Аллахтан башкага жардам сурап жалбарган адамдын өкүмүнө далилдерди келтирүү (Кыргызча)

  • earth Тил
    (Кыргызча)
  • earth Автор:
    الشيخ عبد العزيز بن عبد الله بن باز
PHPWord

 

إِقََامَةُ البَرَاهِينِ عَلَى

حُكْمِ مَنِ اسْتَغَاثَ بِغَيرِ اللهِ

 

 

Аллахтан башкага жардам сурап жалбарган адамдын өкүмүнө далилдерди келтирүү

 

 

 

لِسَمَاحَةِ الشَّيْخِ العَلَّامَةِ

عَبْدِ العَزِيزِ بْنِ عَبْدِ اللهِ بْنِ بَازٍ

رَحِمَهُ اللهُ

 

Автор Урматтуу шейх

Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз

 


بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ

Экинчи китепче:

Пайгамбардан жардам суроонун өкүмү

Аллах Таалага алкыш-мактоолор, Аллахтын Элчисине, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана анын туура жолун ээрчигендерге Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.

Кувейттин "аль-Мужтама" гезити хижрий 1390-жылдын 4-айынын 19-күнү чыккан 15-санында "Пайгамбардын улук туулган күнүн эскерүү" деген темада ыр саптарын жарыялаган. Бул ыр саптарында бөлүнүп-жарылууга жана пикир келишпестиктерге дуушар болгон үммөттү куткаруу, ага жеңиш алып келүү максатында Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жардам жана колдоо суроо камтылган. Ыр саптарынын автору өзүн "Амина" деп атаган. Төмөндө ошол айтылган ыр саптарынан үзүндү:

О Аллахтын элчиси, согуш отун тутандырып, анын жалынына күйгөн дүйнөнү куткара көр...

О Аллахтын элчиси, шектин караңгылыгында адашуусу узакка созулган үммөттү куткар.

О Аллахтын элчиси, багыты кайгы-касиреттин туңгуюгунда жоголгон үммөтүңдү куткара көр.

Ырдын акырында минтип айтылат:

Жеңишти тездет, Бадр күнү Аллахка жалбарганда аны тездеткениң сыяктуу.

Кордук кереметтүү жеңишке айланды... Чынында, Аллахтын көзгө көрүнбөгөн аскерлери бар.

Бул жазуучу аял Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) кайрылып, андан үммөт үчүн жардамды тездетүүнү сурайт. Ал муну жардамдын жалгыз Аллахтын гана колунда экенин, Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоо дубасы болсун) да, башка макулуктардын да колунда эмес экенин унутуп – же илимсиздигинен – жасайт. Аллах Өзүнүн анык китебинде минтип айткан:

﴿...وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ﴾

"Жеңиш-жардам Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан гана келет". (Аалу Имран сүрөсү, 126-аят). Аллах Таала минтип айтты:

﴿إِنْ يَنْصُرْكُمُ اللَّهُ فَلَا غَالِبَ لَكُمْ وَإِنْ يَخْذُلْكُمْ فَمَنْ ذَا الَّذِي يَنْصُرُكُمْ مِنْ بَعْدِهِ...﴾

"Эгер Аллах жардам берсе, силерди эч ким жеңе албайт. Эгерде жардамсыз (өзүңөрдү-өзүңөргө) таштап койсо, Аллахтан кийин силерге ким жардам берет?!" (Аалу Имран сүрөсү, 160-аят).

Мындай дуба кылуу жана жардам суроо – ибадаттын бир түрүн Аллахтан башкага арноо болуп эсептелет. Куран, Сүннөт жана ижма боюнча мындай ишке тыюу салынганы белгилүү. Аллах Таала калайыкты Өзүнө ибадат кылуусу үчүн жаратып, ошол ибадатты баяндоо жана ага чакыруу үчүн элчилерин жиберип, китептерин түшүргөн. Аллах Таала айтат:

﴿وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنْسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ56﴾

"Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым". (Зарият, 56-аят). Аллах Таала дагы мындай деген:

﴿وَلَقَدْ بَعَثْنَا فِي كُلِّ أُمَّةٍ رَسُولًا أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَاجْتَنِبُوا الطَّاغُوتَ...﴾

"Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз...". (Нахл, 36-аят). Аллах Таала дагы мындай деген:

﴿وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ مِنْ رَسُولٍ إِلَّا نُوحِي إِلَيْهِ أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا أَنَا فَاعْبُدُونِ 25﴾

"(О Мухаммад!) Биз Сенден мурда жиберген ар бир пайгамбарга: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп аян-кабар кылдык". (Анбия, 25-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:

﴿الر كِتَابٌ أُحْكِمَتْ آيَاتُهُ ثُمَّ فُصِّلَتْ مِنْ لَدُنْ حَكِيمٍ خَبِيرٍ1 أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا اللَّهَ إِنَّنِي لَكُمْ مِنْهُ نَذِيرٌ وَبَشِيرٌ2﴾

"Алиф, Лаам, Раа. Бул китептин аяттары (эч качан бузулбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллах) тарабынан (эң жогорку деңгээлде) баян кылынды".

"(Мунун себеби) Аллахтан башка “кудайларга ибадат кылбашыңар үчүн. Чынында, мен силерге Аллах тарабынан (жиберилген) эстетүүчү жана куш кабар берүүчүмүн". (Худ, 1-2-аяттар).

Аллах Таала бул өкүм аяттарында инсан менен жинди шериги жок Өзүнө гана ибадат кылуулары үчүн жаратканын, элчилерди ушул ибадатка буйруп, анын тескерисинен кайтаруу үчүн жибергенин, жана Өзүнөн башка эч кимге ибадат кылынбашы үчүн Өз китебинин аяттарын өкүмдүү кылып, аларды чечмелеп бергенин ачык баяндаган.

Ибадат – бул Аллахтын буйруктарын аткарып, тыюуларынан тыйылуу менен Аны жалгыздоо жана Ага баш ийүү. Аллах бул жөнүндө көптөгөн аяттарда буйруп, кабар берген, мисалы, Аллах Таала айткан:

﴿وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ حُنَفَاءَ...﴾

"Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга буйрулган..." (Баййина, 5-аят), Аллах Таала дагы мындай деген:

﴿وَقَضَى رَبُّكَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ...﴾

«Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбайсың...» (Исра, 23-аят). Аллах Таала дагы мындай деген:

﴿إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ فَٱعۡبُدِ ٱللَّهَ مُخۡلِصٗا لَّهُ ٱلدِّينَ2 أَلَا لِلَّهِ ٱلدِّينُ ٱلۡخَالِصُۚ وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ3﴾

"(О Мухаммад!) Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми жалгыз Аллахка гана чын ыкластан ибадат кыл!"

"Көңүл бургула! Калыс Дин Аллах үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!"

(Зумар, 2-3-аяттар).

Бул маанидеги аяттар өтө көп. Алардын баары ибадатты калыс Аллахтын Өзүнө аткаруунун жана Андан башка пайгамбарларга жана башкаларга ибадат кылууну таштоонун важип экенин көрсөтүп турат.

Шек-күмөнсүз, дуба клуу ибадаттын эң маанилүү жана бардык ибадатты ичине камтыган түрү. Ошондуктан, аны бир гана Аллахка арноо важиб. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿فَادْعُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ14﴾

"Эми, силер эгер каапырлар жаман көрсө да, (бардык) дин-ибадатты Аллахка калыс багыттаган абалда гана дуба (ибадат) кылгыла!" (Гаафир, 14-аят) Аллах Таала дагы минтип айткан:

﴿وَأَنَّ الْمَسَاجِدَ لِلَّهِ فَلَا تَدْعُوا مَعَ اللَّهِ أَحَدًا18﴾

"(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла!" (Жин, 18-аят). Жалгыз Аллага гана дуба кылуу жөнүндөгү бул көрсөтмө, пайгамбарларды да, алардан башка бардык макулуктарды да өз ичине камтыйт. Алла Таала мындай деген:

﴿وَلَا تَدْعُ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَنْفَعُكَ وَلَا يَضُرُّكَ فَإِن فَعَلۡتَ فَإِنَّكَ إِذٗا مِّنَ ٱلظَّٰلِمِينَ106﴾

"Аллахтан башка өзүңө не пайда, не зыян жеткире албаган “кудайларга” дуба кылба! Эгер ошентчү болсоң, анда сен залымдардан (мушриктерден) болуп каласың!" (Юнус, 106-аят). Бул кайрылуу Пайгамбарга багытталган. Албетте, Аллах аны ширктен сактаган. Бирок, мындагы максат – андан башкаларды эскертүү. Андан соң Улуулугу Арткан Аллах минтип айткан:

﴿وَلَا تَدۡعُ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَنفَعُكَ وَلَا يَضُرُّكَ فَإِنْ فَعَلْتَ فَإِنَّكَ إِذًا مِنَ الظَّالِمِينَ106﴾

"Аллахтан башка өзүңө не пайда, не зыян жеткире албаган “кудайларга” дуба кылба! Эгер ошентчү болсоң, анда сен залымдардан (мушриктерден) болуп каласың!" (Юнус, 106-аят). Бул кайрылуу Пайгамбарыбызга багытталган, бирок анын максаты башкаларды эскертүү. Анткени, Аллах Таала Өзүнүн пайгамбарын ширктен сактаганы белгилүү. Андан кийин Аллах Таала тыюуну жана эскертүүнү күчөтүп, мындай деди:

﴿...فَإِنْ فَعَلْتَ فَإِنَّكَ إِذًا مِنَ الظَّالِمِينَ﴾

"Эгер ошентчү болсоң, анда сен залымдардан (мушриктерден) болуп каласың!" Зулумдук деп жалпысынан айтылганда, андан Чоң ширк максат кылынат, Аллах Таала минтип айткан:

﴿...وَالْكَافِرُونَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾

"... жана каапырлар – ошолор гана заалым кишилер!" (Бакара, 254-аят". Аллах Таала мындай деген:

﴿...إِنَّ الشِّرْكَ لَظُلْمٌ عَظِيمٌ﴾

"Чындыгында ширк деген – бул чоң зулум!" (Лукман, 13-аят). Адам урпактарынын мырзасы пайгамбарыбыз эгер Аллахтан башкага дуба кылса заалымдардан болуп кала турган болсо, анда башкалар жөнүндө эмне деп айтууга болот?

Ушул жана башка аяттардан белгилүү болгондой, Аллахтан башкага – өлүктөргө, дарактарга, айкел-буттарга жана башка нерселерге дуба кылуу Аллах Таалага шерик кошуу болуп саналат. Бул Аллах Тааланын эки оор калайыкты (адамдар менен жиндерди) жаратуудагы, пайгамбарларды жиберүүдөгү жана китептерди түшүрүүдөгү негизги максаты болгон ибадатта Аллахты жалгыздоого карама-каршы келет. Ошондой эле «Лаа илааха иллаллах» келимесинин маанисине да каршы. Анткени бул келиме ибадатты Аллахтан башка нерселерден жокко чыгарып, аны жалгыз Аллах үчүн гана бекемдейт. Аллах Таала айткан:

﴿ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ هُوَ ٱلۡبَٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ62﴾

"Анткени, Аллах – Акыйкат. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» - жалган. Чынында Аллах эң Бийик, эң Улук!" (Хаж, 62-аят).

Мына ушул – диндин негизи жана пайдубалы. Ушул негиз туура болмоюнча, ибадаттар да туура болбойт. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَلَقَدْ أُوحِيَ إِلَيْكَ وَإِلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِكَ لَئِنْ أَشْرَكْتَ لَيَحْبَطَنَّ عَمَلُكَ وَلَتَكُونَنَّ مِنَ الْخَاسِرِينَ65﴾

"Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!» – деп аян-кабар кылынды". (Зумар, 65-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:

﴿...وَلَوْ أَشْرَكُوا لَحَبِطَ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ﴾

"Эгер алар Аллахка шерик кошчу болсо, (ким болгонуна карабай) кылган (жакшы) иштеринин баары текке кетет".

(Анаам, 88-аят).

Жогоруда айтылгандардан Ислам дининин жана «Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок» деген күбөлүктүн эки улуу негизи бар экени белгилүү болот:

Биринчиси: Жалгыз, шериги жок Аллахка гана ибадат кылуу керек. Кимде-ким пайгамбарлардан жана башкалардан болгон өлүктөргө, же буркандарга, же бак-дарактарга, же таштарга, же башка макулуктарга дуба кылса, же алардан жардам сураса, же аларга курмандык чалуу жана назир айтуу менен жакындаса, же аларга намаз окуса, же аларга сажда кылса, анда ал аларды Аллахтан башка кудай кылып, Ага (Аллах Таалага) теңдеш кылып, “Лаа илааха иллаллах” келимесинин маанисине карама-каршы келген жана аны жокко чыгарган болот.

