العَقِيدَةُ الصَّحِيْحَةُ وَمَا يُضَادُّهَا
Туура акыйда жана ага каршы келген пикирлер
لِسَمَاحَةِ الشَّيْخِ العَلَّامَةِ
عَبْدِ العَزِيزِ بْنِ عَبْدِ اللهِ بْنِ بَازٍ
رَحِمَهُ اللهُ
Автор Урматтуу шейх
Абдулазиз бин Абдуллах бин Баз
بِسْمِ اللهِ الرَّحمَنِ الرَّحِيمِ
Биринчи китепче:
Туура акыйда жана ага каршы келген пикирлер
Бардык алкыш-мактоолор жалгыз Аллахка айтылсын. Өзүнөн кийин пайгамбар келбей турган акыркы пайгамбарга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.
Андан кийин айтарым: Туура акыйда Ислам дининин негизи жана пайдубалы болгондуктан, бул жөнүндө кенен сөз кылууну, аны баяндап, түшүндүрүп жазууну жана эмгектерди жаратууну зарыл көрдүм.
Шарияттын негизги далилдери, Куран жана сүннөттөн белгилүү болгондой, амалдар жана сөздөр туура акыйдага негизделсе гана туура эсептелип, кабыл кылынат. Ал эми акыйда туура эмес болсо, андан келип чыккан амалдар да, сөздөр да жараксыз болот. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:
﴿...وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱلۡإِيمَٰنِ فَقَدۡ حَبِطَ عَمَلُهُۥ وَهُوَ فِي ٱلۡأٓخِرَةِ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ﴾
"Ал эми, ким ыйманга каапыр болсо, анын амалдары (ибадаттары) күйүп кетет жана Акыретте зыян тартуучулардан болот". (Маида, 5-аят).
Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿وَلَقَدۡ أُوحِيَ إِلَيۡكَ وَإِلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكَ لَئِنۡ أَشۡرَكۡتَ لَيَحۡبَطَنَّ عَمَلُكَ وَلَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ 65﴾
"Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк кылсаң амалың күйүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!» – деп аян кабар кылынды". (Зумар, 65-аят).
Мындай маанидеги аяттар өтө эле көп. Аллах Тааланын ачык-айкын китеби жана Анын чынчыл пайгамбарынын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтү туура акыйданын алты нерседен турарын далил келтирген. Алар: Аллах Таалага, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын элчилерине, акырет күнүнө жана тагдырдын жакшысы да, жаманы да Аллахтан экенине ыйман келтирүү. Мына ушул алты нерсе - Аллахтын үстөмдүк кылуучу китеби алып түшкөн туура акыйданын негиздери жана ушул акыйда менен Аллах элчиси Мухаммадды (ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) жиберген.
Бул алты негизге Куранда жана ишенимдүү сүннөттө көптөгөн далилдер айтылган. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
Биринчи: Куранда айтылган далилдер. Анын кээ бирлери – Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:
﴿لَّيۡسَ ٱلۡبِرَّ أَن تُوَلُّواْ وُجُوهَكُمۡ قِبَلَ ٱلۡمَشۡرِقِ وَٱلۡمَغۡرِبِ وَلَٰكِنَّ ٱلۡبِرَّ مَنۡ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ وَٱلۡكِتَٰبِ وَٱلنَّبِيِّـۧنَ...﴾
"Жакшылык - жүзүңөрдү Чыгыш жана Батышка бурушуңар эмес. Бирок, жакшылык – Аллахка, Акырет күнүнө, периштелерге, китепке, пайгамбарларга ишенүү..."
(Бакара, 177-аят).
Дагы Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:
﴿ءَامَنَ ٱلرَّسُولُ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡهِ مِن رَّبِّهِۦ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَۚ كُلٌّ ءَامَنَ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ لَا نُفَرِّقُ بَيۡنَ أَحَدٖ مِّن رُّسُلِهِ...﴾
"Элчи өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана ыймандуу адамдар дагы (ыйман келтиришти). Баары Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз дешти...". (Бакара, 285-аят).
Дагы Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِي نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِن قَبۡلُۚ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا136﴾
«О, ыйман келтирген адамдар! Аллахка, Анын пайгамбарына, пайгамбарына түшүргөн Китепке андан мурун түшүргөн (бардык ыйык) китептерге ыйман келтиргиле. Кимде-ким Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына жана Акырет күнүнө ыйман келтирбесе, ал чындап катуу адашыптыр».
(Ниса, 136-аят).
Дагы Аллах Тааланын төмөнкү сөзү:
﴿أَلَمۡ تَعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّ ذَٰلِكَ فِي كِتَٰبٍۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ 70﴾
"(О Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар. Бул Аллахка жеңил". (Хаж, 70-аят).
