Сыйкырчылыктын, көзү ачыктыктын жана аларга тиешелүү маселелердин өкүмү (Кыргызча)

  • earth Тил
    (Кыргызча)
  • earth Автор:
    الشيخ عبد العزيز بن عبد الله بن باز
PHPWord

 

حُكْمُ السِّحْرِ وَالكِهَانَةِ

وَمَا يَتَعَلَّقُ بِهَا

 

 

Сыйкырчылыктын, көзү ачыктыктын жана аларга тиешелүү маселелердин өкүмү

 

 

لِسَمَاحَةِ الشَّيْخِ العَلَّامَةِ

عَبْدِ العَزِيزِ بْنِ عَبْدِ اللهِ بْنِ بَازٍ

رَحِمَهُ اللهُ

 

 

Автор Урматтуу шейх

Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз

 

 


بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ

Тогузунчу китепче: Сыйкырчылыктын, көзү ачыктыктын жана аларга тиешелүү маселелердин өкүмү1

Бардык алкыш-мактоолор жалгыз Аллахка айтылсын. Андан кийин пайгамбар келбей турган акыркы пайгамбарга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун. Андан кийин айтарым:

Акыркы убактарда өздөрүн дарыгер деп атап, сыйкырчылык же төлгөчүлүк менен дарылаган көзү ачыктардын кээ бир өлкөлөрдө көбөйүп, карапайым, сабатсыз адамдарды алдап, пайдаланып жаткандыгын эске алып, Аллахка жана Анын пенделерине насаат кылуу максатында, бул иштин Исламга жана мусулмандарга тийгизген чоң коркунучун түшүндүрүп берүүнү туура көрдүм. Анткени, мында Аллах Тааладан башкага байланып калуу жана Анын жана Анын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйруктарына каршы чыгуу бар.

Аллах Тааладан жардам сурап, мындай деймин: Дарыланууга бир добуштан уруксат берилген. Мусулман адам ички терапевт, хирург, невролог же ушул сыяктуу башка дарыгерлерге барып, оорусуна диагноз койдуруп, медицина илимине ылайык шариятта уруксат берилген дары-дармектер менен дарыланса болот. Анткени бул кадимки себептерди кармануу болуп саналат жана Аллахка тобокел кылууга карама-каршы келбейт. Аллах Таала ооруну да, аны менен кошо дабасын да түшүргөн. Муну билгендер билди, билбегендер билишкен жок. Бирок, Ал Өз пенделеринин шыпаасын аларга арам кылган нерселерге койгон эмес.

Оорулуу адамга кайыпты билебиз деген көзү ачыктарга барып, алардан оорусу тууралуу суроого болбойт. Ошондой эле алардын айткандарына ишенүүгө да болбойт, анткени алар кайыпты божомолдоп сүйлөшөт, же каалаган нерселерине жетүү үчүн жиндерди чакырып, алардан жардам сурашат. Эгерде мындайлар кайып илимин билебиз деп айтышса, анда алардын өкүмү – каапырдык жана адашуучулук.

Имам Муслим "Сахих" китебинде риваят кылат, анда Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«مَنْ أَتَى عَرَّافًا فَسَأَلَهُ عَنْ شَيْءٍ، لَمْ تُقْبَلْ لَهُ صَلَاةٌ أَرْبَعِينَ يَوْمًا».

"Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт".

Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«مَنْ أَتَى كَاهِنًا فَصَدَّقَهُ بِمَا يَقُولُ، فَقَدْ كَفَرَ بِمَا أُنْزِلَ عَلَى مُحَمَّدٍ ﷺ».

"Ким көзү ачыкка барып, анын айтканына ишенсе, анда Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүрүлгөн нерсеге каапырлык кылган болот". Абу Дауд риваят кылган, аны төрт сунан ээлери да жазган. Хаким бул риваятты ишенимдүү деп, Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкүдөй айтылыш менен жазып калтырган:

«مَنْ أَتَى عَرَّافًا أَوْ كَاهِنًا فَصَدَّقَهُ بِمَا يَقُولُ، فَقَدْ كَفَرَ بِمَا أُنْزِلَ عَلَى مُحَمَّدٍ ﷺ».

