دَفْنُ المَوتَى فِي المَسَاجِدِ
Маркумдарды мечиттин ичине көмүү тууралуу
لِسَمَاحَةِ الشَّيْخِ العَلَّامَةِ
عَبْدِ العَزِيزِ بْنِ عَبْدِ اللهِ بْنِ بَازٍ
رَحِمَهُ اللهُ
Автор Урматтуу шейх
Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз
بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ
Он биринчи китепче: Маркумдарды мечиттин ичине көмүү тууралуу
Аллахтын аты менен, Аллахка алкыш-мактоо болсун. Аллахтын элчисине, анын үй-бүлөсүнө жана анын туура жолун жолдогондорго Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу айтылсын. Андан кийин айтарым:
Мен 1415-хижрий жылдын 4-айынын 17-синде чыккан «Хартум» гезитине көз жүгүрттүм; анда Сейид Мухаммад аль-Хасан аль-Идрисинин Омдурман шаарындагы өздөрүнүн мечитине атасынын жанына жерге берилгендиги тууралуу билдирүү жарыяланыптыр... ж.б.
Аллах мусулмандарга насаат айтууну жана жамандыктан кайтарууну милдет кылгандыгы үчүн, мечиттерге сөөк коюу уруксат берилбеген иш экендигин эскертип кетүүнү туура көрдүм. Тескерисинче, бул ширкке алып баруучу жолдордун бири, яхудийлердин жана христиандардын амалдарынан. Ал иштери үчүн Аллах аларды айыптап, Анын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга наалат айткан. Сахих алъ-Бухари жана Сахих Муслимде Айша (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбар, (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
«لَعَنَ اللَّهُ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى، اتَّخَذُوا قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ مَسَاجِدَ».
«Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады, (себеби) алар өздөрүнүн пайгамбарларынын мүрзөлөрүн мечит кылып алышкан». Имам Муслимдин «Сахих» китебинде Жундуб ибн Абдулладан риваят кылат. Ал: «Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан дейт:
«أَلَا وَإِنَّ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ كَانُوا يَتَّخِذُونَ قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ وَصَالِحِيهِمْ مَسَاجِدَ، أَلَا فَلَا تَتَّخِذُوا الْقُبُورَ مَسَاجِدَ؛ فَإِنِّي أَنْهَاكُمْ عَنْ ذَلِكَ».
«Эсиңерде болсун, силерден мурункулар өздөрүнүн пайгамбарларынын жана салихтеринин кабырларын мечит кылып алышкан. Уккула, кабырларды мечит кылып албагыла! Чындыгында, мен силерди андан тыйамын». Бул маанидеги хадистер өтө көп.
Бардык жердеги мусулмандарга, башчыларына да, карапайым элине да, Аллахтан коркуулары, Ал тыюу салган нерселерден сактануулары жана өлүктөрүн мечиттердин сыртына көмүүлөрү важыб. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын сахабалары, ошондой эле аларга жакшылык менен ээрчигендер дагы өлүктөрдү мечиттердин сыртына көмүшкөн сыяктуу.
Ал эми Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки сахабасы Абу Бакр менен Умардын кабырларынын пайгамбардын мечитинде болушу - маркумдарды мечиттерге көмүүгө далил боло албайт. Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өз үйүнө – Айшанын бөлмөсүнө көмүлгөн. Андан соң анын эки сахабасы да анын жанына көмүлгөн. Кийин Валид ибн Абдулмалик хижранын биринчи кылымынын аягында мечитти кеңейткенде, бөлмө мечиттин ичинде калган. Аалымдар анын бул ишин туура эмес деп эскертишкен, бирок ал муну кеңейтүүгө тоскоолдук кылбайт жана бул маселе ачык-айкын, күмөнсүз деп эсептеген.
Ушуну менен ар бир мусулманга төмөнкүлөр айкын болот: Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жана анын эки сахабасы мечитке көмүлгөн эмес. Ал эми кеңейтүүнүн себебинен алардын кабырларынын мечитке кирип калуусу мечиттерге көмүүгө уруксат экендигине далил боло албайт. Анткени алар мечиттин ичинде эмес, тескерисинче, алар пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үйүндө көмүлгөн. Ошондой эле аль-Валиддин кылган иши бул маселеде эч кимге далил боло албайт. Чындыгында, далил Куран жана Сүннөттө жана үммөттүн абалкыларынын ижмасында (бир добуштан макулдугунда) гана болот. Аллах алардан ыраазы болсун, жана бизди жакшылыкта алардын жолун жолдоочулардан кылсын.
Насаат жана жоопкерчиликти өтөө үчүн жазылды: 14/5/1415-х.
Аллах ийгилик Ээси. Пайгамбарыбыз Мухаммадга анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана алардын жолун жакшылык менен жолдоочуларга Аллахтын тынчтыгы жана саламы болсун.
***
ky397v4.0 - 17/11/2026