Экинчиси: Аллах Таалага Анын пайгамбары жана элчисинин шарияты менен гана ибадат кылуу. Кимде-ким динде Аллах уруксат бербеген нерсени ойлоп тапса, ал "Мухаммад – Аллахтын элчиси" деген күбөлүктүн маанисин ишке ашырбаган болот. Анын амалы өзүнө пайда да бербейт, кабыл да кылынбайт. Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَقَدِمْنَا إِلَى مَا عَمِلُوا مِنْ عَمَلٍ فَجَعَلْنَاهُ هَبَاءً مَنْثُورًا23﴾

"Биз алар (сооп деп ойлоп) жасаган (кайрымдуулук) иштерге келдик жана аны күндүн нуруна чагылышып көрүнгөн жеңил сапырылган чаңдай кылып таштадык!" (Фуркан, 23-аят). Аятта айтылган иш-амалдардын максаты - Аллахка шерик кылып өлгөн адамдын иш-амалдары.

Ошондой эле буга Аллах уруксат бербеген бидаат амалдар да кирет. Алар Анын таза шариятына туура келбегендиги үчүн Кыямат күнү чачылган тозоңдой болуп калат. Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«مَنْ أَحْدَثَ فِي أَمْرِنَا هَذَا مَا لَيْسَ مِنْهُ فَهُوَ رَدٌّ».

"Кимде-ким биздин шариятыбызга анда болбогон жаңы ишти киргизсе, ал өзүнө кайтарылат". Ишенимдүүлүгү бир ооздон бекемделген хадис.

Жыйынтыктап айтканда: бул жазуучу аял жардам сурап жалбаруусун жана дубасын Пайгамбарга багыштап, ааламдардын Раббисинен жүз бурган. Жеңиш, зыян жана пайда Анын гана колунда, Андан башка эч кимдин колунда алардын бири да жок.

Шек-күмөнсүз, бул чоң жана кесепети оор зулумдук. Аллах Таала Өзүнө дуба кылууга буйруп, Ага дуба кылганга жооп берүүнү убада кылды жана андан текеберленгендер тозокко кирерин айтып эскертти. Аллах Таала айткан:

﴿وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ 60﴾

"Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет". (Гафир, 60-аят). Б.а. басынып, моюн сунуп, тозокко кирет. Бул аят дубанын ибадат экенине жана андан текеберленген адамдын барар жери тозок экенине далил. Эгер Аллахка дуба кылуудан текеберленген адамдын абалы ушундай болсо, анда Андан башкага дуба кылып, Андан жүз бурган адамдын абалы кандай болот? Ал (Аллах) болсо баарына Жакын, бардык нерсенин Ээси жана бардык нерсеге Кудуреттүү. Алла Таала айткан:

﴿وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌ أُجِيبُ دَعْوَةَ الدَّاعِ إِذَا دَعَانِ فَلْيَسْتَجِيبُوا لِي وَلْيُؤْمِنُوا بِي لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُونَ 186﴾

"(О Мухаммад), эгер пенделерим сенден Мени сурашса (айткын): Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин! (Ошондо) туура жолго түшүп калышы ажеп эмес!" (Бакара, 186-аят). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү хадисте дуба ибадат экенин кабар берген жана өзүнүн агасынын уулу Абдуллах ибн Аббаска (аларга Аллах ыраазы болсун) мындай деп айткан:

«احْفَظِ اللهَ يَحْفَظْكَ، احْفَظِ اللهَ تَجِدْهُ تُجَاهَكَ، إِذَا سَأَلْتَ فَاسْأَلِ اللهَ، وَإِذَا اسْتَعْنَتَ فَاسْتَعِنْ بِاللهِ».

«Аллахты (н шариятын) сакта, Аллах сени сактайт. Аллахты (н шариятын) сакта, ошондо Аны бет алдыңдан табасың. Сурасаң, Аллахтан сура, жардам тилесең, Аллахтан тиле». Тирмизи жана башка аалымдар риваят кылышкан.

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«مَنْ مَاتَ وَهُوَ يَدْعُو لِلَّهِ نِدًّا؛ دَخَلَ النَّارَ».

«Кимде-ким Аллахка башка нерсени шерик кылып өлсө, тозокко кирет». Бухари риваят кылган. Эки ишенимдүү хадистер топтомунда Пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун): «Эң чоң күнөө кайсы?» деп сурашканда, ал мындай деди:

«أَنْ تَجْعَلَ لِلَّهِ نِدًّا وَهُوَ خَلَقَكَ».

«Сени жараткан Раббиңе шерик кошууң». Нидд – бул, теңдеш, окшош деген сөз. Кимде-ким Аллахтан башкага дуба кылса, же андан жардам сураса, же ага назри кылса, же ага арнап курмандык чалса, же ибадаттын кайсы бир түрүн ага арнаса, анда ал ошол нерсени Аллахка шерик кылган болот. Мейли ал пайгамбар, же олуя, же периште, же жин, же буркан, же башка макулуктардын бири болсун, айырмасы жок.

Бул жерде кимдир бирөө: тирүү, жаныңдагы адамдан анын колунан келген нерсени суроонун жана анын колунан келген материалдык иштерде жардам суроонун өкүмү кандай? - деп сурашы мүмкүн. Жооп: бул ширкке кирбейт, тескерисинче, мусулмандардын ортосундагы уруксат берилген катардагы иштерден. Аллах Таала Мусанын окуясында мындай деген :

﴿...فَاسْتَغَاثَهُ الَّذِي مِنْ شِيعَتِهِ عَلَى الَّذِي مِنْ عَدُوِّهِ...﴾

"...Өз жамаатынан болгон адам душман жамааттан болгон адамга каршы Мусадан жардам сурады эле..." (Касас, 15-аят). Аллах Таала Муса пайгамбардын окуясында дагы минтип айткан:

﴿فَخَرَجَ مِنْهَا خَائِفًا يَتَرَقَّبُ...﴾

"Муса, тараптарын баамдап, коркуп... дароо чыгып кетти". (Касас, 21-аят). Адам согушта, ошондой эле адамдардын башына келген, бири-бирине муктаж болгон башка иштерде өз жолдошторунан сактоосун сураганы сыяктуу.

Аллах Өз пайгамбарына (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үммөтүнө эч кимге пайда да, зыян да жеткире албастыгын кабарлоого буйруган. Аллах Таала мындай деген:

﴿قُلْ إِنَّمَا أَدْعُو رَبِّي وَلَا أُشْرِكُ بِهِ أَحَدًا21 قُلْ إِنِّي لَا أَمْلِكُ لَكُمْ ضَرًّا وَلَا رَشَدًا22﴾

"Айт (о Мухаммад!): “Мен жалаң өзүмдүн Раббиме гана дуба (ибадат) кыламын жана Ага эч нерсени шерик кылбаймын”.

Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”. (Жин, 21-22-аяттар). Аллах Таала мындай деген:

﴿قُلْ لَا أَمْلِكُ لِنَفْسِي نَفْعًا وَلَا ضَرًّا إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ وَلَوْ كُنْتُ أَعْلَمُ الْغَيْبَ لَاسْتَكْثَرْتُ مِنَ الْخَيْرِ وَمَا مَسَّنِيَ السُّوءُ إِنْ أَنَا إِلَّا نَذِيرٌ وَبَشِيرٌ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ188﴾

"Айткын: “Мен өзүмө Аллах каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык болмок эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүнтүүчү пайгамбармын".

(Аараф, 188-аят).

Бул маанидеги аяттар өтө көп.

Белгилүү болгондой, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнүн Раббисине гана дуба кылган. Андан тастыкталгандай, ал Бадр күнү душманына каршы Аллахтан жардам жана жеңиш сурап, жалынып-жалбарып: «О Раббим! Мага убада кылганыңды аткар!» - деп дуба кылган. Ал ушунчалык жалынып-жалбаргандыктан, Абу Бакр Сыддык (ага Аллах ыраазы болсун): «О Алланын элчиси, жетишет. Чындыгында, Аллах сага берген убадасын аткаруучу» - деди. Анан Аллах ошол окуя тууралуу Өзүнүн төмөнкү сөзүн түшүрдү:

﴿إِذۡ تَسۡتَغِيثُونَ رَبَّكُمۡ فَٱسۡتَجَابَ لَكُمۡ أَنِّي مُمِدُّكُم بِأَلۡفٖ مِّنَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ مُرۡدِفِينَ9﴾

"Силер Раббиңерге жалбарып, дуба кылганда, Ал силерге жооп берип, (пайгамбарына): “Мен силерди удаама-удаа (келүүчү) миң периште менен кубаттаймын” деди". (Анфал, 9-аят). Аллах Таала бул аяттарда алардын жардам сурагандарын эскеркен. Дубаларын кабыл кылып, жеңиш тууралуу сүйүнчү жана жүрөктөрү тынчтануусу үчүн аларды периштелер менен колдогондугун кабарлаган. Ошондой эле, Аллах Таала жеңиш периштелерден эмес, тескерисинче, жеңиш Анын Өзүнөн гана болорун баяндап, мындай деди:

﴿وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ...﴾

"Жеңиш - Аллахтан гана...". (Аалу Имран, 126-аят). Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَلَقَدْ نَصَرَكُمُ اللَّهُ بِبَدْرٍ وَأَنْتُمْ أَذِلَّةٌ فَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ123﴾

"Аллах силерге Бадрда (сан жана даярдык жагынан) төмөн болгонуңарга карабай жеңиш берген. Аллахтан корккула. (Балким) шүгүр кылуучу болуп калаарсыңар". (Аалу Имран, 123-аят). Аллах Таала бул аятта Бадр күнү аларга Өзү жардам бергенин баяндады. Демек, Анын аларга берген курал-жарагы, күч-кубаты жана периштелер менен колдоосу – мунун баары жеңиштин, сүйүнчүнүн жана жүрөктүн тынчтануусунун себептери гана. Ал эми жеңиштин өзү бул себептерден эмес, ал бир гана Аллахтан болот. Анда кантип бул жазуучу аял же башкалар бардык нерсенин Ээси жана бардык нерсеге Кудуреттүү болгон ааламдардын Раббисинен жүз буруп, Пайгамбардан жардам жана жеңиш суроого батынат?!

Шек жок, бул наадандыктын жеткен чеги, ал тургай эң чоң ширк. Ошондуктан жазуучу аял Аллах Таалага чындап тообо кылуусу керек. Ал эми чыныгы тообо бир нече шарттардан турат, алар: Биринчи: Кылган ишине өкүнүү. Экинчиси: Күнөө ишти таштоо. Үчүнчүсү: Аллахты улуктап, Ага ыклас кылып, Анын буйругуна баш ийип жана Ал тыйган нерседен сактанып, күнөөгө кайра кайтпоого бекем чечим чыгаруу. Мына ушул – чыныгы тообо. Эгер күнөө иш пенделердин акысына тиешелүү болсо, анда төртүнчү шарты да бар. Ал: Төртүнчүсү: Акыны ээсине кайтаруу же андан кечирим суроо.

Аллах Таала пенделерин тообо кылууга буйруп, аны кабыл кылууну убада кылып, мындай деген:

﴿...وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعًا أَيُّهَ الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ﴾

"О ыймандуулар! Баарыңар Аллахка тообо кылгыла, ажеп эмес жеңишке (бейишке) жетсеңер!" (Нур, 31-аят). Христиандар жөнүндө минтип айткан:

﴿أَفَلَا يَتُوبُونَ إِلَى اللَّهِ وَيَسْتَغْفِرُونَهُ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ74﴾

"Аллахка тообо кылып, (жалгыз Өзүнө сыйынып) Андан күнөөлөрүн кечирүүнү сурашпайбы?! (Эгер ошентчү болсо) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу". (Маида, 74-аят). Аллах Таала мындай деген:

﴿وَالَّذِينَ لَا يَدْعُونَ مَعَ اللَّهِ إِلَهًا آخَرَ وَلَا يَقْتُلُونَ النَّفْسَ الَّتِي حَرَّمَ اللَّهُ إِلَّا بِالْحَقِّ وَلَا يَزْنُونَ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَلِكَ يَلْقَ أَثَامًا68 يُضَاعَفْ لَهُ الْعَذَابُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَيَخْلُدْ فِيهِ مُهَانًا69 إِلَّا مَنْ تَابَ وَآمَنَ وَعَمِلَ عَمَلًا صَالِحًا فَأُولَئِكَ يُبَدِّلُ اللَّهُ سَيِّئَاتِهِمْ حَسَنَاتٍ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا70﴾

"Алар Аллахтан башка «кудайларга» дуба кылышпайт, Аллах өлтүрүүгө тыюу салган жанды укуксуз (шарияттын талаптарысыз) өлтүрүшпөйт. Акысы (өчү) бар болгондо гана (өлтүрүүсү адал болот). Алар зына-бузукулукка барышпайт. Кимде-ким ушуларды жасаса (айрыкча Аллахтан башкага дуба (ширк) кылса) жазага жолугат".

"Ага кыямат күнү (тозокто жогорудагы күнөөлөрдүн баарын же ширк күнөөсүн кылган кишиге) азаптар кайра-кайра кайталанып берилет жана кордолгон абалда ал жерде түбөлүк калат".

