынын биринчи жума түнүнүн жана Шаабан айынын ортосундагы түнүнүн артыкчылыгы тууралуу эч нерсе тастыкталган эмес. Демек, бул эки түндү белгилөө Исламга кийин киргизилген бидаат. Ошол сыяктуу эле, аларды кандайдыр бир ибадат менен өзгөчөлөө да жек көрүлгөн бидаат. Ошол сыяктуу эле, кээ бир адамдар Исра жана Мираж түнү деп эсептеген Ражаб айынын жыйырма жетинчи түнүн да, жогоруда айтылган далилдерге таянып, кандайдыр бир ибадат менен өзгөчөлөөгө же аны майрамдоого болбойт. Бул эгер ал түндүн убактысы белгилүү болгон учурда да ушундай. Ал эми аалымдардын эң ишеничтүү сөзү боюнча анын убагы белгисиз. Анан кантип аны майрамдоого болсун? Ал эми «Бул түн Ражап айынын жыйырма жетинчи түнү» деген сөз, ишенимдүү хадистерде эч кандай негизи жок, жалган сөз. Төмөнкү сөздү айткан адам кандай гана таамай айткан:
"Иштердин эң жакшысы – туура жолдогу мурункулар, ал эми эң жаманы – жаңыдан пайда болгондор".
Аллах бизге жана жалпы мусулмандарга сүннөттү карманууга, анда бекем турууга жана ага каршы келген нерселерден сак болууга топук берсин. Ал - Берешен, Жоомарт.
Аллахтын кулу жана элчиси, пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана жалпы сахабаларына Аллахтын тынчтыгы, саламаттыгы жана мактоо дубасы болсун.
***
بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ
Сегизинчи китепче:
(Шейх Ахмадга) тиешелүү деп айтылган осуяттын жалгандыгы жөнүндө маанилүү эскертүү.
Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйык мечитинин кызматчысы Шейх Ахмадга
Абдулазиз бин Абдуллах бин Баздан аны окуган мусулмандарга кайрылуу: Аллах аларды Ислам менен сактап, бизди да, аларды да наадан түркөйлөрдүн жалааларынын жамандыгынан Өз паанасына алсын. Амин.
Сиздерге Аллахтын саламаттыгы, ырайымы жана берекеси болсун.
Андан кийин айтарым: Пайгамбардын ардактуу мечитинин кызматчысы Шейх Ахмадга таандык деп айтылып жүргөн, «Бул – нурдуу Мединадагы Пайгамбардын ардактуу мечитинин кызматчысы Шейх Ахмаддын осуяты» деп аталып, эл арасында таркаган катта мыйндай айтылат:
«Жума түнү уктабай Курани Каримди окуп, андан соң Аллахтын көркөм ысымдарын окуп бүттүм. Анан уктоого камынып жатканда, Куран аяттарын жана шарият өкүмдөрүн алып келген, ааламдарга ырайым болгон нур жүздүү мырзабыз, Аллахтын элчиси Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көрдүм. Ал: "Эй, шейх Ахмад" - деди. Мен: "Лаббайка, о, Аллахтын элчиси, о, Аллахтын жараткандарынын эң кадырлуусу" - дедим». Ал мага мындай деди: «Мен адамдардын жаман иштеринен уялып, Раббиме жана периштелерге жолугууга батына албадым. Себеби, жумадан жумага чейин жүз алтымыш миң адам мусулман эмес абалда дүйнөдөн өттү». Андан соң ал адамдар кылып жаткан кээ бир күнөөлөрдү айтты. Анан: "Бул осуят Кудуреттүү, Жаббар (Аллах) тарабынан аларга болгон ырайым" деди. Андан кийин Кыяматтын кээ бир белгилерин айтып, мындай деди: "О, Шейх Ахмад, аларга бул осуятты кабарла; себеби ал Лавхул-Махфуздан тагдыр калеми менен көчүрүлгөн. Ким аны жазып, бир шаардан экинчи шаарга, бир жерден экинчи жерге жөнөтсө, ага Бейиште бир сарай курулат. Ал эми ким аны жазып, жөнөтпөсө, ал Кыямат күнү менин шапаатымдан куру калат". "Кимде-ким бул осуятты жазса, эгер ал жакыр болсо, Аллах аны байытат, же карызы болсо, Аллах карызынан кутултат, же күнөөсү болсо, ушул осуяттын берекеси менен Аллах анын жана ата-энесинин күнөөлөрүн кечирет". "Аллахтын пенделеринен кимде-ким аны жазбаса, бул дүйнөдө жана Акыретте анын жүзү кара болот". Анан ал (шейх Ахмад) мындай дейт: «Улуу Аллага үч жолу ант ичип айтам, бул акыйкат. Эгер жалган айткан болсом, анда бул дүйнөдөн Исламда болбогон абалда кетейин. Ким буга ишенсе, тозок азабынан кутулат, ал эми ким муну жалганга чыгарса, каапыр болот».