"Кимде-ким төлгөчүгө же көзү ачыкка барып, анын айткандарына ишенсе, анда Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүрүлгөн нерсеге каапырлык кылган болот".

Имран бин Хусейн (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«لَيْسَ مِنَّا مَنْ تَطَيَّرَ أَوْ تُطُيِّرَ لَهُ، أَوْ تَكَهَّنَ أَوْ تُكُهِّنَ لَهُ، أَوْ سَحَرَ أَوْ سُحِرَ لَهُ، وَمَنْ أَتَى كَاهِنًا فَصَدَّقَهُ بِمَا يَقُولُ، فَقَدْ كَفَرَ بِمَا أُنْزِلَ عَلَى مُحَمَّدٍ ﷺ».

"Куш учурган жана учурткан, көзү ачыктык кылган жана көзү ачыктык кылдырткан, сыйкырлаган жана сыйкыр кылдырган адамдар бизден эмес. Ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшкөн нерсеге каапырлык кылыптыр". Баззар риваят кылган.

Бул улуу хадистерде төлгөчүлөргө, көзү ачыктарга, сыйкырчыларга жана ушул сыяктууларга барууга, алардан суроого жана алардын айткандарына ишенүүгө тыюу салынып, бул иш үчүн катуу жаза болору эскертилген.

Алардын кээ бир маселелерде чын айтканына, же аларга келген адамдардын көптүгүнө алданууга болбойт; анткени алар наадандар, адамдардын аларга алдануусуна уруксат эмес. Анткени Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга баруудан, алардан суроодон жана аларга ишенүүдөн тыюу салган; себеби мында чоң жамандык, олуттуу коркунуч жана оор кесепеттер бар. Анткени алар жалганчы, бузукулар.

Ошондой эле бул хадистерде көзү ачыктын жана сыйкырчынын каапыр экенине далил бар; анткени алар кайып илимин билебиз деп айтышат, бул болсо каапырлык. Жана алар максаттарына жиндерге кызмат кылуу жана Аллахтан башкаларга сыйынуу менен гана жетишет; бул болсо Аллахка каапырлык кылуу жана Ага шерик кошуу (ширк) болуп саналат. Ал эми алардын кайыпты билем дегенине ишенген киши да алар сыяктуу эле болот. Кимде-ким бул иштерди аны жасагандардан кабыл алса, анда андан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жүз бурган болот.

Ошондой эле мусулманга алардын дарылоо деп эсептеген дуба-сыйкыр окуу, коргошун куюу жана ушул сыяктуу ырым-жырымдарына баш ийүүгө болбойт. Анткени бул көзү ачыктыкка жана адамдарды алдоого жатат. Ким буга ыраазы болсо, анда ал алардын жалганчылыгына жана каапырлыгына жардам берген болот.

Ошондой эле мусулман адамга аларга барып, уулу же тууганы кимге үйлөнөрү, же жубайлар менен алардын үй-бүлөлөрүнүн ортосунда сүйүү жана ынтымак, же кастык жана ажырашуу болору жана ушул сыяктуу нерселер жөнүндө суроого болбойт. Анткени бул Аллах гана билген кайыптардан.

Башчыларга, жакшылыкка буйруп, жамандыктан кайтаруучуларга жана башка күч-кудурети, бийлиги бар адамдарга: көзү ачыктарга, төлгөчүлөргө жана аларга окшогондорго барууга тыюу салуу, базарларда жана башка жерлерде ушул иш менен алектенгендерди токтотуп, аларга катуу тыюу салуу, ошондой эле аларга баргандарга да тыюу салуу милдет.