"Ал эми, тообо кылып, ыйман келтирип, жакшы (сооп) амал кылган адамдар болсо..., Аллах алардын жаман иштерин жакшыга алмаштырат. Аллах-Кечиримдүү, Ырайымдуу". (Фуркан, 68-70-аяттар). Аллах Таала мындай деген:

﴿وَهُوَ الَّذِي يَقْبَلُ التَّوْبَةَ عَنْ عِبَادِهِ وَيَعْفُو عَنِ السَّيِّئَاتِ وَيَعْلَمُ مَا تَفْعَلُونَ25﴾

"Аллах Өз пенделеринен тообону кабыл алат жана күнөөлөрдү өчүрөт. Жана Ал силердин эмне жасап жатканыңарды билип турат".

(Шура, 25-аят).

Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«الإِسْلَامُ يَهْدِمُ مَا كَانَ قَبْلَهُ، وَالتَّوْبَةُ تَجُبُّ مَا كَانَ قَبْلَهَا».

«Ислам өзүнөн мурунку күнөөлөрдү жок кылат, ал эми тообо өзүнөн мурунку күнөөлөрдү жууйт».

Бул кыска сөздөрдү – ширктин коркунучунун оордугу, анын эң чоң күнөө экендиги, бул жазуучу аялдын жазгандарына алданып калуудан коркуу жана Аллахка, Анын пенделерине насаат кылуунун важиб экендиги себептүү жазды. Аллахтан аны пайдалуу кылуусун, биздин жана жалпы мусулмандардын абалын оңдоосун, баарыбызга динди терең түшүнүүнү жана анда бекем болууну ыроо кылуусун, бизди жана мусулмандарды нафсибиздин жамандыгынан жана амалдарыбыздын жамандыгынан сактоосун сурайм. Ал анын Ээси жана ага Кудуреттүү.

Аллахтын кулу жана элчиси, пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты жана берекеси болсун.

 

 

***

 


بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ

Үчүнчү китепче:

Жиндерден жана шайтандардан жардам суроонун жана аларга назир кылуунун өкүмү

Абдулазиз бин Абдуллах бин Баздан, аны көргөн мусулмандарга. Аллах мени да, аларды да Өзүнүн динин бекем карманууга жана анда бекем болууга ийгилик берсин. Амин.

Сиздерге Аллахтын саламаттыгы, ырайымы жана берекеси болсун

Андан кийин айтарым: Кээ бир туугандарыбыз менден кээ бир наадандардын Аллахтан башкага дуба кылып, маанилүү иштерде алардан жардам сураганы жөнүндө сурашты: мисалы, жиндерге дуба кылуу, алардан жардам суроо, аларга назр кылуу жана аларга курмандык чалуу ж.б. Ошондой эле кээ бирлеринин: «Эй, жетөө!» т.а. жиндердин жети башчысына кайрылып: «Аны кармагыла, сөөктөрүн сындыргыла, канын ичкиле, аны азаптагыла. Эй, жетөө, ага мындай кылгыла»,- деп айтуусу тууралуу. Же кээ бирөөлөрдүн: «Эй, түшкү жиндер, эй, дигердеги жиндер, муну алгыла!» – деген сөзү (бул кээ бир түштүк аймактарда көп кездешет). Бул ишке дагы төмөнкүлөр кирет: өтүп кеткен пайгамбарлар, салих адамдар жана периштелерге дуба кылуу жана алардан жардам суроо. Мына ушул жана ушуга окшогон нерселер өзүн мусулманмын деген көптөгөн адамдарда алардын билбестигинен жана мурункуларды сокур туурагандыгынан улам кездешет. Атүгүл айрымдары буга жеңил карап: «Бул жөн гана тил учу менен айтылган сөз, биз аны максат кылбайбыз жана ага ишенбейбиз», – деп өздөрүн акташат.

Ошондой эле менден: ушундай иштер менен таанымал болгон адамдарга үйлөнүүнүн, алардын сойгон малынын этин жештин, аларга жаназа окуунун жана аларга уюп намаз окуунун өкүмү жөнүндө, андан тышкары, көз боёчулар менен төлгөчүлөрдүн айтканын тастыктоо жөнүндө сурашты; мисалы, оорулуу адамдын денесине тийген селде, шым, жоолук жана ушул сыяктуу нерселерге карап туруп эле, ооруну жана анын себептерин билем деп доомат кылгандар сыяктуу.

Жооп: Бардык алкыш-мактоолор жалгыз Аллахка айтылсын. Андан кийин пайгамбар келбей турган акыркы пайгамбарга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана кыяматка чейин алар аркылуу туура жолду тапкандарга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.

Андан кийин: Аллах Таала инсандарды жана жиндерди жалгыз Өзүнө ибадат кылуулары, жана дуба, куткаруусун суроо, курмандык чалуу, назри жана башка ибадаттарды Ага гана арноолору үчүн жараткан. Ал ушуну менен элчилерди жиберип, аларга буйруган жана ушул нерсени баяндоо, ага чакыруу, адамдарды Аллахка шерик кошуудан жана Андан башкага ибадат кылуудан эскертүү үчүн китептерди түшүргөн, алардын эң улуусу – Ыйык Куран. Бул – негиздердин негизи жана диндин пайдубалы. Бул «Лаа илааха иллаллах» келимесинин мааниси, анын чыныгы маңызы: «Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок». Ал Аллахтан башка бардык жаратылган макулуктардан улухияттыкты жана ибадатты четке кагып, аны – ибадатты – жалгыз Аллахтын Өзүнө гана бекемдейт. Буга Аллахтын Китебинен жана Анын Элчисинин сүннөтүнөн далилдер өтө көп. Алардын бири – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:

﴿وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنْسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ56﴾

"Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым". (Зарият, 56-аят). Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:

﴿وَقَضَى رَبُّكَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ...﴾

«Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбайсың...» (Исра, 23-аят). Алла Таала дагы минтип айткан:

﴿وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ حُنَفَاءَ...﴾

"Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жеке кудайга сыйынуудан) башка динден жүз бурууга буйрулган..." (Баййина, 5-аят). Алла Таала дагы айткан:

﴿وَقَالَ رَبُّكُمُ ادْعُونِي أَسْتَجِبْ لَكُمْ إِنَّ الَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِي سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ60﴾

"Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет". (Гафир, 60-аят). Аллах Таала дагы мындай деген:

﴿وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌ أُجِيبُ دَعْوَةَ الدَّاعِ إِذَا دَعَانِ...﴾

"(О Мухаммад) эгер пенделерим сенден Мени сурашса (айткын): Мен (аларга) жакынмын. Мага дуба кылышса дуба кылуучунун дубасына жооп беремин...". (Бакара, 186-аят).

Аллах Таала бул аяттарда инсан менен жинди Өзүнө ибадат кылуу үчүн жаратканын, жана Куранда жана Элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тили аркылуу пенделерине Өздөрүнүн Раббисине гана ибадат кылууну буйруп, осуят кылганын баяндады.

Аллах Таала дубанын улуу ибадат экенин, андан текеберленген адам тозокко кирерин ачыктады. Ал пенделерин жалгыз Өзүнө дуба кылууга буйруп, Өзүнүн жакын экенин жана алардын дубаларына жооп берерин кабар берди. Ошондуктан, бардык пенделерге дубаны жалгыз Раббисине арноо парз болду. Себеби алар ошол үчүн жаратылган жана ага буйрулган ибадаттын бир түрү. Аллах Таала айткан:

﴿قُلْ إِنَّ صَلَاتِي وَنُسُكِي وَمَحْيَايَ وَمَمَاتِي لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ162 لَا شَرِيكَ لَهُ وَبِذَلِكَ أُمِرْتُ وَأَنَا أَوَّلُ الْمُسْلِمِينَ163﴾

"Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси – Аллах үчүн!"

"Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”.

(Анъам, 162-163-аяттар).

Аллах Таала Өзүнүн пайгамбарына адамдарга анын намазы, курмандыгы, тирүүлүгү жана өлүмү шериги жок, ааламдардын Раббиси болгон Аллахка гана таандык экенин кабар берүүгө буйруду. Ошондуктан, кимде-ким Аллахтан башкага курмандык чалса, анда ал Аллахтан башкага намаз окуган сыяктуу эле Аллахка шерик кошкон болот. Анткени Аллах Таала намаз менен курмандыкты жанаша кылып, ал экөө шериги жок, жалгыз Аллахка гана таандык экенин кабар берди. Кимде-ким жиндерге, периштелерге, өлүктөргө жана башкаларга жакындоо үчүн мал сойсо, анда ал Аллахтан башкага намаз окуган сыяктуу болот. Ишенимдүү хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«لَعَنَ اللهُ مَنْ ذَبَحَ لِغَيْرِ اللهِ».

«Ким Аллахтан башкага арнап мал сойсо, анда ага Аллахтын каргышы болсун». Имам Ахмад жакшы чынжыр тизмек менен Таарик ибн Шихабдын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисин риваят кылат, анда пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«مرَّ رَجُلَانِ عَلَى قَومٍ لَهُم صَنَمٌ لَا يَجُوزُهُ أَحَدٌ حَتَّى يُقرِّبَ لَهُ شَيئًا، فَقَالُوا لِأَحَدِهِمَا: قَرِّبْ. قَالَ: لَيسَ عِندِي شَيءٌ أَقَرِّبُهُ، قَالُوا: قَرِّبْ وَلَوْ ذَبَابًا، فَقَرَّبَ ذُبَابًا، فَخَلُّوا سَبِيلَهُ، فَدَخَلَ النَّارَ، وَقَالُوا لِلآخَرِ: قَرِّبْ. قَالَ: مَا كُنْتُ لِأُقَرِّبَ لِأَحَدٍ شَيْئًا دُونَ اللهِ جَلَّ جَلَالُهُ، فَضَرَبُوا عُنُقَه، فَدَخَلَ الجَنَّةَ».

«Таш буркандары бар элдин жанынан эки киши өтүп калды. Ал буркандарга бир нерсени курмандык кылмайынча, анын жанынан эч ким өтчү эмес. Андагылар тиги экөөнүн бирине: «Курмандык чал!» - дешти. Ал: «Менин курмандыкка чала турган эч нерсем жок», - деди. Алар: «Бир чымынды болсо да курмандыкка чал», - дешти. Ал бир чымынды курмандыкка чалды. Алар аны коё беришти. Кийин ал тозокко кирди. Анан экинчисине: «Курмандык чал!» - дешти. Ал: «Мен Аллах Тааладан башка эч кимге эч нерсени курмандык кылбайм», - деди. Алар анын мойнун кыя чабышты. Ал бейишке кирди».

Эгерде айкел-бутка жана ушул сыяктуу нерселерге чымын менен жакындоону көздөгөн адам мушрик болуп, тозокко кирүүгө татыктуу болсо, анда жиндерге, периштелерге жана олуяларга дуба кылгандардын, алардан жардам сурагандардын, аларга назр кылгандардын, мал-мүлкүнүн сакталышын, оорулуусунун айыгышын, же үй жаныбарлары менен эгиндеринин амандыгын үмүт кылып, аларга курмандык чалуу менен жакындоону көздөгөндөрдүн, же болбосо жиндердин жамандыгынан жана ушул сыяктуу нерселерден коркуп ушундай иштерди кылгандардын абалы кандай болот?! Шек-күмөнсүз, ушул жана ушуга окшогон иштерди кылган адам, айкел-бутка чымынды курмандык кылган тигил кишиге караганда мушрик болууга жана тозокко кирүүгө көбүрөөк татыктуу.

Ошондой эле Аллах Таала бул тууралуу мындай деген:

﴿إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ فَٱعۡبُدِ ٱللَّهَ مُخۡلِصٗا لَّهُ ٱلدِّينَ2 أَلَا لِلَّهِ ٱلدِّينُ ٱلۡخَالِصُۚ وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ3﴾

"(О Мухаммад!) Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми жалгыз Аллахка гана чын ыкластан ибадат кыл!"

"Көңүл бургула! Калыс Дин Аллах үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!" (Зумар, 1-3-аяттар). Аллах Таала мындай деген:

﴿وَيَعْبُدُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُمْ وَلَا يَنْفَعُهُمْ وَيَقُولُونَ هَؤُلَاءِ شُفَعَاؤُنَا عِنْدَ اللَّهِ قُلْ أَتُنَبِّئُونَ اللَّهَ بِمَا لَا يَعْلَمُ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَى عَمَّا يُشْرِكُونَ18﴾

"(Мушриктер) Аллахтан башка, пайда да, зыян да жеткире албай турган нерселерге ибадат кылып: “Ушулар Аллахтын алдындагы биздин колдоочуларыбыз” - дешти. Айткын: «Силер Аллахка асмандар жана жердеги билбеген “шериктерин” билгизип коймок болдуңарбы?!» Ал (мушриктер ойлогондой болуудан) Таза жана алардын ширктеринен Бийик!"

(Юнус, 18-аят).