Аллахтын Элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таандык кылынган жалган осуяттын кыскача мазмуну ушундай. Биз бул жалган осуятты көп жылдардан бери көп жолу угуп келебиз. Ал убак-убагы менен эл арасында таратылып, карапайым элдин арасына жайылтылат жана анын сөздөрүндө айырмачылыктар бар. Аны ойлоп чыгарган жалганчы, түшүндө Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы, жана мактоосу болсун) көргөнүн жана ал ага ушул осуятты тапшырганын айтат. Оо, окурман, биз сага айтып өткөн акыркы баракчада, андагы жалаа жабуучу Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) уйкуга камынып жатканда көрдүм деп айткан, демек, мунун мааниси: ал аны өңүндө көргөн.
Бул жалаа жабуучу өзүнүн осуятында көптөгөн нерселерди доомат кылган, алар ачык-айкын жалган. Аллах кааласа, жакында ал жалгандарга токтолуп кетем. Чынында, мен өткөн жылдары бул тууралуу эскертип, алардын ачык-айкын жалган экендигин адамдарга баяндап бергем. Ушул акыркы басылманы көргөнүмдө, анын жалгандыгынын айкындыгынан жана аны ойлоп чыгарган жалаачынын жалган айтуудагы зор тайманбастыгынан улам, ал тууралуу китепче жазсамбы деп экиленип калдым. Мен анын жалгандыгына кымындай көрөгөчтүгү же таза жаратылышы бар адам ишенип калат деп ойлогон эмесмин. Бирок көптөгөн бир туугандар анын адамдардын арасында жайылып, аны бири-бирине айтып, айрымдары ага ишенип калганын мага кабарлашты. Ушул себептен, мен мага окшогондорго, анын жалгандыгын жана Аллахтын Элчисине жабылган жалаа экенин баяндап, эч ким ага алданып калбашы үчүн, бул жөнүндө жазууну милдет деп көрдүм. Илим жана ыйман ээлеринен, же таза жаратылыш жана туура акыл ээлеринен кимде-ким ага ой жүгүртсө, анын көптөгөн жактан жалган жана жалаа экенин билет.
Мен бул жалаа таңууланган Шейх Ахмаддын кээ бир туугандарынан ушул Осуят жөнүндө сурадым, алар мага анын Шейх Ахмадга жабылган жалаа экенин жана ал аны түпкүлүгүндө айтпаганын айтып жооп беришти. Жогоруда айтылган шейх Ахмад бир канча убакыт мурун каза болгон. Эгерде биз жогоруда айтылган шейх Ахмад, же андан да улуураак бирөө, Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүндө же өңүндө көрдүм десе жана ал мага ушул осуятты айтты деп доомат кылса дагы, анда биз анын жалганчы экенин, же ага муну айткан шайтан экенин, ал Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эмес экенин бир канча себептерден улам анык билмекпиз:
Биринчиден: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дүйнөдөн өткөндөн кийин эч кимге өңүндө көрүнбөйт. Суфийлердин түркөйлөрүнөн кимде-ким "Пайгамбарды өңүмдө көрөм, же ал мавлидке келет", же дагы башка ушуга окшогон нерселерди айтса, анда ал эң одоно ката кетирип, катуу адашып, Китепке, Сүннөткө жана илим ээлеринин ижмасына (пикирине) каршы чыккан болот. Анткени өлүктөр кабырларынан бул дүйнөдө эмес, Кыямат күнү гана чыгышат. Ким мунун тескерисин айтса, ал же анык жалганчы, же жаңылып адашкан бирөө. Ал салих салафтар билген жана Аллахтын элчисинин сахабалары менен аларга жакшылыкта ээрчигендер карманган акыйкатты билбейт. Аллах Таала мындай деген:
﴿ثُمَّ إِنَّكُم بَعۡدَ ذَٰلِكَ لَمَيِّتُونَ15 ثُمَّ إِنَّكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ تُبْعَثُونَ16﴾
"Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр".