Ошондой эле сыйкырчылык да каапырдыкка жаткан арам иштерден, бул тууралуу Аллах Таала эки периште жөнүндө минтип айткан:

﴿...وَمَا يُعَلِّمَانِ مِنۡ أَحَدٍ حَتَّىٰ يَقُولَآ إِنَّمَا نَحۡنُ فِتۡنَةٞ فَلَا تَكۡفُرۡۖ فَيَتَعَلَّمُونَ مِنۡهُمَا مَا يُفَرِّقُونَ بِهِۦ بَيۡنَ ٱلۡمَرۡءِ وَزَوۡجِهِۦۚ وَمَا هُم بِضَآرِّينَ بِهِۦ مِنۡ أَحَدٍ إِلَّا بِإِذۡنِ ٱللَّهِۚ وَيَتَعَلَّمُونَ مَا يَضُرُّهُمۡ وَلَا يَنفَعُهُمۡۚ وَلَقَدۡ عَلِمُواْ لَمَنِ ٱشۡتَرَىٰهُ مَا لَهُۥ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنۡ خَلَٰقٖۚ وَلَبِئۡسَ مَا شَرَوۡاْ بِهِۦٓ أَنفُسَهُمۡۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ﴾

"... ал экөө “Биз фитна (адамдарды сыноо үчүн жиберилгендер) болобуз (сыйкырды үйрөнүп) каапыр болуп калбагыла” деп (насаат) айтпай туруп эч кимге үйрөтүшкөн эмес. Ошентсе да, (яхудилер) алардан эрди-катындын арасын ажырата турган нерселерди үйрөнүшөт. Алар (сыйкырды үйрөнгөн яхудилер) Аллахтын уруксаты болмоюнча, аны менен эч кимге зыян жеткире алышпайт. Жана алар пайдалуу нерсени эмес, өздөрүнө зыян жеткире турган нерселерди үйрөнүштү. Алар, (яхудилер) аны (сыйкырды) сатып алгандар үчүн Акыретте насип жок экенин билишет болчу. Жандарынын (азапка калуусунун) эсебине сатып алган нерселери кандай жаман! Алар муну билишсе кана!" (Бакара, 102-аят).

Бул улуу аяттар сыйкырдын каапырлык экенин жана сыйкырчылар эр менен аялды ажыратарын көрсөтүп турат. Ошондой эле, сыйкыр өзү эч кандай пайда же зыян жеткире албайт, бирок Аллах Тааланын каалоосу менен гана пайда-зыянын тийгизет; анткени, жакшылык менен жамандыкты жараткан Ал Аллах Таала.

Ошондой эле бул аят сыйкыр үйрөнгөндөр өздөрүнө пайдасы жок, зыян гана алып келе турган нерсени үйрөнөрүн жана Аллахтын алдында алардын эч кандай үлүшү жана насиби жок экенин көрсөтөт. Бул алардын бул дүйнөдө да, акыретте да катуу зыянга учурап, өздөрүн эң арзан баага сатканына ишарат кылган чоң эскертүү. Ошондуктан Аллах Таала аларды мындай деп айыптаган:

﴿...وَلَبِئۡسَ مَا شَرَوۡاْ بِهِۦٓ أَنفُسَهُمۡۚ لَوۡ كَانُواْ يَعۡلَمُونَ﴾

"…Жандарынын (азапка калуусунун) эсебине сатып алган нерселери кандай жаман! Алар муну билишсе кана!" (Бакара, 102-аят). Бул жерде «сатып алуу» «соода» деген мааниде.

Чындыгында, мушриктерден бул илимдерди мураска алып, аны менен акылы алсыздарды адаштырган бул жалганды оодаргандардын зыяны өтө чоң, балээси өтө оор болду. Акыйкатта, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз. Бизге Аллах жетиштүү, Ал эң жакшы Колдоочу.

Аллах Тааладан мусулмандарды сыйкырчылардын, көзү ачыктардын жана башка көз боемочулардын жамандыгынан сактоосун, жана пенделер алардын зыянынан жана ыплас иштеринен кутулуусу үчүн, мусулмандардын башчыларына алардан сак болууга жана алар тууралуу Аллахтын өкүмүн аткарууга ийгилик берүүсүн тилейбиз. Ал Берешен, Улук.

Аллах Таала пенделерине ырайым жана жакшылык кылып, аларга болгон нээматын толук кылуу үчүн, сыйкырдын жамандыгынан ал боло электе сактанууну жана ал болгондон кийин андан дарыланууну шариятта белгилеп, ачыктап берди.