Аллах Таала ушул эки аятта мушриктердин Андан башка жаратылгандардан олуяларды тутунуп, ал олуялар өздөрүнө сыйынгандарды Аллахка жакындатат жана Анын алдында шапаат кылат деп ойлоп, алардан коркуп, үмүт кылып ибадат кылышканын, курмандык чалуу, назр кылуу, дуба кылуу сыяктуу ибадаттар менен Ага кошуп сыйынышканын кабар берди. Андан соң Аллах Таала алардын жалганчы экенин баяндап, алардын кылганы жалган экенин ачыктады. Жана аларды жалганчылар, каапырлар жана мушриктер деп атады. Жана Өзүн алардын ширкинен аруулады. Улук жана Бийик Аллах минтип айткан:

﴿...سُبْحَانَهُ وَتَعَالَى عَمَّا يُشْرِكُونَ﴾

"Ал мушриктердин ширк амалдарынан (жана пикирлеринен) Таза жана Бийик!" (Нахл, 1-аят). Ушундан улам, кимде-ким периштени, пайгамбарды, жинди, бак-даракты же ташты Аллахтын алдында шапаат кылат же Ага жакындатат деп, же болбосо оорулууга шыпаа, мал-мүлкүнө сактоо, сапардагынын амандыгын жана ушул сыяктуу нерселерди үмүт кылып, аларга Аллах менен кошо дуба кылса, алардан жардам сураса, назир айтып жана курмандык чалуу менен аларга жакындаса, анда ал улуу ширкке жана оор балээге кабылган болот. Аллах ал жөнүндө мындай деген:

﴿إِنَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدِ افْتَرَى إِثْمًا عَظِيمًا48﴾

"Албетте, Аллах Өзүнө бир нерсени шерик кылышканын кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендесинен кечирет. Ким Аллахка ширк келтирген болсо, ал өтө чоң күнөө ойлоп тааптыр!" (Ниса, 48-аят). Аллах Таала мындай деген:

﴿...إِنَّهُ مَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ حَرَّمَ اللَّهُ عَلَيْهِ الْجَنَّةَ وَمَأْوَاهُ النَّارُ وَمَا لِلظَّالِمِينَ مِنْ أَنْصَارٍ﴾

"Кимде-ким Аллахка шерик кылчу болсо, Аллах аны бейишке киргизбейт жана анын жайы тозок болот. Өзүнө залым кылуучуларга жардамчы болбойт!" (Маида, 72-аят).

Шапаат Кыямат күнү ширк ээлерине эмес, Таухид жана ыклас ээлерине гана болот. Пайгамбардан «О Аллахтын элчиси! Сенин шапаатың менен бактылуу боло турган адам ким?» - деп сурашканда, ал мындай деп айткан:

«مَنْ قَالَ: لَا إِلَهَ إِلَّا اللهُ خَالِصًا مِنْ قَلْبِهِ».

«Ким: "Лаа илааха иллаллоох" деп чын ыклас менен жүрөгүнөн айтса». (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы мындай деген:

«لِكُلِّ نَبِيٍّ دَعْوَةٌ مُسْتَجَابَةٌ، فَتَعَجَّلَ كُلُّ نَبِيٍ دَعْوَتَهُ، وَإِنِّي اخْتَـبَأْتُ دَعْوَتِي شَفَاعَةً لِأُمَّتِي يَومَ القِيَامَةِ، فَهِيَ نَائِلَةٌ إِنْ شَاءَ اللهِ مَن مَاتَ مِنْ أُمَّتِي لَا يُشْرِكُ بِاللهِ شَيْئًا».

«Ар бир пайгамбардын кабыл болуучу бир дубасы болот. Ар бир пайгамбар ал дубасын кылууга шашылган. Мен болсо ал дубамды Кыямат күнү үммөтүмө шапаат кылуу үчүн сактап койдум. Аллах кааласа, ал (шапаатым) үммөтүмдөн Аллахка эч нерсени шерик кылбастан дүйнөдөн өткөн адамга жетет».

Жогорудагы аяттарда айтылгандай, мурдагы мушриктер Аллах алардын Раббиси, Жаратуучусу жана Ырыскы берүүчүсү экенине ишенишкен, бирок алар Аллахтын алдында шапаат кылат жана Ага жакындатат деген үмүт менен пайгамбарларга, олуяларга, периштелерге, дарактарга, таштарга жана ушул сыяктууларга сыйынышкан. Аллах алардын бул шылтоосун кабыл кылган жок, тескерисинче, аларды Өзүнүн улуу китебинде айыптап, каапырлар жана мушриктер деп атаган. Жана алардын «бул кудайлар бизге шапаат кылып, Аллахка жакындатат» деген ойлорун жалганга чыгарган. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) да алардын шылтоосун кабыл кылган жок, тескерисинче, алар ибадатты жалгыз Аллахка гана арнамайынча, алар менен ушул ширктин айынан согушту. Аллах Тааланын бул төмөнкүө амал кылып:

﴿وَقَاتِلُوهُمْ حَتَّى لَا تَكُونَ فِتْنَةٌ وَيَكُونَ الدِّينُ لِلَّهِ...﴾

"Качан (жер бетинен) фитна (ширк, исламга тоскоолдук) жок болмоюнча жана дин Аллах үчүн болмоюнча согуша бергиле..." (Бакара, 193-аят). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«أُمِرْتُ أَنْ أُقَاتِلَ النَّاسَ حَتَّى يَشْهَدُوا أَنْ لَا إِلهَ إِلَّا اللهُ وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللهِ، وَيُقِيمُوا الصَّلَاةَ، وَيُؤتُوا الزَّكَاةَ، فَإِذَا فَعَلُوا ذَلِكَ عَصَمُوا مِنِّي دِمَاءَهُم وَأَمْوَالَهُمْ إِلَّا بِحَقِّ الإِسْلَامِ، وَحِسَابُهُم عَلَى اللهِ».

"Мен адамдар Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок экенине, Мухаммад Аллахтын элчиси экенине күбөлүк бермейинче, намаз окумайынча, зекет бермейинче алар менен согуша берүүгө буйрулдум. Эгер ушуларды аткарышса, анда менден канын жана малын сактап калышат. Бирок Исламдын акысына тиешелүү иштерде андай эмес, анда алардын эсеби Аллахтын колунда". Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүнүн мааниси:

«حَتَّى يَشْهَدُوا أَن لَا إِلهَ إِلَّا اللهُ».

«Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок деп күбөлүк беришмейинче» Тактап айтканда, Аллахты ибадатта өзгөчөлөшкөнчө.

Чынында, мушриктер жиндерден коркуп, алардан коргоо сурашчу, ошондо Бийик Аллах ал туурасында мындай деп аят түшүргөн:

﴿وَأَنَّهُ كَانَ رِجَالٌ مِنَ الْإِنْسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٍ مِنَ الْجِنِّ فَزَادُوهُمْ رَهَقًا6﴾

"Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат". (Жин, 6-аят). Тафсир аалымдары улук аят жөнүндө мындай дешкен: Аллах Тааланын сөзүнүн мааниси:

﴿...فَزَادُوهُمْ رَهَقًا﴾

Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат. Башкача айтканда: үрөй жана коркунуч. Анткени жиндер адамдардын алардан коргоо сураганын көргөндө, бой көтөрүп, текеберленишет. Ошондо адамдар аларга көбүрөөк ибадат кылып, баш калка суроолору үчүн аларды ого бетер коркутуп, үрөйүн учурушат.

Анын ордуна Аллах мусулмандарга Өзүнөн (Аллах Тааладан) жана Анын толук сөздөрү менен коргоо тилөөнү берди да, бул тууралуу Өзүнүн сөзүн түшүрүп, мындай деген:

﴿وَإِمَّا يَنْزَغَنَّكَ مِنَ الشَّيْطَانِ نَزْغٌ فَاسْتَعِذْ بِاللَّهِ إِنَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ200﴾

"Качан сени шайтандын азгырыгы жолдон чыгара баштаса, Аллахтан коргоо сура! Чынында Ал Угуучу, Билүүчү!" (Аараф, 200-аят). Аллах Таала дагы айткан:

﴿قُلْ أَعُوذُ بِرَبِّ الْفَلَقِ1﴾

"Айт (о Мухаммад): «Таң Раббисинен коргоо тилеймин". Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү хадисте мындай деген:

«مَنْ نَزَلَ مَنْزِلًا فَقَالَ: (أَعُوذُ بِكَلِمَاتِ اللهِ التَّامَّاتِ مِنْ شَرِّ مَا خَلَقَ)؛ لَم يَضُرَّهُ شَيءٌ حَتَّى يَرْتَحِلَ مِنْ مَنْزِلِهِ ذَلِكَ».

"Кимде-ким кайсыл бир жерге келсе: "Аъузу би калима тиллаахит-тааммаати миң шарри маа холак" деп айтса, анда ал кайра жолун улап кеткенге чейин ага эч нерсе зыян бербейт".

Жогорудагы аят-хадистерден кутулууну издеген, динин сактоону каалаган жана ширктин чоңунан да, кичинесинен да аман болууга умтулган адам маркумдарга, периштелерге, жиндерге жана башка макулуктарга таянуу, аларга дуба кылуу, алардан коргоо тилөө сыяктуу иштер жахилият доорундагы мушриктердин амалынан жана Аллах Таалага карата жасалган ширктин эң жаман түрүнөн экендигин билет. Ошондуктан, бул ишти таштоо, андан сактануу, аны таштоого бири-бирин чакыруу жана аны кылган адамдын ишин четке кагуу – важыб.

Ал эми адамдардын арасынан ушундай ширк амалдары менен таанылган адамга, ал ошол иштеринен Аллахка тообо кылганын ачык жарыялап, дуба менен ибадатты жалгыз Аллах үчүн гана арнамайынча, үйлөнүүгө да, ал сойгон малдын этин жегенге да, ага жаназа намазын окууга да, анын артында туруп намаз окууга да болбойт. Дуба – бул ибадат, тескерисинче, анын маңызы. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«الدُّعَاءُ هُوَ العِبَادَةُ».

«Дуба – бул ибадат» Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы башка риваятта мындай деген:

«الدُّعَاءُ مُخُّ العِبَادَةِ».

«Дуба – ибадаттын өзөгү». Мушриктер менен никелешүүгө келсек, бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَلَا تَنْكِحُوا الْمُشْرِكَاتِ حَتَّى يُؤْمِنَّ وَلَأَمَةٌ مُؤْمِنَةٌ خَيْرٌ مِنْ مُشْرِكَةٍ وَلَوْ أَعْجَبَتْكُمْ وَلَا تُنْكِحُوا الْمُشْرِكِينَ حَتَّى يُؤْمِنُوا وَلَعَبْدٌ مُؤْمِنٌ خَيْرٌ مِنْ مُشْرِكٍ وَلَوْ أَعْجَبَكُمْ أُولَئِكَ يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ وَاللَّهُ يَدْعُو إِلَى الْجَنَّةِ وَالْمَغْفِرَةِ بِإِذْنِهِ وَيُبَيِّنُ آيَاتِهِ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ221﴾

"Силер мушрик аялдарга алар ыйман келтирмейинче үйлөнбөгүлө. (Анткени,) күң (болсо да) ыймандуу аял мушрик (сулуу, азат жана бай) аялдан артык! Эгер ал (мушрик аял) силердин купулуңарга толуп турса да. Ошондой эле, (өзүңөргө караштуу кыз-жубандарды) мушрик эркектерге – алар ыйманга келмейинче – никелеп бербегиле. (Анткени,) кул болсо да ыймандуу эркек мушрик эркектен, артык! Эгер ал (мушрик) силерге жагып турса да. (Себеби) Алар (мушриктер сөзү, пейили жана абал-көрүнүшү менен силерди) тозокко чакырышат. Аллах болсо, Өз каалоосу менен бейишке жана кечирим берүүгө чакырат. Жана аяттарын адамдарга (ушинтип) баяндайт. Кана эле, алар Аллахты эстешсе!" (Бакара, 221-аят). Ошентип, Аллах Таала мусулмандарга айкелдерге, жиндерге, периштелерге жана башка нерселерге сыйынган мушрик аялдарга, алар ибадатты жалгыз Аллахка ыклас менен кылып, Пайгамбарды, ал алып келген нерселерде тастыктап жана анын жолун ээрчип ыйман келтирмейинче, үйлөнүүгө тыюу салды. Ошондой эле мусулман аялдарды мушрик эркектерге, алар ибадатты жалгыз Аллахка ыклас менен кылып, Пайгамбарды тастыктап жана аны ээрчип ыйман келтирмейинче, турмушка берүүгө тыюу салды.

Аллах Таала ыймандуу күңдүн – аны карагандарга сулуулугу жана сөзүнүн көркөмдүгү менен канчалык жакса да – эркин мушрик аялдан жакшыраак экенин, ошондой эле ыймандуу кулдун – аны угуп, карагандарга сулуулугу, чечендиги, эр жүрөктүүлүгү жана башка сапаттары менен канчалык жакса да – эркин мушрик эркектен жакшыраак экенин кабар берди. Андан соң бул артыкчылыктын себептерин Өзүнүн сөзү менен мындайча түшүндүргөн:

﴿...أُولَئِكَ يَدْعُونَ إِلَى النَّارِ...﴾

"...Алар тозокко чакырышат..." (Бакара, 221-аят). Муну менен мушрик эркектер жана мушрик аялдар сөздөрү, амалдары, жашоо жолдору жана кулк-мүнөздөрү менен тозокко чакыруучулар экени маалым болду. Ал эми ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар, кулк-мүнөздөрү, амалдары жана жашоо жолдору менен Бейишке чакыруучулар. Демек, тигилер менен булар кантип тең болсун?