"Кийин силер кыямат күндө (кайрадан) тирилтирилесиңер". (Муьминун, 15-16-аяттар). Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«أَنَا أَوَّلُ مَنْ تَنْشَقُّ عَنْهُ الْأَرْضُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، وَأَنَا أَوَّلُ شَافِعٍ وَأَوَّلُ مُشَفَّعٍ».
«Мен Кыямат күнү жерден эң биринчи чыгуучумун, жана мен эң биринчи шапаатчымын жана эң биринчи шапааты кабыл кылынуучумун». Бул маанидеги аяттар жана хадистер өтө көп.
Экинчиден: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тирүү кезинде да, дүйнөдөн кайткандан кийин да акыйкатка каршы сөз айтпайт. Ал эми бул керээз анын шариятына көптөгөн жактан ачык-айкын каршы келет (бул тууралуу кийин айтылат). Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүндө көрүнүшү мүмкүн. Ким аны түшүндө өзүнө ылайык шарапаттуу сүрөтүндө көрсө, анда аны чындап көрүптүр; анткени шайтан анын сүрөтүндө боло албайт, бул тууралуу ишенимдүү хадисте айтылган. Бирок, кептин баары түш көрүүчүнүн ыйманында, чынчылдыгында, адилеттүүлүгүндө, тактыгында, диндарлыгында, аманаткөйлүгүндө жана Пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнүн сүрөтүндө көрдүбү же башка сүрөттө көрдүбү, мына ушунда.
Эгер Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү тирүүсүндө айткан кайсы бир хадиси ишенимдүү, адилеттүү жана эс тутуму күчтүү айтып өткөрүүчүлөрдүн жолу менен келбесе, ага таянылбайт жана ал далил катары кабыл алынбайт. Же ишенимдүү, эс тутуму күчтүү айтып өткөрүүчүлөрдүн жолу менен келип, бирок ал алардан да эс тутуму күчтүүрөөк жана ишенимдүүрөөк айтып өткөрүүчүнүн риваятында эки риваятты бириктирүүгө мүмкүн болбогондой каршы келсе, анда шарттары туура келген учурда анын бири мансух (өкүмү жокко чыгарылган) болуп, ага амал кылынбайт да, экинчиси насих (өкүмдү жокко чыгаруучу) болуп, ага амал кылынат. Эгерде эки риваятты бириктирүүгө да, насх кылууга да мүмкүн болбосо, анда эс тутуму начарыраак жана адилеттүүлүгү төмөнүрөөк болгон айтып өткөрүүчүнүн риваяты четке кагылып, ал шазз (алсыз) деп өкүм кылынат жана ага амал кылынбайт.
Аллахтын Элчисинен риваят кылган адамы, анын адилеттүүлүгү жана ишенимдүүлүгү белгисиз болгон осуятты, анда шариятка каршы эч нерсе жок болсо да, четке кагып, ага көңүл бурбоо керек болуп турганда, ал осуят өзүнүн жалган экенине, Аллахтын Элчисинин атынан ойдон чыгарылганына жана Аллах уруксат бербеген динди мыйзамдаштырууга ишарат кылган көптөгөн нерселерди камтыса, анда анын абалы кандай болот?
Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«مَنْ قَالَ عَلَيَّ مَا لَمْ أَقُلْ؛ فَلْيَتَـبَوَّأْ مَقْعَدَهُ مِنَ النَّارِ».
