التحذير من بناء المساجد على القبور (قرغيزي)

  • earth Тил
    (قرغيزي)
  • earth Автор:
    الشيخ عبد العزيز بن عبد الله بن باز
PHPWord

 

التَّحْذِيرُ مِنْ بِنَاءِ المَسَاجِدِ

عَلَى القُبُورِ

 

 

Кабырлардын үстүнө мечит куруудан эскертүү

 

 

 

 

لِسَمَاحَةِ الشَّيْخِ العَلَّامَةِ

عَبْدِ العَزِيزِ بْنِ عَبْدِ اللهِ بْنِ بَازٍ

رَحِمَهُ اللهُ

 

 

Автор Урматтуу шейх

Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз

 

بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ

Онунчу китепче: Кабырлардын үстүнө мечит куруудан эскертүү

Аллахтын ысымы менен, Аллахка мактоолор болсун, Аллахтын Элчисине Аллахтын саламы жана салаваттары болсун.

Андан соң айтарым: Ислам илимдеринин бирикмеси журналынын үчүнчү санындагы (Ай ичиндеги мусулмандардын кабарлары) бөлүмүндө, Иордания Хашимиттик Королдугундагы Ислам илимдеринин бирикмеси ар-Рахиб айылында жакында эле ачылган үңкүрдүн үстүнө мечит курууну ниет кылып жатканы тууралуу маалымат менен тааныштым. Ал үңкүр Ыйык Куранда айтылган Үңкүр ээлери уктаган жай деп айтылат. Ушуну менен кабар аяктайт.

Аллах үчүн жана Анын пенделери үчүн насаат айтуу озуйпасынан улам, мен Иордания Хашимит Королдугундагы Ислам илимдеринин бирикмесине ушул эле журнал аркылуу сөз жолдоону туура көрдүм. Анда бирикмеге жогоруда айтылган үңкүрдүн үстүнө мечит куруу ниетинен кайтуусуна насаат кылынат. Анткени пайгамбарлардын, салихтердин жана алардын калдыктарынын үстүнө мечит куруу, бул кемчиликсиз Ислам шарияты тыйган, андан эскерткен жана аны кылган адамга наалат айткан иштерден. Себеби бул ширкке алып баруучу жолдордон жана пайгамбарлар менен салихтердин даражасын ашыкча көтөрүп жиберүү болуп саналат. Өтмүштүн өзү шарият алып келген нерселердин тууралыгына күбө, анын Аллах Тааладан экенине далил, ошондой эле Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Аллах Тааладан үммөткө жеткирген кабарларынын чындыгына айкын жана кескин далил. Ислам дүйнөсүнүн абалына жана анда мүрзөлөрдүн үстүнө мечиттерди куруу, аларды улуктоо, жасалгалоо жана аларга кызматчыларды дайындоо себептүү жайылган ширк менен аша чабуучулукка ой жүгүрткөн ар бир адам, мындай иштердин ширкке алып баруучу жолдордон экенин, ошондой эле Ислам шариятынын жакшы жактарынын бири – аларга тыюу салып, аларды куруудан эскертүү экенин анык билет.

Эки шейх – Имам Бухари жана Муслим (Аллах аларга ырайым кылсын) Айшадан (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«لَعَنَ اللَّهُ الْيَهُودَ وَالنَّصَارَى، اتَّخَذُوا قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ مَسَاجِدَ، قالَتْ عَائِشَةُ: يُحَذِّرُ مَا صَنَعُوا، قالَتْ: وَلَوْلَا ذَلِكَ لَأُبْرِزَ قَبْرُهُ، غَيْرَ أَنَّهُ خُشِيَ أَنْ يُتَّخَذَ مَسْجِدًا».

"Аллах яхудийлерди жана христиандарды каргыштады, алар өздөрүнүн пайгамбарларынын кабырларын мечит кылып алышкан". Айша айтты: "(Пайгамбар) алардын кылгандарынан эскертип айтты. Эгер ошондой болбогондо, анын кабыры ачык жерге коюлмак. Бирок аны адамдар сыйына турган жер кылып алуу коркунучу туулмак". Эки ишенимдүү хадистер жыйнагында Умму Салама жана Умму Хабиба (аларга Аллах ыраазы болсун) Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Эфиопия жеринде көргөн чиркөө жана анын ичиндеги сүрөттөр тууралуу айтып беришет. Ошондо Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай дейт:

«أُولَئِكَ إِذَا مَاتَ فِيهِمُ الرَّجُلُ الصَّالِحُ؛ بَنَوْا عَلَى قَبْرِهِ مَسْجِدًا، وَصَوَّرُوا فِيهِ تِلْكَ الصُّوَرَ، أُولَئِكَ شِرَارُ الْخَلْقِ عِنْدَ اللَّهِ».

«Эгер араларынан ийги иш-амал кылган киши дүйнөдөн өтсө, анын кабырына мечит курушат. Анан ага жанагындай сүрөттөрдү тартышат. Мына ошолор Аллахтын алдындагы эң жаман калайык».