Ал эми мушриктерге жаназа окууга келсек, Аллах Таала эки жүздүүлөр тууралуу мындай деген:

﴿وَلَا تُصَلِّ عَلَى أَحَدٍ مِنْهُمْ مَاتَ أَبَدًا وَلَا تَقُمْ عَلَى قَبْرِهِ إِنَّهُمْ كَفَرُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَمَاتُوا وَهُمْ فَاسِقُونَ84﴾

"Эгер алардан бирөөсү өлсө, ага эч качан жаназа түшүрбө жана мүрзөсүнүн үстүндө (дуба кылып) турба! (Себеби) алар Аллах жана пайгамбарына каапыр болушуп, бузуку бойдон өлүштү!" (Тообо, 84-аят). Аллах Таала бул улуу аятта Аллахка жана Анын элчисине каапыр болгондугу себептүү эки жүздүүгө жана каапырга жаназа окулбай турганын ачык-айкын баяндады. Ошондой эле алардын каапырлыгы, ишенимсиздиги жана алар менен мусулмандардын ортосундагы чоң душмандыктан улам алардын артынан намаз окулбайт жана алар мусулмандарга имам кылынбайт. Анткени алар намаз жана ибадат ээлеринен эмес, себеби каапырлык жана ширк менен бирге эч бир амал калбайт. Аллахтан мындан сактоосун сурайбыз. Ал эми мушриктердин сойгон малын жегенге келсек, Улуу Аллах Таала өлүмтүктүн жана мушриктер сойгон малдын арам экенин баяндап, мындай деген:

﴿وَلَا تَأْكُلُوا مِمَّا لَمْ يُذْكَرِ اسْمُ اللَّهِ عَلَيْهِ وَإِنَّهُ لَفِسْقٌ وَإِنَّ الشَّيَاطِينَ لَيُوحُونَ إِلَى أَوْلِيَائِهِمْ لِيُجَادِلُوكُمْ وَإِنْ أَطَعْتُمُوهُمْ إِنَّكُمْ لَمُشْرِكُونَ121﴾

"Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле! (Анткени,) Ал – анык бузукулук! Албетте, шайтандар өздөрүнүн досторуна (мушриктерге) силер менен талашып-тартышууну илхам кылышат. Эгер аларга моюн сунсаңар, силер дагы мушриксиңер!" (Анъам, 121-аят). Ошентип, Аллах Таала мусулмандарга өлүмтүктү жана мушриктин мууздаган малын жегенге тыюу салды; анткени ал ыплас болгондуктан, анын мууздаган малы, ага Аллахтын аты аталса дагы, өлүмтүктүн өкүмүндө болот. Себеби мушрик адам (Аллахтын атын) атаганы жараксыз жана эч кандай таасири жок, анткени бул – ибадат, ал эми ширк болсо ибадатты жокко чыгарып, жараксыз кылат, мушрик адам Аллах Таалага тообо кылгандан кийин гана мусулман деп эсептелет. Аллах Таала китеп ээлеринин тамагын жегенге уруксат берип, минтип айткан:

﴿...وَطَعَامُ الَّذِينَ أُوتُوا الْكِتَابَ حِلٌّ لَكُمْ وَطَعَامُكُمْ حِلٌّ لَهُمْ...﴾

"...жана китеп берилген элдердин тамагы силер үчүн, силердин тамагыңар алар үчүн адал кылынды...". (Маида, 5-аят). Анткени алар өздөрүн асмандан түшкөн динге таандык кылышат, Муса жана Иса пайгамбарды ээрчийбиз дешет. Бирок алар жалганчы. Аллах Таала Мухаммад пайгамбарды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бүткүл адамзатка пайгамбар кылып жиберүү менен алардын динин жокко чыгарып, жараксыз кылган. Бирок, Аллах Таала бизге китеп ээлеринин тамагын жешти жана аялдарына үйлөнүүнү адал кылды. Мунун илим ээлери тактап, түшүндүрүп берген терең даанышмандыгы жана сырлары бар. Ал эми буттарга жана өлгөндөргө (пайгамбарларга, олуяларга ж.б.) сыйынган мушриктер булардан айырмаланат. Анткени алардын дининин эч кандай негизи жок, чындыкка окшоштук да жок. Тескерисинче, түп-тамырынан бери жалган. Ошондуктан, алардын сойгон малы өлүмтүк болуп, аны жегенге уруксат берилбейт.

Ал эми бир адам сүйлөшүп жаткан экинчи адамга: "Сени жин чалды", "Сени жин алып кетти", "Сени шайтан алып учту" жана ушул сыяктуу сөздөрдү айтуусу – бул акаарат айтуу жана сөгүнүү болуп, сөгүнүп-тилдөөнүн башка түрлөрү сыяктуу эле минтип айтуу мусулмандардын арасында туура эмес. Минтип айтуу ширк болуп эсептелбейт. Бирок аны айткан адам жиндер адамдарга Аллахтын уруксатысыз жана каалоосусуз таасир этет деген ишенимде айтса, анда ширк болот. Ким жиндерге же башка жаратылгандарга карата ушундай ишенимде болсо, анда ал бул ишеними менен каапыр болот. Анткени Аллах бардык нерсенин Падышасы, бардык нерсеге Кудуреттүү, пайда жана зыян берүүчү. Бардык нерсе Анын уруксаты, каалоосу жана алдын-ала жазган тагдыры менен гана болот. Аллах Таала пайгамбарына адамдарга бул улуу негизди кабарлоону буйруп, минтип айткан:

﴿قُلْ لَا أَمْلِكُ لِنَفْسِي نَفْعًا وَلَا ضَرًّا إِلَّا مَا شَاءَ اللَّهُ وَلَوْ كُنْتُ أَعْلَمُ الْغَيْبَ لَاسْتَكْثَرْتُ مِنَ الْخَيْرِ وَمَا مَسَّنِيَ السُّوءُ إِنْ أَنَا إِلَّا نَذِيرٌ وَبَشِيرٌ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ188﴾

"Айткын: “Мен өзүмө Аллах каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын. Эгер кайыпты билгенимде, (өзүмө) жакшылыктарды көбөйтүп алмакмын жана мага эч кандай жамандык болмок эмес. Мен болгону, ыймандуу адамдарды (азап) менен эскертүүчү жана (сооп-сыйлык) менен сүйүнтүүчү пайгамбармын". (Аараф, 188-аят). Эгерде калайыктын төрөсү жана эң абзели (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзүнө, Аллах каалагандан башка, пайда да, зыян да жеткире албаса, анда башка жаратылгандардын абалы кандай болот?! Бул маанидеги аяттар өтө көп.

Ал эми төлгөчүлөр, көз боёчулар, жылдыз кароочулар жана ушул сыяктуу кайып кабарларды айтуучулардан бир нерсени суроо - бул тыюу салынган арам иш. Аларга ишенүү андан да жаманыраак жана чоң күнөө, атүгүл каапырлыктын бир бутагы болуп саналат. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«مَنْ أَتَى عَرَّافًا فَسَأَلَهُ عَنْ شَيءٍ؛ لَمْ تُقْبَلْ لَهُ صَلَاةٌ أَرْبَعِينَ يَومًا».

"Ким төлгөчүгө барып андан бир нерсе тууралуу сураса, кырк күнгө чейин анын намазы кабыл болбойт". Имам Муслим өзүнүн "Сахих Муслим" китебинде риваят кылган. Жана дагы "Сахих" китебинде Муавия бин аль-Хакам Ассуламийден (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат:

«أَنَّ النَّبيَّ ﷺ نَهَى عَنْ إِتْيَانِ الكُهَّانِ وَسُؤَالِهِم».

"Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) көзү ачыктарга баруудан жана алардан суроодон тыйган".

"Сунан" китептеринде Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканы бар:

«مَنْ أَتَى كَاهِنًا، فَصَدَّقَهُ بِمَا يَقُولُ؛ فَقَدْ كَفَرَ بِمَا أُنْزِلَ عَلَى مُحَمَّدٍ ﷺ».

"Кимде-ким көзү ачыкка барып, анын айткандарына ишенсе, анда Мухаммадка (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүрүлгөн нерсеге каапырлык кылган болот". Бул маанидеги хадистер өтө көп. Мусулмандарга кайыптан кабар берүү жана мусулмандарды алдоо менен алектенген көзү ачыктардан, төлгөчүлөрдөн жана башка көз боёчулардан (мейли ал медицинанын атынан болсун же башка нерсенин атынан болсун) бир нерсени суроодон сактануу важыб. Анткени Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындан тыйып, эскерткен. Буга кээ бир адамдардын табыпчылыктын атын жамынып кылган кайып иштери да кирет. Алар оорулуу эркектин селдесин, же оорулуу аялдын жоолугун, же ушул сыяктуу нерселерди жыттап көрүп: «Бул оорулуу тигиндей кылган, мындай кылган» деп, оорулуунун селдесинен жана башка нерселеринен билинбей турган кайып иштерди айтышат. Мунун максаты – карапайым элди алдап, алар: «Бул табыпчылыкты, оорунун түрлөрүн жана себептерин жакшы билет экен» деп айтуулары үчүн гана жасалат. Кээде аларга кандайдыр бир дары-дармектерди бериши мүмкүн, анан кээде Аллахтын тагдыры менен оорулуу айыгып кетет да, алар муну ошол табыптын дарысынын себебинен болду деп ойлоп калышат. Кээде оорунун себеби – өзүн дарыгер деп эсептеген адамга кызмат кылган жиндер жана шайтандар болушу мүмкүн. Жин-шайтандар ага өздөрү билген кайып нерселер жөнүндө кабар беришет. Ал ошого таянып, жиндер менен шайтандарды аларга ылайыктуу сыйынуулар аркылуу ыраазы кылганда, алар оорулуу адамдан алыстап, ага келтирген зыянын токтотушат. Бул нерсе жиндер, шайтандар жана аларды колдонгондор арасында белгилүү.

Ошондой эле мусулмандарга андан сактануу, аны таштоону бири-бирине насаат кылуу, Аллах Таалага таянуу жана бардык иштерде Ага тобокел кылуу важыб. Ал эми шариятка ылайык дем салдыруунун, уруксат берилген дары-дармектерди колдонуунун жана оорулууну сезилүүчү жана акылга сыярлык жолдор менен текшерип, оорусун аныктаган дарыгерлерге кайрылып дарылануунун эч зыяны жок. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«مَا أَنْزَلَ اللهُ دَاءً إِلَّا أَنْزَلَ لَهُ شِفَاءً، عَلِمَهُ مَنْ عَلِمَهُ، وَجَهِلَهُ مَنْ جَهِلَهُ».

"Чындыгында, Аллах кандай оору түшүрсө, анда анын шыпаасын да түшүргөн. Аны билгендер билет, билбегендер билбейт". Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) дагы минтип айткан:

«لِكُلِّ دَاءٍ دَوَاءٌ، فإِذَا أُصِيبَ دَوَاءٌ الدَّاءَ بََرَأَ بِإِذْنِ اللهِ».

«Ар бир оорунун дарысы бар. Эгерде дары ооруга дал келсе, анда Аллахтын уруксаты менен айыгат». Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«عِبَادَ اللهِ، تَدَاوَوا وَلَا تَدَاوَوا بِحَرَامٍ».

«Оо, Аллахтын пенделери, дарылангыла. Бирок арам нерсе менен дарыланбагыла». Бул маанидеги хадистер өтө көп.

Аллах Тааладан жалпы мусулмандардын абалын оңдоосун суранабыз. Жүрөктөрүнө жана денелерине ар кандай жамандыктан шыпаа берсин. Аларды туура жолго бириктирсин. Бизди жана аларды адаштыруучу фитналардан, шайтанга жана анын жактоочуларына баш ийүүдөн сактасын. Албетте, Ал бардык нерсеге Кадыр. Күч-кубат бир гана Улуу жана Бийик Аллахта.

Аллахтын кулу жана элчиси, пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты жана берекеси болсун.

 

 

***

 


بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ

Төртүнчү китепче:

Бидаат жана ширк мүнөзүндөгү зикир-дубалар (авраддар) менен ибадат кылуунун өкүмү

Абдулазиз бин Абдуллах бин Баздан урматтуу бир тууган (.........) мырзага, Аллах аны жакшылыкка багыттасын, Амин.

Сиздерге Аллахтын саламаттыгы, ырайымы жана берекеси болсун.