"Ким менин атымдан мен айтпаганды айтса, өзүнө тозоктон орун камдай берсин". Бул осуятты Аллахтын Элчисине таандык кылып ойдон чыгарган адам, ал айтпаган сөздү айтып, ага ачык жана кооптуу жалган айтты. Эгерде ал тообо кылууга шашылбаса жана бул осуяттын Аллахтын Элчисине жалган жалаа экенин адамдарга жарыя кылбаса, анда ал катуу азапка татыктуу болот. Анткени, кимде-ким адамдардын арасында жалганды жайылтып, аны динге таандык кылса, анын тообосу аны ачык жарыялап, айгинелемейинче туура болбойт; ошондо гана адамдар анын жалганынан кайткандыгын жана өзүн-өзү жалганга чыгарганын билишет. Анткени Улуулугу даңкталган Аллах мындай деген:
﴿إِنَّ ٱلَّذِينَ يَكۡتُمُونَ مَآ أَنزَلۡنَا مِنَ ٱلۡبَيِّنَٰتِ وَٱلۡهُدَىٰ مِنۢ بَعۡدِ مَا بَيَّنَّٰهُ لِلنَّاسِ فِي ٱلۡكِتَٰبِ أُوْلَٰٓئِكَ يَلۡعَنُهُمُ ٱللَّهُ وَيَلۡعَنُهُمُ ٱللَّٰعِنُونَ159 إِلَّا ٱلَّذِينَ تَابُواْ وَأَصۡلَحُواْ وَبَيَّنُواْ فَأُوْلَٰٓئِكَ أَتُوبُ عَلَيۡهِمۡ وَأَنَا ٱلتَّوَّابُ ٱلرَّحِيمُ160﴾
"Биз түшүргөн (Мухаммад жөнүндөгү) далилдерди жана туура жолду китепте (Тооратта) адамдарга баян кылып бергенден кийин деле жаап-жашырып жүргөндөргө Аллах наалат айтат жана бардык наалат айтуучулар наалат айтышат".
"Ал эми, (күнөөлөрүнө) тообо кылган, (акыйкатка кайтып, пейилин) түздөгөн жана (жаап-жашырган чындыктарды) ачык айткан адамдардын тооболорун кабыл аламын. Мен тооболорду кабыл алуучу, Мээримдүүмүн". (Бакара, 159-160-аяттар). Аллах Таала бул улуу аятта ким акыйкаттан бир нерсени жашырса, аны оңдоп, ачык-айкын баяндамайынча, анын тообосу кабыл болбой тургандыгын түшүндүргөн. Аллах Таала пенделери үчүн динди толуктап, Өзүнүн элчиси Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиберүү жана ага толук шариятты аян-кабар кылуу менен аларга болгон нээматын толук кылган. Динди толуктап, баяндап бүткөндөн кийин гана аны (пайгамбарды) Өзүнө алган. Аллах Таала мындай деп айткан:
﴿...ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗا...﴾
"…Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым…". (Маида, 3-аят).
Бул осуятты ойлоп чыгарган жалганчы он төртүнчү кылымда келип, адамдарды жаңы дин менен адаштырууну каалайт. Ал дин боюнча, анын шариятын карманган адам Бейишке кирет, ал эми карманбаган адам Бейиштен куру калып, Тозокко кирет. Ал бул ойдон чыгарган осуятын Курандан да улук жана артык кылууну каалап, анда: ким аны жазып, бир шаардан экинчи шаарга, же бир жерден экинчи жерге жөнөтсө, ага Бейиште бир сарай курулат, ал эми ким аны жазып, жөнөтпөсө, Кыямат күнү ага Пайгамбардын шапааты болбойт деп жалган жазган. Бул жалгандын эң жаманы жана бул осуяттын жалган экенине, аны ойлоп чыгаргандын уятсыздыгына жана жалганга баруудагы тартынбастыгына эң ачык далилдердин бири. Анткени, Ыйык Куранды жазып, аны бир шаардан экинчи шаарга же бир жерден экинчи жерге жөнөткөн адам, эгер ага амал кылбаса, мындай артыкчылыкка ээ болбойт. Анда бул жалганды жазып, аны бир шаардан экинчи шаарга тараткан адам кантип мындай артыкчылыкка ээ болсун?! Куранды жазбаган жана аны бир өлкөдөн экинчи өлкөгө жөнөтпөгөн адам, Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйман келтирип, анын шариятын ээрчисе, анын шапаатынан кур калбайт. Бул осуяттагы ушул бир эле жалаа анын жалгандыгын, аны тараткандын жалганчылыгын, уятсыздыгын, акылсыздыгын жана Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алып келген туура жолду билүүдөн алыс экендигин далилдөөгө жетиштүү.