Төмөндө сыйкырдын коркунучунан ал тийгенге чейин сактануучу нерселер жана ал тийип калгандан кийин шариятта уруксат берилген жолдор менен айыгуунун баянына токтолом:

Биринчиден: сыйкыр боло электе, анын коркунучунан сактануу жолдору. Алардын эң маанилүүсү жана эң пайдалуусу бул, шариаттагы зикирлер, дубалар жана коргоочу аяттар менен коргонуу. Алардын бири: Аят аль-Курси, ал Курандагы эң улуу аят. Ар бир парз намаздан кийин салам берген соң окулат. Ал Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:

﴿ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلۡحَيُّ ٱلۡقَيُّومُۚ لَا تَأۡخُذُهُۥ سِنَةٞ وَلَا نَوۡمٞۚ لَّهُۥ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِۗ مَن ذَا ٱلَّذِي يَشۡفَعُ عِندَهُۥٓ إِلَّا بِإِذۡنِهِۦۚ يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡۖ وَلَا يُحِيطُونَ بِشَيۡءٖ مِّنۡ عِلۡمِهِۦٓ إِلَّا بِمَا شَآءَۚ وَسِعَ كُرۡسِيُّهُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَۖ وَلَا يَـُٔودُهُۥ حِفۡظُهُمَاۚ وَهُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡعَظِيمُ255﴾

"Аллах – Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал (түбөлүк) Тирүү, (бардыгын) башкарып Туруучу. Ал үргүлөбөйт жана уктабайт. Асмандар менен жердегинин баары Ага тандык. Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт. Ал алардын келечегиндеги жана өтмүшүндөгү нерселерди билет. Ал эми, алар болсо, Анын илиминен Ал Өзү каалагандан башка эч нерсени билбейт. Анын Курсийи асмандар жана жерди камтып турат. Ал экөөнү (асмандар менен жерди) сактап туруу Ага эч тоскоолдук кылбайт. Ал Бийик жана Улуу Зат!" (Бакара, 255-аят). Ошондой эле аны уктаар алдында да окуш керек. Ишенимдүү хадисте Аллахтын Элчиси, (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«مَنْ قَرَأَ آيَةَ الْكُرْسِيِّ فِي لَيْلَةٍ، لَمْ يَزَلْ عَلَيْهِ مِنَ اللَّهِ حَافِظٌ، وَلَا يَقْرَبُهُ شَيْطَانٌ حَتَّى يُصْبِحَ».

«Кимде-ким түнү "Аят ал-Курсини" окуса, ага Аллах тарабынан бир сактоочу болуп турат да, таң атканча ага шайтан жолобойт».

Андай дубалардын дагы бири төмөнкүлөрдү окуу:

﴿قُلۡ هُوَ ٱللَّهُ أَحَدٌ1﴾

"Айт (о Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз!"

﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلۡفَلَقِ1﴾

"Айт (о Мухаммад): «Таңдын Раббисинен паана тилеймин:"

﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ1﴾

"Айткын (о Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен паана тилеймин". (Наас, 1-аят). Жогоруда айтылгандарды ар бир парз намаздан кийин окуу жана кийинки үч сүрөнү күндүн башталышында багымдат намазынан кийин, ошондой эле түндүн башталышында шам намазынан кийин үч жолудан окуу.

Ошондой эле, түндүн башында Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуу. Алар Аллах Тааланын төмөнкү сөздөрү:

﴿ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّن رُّسُلِهِۦۚ وَقَالُواْ سَمِعۡنَا وَأَطَعۡنَاۖ غُفۡرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيۡكَ ٱلۡمَصِيرُ285﴾

«Элчи өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана ыймандуу адамдар дагы (ыйман келтиришти). Бардыгы Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз. Оо, биздин Рабби! Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз" деп айтышты». сүрөнүн акырына чейин.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү хадисте мындай деген:

«مَنْ قَرَأَ الآيَتَيْنِ مِنْ آخِرِ سُورَةِ البَقَرَةِ فِي لَيْلَةٍ كَفَتَاهُ».