Экинчи: Сүннөттө айтылган далилдер; алардын бири – Имам Муслим “Сахих” китебинде риваят кылган момундардын башчысы Умар бин Хаттаптын (ага Аллах ыраазы болсун) белгилүү хадиси. Анда Жебрейил периште пайгамбардан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ыйман жөнүндө сураганда, минтип жооп берген:
«الإِيمَانُ أَنْ تُؤْمِنَ بِاللَّهِ، وَمَلَائِكَتِهِ، وَكُتُبِهِ، وَرُسُلِهِ، وَاليَوْمِ الآخِرِ، وَتُؤْمِنَ بِالقَدَرِ خَيْرِهِ وَشَرِّهِ».
«Ыйман - бул, сенин Аллахка, Анын периштелерине, Анын китептерине, Анын элчилерине, акырет күнүнө жана тагдырдын жакшы жана жаманына ишенүүң».1 Хадис Аны Бухари менен Муслим Абу Хурайрадан (Аллах андан ыраазы болсун) анча-мынча айырмачылыгы менен риваят кылышкан.
Бул алты негизден мусулман адам этикад кылып, ыйман келтирүүсү ваажыб болгон Аллах Тааланын акысына тиешелүү, кайра тирилүүгө тиешелүү жана Аллах Таала менен Анын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабар берген башка кайып иштерге тиешелүү бардык нерселер бөлүнүп чыгат.
Бул алты негиздин кеңири баяндамасы төмөнкүдөй:
Биринчи негиз: Аллах Таалага ыйман келтирүү
Буга бир нече маселе кирет. Алар төмөнкүлөр: Анын жалгыз ибадат кылууга татыктуу чыныгы Кудай экенине ыйман келтирүү; анткени Ал пенделердин Жаратуучусу, аларга жакшылык кылуучу, ырыскыларын берүүчү, жашыруун сырларын да, ашкере иштерин да билүүчү, алардын арасынан баш ийгендерин сыйлоого, күнөөкөрлөрүн жазалоого күч-кудуреттүү.
Аллах Таала инсандарды жана жиндерди ибадат кылуу үчүн жаратып, ушуга буйруган. Аллах Таала минтип айткан:
﴿وَمَا خَلَقۡتُ ٱلۡجِنَّ وَٱلۡإِنسَ إِلَّا لِيَعۡبُدُونِ 56 مَآ أُرِيدُ مِنۡهُم مِّن رِّزۡقٖ وَمَآ أُرِيدُ أَن يُطۡعِمُونِ 57 إِنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلرَّزَّاقُ ذُو ٱلۡقُوَّةِ ٱلۡمَتِينُ58﴾
"Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуу үчүн гана жараттым".
"Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын".
"Чынында, Аллахтын Өзү бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү".
(Заарият, 56-58-аяттар).
Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱعۡبُدُواْ رَبَّكُمُ ٱلَّذِي خَلَقَكُمۡ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكُمۡ لَعَلَّكُمۡ تَتَّقُونَ 21 ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ فِرَٰشٗا وَٱلسَّمَآءَ بِنَآءٗ وَأَنزَلَ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ فَأَخۡرَجَ بِهِۦ مِنَ ٱلثَّمَرَٰتِ رِزۡقٗا لَّكُمۡۖ فَلَا تَجۡعَلُواْ لِلَّهِ أَندَادٗا وَأَنتُمۡ تَعۡلَمُونَ 22﴾
"О адамдар! Силерди жана силерден мурдагыларды жараткан Раббиңерге ибадат кылгыла, ошондо такыба болорсуңар".
"Ал силерге жерди төшөк кылып, асманды (үстүңөргө) куруп койду жана асмандан суу түшүрүп, силерге ырыскы кылып, суу менен мөмө-жемиштерди чыгарды. Эми, билип туруп Аллахка (башка нерселерди) теңдеш кылбагыла!" (Бакара сүрөсү, 21-22-аят).
Ушул акыйкатты баян кылуу, ага чакыруу жана ага каршы нерселерден тыйып, эскертүү үчүн Аллах Таала элчилерин жиберип, китептерин түшүрдү. Аллах Таала бул тууралуу минтип айткан:
﴿وَلَقَدۡ بَعَثۡنَا فِي كُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱجۡتَنِبُواْ ٱلطَّٰغُوتَ...﴾
"Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз...". (Нахл, 36-аят).
Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿وَمَآ أَرۡسَلۡنَا مِن قَبۡلِكَ مِن رَّسُولٍ إِلَّا نُوحِيٓ إِلَيۡهِ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنَا۠ فَٱعۡبُدُونِ 25﴾
"(О Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп аян-кабар кылганбыз". (Анбия, 25-аят).