Бул керээзде жогоруда айтылгандардан тышкары, анын жалган жана жараксыз экендигин далилдеген башка дагы жагдайлар бар. Аны ойлоп чыгарган жалакор анын тууралыгына миң же андан көп ант ичсе да, өзүнүн чынчыл экенин айтып, өзүнө эң чоң азапты жана эң катуу жазаны тилесе да, ал чынчыл болбойт жана ал (керээз) да туура болбойт. Тескерисинче, Аллахка ант болсун, албетте, ал эң чоң жана эң жийиркеничтүү жалгандын бири. Биз Аллах Тааланы жана биздин жаныбыздагы периштелерди күбө кылабыз. Бул жазууну окуган мусулмандарга Улуу Раббибиздин алдында жооп бере турган күбөлүк катары айтабыз: бул осуят – Аллахтын элчисине карата айтылган жалган жана жалаа. Бул жалганды айткан адамды Аллах кор кылсын жана ага татыктуу жазасын берсин.
Бул осуяттын жалган жана жараксыз экенине жогоруда айтылгандардан тышкары, анын өз текстинде да далилдер көп. Алардын кээ бири булар:
Биринчи маселе: андагы «Анткени жумадан жумага чейин жүз алтымыш миң адам Ислам дининен башка динде өлдү» деген сөз. Анткени бул кайып илиминен. Ал эми Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын өлүмүнөн кийин аян-кабар келүүсү токтогон. Ал тирүү кезинде кайыпты билчү эмес, анан кантип өлгөндөн кийин билмек эле? Анткени Аллах Таала мындай деген:
﴿قُل لَّآ أَقُولُ لَكُمۡ عِندِي خَزَآئِنُ ٱللَّهِ وَلَآ أَعۡلَمُ ٱلۡغَيۡبَ...﴾
"Айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллахтын казыналары бар” дебеймин. Дагы мен кайыпты да билбеймин...". (Анаам, 50-аят). Алла Таала дагы мындай деген:
﴿قُل لَّا يَعۡلَمُ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ ٱلۡغَيۡبَ إِلَّا ٱللَّهُ...﴾
"Айт: «Асмандардагы жана жердеги эч ким кайыпты билбейт. Бир гана Аллах билет!..." (Намл, 65-аят). Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
«يُذَادُ رِجَالٌ عَنْ حَوْضِي يَوْمَ القِيَامَةِ، فَأَقُولُ: يَا رَبِّ! أَصْحَابِي أَصْحَابِي، فَيُقَالُ لِي: إِنَّكَ لَا تَدْرِي مَا أَحْدَثُوا بَعْدَكَ، فَأَقُولُ كَمَا قَالَ العَبْدُ الصَّالِحُ: ﴿وَكُنتُ عَلَيۡهِمۡ شَهِيدٗا مَّا دُمۡتُ فِيهِمۡۖ فَلَمَّا تَوَفَّيۡتَنِي كُنتَ أَنتَ ٱلرَّقِيبَ عَلَيۡهِمۡۚ وَأَنتَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ شَهِيدٌ﴾ [المائدة: 117]».
«Кыямат күнү менин (хавз) көлүмдөн кээ бир адамдар куулуп чыгарылат, ошондо мен: «Оо, Раббим! Менин сахабаларым, менин сахабаларым!» - деп айтамын. Анда мага: «Чынында, сен алардын сенден кийин эмнелерди (динден эмес нерселерди) ойлоп чыгарышканын билбейсиң» - деп айтылат. Ошондо мен да салих пенде айткандай айтамын: «Мен алардын ичинде турган (ар бир) мезгилде алардын үстүндө (Сенден башкага сыйынышпасын деп) күбө болуп турдум. Ал эми, Сен мени(н жердеги жашоо мөөнөтүмдү бүтүрүп, Өзүңө көтөрүп) алганыңда аларга Өзүң күзөтчү болуп калгансың. Өзүң бардык нерселерге Күбөсүң» (Маида, 117-аят).