Андан кийин айтарым: Мага сиздердин катыңыздар жетти. Аллах сиздерди Өзүнүн туура жолуна жеткирсин. Анда сиздердин өлкөдө кээ бир адамдар Аллах эч кандай далил түшүрбөгөн "зикирлерди" кылышары айтылыптыр. Алардын арасында бидаат да, ширк да болгондору бар экен. Алар муну момундардын амири Али ибн Абу Толибге (ага Аллах ыраазы болсун) жана башкаларга таандык кылышат экен. Алар зикир чалуу отуруштарында, мечиттерде шам намазынан кийин, Аллахка жакындоо деп эсептеп, «Аллахтын акысы үчүн, эй, Аллахтын пенделери, Аллахтын жардамы менен бизге жардам бергиле жана Аллах менен бизге жардамчы болгула» деген сыяктуу зикирлерди окушат. Алардын: «Эй, кутбдар, эй, мырзалар! Эй, бизге жардам берүүчүлөр, жооп бергиле! Аллахтын алдында шапаат кылгыла. Мына, бул силердин кулуңар эшигиңерде турат, кемчилигинен коркуп турат. О Аллахтын Элчиси, бизге жардам бер! Силерден башка барар жерим жок, тилегим силерден орундалат. Силер Аллахка жакынсыңар. Шейиттердин мырзасы Хамза аркылуу жана силер аркылуу бизге жардам болсун! О Аллахтын Элчиси, бизге жардам бер» – дегени сыяктуу сөздөрдү айтышат. Алар: «О Аллахым! Өзүңдүн «Жабарут» сырларыңдын ачылуусуна жана «Рахманий» нурларыңдын чачылуусуна себепчи болгон, натыйжада «Раббаний Азиретинин» өкүлү жана «Заттык» сырларыңдын халифасы кылган пендеңе салам-салаваттар болсун».

Силердин эмне бидаат, эмне ширк экендигин билүүгө кызыкканыңар жана ушул дубаны кылган имамдын артында намаз окуу туура болобу деген сурооңор, мунун баары мурда эле маалым беле?

Жооп: Бардык алкыш-мактоолор жалгыз Аллахка айтылсын. Андан кийин пайгамбар келбей турган акыркы пайгамбарга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана кыямат күнүнө чейин анын туура жолун ээрчигендерге Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.

Андан кийин айтарым: Билгин, Аллах сага топук берсин, Аллах Таала бир гана Өзүнө эч нерсени шерик кылбастан ибадат кылынуусу үчүн калайыкты жаратып, элчилерди (аларга Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жиберген. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنْسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ56﴾

"Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым". (Зарият, 56-аят).

Ибадат – жогоруда айтылгандай – бул: Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, амалды Аллах үчүн ыклас менен аткарып, Аллахты өтө жакшы көрүп жана жалгыз Өзүнө гана толук моюн сунуп, Аллах Таала жана Анын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйруган амалдарды аткаруу жана алар тыйган иштерден баш тартуу. Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَقَضَى رَبُّكَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ...﴾

«Раббиң Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбооңду өкүм кылды...». (Исра, 23-аят). Тактап айтканда, жалгыз Өзүнө гана ибадат кылууга буйруду. Аллах Таала дагы мындай деген:

﴿الْحَمْدُ لِلَّهِ رَبِّ الْعَالَمِينَ2 الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ3 مَالِكِ يَوْمِ الدِّينِ4 إِيَّاكَ نَعْبُدُ وَإِيَّاكَ نَسْتَعِينُ5﴾

"Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун!"

"Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү".

"Кыямат Күндүн падышасы".

"Жалгыз Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз!" (Фатиха, 2-5-аяттар). Аллах Таала бул аяттарда Өзү гана ибадатка татыктуу экенин жана жалгыз Өзүнөн гана жардам сураларын баяндады. Аллах Таала дагы минтип айткан:

﴿إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ فَٱعۡبُدِ ٱللَّهَ مُخۡلِصٗا لَّهُ ٱلدِّينَ2 أَلَا لِلَّهِ ٱلدِّينُ ٱلۡخَالِصُۚ...﴾

"(О Мухаммад!) Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми жалгыз Аллахка гана чын ыкластан ибадат кыл!"

"Көңүл бургула! Калыс Дин Аллах үчүн!" (Зумар, 2-3-аяттар). Аллах Таала мындай деген:

﴿فَادْعُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ14﴾

"Эми, силер эгер каапырлар жаман көрсө да, (бардык) дин-ибадатты Аллахка калыс багыттаган абалда гана дуба (ибадат) кылгыла!" (Гаафир, 14-аят). Аллах Таала мындай деген:

﴿وَأَنَّ الْمَسَاجِدَ لِلَّهِ فَلَا تَدْعُوا مَعَ اللَّهِ أَحَدًا18﴾

"(Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла!" (Жин, 18-аят). Бул маанидеги аяттар өтө көп. Алардын баары Аллахты ибадатта жалгыздоонун важыбдыгына далил.

Дубанын бардык түрлөрү ибадат экени белгилүү, ошондуктан ушул улук аяттарга жана ушундай маанидеги башка аяттарга амал кылып, өз Раббисинен башкага дуба кылууга, Андан башкадан жардам жана куткаруу суроого болбойт. Бирок, тирүү жаныңда турган макулуктун колунан келген, катардагы сезилип-туюлуп турган иштерде андан жардам суроо ибадат болуп эсептелбейт. Тескерисинче, шарият далилдери жана аалымдардын бир пикири (ижма) боюнча буга уруксат берилет. Мисалы, баласынын, кызматчысынын, итинин же ушул сыяктуулардын жамандыгын кайтаруу үчүн жардам же сактоо сураса болот. Мисалы, адамдын үйүн курууда, унаасын оңдоодо же ушуга окшогон нерселерде тирүү, жанындагы колунан келген адамдан, же болбосо кат жазышуу сыяктуу көрүнөө себептер аркылуу жанында жок адамдан жардам суроо боло турган иш. Буга дагы мисал: адамдын жихадда, согушта жана ушул сыяктуу абалдарда өз шериктеринен жардам суроосу. Бул темада Аллах Таала Муса пайгамбардын окуясында мындай деген:

﴿...فَاسْتَغَاثَهُ الَّذِي مِنْ شِيعَتِهِ عَلَى الَّذِي مِنْ عَدُوِّهِ...﴾

"...Өз жамаатынан болгон адам душман жамааттан болгон адамга каршы Мусадан жардам сурады эле...".

(Касас, 15-аят).

Ал эми маркумдардан, жиндерден, периштелерден, бак-дарактардан жана таштардан жардам суроо – бул чоң ширкке кирет жана алгачкы мушриктердин Узза, Лат жана башка кудайларына кылган амалдары сыяктуу эсептелет. Ошондой эле, тирүү олуя-эшендер деп эсептелгендерден Аллахтан башка эч кимдин күчү жетпеген нерселерде жардам суроо дагы ширкке кирет; мисалы: оорулууларга шыпаа берүү, жүрөктөргө хидаят берүү, Бейишке киргизүү, Тозоктон куткаруу жана ушул сыяктуу иштерде.

Жогоруда айтылган аяттар жана ага маанилеш болгон башка аяттар менен хадистердин баары бардык иштерде жүрөктөрдү Аллахка буруунун жана ибадатты Аллахтын Өзүнө гана ыклас менен аткаруунун важыбдыгына далил. Анткени пенделер, мурунку аяттарда айтылгандай, дал ушул үчүн жаратылып, ушуга буйрулган. Ошондой эле Аллах Тааланын бул сөзүндө да айтылат:

﴿وَاعْبُدُوا اللَّهَ وَلَا تُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا...﴾

"Аллахка ибадат кылгыла (Анын бардык өкүмдөрүнө моюн сунгула) жана Ага эч нерсени шерик кылбагыла...". (Ниса, 36-аят). Аллах Тааланын төмөнкүдөй аяты да бар:

﴿وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ...﴾

"Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга буйрулду ...". (Баййина, 5-аят). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муаздын (ага Аллах ыраазы болсун) хадисинде минтип айткан:

«حَقُّ اللهِ عَلَى العِبَادِ أَنْ يَعْبُدُوهُ وَلَا يُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا».

"Аллахтын пенделердин мойнундагы акысы - Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуулары!" Бухари жана Муслим риваяты. Ибн Масъуд (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«مَنْ مَاتَ وَهُوَ يَدْعُو لِلَّهِ نِدًّا؛ دَخَلَ النَّارَ».

«Кимде-ким Аллахка башка нерсени шерик кылып өлсө, тозокко кирет». Бухари риваят кылган. Эки ишенимдүү хадистер топтомунда Ибн Аббас (аларга Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Муазды Йеменге жөнөтүп жатып, ага мындай деген:

«إِنَّكَ تَأْتِي قَومًا أَهْلَ كِتَابٍ، فَلْيَكُنْ أَوَّلَ مَا تَدْعُوهُم إِلَيهِ شَهَادَةِ أَنْ لَا إِلهَ إِلَّا اللهُ».

«Сен китеп берилген элдерге баратасың. Биринчи кезекте аларды "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок" күбөлүгүн берүүгө чакыр». Башка риваятта минтип айтылат:

«اُدْعُهُمْ إِلَى شَهَادَةِ أَنْ لَا إِلهَ إِلَّا اللهُ وَأَنِّي رَسُولُ اللهِ».

«Аларды “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок жана мен Аллахтын элчисимин” деп күбөлүк берүүгө чакыр». Бухарийдин риваятында минтип айтылат:

«فَلْيَكُنْ أَوَّلَ مَا تَدْعُوهُم إِلَى أَنْ يُوَحِّدُوا اللهَ».

«Сенин аларга болгон чакырыгыңдын эң биринчиси – Аллахты жалгыздоо болсун». Имам Муслимдин «Сахих» китебинде Таарик бин Ашйам ал-Ашжаъи (ага Аллах ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи уа саллам) мындай дегенин риваят кылат:

«مَنْ قَالَ: لَا إِلهَ إِلَّا اللهُ، وَكَفَرَ بِمَا يُعْبَدُ مِن دُونِ اللهِ؛ حَرُمَ مَالُهُ وَدَمُهُ، وَحِسَابُهُ عَلَى اللهِ جَلَّ جَلَالُهُ».

«Ким: "Лаа илааха иллаллоох" деп айтып, Аллахтан башка ибадат кылынган нерселерден баш тартса, анын мал-мүлкү жана каны арам болот. Ал эми сурагы Улуулугу улук болгон Аллахка таандык». Бул маанидеги хадистер өтө көп.

Бул тавхид – Ислам дининин негизи жана пайдубалы, иштин башы жана эң маанилүү милдет. Бул инсан менен жиндерди жаратуудагы жана бардык пайгамбарларды (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) жөнөтүүдөгү даанышмандык. Буга жогоруда айтылган аяттар далил болот. Алардын бири Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:

﴿وَمَا خَلَقْتُ الْجِنَّ وَالْإِنْسَ إِلَّا لِيَعْبُدُونِ56﴾

"Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым". (Зарият, 56-аят). Буга дагы бир далил: Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:

﴿وَلَقَدْ بَعَثْنَا فِي كُلِّ أُمَّةٍ رَسُولًا أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَاجْتَنِبُوا الطَّاغُوتَ...﴾

"Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз..." (Нахл, 36-аят). Аллах Тааланын төмөнкү сөзү да бар:

﴿وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ مِنْ رَسُولٍ إِلَّا نُوحِي إِلَيْهِ أَنَّهُ لَا إِلَهَ إِلَّا أَنَا فَاعْبُدُونِ25﴾

"(О Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп аян-кабар кылдык". (Анбия, 25-аят). Улуу Аллах Нух, Худ, Салих жана Шуайб (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбарлар тууралуу алар өз коомдоруна мындай деп кайрылышканын айтат:

﴿...اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُمْ مِنْ إِلَهٍ غَيْرُهُ...﴾

"Аллахка гана ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок!" (Аьраф, 59-аят). Бул бардык элчилердин чакырыгы, муну жогоруда айтылган эки аят да далилдеп турат. Элчилердин душмандары да, элчилер аларды Аллахты ибадатта жалгыздоого жана Андан башка сыйынылып жаткан кудайларды таштоого буйруганын мойнуна алышкан. Аллах Таала Аад коомунун окуясында айткандай, алар Худ пайгамбарга мындай дешкен:

﴿...أَجِئْتَنَا لِنَعْبُدَ اللَّهَ وَحْدَهُ وَنَذَرَ مَا كَانَ يَعْبُدُ آبَاؤُنَا...﴾

"... Сен бизге, жалгыз Аллахка ибадат кылуубуз жана ата-бабаларыбыз ибадат кылган кудайларды таштообуз үчүн келдиңби?..." (Аараф, 70-аят). Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курайш элин жалгыз Аллахка сыйынууга жана Андан башка сыйынган периштелер, олуялар, бут-айкелдер, бак-дарактар жана башка нерселерди таштоого чакырганда, алар эмне дегени тууралуу Аллах Таала мындай деген:

﴿أَجَعَلَ الْآلِهَةَ إِلَهًا وَاحِدًا إِنَّ هَذَا لَشَيْءٌ عُجَابٌ5﴾

"Ал (биздин) көп кудайларды бир эле Кудай кылат бекен?! Бул өтө таң калычтуу нерсе!» – дешти". (Сад, 5-аят). Аллах Таала алар жөнүндө мындай деген:

﴿إِنَّهُمْ كَانُوا إِذَا قِيلَ لَهُمْ لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ يَسْتَكْبِرُونَ35 وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُوٓاْ ءَالِهَتِنَا لِشَاعِرٖ مَّجۡنُونِۭ36﴾

"(Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен".

"... жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу)". (Саффат, 35-36-аяттар). Бул маанидеги аяттар өтө көп.

Биз жогоруда келтирген аят-хадистерден сага айкын болот – Аллах мени жана сени динди түшүнүүгө жана ааламдардын Раббисинин акысын таанууга ийгилик берсин – сен сурооңдо баяндаган бул дубалар жана жардам суроонун түрлөрүнүн баары чоң ширктин түрлөрүнө кирет. Анткени алар Аллахтан башкага ибадат кылуу, жана Андан башка эч кимдин колунан келбеген нерселерди маркумдардан жана көзү жоктордон суроо болуп эсептелет. Бул мурункулардын ширкинен да жаманыраак; анткени, мурункулар жыргалчылыкта гана ширк кылышчу. Ал эми кыйынчылык учурунда, алар ибадатты Аллахка ыкластуулук менен кылышат; анткени аларды кыйынчылыктан куткарууга жалгыз Аллах Таала гана кудуреттүү экенин билишет. Аллах Таала Өзүнүн анык Китебинде ошол мушриктер жөнүндө минтип айткан:

﴿فَإِذَا رَكِبُواْ فِي ٱلۡفُلۡكِ دَعَوُاْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ إِذَا هُمۡ يُشۡرِكُونَ65﴾

"Эгер алар кемеге чыгышса (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллахтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба (ибадат) кылышат. Ал эми, Аллах аларды (апааттан) куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат". (Анкабут, 65-аят). Аллах Таала башка бир аятта аларга кайрылып мындай деген:

﴿وَإِذَا مَسَّكُمُ ٱلضُّرُّ فِي ٱلۡبَحۡرِ ضَلَّ مَن تَدۡعُونَ إِلَّآ إِيَّاهُۖ فَلَمَّا نَجَّىٰكُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ أَعۡرَضۡتُمۡۚ وَكَانَ ٱلۡإِنسَٰنُ كَفُورًا67﴾

"Эгер силерди деңиз үстүндө бир апаат кармаса, жалбарып, дуба кылган «кудайыңар» жоголуп, Анын (Аллахтын) Өзү гана калат. (Жана Өзүнө жалбарып: «О Аллах! Өзүң жалгыз кудайыбызсың! Куткара көр!» дейсиңер). Эми, Ал силерди кургакка чейин (жеткирип) куткарып койсо, (дагы эле бут- кудайыңарга) бурулуп кетесиңер. Инсан жакшылыкка шүгүрсүз болду!"

(Исра, 67-аят).

Эгер ушул кийинки мушриктерден бирөө: «Биз алар өздөрүнөн-өздөрү пайда берет, оорулууларыбызга шыпаа берет, же бизге пайда-зыян жеткирет деп ниет кылбайбыз. Болгону, ушул иштерде алардын Аллах Таалага шапаат кылуусун гана максат кылабыз» десечи?

Ага жооп мындай: Мурунку каапырлардын максаты жана каалоосу да ушундай болгон. Алардын максаты кудайлары өзүнөн-өзү жаратат, ырыскы берет, же пайда-зыян келтирет деп ишенишкен эмес. Анткени, муну Аллахтын Куранда алар жөнүндө айткандары жокко чыгарат. Алар болгону (кудайларынын) шапаатын, даражасын жана аларды Аллахка жакындатуусун каалашкан. Бул тууралуу Аллах Таала айткан:

﴿وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُمۡ وَلَا يَنفَعُهُمۡ وَيَقُولُونَ هَٰٓؤُلَآءِ شُفَعَٰٓؤُنَا عِندَ ٱللَّهِ...﴾

"(Мушриктер) Аллахтан башка, пайда да, зыян да жеткире албай турган нерселерге ибадат кылып: “Ушулар Аллахтын алдындагы биздин колдоочуларыбыз” - дешти". (Юнус, 18-аят). Аллах алардын айтканын четке кагып:

﴿...قُلۡ أَتُنَبِّـُٔونَ ٱللَّهَ بِمَا لَا يَعۡلَمُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ﴾

«Айткын: «Силер Аллахка асмандар жана жердеги билбеген “шериктерин” билгизип коймок болдуңарбы?!» Ал (мушриктер ойлогондой болуудан) Таза жана алардын ширктеринен Бийик!» (Юнус, 18-аят). Ошентип, Ал асмандарда да, жерде да мушриктер көздөгөндөй шапаатчы жок экенин ачык-айкын айтты. Аллах бар деп билбеген нерсенин өзү жок. Анткени Ага эч бир нерсе жашыруун эмес. Аллах Таала мындай деген:

﴿تَنزِيلُ ٱلۡكِتَٰبِ مِنَ ٱللَّهِ ٱلۡعَزِيزِ ٱلۡحَكِيمِ 1 إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ فَٱعۡبُدِ ٱللَّهَ مُخۡلِصٗا لَّهُ ٱلدِّينَ2 أَلَا لِلَّهِ ٱلدِّينُ ٱلۡخَالِصُۚ وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ3﴾

"Бул Китептин (Курандын) түшүшү Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан".

"(О Мухаммад!) Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми жалгыз Аллахка гана чын ыкластан ибадат кыл!"

"Көңүл бургула! Калыс Дин Аллах үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!"

(Зумар, 1-3-аяттар).

Бул жерде диндин мааниси – ибадат. Ал – жогоруда айтылгандай – Аллахка жана Анын элчисине баш ийүү. Буга дуба, куткаруусун суроо, коркуу, үмүт кылуу, курмандык чалуу, назр кылуу, ошондой эле намаз, орозо жана Аллах менен Анын элчиси буйруган башка амалдар кирет. Ошентип, Аллах Таала ибадат жалгыз Өзүнө гана таандык экенин жана пенделерге аны Ага ыклас менен кылуу милдет экенин баяндады. Анткени, Анын Пайгамбарга ибадатты ыклас менен кылууга берген буйругу, үммөттүн баарына тиешелүү буйрук.

Андан кийин Аллах Таала каапырлар жөнүндө баяндап, мындай деген:

﴿...وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ...﴾

"Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз". (Зумар, 3-аят). Аллах Таала алардын айтканын төмөнкү сөзү менен жокко чыгарат:

﴿...إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ﴾

"Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!" (Зумар, 3-аят). Аллах Таала бул улуу аятта каапырлар Андан башка колдоочу досторго, аларды Аллахка жакындатуулары үчүн гана сыйынышканын кабар берди. Бул мурунку жана азыркы каапырлардын максаты. Аллах Таала муну Өзүнүн төмөнкү сөзү менен жокко чыгарган:

﴿...إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ﴾

"Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!" (Зумар, 3-аят). Аллах Таала алардын «кудайларыбыз бизди Аллахка жакындатат» деген сөздөрүнүн жалган экенин жана аларга сыйынуу менен каапырлык кылгандарын ачыктады. Ушуну менен эң аз акыл-эси бар ар бир адам алгачкы каапырлардын каапырчылыгы пайгамбарларды, олуяларды, бак-дарактарды, таштарды жана башка жаратылган нерселерди өздөрү менен Аллахтын ортосунда шапаатчы кылып алгандыгынан улам болгонун билет. Алар сыйынган нерселери, вазирлердин падышалар алдында арачылык кылганы сыяктуу Аллах Тааланын уруксатысыз жана ыраазылыгысыз эле муктаждыктарды бүтүрөт деп ишенишет. Ошентип, алар Аллах Тааланы падышалар менен башчыларга салыштырышкан. Алар мындай дешет: «Падышага же башчыга муктаждыгы бар адам анын жакын адамдары жана вазирлери аркылуу ортомчулук кылганы сыяктуу, биз дагы Анын пайгамбарларына жана олуяларына сыйынуу менен Аллахка жакындайбыз». Бул жалгандын жалганы; анткени Аллахтын эч бир окшошу жок жана Ал жараткандарына салыштырылбайт. Анын алдында эч ким Анын уруксатысыз шапаат кыла албайт. Ал бир гана Аллахты жалгыздагандарга уруксат берет. Ал бардык нерсеге Кудуреттүү, бардык нерсени Билүүчү жана Ал – Мээримдүүлөрдүн эң Мээримдүүсү. Ал эч кимден коркпойт жана чочулабайт. Анткени Ал пенделеринин үстүнөн Үстөмдүк кылуучу жана аларды Өзү каалагандай башкарат. Ал эми падышалар менен башчылардын ар нерсеге кудурети жетпейт. Ошондуктан алар күчү жетпеген иштерде өздөрүнө жардам бере турган вазирлерине, жакын адамдарына жана аскерлерине муктаж болушат. Ошондой эле, алар муктаждыгын билбеген адамдардын абалын жеткирип, алардын көңүлүн алып, ыраазы кыла турган вазирлерине жана жакын адамдарына муктаж. Ал эми Улуу жана Кудуреттүү Раббибиз болсо, Ал кемчиликсиз. Ал Өзүнүн жараткандарына муктаж эмес. Ал аларга энелеринен дагы ырайымдуураак. Ал - Адилеттүү Өкүмдар, Өзүнүн даанышмандыгына, илимине жана кудуретине ылайык бардык нерсени өз ордуна коёт. Ошондуктан, Аны эч бир жагынан жараткандарына салыштырууга болбойт. Ушул себептен Бийик Аллах Өз китебинде: мушриктер Анын Жаратуучу, Ырыскы берүүчү, Башкаруучу экенин, ошондой эле Ал кыйналгандын дубасына жооп берерин, жамандыкты арылтаарын, тирилтип жана өлтүрөрүн жана башка ушул сыяктуу Анын (Аллахтын) иштерин мойнуна алышарын баяндаган. Чынында, мушриктер менен элчилердин ортосундагы талаш-тартыш – ибадатты жалгыз Аллахка гана ыклас менен кылуу маселесинде болгон. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَهُمۡ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُ...﴾

"Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, «Аллах», дешет...". (Зухруф, 87-аят). Аллах Таала дагы мындай деген:

﴿قُلۡ مَن يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ أَمَّن يَمۡلِكُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَمَن يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَيُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتَ مِنَ ٱلۡحَيِّ وَمَن يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَۚ فَسَيَقُولُونَ ٱللَّهُۚ فَقُلۡ أَفَلَا تَتَّقُونَ31﴾

"(О Мухаммад, мушриктерге) айт: “Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллах” – деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?”. (Юнус, 31-аят) Бул маанидеги аяттар өтө көп.

Буга чейин элчилер менен үммөттөрдүн ортосундагы талаш-тартыш ибадатты жалгыз Аллахка ыклас менен аткарууда гана болгонун далилдеген аяттар айтылып өттү. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَقَدۡ بَعَثۡنَا فِي كُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱجۡتَنِبُواْ ٱلطَّٰغُوتَ...﴾

"Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз..." (Нахл, 36-аят). Ушундай маанини камтыган аяттар да көп. Аллах Таала Куранда шапаат жөнүндө көптөгөн жерлерде баяндаган. Алардын биринде минтип айткан:

﴿...مَن ذَا ٱلَّذِي يَشۡفَعُ عِندَهُۥٓ إِلَّا بِإِذۡنِهِ...﴾

"Эч ким Анын алдында, Анын уруксаты болмоюнча шапаат-колдоо көрсөтө албайт". (Бакара, 255-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:

﴿وَكَم مِّن مَّلَكٖ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ لَا تُغۡنِي شَفَٰعَتُهُمۡ شَيۡـًٔا إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ أَن يَأۡذَنَ ٱللَّهُ لِمَن يَشَآءُ وَيَرۡضَىٰٓ26﴾

"Асмандарда канча периште болсо, Аллах Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок!"

(Нажм, 26-аят).

Периштелердин сыпаты жөнүндө минтип айткан:

﴿...وَلَا يَشۡفَعُونَ إِلَّا لِمَنِ ٱرۡتَضَىٰ وَهُم مِّنۡ خَشۡيَتِهِۦ مُشۡفِقُونَ﴾

"Алар (Аллах) каалагандар үчүн гана колдоочу боло алышат. Алар (Аллахтан) коркуп, ырайымына жалдырап турушат". (Анбия, 28-аят).

Аллах Таала пенделеринин каапырлыгына ыраазы болбой, алардын шүгүр кылуусуна гана ыраазы боло турганын кабарлаган. Шүгүр – бул, Аллахты жалгыз деп билүү жана Ага баш ийип амал кылуу. Аллах Таала минтип айткан:

﴿إِن تَكۡفُرُواْ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَنِيٌّ عَنكُمۡۖ وَلَا يَرۡضَىٰ لِعِبَادِهِ ٱلۡكُفۡرَۖ وَإِن تَشۡكُرُواْ يَرۡضَهُ لَكُمۡ...﴾

"Эгер каапыр болсоңор, (билип койгула) Аллах силерден Беймуктаж. Ал пенделеринин каапыр болуп кетишине ыраазы болбойт. Ал эми (Өзүнө ыклас менен ибадат кылып) шүгүр келтирсеңер, ушуга силерден ыраазы болот...". (Зумар, 7-аят).