"Ким түнү Бакара сүрөсүнүн акыркы эки аятын окуса, ага жетиштүү болот". Мааниси мындай (туурасын Аллах билет): окуп жаткан адамды бардык жамандыктан сактайт. Ошондой эле, күндүзү жана түндө, имаратта, чөлдө, абада же деңизде болсун, кайсы бир жерге токтогондо «Аллахтын толук сөздөрү менен Анын жараткан бардык макулуктарынын жамандыгынан коргоном» деп көп-көп коргоо тилөө да бар, анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«مَن نَزَلَ مَنْزِلًا فَقالَ: أَعُوذُ بِكَلِمَاتِ اللهِ التَّامَّاتِ مِن شَرِّ ما خَلَقَ، لَمْ يَضُرَّهُ شَيءٌ حتَّى يَرْتَحِلَ مِن مَنْزِلِهِ ذَلِكَ».

"Кимде-ким кайсы бир жерге токтогондо: "Аъузу би калима тиллаахит-тааммаати миң шарри маа холак" деп айтса, анда ал кайра жолун улап кеткенге чейин ага эч нерсе зыян бербейт".

Ошондой эле мусулман адам эртең менен жана кечинде үч жолудан төмөнкү дубаларды айтат:

«بِسْمِ اللهِ الَّذِي لَا يَضُرُّ مَعَ اسْمِهِ شَيءٌ فِي الأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ، وَهُوَ السَّمِيعُ العَلِيمُ».

«Аллахтын ысымы менен, Анын аты менен бирге болсоң жердеги да, асмандагы да нерселер зыянын тийгизе албайт, Ал Угуучу, Билүүчү».

Ага кызыктыруу Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишеничтүү айтылган жана ал бардык жамандыктан сактанууга себеп болот.

Экинчиси: Сыйкыр тийгенден кийин андан айыгуу. Бул дагы бир канча жолдор менен болот:

Биринчи: Аллахка көп жалбаруу, Андан кыйынчылыкты арылтууну жана азапты кетирүүнү суроо.

Экинчи: сыйкырдын ордун табуу, жерде, тоодо же башка жерде болсун табуу үчүн күч-аракет жумшоо. Эгерде ал табылып, чыгарылып жана жок кылынса, анда сыйкыр күчүн жоготот. Бул сыйкырдан айыгуунун эң пайдалуу жолу.

Үчүнчү: Шариятка ылайык зикирлер жана дубалар менен дем салуу. Алар көп, алардын кээ бири:

Аллахтын Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан дубалары:

«اللَّهُمَّ رَبَّ النَّاسِ، أَذْهِبِ الْبَأْسَ، وَاشْفِ أَنْتَ الشَّافِي، لَا شِفَاءَ إِلَّا شِفَاؤُكَ، شِفَاءً لَا يُغَادِرُ سَقَمًا»

"О адамдардын Раббиси, жамандыкты жок кылуучу, шыпаа бер, Сен шыпаа берүүчүсүң, Сенин шыпааңдан башка шыпаа жок, оору кайра кайталанбай тургандай шыпаа бере көр". Муну үч жолу айтат.

Алардын дагы бири: Жебирейил периштенин пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дем салган дубасы:

«بِسْمِ اللَّهِ أَرْقِيكَ، مِنْ كُلِّ شَيْءٍ يُؤْذِيكَ، وَمِنْ شَرِّ كُلِّ نَفْسٍ أَوْ عَيْنِ حَاسِدٍ، اللَّهُ يَشْفِيكَ، بِسْمِ اللَّهِ أَرْقِيكَ».

"Аллахтын аты менен сага сактык тилейм, сага зыянын тийгизип жаткан нерсенин баарынан, ар бир нафстин жана көралбас көздүн жамандыгынан, Аллах сага шыпаа берсин, Аллахтын аты менен сага сактык тилейм". Муну да үч жолу кайталайт.

Ошондой эле, аялы менен кошула албай калган эркек үчүн пайдалуу дарылоо ыкмасы: көк сидрдин жети жалбырагын алып, аны таш же ушул сыяктуу нерсе менен майдалап, идишке салат. Анан анын үстүнө гусул алууга жете тургандай суу куюп, ага төмөнкүлөрдү окуйт:

Аят ал-Курси жана

﴿قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡكَٰفِرُونَ1﴾

"(О Мухаммад, каапырларга) айткын: «Эй, каапырлар...!" (Каафирун, 1-аят) жана

﴿قُلۡ هُوَ ٱللَّهُ أَحَدٌ1﴾

"Айт (о Мухаммад:) Ал – Аллах жалгыз!" (Ихлас, 1-аят) жана

﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلۡفَلَقِ1﴾

"Айт (о Мухаммад): «Таңдын Раббисинен паана тилеймин: (Фалак, 1-аят) жана

﴿قُلۡ أَعُوذُ بِرَبِّ ٱلنَّاسِ1﴾

"Айткын (о Мухаммад): «Мен инсандардын Раббисинен коргоо тилеймин". (Нас, 1-аят).