Экинчи маселе: бул керээздин жалган жана негизсиз экенине далил андагы: «Ким муну жазса, эгер кедей болсо, Аллах аны байытат; же карызы болсо, Аллах карызынан кутултат; же күнөөсү болсо, ушул керээздин берекеси менен Аллах анын жана ата-энесинин күнөөлөрүн кечирет» деген сыяктуу сөздөр. Бул эң чоң жалгандардын бири жана аны ойлоп чыгаргандын жалганчы экенине, анын Аллахтан жана Анын пенделеринен уялбастыгына ачык-айкын далил. Анткени бул үч нерсе Ыйык Куранды жазуу менен да пайда болбойт, анда бул жалган осуятты жазган адамга кантип пайда болсун?! Бул ыпластын максаты адамдарды адаштырып, ушул осуятка байлап коюу. Муну менен алардын аны жазып алып, жалган соопко байланып, Аллах пенделери үчүн байлыкка, карыздан кутулууга жана күнөөлөрдүн кечирилүүсүнө жеткире турган себептерди таштап коюусун көздөйт. Аллахтан шерменделиктин себептеринен, напсиге жана шайтанга баш ийүүдөн сактоосун тилейбиз.
Үчүнчү маселе: Бул осуяттын жараксыздыгына далил андагы: «Аллахтын пенделеринен ким аны жазбаса, бул дүйнөдө жана акыретте жүзү кара болот» – деген сөзү. Бул дагы эң жаман жалгандардын бири жана бул керээздин жалган экенине, аны ойлоп чыгаргандын калпына ачык далил. Он төртүнчү кылымда белгисиз бир адам Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жалаа жаап, ойдон чыгарган керээзди жазып, анан дагы анда: "ким аны жазбаса, бул дүйнөдө жана акыретте жүзү карарат, ал эми ким жазса, кедейликтен кийин байыйт, үйүлгөн карыздарынан кутулат жана кылган күнөөлөрү кечирилет" деп жалган айтканы, акыл-эси соо адамдын акылына кантип сыйсын?
Сен бул чоң жалаадан аруу-тазасың. Чынында, далилдер жана турмуш бул жалаа жапкан адамдын жалганчы экенине, анын Аллахка карата чектен чыккандыгына, Аллахтан жана адамдардан уялбастыгына күбө. Мына, көптөгөн элдер аны жазышкан эмес, бирок алардын жүздөрү карарган жок. Ал эми бул жакта эсебин Аллахтан башка эч ким билбеген көптөгөн адамдар аны көп жолу жазышкан, бирок карыздарынан кутулушкан жок жана жакырчылыктан да арылышкан жок. Аллах Өзү жүрөктөрдүн адашуусунан жана күнөөлөрдүн кара тактарынан сактасын. Бул сыпаттар менен жазаларды Улуу Шарият эң мыкты жана эң улуу китеп болгон Ыйык Куранды жазган адамга да белгилеген эмес. Анда ичинде жалгандын түрлөрү жана каапырлыктын көптөгөн сөздөрү камтылган жалган осуятты жазган адамга кантип ушундай жаза болсун? Субханаллах! Аллах Өзүнө жалган айтууга батынган адамга кандай гана сабырдуу, кечиримдүү.