Имам Муслимдин «Сахих» китебинде Жундуб ибн Абдуллах (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат: «Ал минтет: «Мен Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кайтыш болордон беш күн мурда минтип айтканын уктум:

«إِنِّي أَبْرَأُ إِلَى اللَّهِ أَنْ يَكُونَ لِي مِنْكُمْ خَلِيلٌ، فَإِنَّ اللَّهَ قَدِ اتَّخَذَنِي خَلِيلًا، كَمَا اتَّخَذَ إِبْرَاهِيمَ خَلِيلًا، وَلَوْ كُنْتُ مُتَّخِذًا مِنْ أُمَّتِي خَلِيلًا، لَاتَّخَذْتُ أَبَا بَكْرٍ خَلِيلًا، أَلَا وَإِنَّ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ كَانُوا يَتَّخِذُونَ قُبُورَ أَنْبِيَائِهِمْ وَصَالِحِيهِمْ مَسَاجِدَ، أَلَا فَلَا تَتَّخِذُوا الْقُبُورَ مَسَاجِدَ، فَإِنِّي أَنْهَاكُمْ عَنْ ذَلِكَ».

«Аллахтан силердин араңардан кимдир бирөө мага халил болуусунан коргоо сураймын. Чынында, Аллах Ибрахимди (ага Аллахтын тынчтыгы болсун) Өзүнө халил кылып алгандай мени да өзүнө халил кылып алды. Эгерде мен үммөтүмдөн кимдир бирөөнү өзүмө халил кылып ала турган болсом, анда Абу Бакрды халил кылып алмакмын. Силерден алдыңкы коомдор пайгамбарларынын жана солих адамдарынын кабырларын мечит кылып алышпадыбы?! Силер кабырларды мечит кылып албагыла. Мен силерди андай кылуудан тыямын». Бул бөлүмдөгү хадистер өтө көп.

Төрт мазхабдын жана башка мусулман аалымдарынан болгон имамдар, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнө амал кылып, үммөткө насаат айтып жана аларды мурунку өткөн чектен чыккан яхудий, христиандар жана аларга окшогон бул үммөттүн адашкандары түшкөн катага түшүп калуудан эскертип, кабырлардын үстүнө мечит куруудан тыйышкан.

Иорданиядагы Ислам илимдеринин бирикмесине жана башка мусулмандарга Сүннөттү кармоо, имамдардын жолу менен жүрүү, Аллах жана Анын элчиси эскерткен нерселерден сактануу ваажыб. Анткени, ушул иштерде пенделердин оңолуусу, бактылуулугу жана бул дүйнө менен акыреттеги кутулуусу жатат. Бул темада кээ бир адамдар Улуу Аллахтын "Үңкүр ээлери" тууралуу окуядагы сөзүнө таянышкан:

﴿...قَالَ ٱلَّذِينَ غَلَبُواْ عَلَىٰٓ أَمۡرِهِمۡ لَنَتَّخِذَنَّ عَلَيۡهِم مَّسۡجِدٗا﴾

"... алардын чоңдору: «Булардын (мүрзөсүнүн) үстүнө мечит курабыз» - дешти". (Кахф, 21-аят).

Буга мындай деп жооп берилет: Аллах Таала ошол замандагы башчылар менен бийлик ээлеринин бул сөздү айтканын кабар берген, бирок бул алардын сөзүнө ыраазы болуу жана аны туура деп бекитүү иретинде эмес, тескерисинче, алардын кылган иштерин жамандоо, айыптоо жана андан жийиркендирүү иретинде айтылган. Буга далил: бул аят түшкөн жана анын маанисин эң жакшы билген Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өз үммөтүн кабырлардын үстүнө мечит куруудан тыйган, андан эскерткен. Бул ишти кылган адамга наалат айтып, аны жамандаган.

Эгерде бул иш адал болгондо, анда Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мынчалык катуу эскертип, аны жасаганга каргыш айтып, аны Аллах Тааланын алдындагы эң жаман адамдардан деп кабарламак эмес. Бул акыйкатты издеген адам үчүн жетиштүү жана ынандырарлык. Эгер биз кабырлардын үстүнө мечит куруу бизден мурункуларга уруксат болгон деп эсептесек да, ал иште аларды ээрчүү бизге уруксат эмес. Анткени биздин шарият мурунку шарияттарды жокко чыгарган. Биздин Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элчилердин акыркысы, ал эми анын шарияты – толук жана жалпы. Ал бизге кабырлардын үстүнө мечит куруудан тыюу салган. Ошондуктан, ага каршы чыгууга болбойт. Биз ага баш ийип, ал алып келген нерсени бекем карманып, ага карама-каршы келген эски шарияттарды жана аны кылгандар жакшы деп эсептеген адаттарды таштообуз керек. Анткени Аллахтын шариятынан өткөн толук шарият жок жана Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жолунан өткөн жакшы жол жок.

Аллах бизди жана жалпы мусулмандарды Анын дининде бекем болууга жана Ага жолукканга чейин бардык сөздөрүбүздө, амалдарыбызда, жашыруун жана ашкере иштерибизде Анын элчиси Мухаммаддын, ага Аллахтын тынчтыгы жана саламы болсун, шариятын карманууга насип кылсын. Албетте, Ал Угуучу, Жакын.

Аллахтын кулу жана элчиси Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана Кыямат күнгө чейин анын жолун жолдогондорго Аллахтын салам-салаваты болсун.

 

***

 

ky397v4.0 - 17/11/2026