Аъраф сүрөсүндөгү сыйкыр аяттары, ал Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:

﴿وَأَوۡحَيۡنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنۡ أَلۡقِ عَصَاكَۖ فَإِذَا هِيَ تَلۡقَفُ مَا يَأۡفِكُونَ117 فَوَقَعَ ٱلۡحَقُّ وَبَطَلَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ118 فَغُلِبُواْ هُنَالِكَ وَٱنقَلَبُواْ صَٰغِرِينَ119﴾

"Биз Мусага: “Таягыңды жерге ташта!”- деп аян кабар кылдык. Капыстан ал (Мусанын чоң жыланга айланып калган таягы) сыйкырчылардын жалгандарын жутуп жиберди".

"Натыйжада акыйкат анык болуп, (каапырлардын) жасаган иштери жалганга чыкты".

"Ушул жерде жеңилип, шерменде болуп кайтышты".

(Аьраф, 117-119-аяттар).

Юнус сүрөсүндөгү Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:

﴿وَقَالَ فِرۡعَوۡنُ ٱئۡتُونِي بِكُلِّ سَٰحِرٍ عَلِيمٖ79 فَلَمَّا جَآءَ ٱلسَّحَرَةُ قَالَ لَهُم مُّوسَىٰٓ أَلۡقُواْ مَآ أَنتُم مُّلۡقُونَ80 فَلَمَّآ أَلۡقَوۡاْ قَالَ مُوسَىٰ مَا جِئۡتُم بِهِ ٱلسِّحۡرُۖ إِنَّ ٱللَّهَ سَيُبۡطِلُهُۥٓ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يُصۡلِحُ عَمَلَ ٱلۡمُفۡسِدِينَ81 وَيُحِقُّ ٱللَّهُ ٱلۡحَقَّ بِكَلِمَٰتِهِۦ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡمُجۡرِمُونَ82﴾

"Фараон айтты: “Мага бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келгиле!”

"Качан сыйкырчылар (Муса менен жарышканы) келгенде Муса аларга: “Эмнени таштоону кааласаңар таштагыла”- деди".

"(Сыйкырчылар колдорундагы жиптерди, таякчаларды) таштады эле, (кадимки эле ийрелеңдеген жыландарга окшоп калды. Анда) Муса айтты: “Силер жасаган (ушул) иш (анык) сыйкыр! Аллах тез эле анын жалганын чыгарат! Чынында, Аллах бузукулардын ишин оңдобойт».

"Аллах кылмышкерлерге жакпаса да, Өзүнүн сөздөрү менен Акыйкатты бекемдеп койот". (Юнус, 79-82-аяттар).

Тоха сүрөсүндөгү төмөнкү аяттар:

﴿قَالُواْ يَٰمُوسَىٰٓ إِمَّآ أَن تُلۡقِيَ وَإِمَّآ أَن نَّكُونَ أَوَّلَ مَنۡ أَلۡقَىٰ65 قَالَ بَلۡ أَلۡقُواْۖ فَإِذَا حِبَالُهُمۡ وَعِصِيُّهُمۡ يُخَيَّلُ إِلَيۡهِ مِن سِحۡرِهِمۡ أَنَّهَا تَسۡعَىٰ66 فَأَوۡجَسَ فِي نَفۡسِهِۦ خِيفَةٗ مُّوسَىٰ67 قُلۡنَا لَا تَخَفۡ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡأَعۡلَىٰ68 وَأَلۡقِ مَا فِي يَمِينِكَ تَلۡقَفۡ مَا صَنَعُوٓاْۖ إِنَّمَا صَنَعُواْ كَيۡدُ سَٰحِرٖۖ وَلَا يُفۡلِحُ ٱلسَّاحِرُ حَيۡثُ أَتَىٰ69﴾

«О Муса (дешти сыйкычылар) же сен (башта колуңдагы таягыңды) ташта же болбосо, биз биринчи таштайлы».