Төртүнчү маселе: Бул осуяттын жалгандардын жалганы жана ачык-айкын жалган экенине далил андагы: «Ким ага ишенсе, тозок азабынан кутулат, ал эми ким аны жалганга чыгарса, каапыр болот» – деген сөз. Бул дагы жалганга баруудагы эң чоң бетпактык жана эң ыплас жалгандык. Мындай жалакор бүткүл адамдарды өзүнүн жалаасына ишенүүгө чакырат жана ошону менен алар тозок азабынан кутулуп, ал эми аны жалганга чыгарган адам каапыр болот деп доомат кылат. Аллахка ант болсун, бул жалганчы Аллахка карата эң чоң жалаа жаап, жалган сүйлөдү. Чынында, ким ага ишенсе, ошол каапыр болууга татыктуу, аны жалганга чыгарган адам эмес. Анткени ал эч кандай негизи жок жалаа, жалган жана калп. Биз анын жалган экенине жана аны ойлоп чыгарган адамдын жалганчы экенине Аллахты күбө кылабыз. Ал Аллах уруксат бербеген нерсени адамдарга шарият кылып, алардын динине андан болбогон нерсени киргизүүнү каалайт. Аллах болсо бул үммөт үчүн динди ушул жалаадан он төрт кылым мурун толуктап, кемчиликсиз кылып койгон. Оо, окурмандар жана бир туугандар! Эсиңерде болсун, ушул сыяктуу жалаа-жалгандарга ишенүүгө жана алардын араңарда таралышына сак болгула. Анткени, акыйкаттын нуру бар, аны издеген адам андан адашпайт. Ошондуктан, акыйкатты далили менен издегиле жана силерге түшүнүксүз болгон нерселерди илим ээлеринен сурагыла. Жалганчылардын анттарына алданбагыла. Анткени, каргыш тийген Иблис ата-энеңер Адам менен Обого: «Мен силерге насаат айтуучуларданмын» - деп ант ичкен. Бирок ал кыянатчылардын эң чоңу жана ашынган жалганчы эле. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген:
﴿وَقَاسَمَهُمَآ إِنِّي لَكُمَا لَمِنَ ٱلنَّٰصِحِينَ21﴾
"Жана: “Мен силерге насаат айтуучулардан боломун” – деп экөөнө ант иче баштады". (Аараф, 21-аят). Андан жана аны ээрчиген жалганчылардан этият болгула! Анын жана алардын азгыруу жана адаштыруу үчүн айткан канчалаган жалган анттары, опасыз убадалары жана кооздолгон сөздөрү бар. Ал эми бул жалаа жабуучу айткан жаман иштердин пайда болушу - бул болуп жаткан иш, андан Ыйык Куран жана таза Сүннөт катуу эскерткен. Ал экөөндө туура жол жана жетиштүүлүк бар.
Ал эми Кыяматтын белгилерине келсек, Пайгамбардын хадистери алардан эмне болоорун тактап-аныктап берген, ошондой эле Ыйык Куран да алардын айрымдарына ишарат кылган. Кимде-ким аны билгиси келсе, Сүннөт китептеринен жана илим менен ыйман ээлеринин эмгектеринен табат. Адамдар мындай жалаа жабуучунун түшүндүрмөсүнө, анын алдоосуна жана акыйкатты жалган менен аралаштыруусуна муктаж эмес. Аллах мени, силерди жана бардык мусулмандарды шайтандардын жамандыгынан, адаштыруучулардын фитнасынан, жолдон азгандардын адашуусунан жана Аллахтын жалганчы душмандарынын алдоосунан сактасын. Алар Аллахтын нурун ооздору менен өчүрүүнү жана адамдарга динин чаташтырууну каалашат. Шайтандардан жана алардын каапырлар менен динсиздерден болгон ээрчүүчүлөрүнөн турган Аллахтын душмандары жаман көрсө да, Аллах Өз нурун толуктайт жана динине жеңиш берет. Аллахтан мусулмандардын абалын оңдоосун, аларга акыйкатты ээрчип, анда туруктуу болууну жана бардык күнөөлөрдөн Ага тообо кылууну насип кылуусун суранабыз. Анткени Ал - Тооболорду кабыл кылуучу, Мээримдүү жана бардык нерсеге Кадыр. Аллах бизге Жетиштүү жана ал эң мыкты Коргоочу, эч бир абалдын өзгөрүүсү, кубаттуулук жок бир гана Бийик, Улук Аллах менен.
Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. Анын чынчыл жана ишенимдүү кулу жана элчисине, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана Кыямат күнгө чейин ага жакшылык менен ээрчигендерге Аллахтын салам-салаваттары болсун.
***
ky397v4.0 - 17/11/2026