Бухари өзүнүн «Сахих» китебинде риваят кылат: Абу Хурайра (ага Аллах ыраазы болсун): «О Аллахтын элчиси! Сенин шапаатың аркылуу бактылуу боло турган адам ким?» деп сураганда, (Пайгамбарыбыз) мындай деди:

«مَنْ قَالَ: لَا إِلهَ إِلَّا اللهُ خَالِصًا مِنْ قَلْبِهِ».

"Лаа илааха иллаллоох" деп чын жүрөгүнөн ыклас менен айткан адам". Же мындай деп айткан:

«مِنْ نَفْسِهِ».

«Чындап өз напсисинен».

Анас (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган ишенимдүү хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«لِكُلِّ نَبِيٍّ دَعْوَةٌ مُسْتَجَابَةٌ، فَتَعَجَّلَ كُلُّ نَبِيٍّ دَعْوَتَهُ، وَإِنِّي اخْتَبَأْتُ دَعْوَتِي شَفَاعَةً لِأُمَّتِي يَوْمَ الْقِيَامَةِ، فَهِيَ نَائِلَةٌ إِنْ شَاءَ اللَّهُ مَنْ مَاتَ مِنْ أُمَّتِي لَا يُشْرِكُ بِاللَّهِ شَيْئًا».

«Ар бир пайгамбардын кабыл болуучу дубасы бар. Ар бир пайгамбар өзүнүн дубасын (бул дүйнөдө) кылууга шашылган. Ал эми мен ал дубамды Кыямат күнү үммөтүмө шапаат кылуу үчүн сактап койдум. Ал (шапаат), Аллах кааласа, менин үммөтүмдөн Аллахка эч нерсени шерик кылбай өлгөн адамга тиет». Мындай маанидеги хадистер өтө эле көп.

Биз жогоруда айтып өткөн аяттар менен хадистердин ибадат жалгыз Аллахтын Өзүнүн акысы экендигине, анын эч бир түрүн Аллахтан башкага – пайгамбарларга да, алардан башкаларга да – арноого болбой тургандыгына жана шапаат Аллахка гана таандык экендигине далил болот. Аллах Таала дагы минтип айткан:

﴿قُل لِّلَّهِ ٱلشَّفَٰعَةُ جَمِيعٗا...﴾

"Айткын: «Бардык шапаат Аллахка гана таандык...". (Зумар, 44-аят). Шапаатка Аллах шапаат кылуучуга уруксат бергенден кийин жана шапаат кылынуучудан ыраазы болгондон кийин гана татыктуу болот. Аллах – мурда айтылгандай – Таухидден башкага ыраазы болбойт. Ушуга ылайык, мушриктердин шапаатта эч кандай үлүшү жок экенин Аллах Таала Өзүнүн төмөнкү сөзүндө баяндаган:

﴿فَمَا تَنفَعُهُمۡ شَفَٰعَةُ ٱلشَّٰفِعِينَ 48﴾

"Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт". "(Муддассир, 48-аят)". Аллах Таала мындай деген:

﴿...مَا لِلظَّٰلِمِينَ مِنۡ حَمِيمٖ وَلَا شَفِيعٖ يُطَاعُ﴾

"…Залымдарга эч бир боорукер, эч бир шапааты кабыл алынган актоочу болбойт!" (Гафир, 18-аят).

Белгилүү болгондой, жалпы маанидеги зулумдук – бул, Аллахка ширк кылуу, Аллах Таала айткан:

﴿...وَٱلۡكَٰفِرُونَ هُمُ ٱلظَّٰلِمُونَ﴾

"... жана каапырлар – ошолор гана заалым кишилер!" (Бакара, 254-аят). Аллах Таала мындай деген:

﴿...إِنَّ ٱلشِّرۡكَ لَظُلۡمٌ عَظِيمٞ﴾

"…Чынында, ширк - чоң зулум!

(Лукман, 13-аят).

Ал эми суроодо айтылган, кээ бир суфийлердин мечиттерде жана башка жерлерде айткан: "Оо, Аллахым, Сенин Кудуреттүү сырларыңдын ачылуусуна жана ырайым нурларыңдын чачылуусуна себепкер кылган, ошонун натыйжасында Раббаний даргөйүнүн өкүлү жана Өзүңдүн затыңа таандык сырларыңдын халифасы болгон затка салават жолдо" деген сөздөрүнө келсек,

Анын жообу мындай: Бул жана ушуга окшогон сөздөр Пайгамбарыбыз Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) эскерткен аша чабуучулук жана чектен чыгуучулукка кирет; Имам Муслим «Сахих» китебинде Абдуллах ибн Масуддан (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат, Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун):

«هَلَكَ المُتَنَطِّعُونَ» قَالَهَا ثَلَاثًا.

«Чектен ашкандар кыйроого учурады» - деп үч жолу кайталады.

Имам Хатаби (ага Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: "Ал-Мутнаттиъ" деген сөз - бир нерсеге өтө тереңдеп, аны изилдөөнү оорлоткон адам; өзүнө тиешеси жок нерселерге кийлигишкен, акылдары жетпеген маселелерге баш салган калам илиминин (философия) жолундагылар сыяктуу.

Абу ас-Саадат Ибн ал-Асир минтип айткан: Алар сөздө аша чаап, тереңдеп кеткен, тамагынын эң түбү менен сүйлөгөндөр. Бул сөз ооздун үстүңкү көңдөйү болгон «ан-натаъ» деген сөздөн алынган. Кийин сөзүндө да, ишинде да тереңдеп кеткен ар бир адамга карата колдонулуп калган.

Тил илиминин бул эки имамынын айткандарынан улам, пайгамбарыбыз жана мырзабыз болгон Аллахтын элчисине салават жана салам айтуудагы бул ыкманын тыюу салынган ашыкчалык жана чектен ашууга кирери сизге жана аз да болсо акыл-эстүү ар бир адамга айкын болот. Бул маселеде мусулманга шариятта буюрулган нерсе Пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салам жана салават айтуунун, андан анык жол менен келген түрүн изденүүсү. Ушунун өзү эле башка нерселерден жетиштүү болот.

Алардын бири аль-Бухари жана Муслимдин «Сахих» жыйнактарында Каъб бин Ужрадан (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылынган хадис. Анда сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) мындай дешкен: «О Аллахтын элчиси! Аллах бизге сага салават айтууну буйруду, биз сага кантип салават айтабыз?». Ошондо ал айтты:

«قُولُوا: اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ كَمَا صَلَّيْتَ عَلَى إِبرَاهِيمَ وَعَلَى آلِ إِبرَاهِيمَ، إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ، وَبَارِكْ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ كَمَا بَارَكْتَ عَلَى إِبرَاهِيمَ وَعَلَى آلِ إِبرَاهِيمَ إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ».

«Минтип айткыла: "О Аллах! (Пайгамбарың) Ибрахим жана анын үй-бүлөсүнө ырайым кылган сыяктуу (пайгамбарың) Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө да ырайым кыл. Чындыгында Сен мактоого татыктуу, улук Затсың! О, Аллах! Ибрахимди жана анын үй-бүлөсүн берекеттүү кылгандай, (пайгамбарың) Мухаммадды жана анын үй-бүлөсүн дагы берекеттүү кыл! Албетте Сен мактоого татыктуу Улук Затсың!»

Эки ишенимдүү хадистер топтомунда Абу Хумайд ас-Саъидий (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылат: Алар: «О Аллахтын элчиси! Сага кантип салават айтабыз?» – дешти. Ал мындай деди:

«قُولُوا: اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى أَزْوَاجِهِ وَذُرِّيَّتِهِ كَمَا صَلَّيْتَ عَلَى آلِ إِبرَاهِيمَ، وَبَارِكْ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى أَزْوَاجِهِ وَذُرِّيَّتِهِ كَمَا بَارَكْتَ عَلَى آلِ إِبرَاهِيمَ، إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ».

«Минтип айткыла: О Аллах! Ибрахимдин үй-бүлөсүнө ырайым кылганың сыяктуу, Мухаммадка, анын аялдарына жана урпактарына да ырайым кыл. Жана Ибрахимдин үй-бүлөсүн берекелүү кылганың сыяктуу, Мухаммадды, анын аялдарын жана урпактарын да берекелүү кыл. Чындыгында, Сен мактоого татыктуу, Улук Затсың».

Сахих Муслимде Абу Масъуд аль-Ансари (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Башир бин Саад: "О, Аллахтын элчиси! Аллах бизге сага салават айтууну буйруду, кантип салават айтабыз?" - деди. Ал унчукпай туруп, анан минтип айтты:

«قُولُوا: اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ؛ كَمَا صَلَّيْتَ عَلَى آلِ إِبرَاهِيمَ، وَبَارِكْ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ؛ كَمَا بَارَكْتَ عَلَى آلِ إِبرَاهِيمَ فِي العَالَمِينَ، إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ، وَالسَّلَامُ كَمَا عَلِمتُم».

«Мындай дегиле: О Аллах! Ибрахимдин үй-бүлөсүнө ырайым кылганың сыяктуу, (пайгамбарың) Мухаммадга жана анын үй-бүлөсүнө да ырайым кыл. Ааламдарда Ибрахимдин үй-бүлөсүн берекеттүү кылганыңдай, (пайгамбарың) Мухаммадды жана анын үй-бүлөсүн да берекеттүү кыл. Чындыгында Сен мактоого татыктуу, улук Затсың. Ал эми салам айтуу силер билгендей».

Мусулман адам Аллахтын элчисине салават жана салам айтууда Пайгамбар өзү айткан ушул жана ушуга окшогон башка салаваттарды колдонуусу керек. Анткени Аллахтын элчиси өзүнүн даражасына кандай сөздөр ылайыктуу экенин билүүчү. Ошондой эле ал Раббисине карата кандай сөздөрдү колдонуу керектигин да адамдардын билүүчү.

Ал эми жасалма, жаңыдан ойлоп табылган жана туура эмес маанини туюнтуп калышы мүмкүн болгон сөздөрдү (мисалы, суроодо айтылгандарды) колдонуу туура эмес. Анткени аларда жасалмалуулук бар жана алар бузуку маанилерде чечмеленип калышы мүмкүн. Ошондой эле, алар Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өзү тандап, үммөтүнө багыттаган сөздөргө крашы келет. Ал калайыктын эң илимдүүсү, калыс насаатчысы жана жасалмалуулуктан эң алыс болгон. Ага Раббисинин эң абзел салават-саламдары болсун.

Тавхиддин жана ширктин акыйкатын, бул маселеде алгачкы мушриктер менен кийинки мушриктердин ортосундагы айырмачылыгын, ошондой эле Аллахтын Элчисине шариятта көрсөтүлгөн салаватты айтуунун жолун баяндоодо айткан далилдерибиз акыйкат издеген адам үчүн жетиштүү жана канаттанаарлык болот деп үмүттөнөм. Ал эми ким акыйкатты билгиси келбесе, анда ал өзүнүн напси каалоосуна ээрчиген адам. Аллах Таала минтип айткан:

﴿فَإِن لَّمۡ يَسۡتَجِيبُواْ لَكَ فَٱعۡلَمۡ أَنَّمَا يَتَّبِعُونَ أَهۡوَآءَهُمۡۚ وَمَنۡ أَضَلُّ مِمَّنِ ٱتَّبَعَ هَوَىٰهُ بِغَيۡرِ هُدٗى مِّنَ ٱللَّهِۚ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي ٱلۡقَوۡمَ ٱلظَّٰلِمِينَ50﴾

"Эгер сага жооп беришпесе, билгин, алар өз напси-каалоолоруна ээрчип жатышат. Аллах тарабынан келген туура жолго ээрчибей, өз напсинин каалосуна ээрчиген адамдардан көбүрөөк адашкан киши бар бекен?! Аллах, албетте залим коомдорду туура жолго баштабайт!" (Касас, 50-аят).

Аллах Таала бул аятта, пайгамбары Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) элчи кылып жиберген туура жол жана акыйкат динге карата адамдар экиге бөлүнөрүн баяндаган:

Биринчиси: Аллахка жана Анын Элчисине жооп бергендер.

Экинчиси: өз напси каалоосуна ээрчигендер. Андан кийин Ал Аллахтын туура жолусуз өз напси каалоосуна ээрчиген адамдан өткөн адашкан эч ким жок экенин кабарлаган.

Улуу Аллахтан напсини эрчип кетүүдөн сактоосун, бизди, силерди жана бардык бир туугандарыбызды Аллахка жана Анын Элчисине жооп берүүчүлөрдөн, Анын шариятын улуктоочулардан жана Анын шариятына каршы келген бардык бидааттардан жана напси-кумарлардан сактануучулардан кылуусун сурайбыз. Ал Берешен, Улук.

Аллахтын кулу жана элчиси, пайгамбарыбыз Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана Кыямат күнгө чейин аны жакшылык менен ээрчигендерге Аллахтын салам-салаваты болсун.

 

***

ky397v4.0 - 17/11/2026