"(Муса) айтты: «Жок, силер таштагыла!» (Ташташты эле,) капыстан жиптери жана таяктары, алардын сыйкырынан улам ага (Мусага) кыймылдагандай көрүндү!"

"Муса ичинен бир сестенип алды".

"Биз (ага): «Коркпогун сен (алардан) жогору(боло)суң» – деп айттык".

"Колуңдагы нерсени (таякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт» дедик".

(Тоха, 65-69-аяттар).

Айтылган аят, дубалар окулган суудан үч ууртам ичип, калганы менен жуунат. Ушуну менен, Аллах кааласа, оору айыгат. Эгер муктаждык болсо, оору айыкканга чейин аны эки же андан көп жолу кайталоого да болот.

Бул зикирлер, коргонуу дубалары жана жолдор сыйкырдын жана башка жамандыктардын зыянынан сактануунун эң улуу себептеринен. Ошондой эле, чын ыкылас, ыйман менен, Аллахка ишенип, Ага тобокел кылып жана анда айтылгандарга көкүрөгү ачык абалда бекем карманган адам үчүн сыйкыр тийгенден кийин андан арылуунун эң улуу куралы болуп саналат.

Сыйкырдан сактануу жана андан айыгуу жолдору тууралуу баяндоого мүмкүн болгон маселелер ушулар, ал эми ийгилик берүүчү – Аллах.

Бул жерде маанилүү дагы бир маселе бар: сыйкырды, жиндерге мал союу же башка ибадаттар аркылуу жакындоо менен жасалган сыйкырчылардын иши менен дарылоо. Мындай кылууга болбойт, анткени бул шайтандын иши, атүгүл чоң ширк болуп саналат. Ошондой эле көзү ачык, төлгөчү жана көз боочулардан сурап, алардын айткандарын колдонуп дарыланууга болбойт. Анткени алар ыймансыз, жалганчы, бузукулар. Кайыпты билебиз деп элди адаштырышат. Бул китепченин башында айтылып өткөндөй, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга баруудан, алардан суроодон жана алардын айткандарына ишенүүдөн эскерткен. Ошондуктан мындан сактануу важип. Аллахтын Элчисинен, (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сыйкырды сыйкыр менен дарылоо жөнүндө суралганда, ал мындай деп айтканы ишенимдүү хадис бар:

«هِيَ مِنْ عَمَلِ الشَّيْطَانِ».

«Ал - шайтандын амалынан», Имам Ахмад жана Абу Дауд жакшы чынжыр-тизмек менен риваят кылган.

Ан-Нушра – бул, сыйкырланган адамдан сыйкырды чечүү. Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул сөзүндөгү максаты Исламга чейинки доордогу адамдар колдонгон "ан-Нушра". Мында сыйкырды чечүү үчүн сыйкырчыдан сурануу же аны башка бир сыйкырчы аркылуу ошондой эле сыйкыр менен чечүүгө айтылат..

Ал эми аны дем салуу, шариятка ылайык коргоочу дубалар жана уруксат берилген дарылар менен айыктыруунун, жогоруда айтылгандай, эч кандай зыяны жок. Муну ал-Аллама ибнул Каййим, шейх Абдуррахман бин Хасан «Фатхул-Мажид» китебинде (экөөнө тең Аллах ырайым кылсын), ошондой эле алардан башка илим ээлери да тактап айтышкан.

Аллах мусулмандарды ар бир жамандыктан сактасын, алардын динин сактасын, аларды динде илимдүү кылсын жана Анын шариятына каршы келген ар бир нерседен сактасын.

Аллахтын кулу жана элчиси Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.

 

***

 

ky397v4.0 - 17/11/2026


Бул осуят 1402-х.ж. жылы Илимий изилдөөлөр, фатва жана үгүт-насаат боюнча Башкы башкармалыктын №17 китепчесинде жарык көргөн.