Аллах Таала дагы минтип айткан:
﴿الر كِتَابٌ أُحْكِمَتْ آيَاتُهُ ثُمَّ فُصِّلَتْ مِنْ لَدُنْ حَكِيمٍ خَبِيرٍ1 أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا اللَّهَ إِنَّنِي لَكُمْ مِنْهُ نَذِيرٌ وَبَشِيرٌ2﴾
"Алиф, Лаам, Раа. Бул китептин аяттары (эч качан бузулбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллах) тарабынан (эң жогорку деңгээлде) баян кылынды".
"(Мунун себеби) Аллахтан башка “кудайларга ибадат кылбашыңар үчүн. Чынында, мен силерге Аллах тарабынан (жиберилген) эстетүүчү жана куш кабар берүүчүмүн". (Худ, 1-2-аяттар).
Бул ибадаттын акыйкаты: пенделердин ибадаттын бардык түрлөрүн – дуба, коркуу, үмүт кылуу, намаз, орозо, курмандык чалуу, назр жана башкаларды – Ага моюн сунуу, Анын сообуна кызыгуу, азабынан коркуу, Аны толук сүйүү жана улуктугуна таазим кылуу менен жалгыз Аллах Таалага арноосу.
Ким Ыйык Куранга ой жүгүртүп караса, анын басымдуу бөлүгү ушул улуу негиз жөнүндө түшүрүлгөнүн көрөт. Аллах Таала мындай деген:
﴿إِنَّآ أَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ فَٱعۡبُدِ ٱللَّهَ مُخۡلِصٗا لَّهُ ٱلدِّينَ2 أَلَا لِلَّهِ الدِّينُ الْخَالِصُ وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ3﴾
"(О Мухаммад!) Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми жалгыз Аллахка гана чын ыкластан ибадат кыл!"
"Көңүл бургула! Калыс Дин Аллах үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!"
(Зумар, 2-3-аяттар).
Аллах Таала дагы минтип айткан:
﴿وَقَضَىٰ رَبُّكَ أَلَّا تَعۡبُدُوٓاْ إِلَّآ إِيَّاهُ...﴾
«Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай) ларга ибадат кылбайсың...» (Исра сүрөсү, 23-аят).
Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿فَٱدۡعُواْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ وَلَوۡ كَرِهَ ٱلۡكَٰفِرُونَ14﴾
"Эми, силер эгер каапырлар жаман көрсө да, (бардык) дин-ибадатты Аллахка калыс багыттаган абалда гана дуба (ибадат) кылгыла!". (Гаафир, 14-аят).
Ошондой эле, Пайгамбарыбыздын сүннөтүнө ой жүгүрткөн адам бул улуу негизге терең көңүл бурулганын көрөт. Мисалы: эки ишенимдүү хадистер топтомунда Муаз (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:
«حَقُّ اللهِ عَلَى العِبَادِ أَن يَعْبُدُوهُ وَلَا يُشْرِكُوا بِهِ شَيْئًا».
"Пенделердин мойнундагы Аллахтын акысы - Ага эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуулары!".2
Аллахка ыйман келтирүүгө Аллах Таала пенделерине парз кылган Исламдын беш түркүгүнө ишенүү да кирет.
Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо, кудурети жеткен адам үчүн Аллахтын Ыйык Үйүнө ажылык кылуу жана мындан башка шариятта айтылган башка парздар.
Бул түркүктөрдүн эң маанилүүсү жана эң улуусу: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад – Аллахтын элчиси" деп күбөлүк берүү. Бул күбөлүк ибадатты жалгыз Аллахтын Өзүнө ыклас менен аткарууну жана Андан башкага ибадат кылууну жокко чыгарууну талап кылат. Бул "Лаа илааха иллаллах" келимесинин мааниси. Анын мааниси – аалымдар (Аллах аларга ырайым кылсын) айткандай: "Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок". Ушуга ылайык, Аллахтан башка ибадат аткарылып жаткан нерселердин баары – мейли ал адам, мейли периште, мейли жин же башка нерсе болсун – жалган, ибадатка татыксыз нерселер. Ал эми акыйкат ибадатка татыктуу – бул теңдеш шериги жок, жалгыз Аллах Өзү. Бул тууралуу Аллах Таала мындай деген:
﴿ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ هُوَ ٱلۡبَٰطِلُ...﴾
"Анткени, Аллах – Акыйкат. Андан башка (мушриктер) дуба кылып жаткан «кудайлар» - жалган...". (Хаж, 62-аят).
Жогоруда Аллах Таала инсандарды жана жиндерди ушул негиз үчүн жаратып, ага буйруганын, элчилерин ушул үчүн жиберип, китебин ушул үчүн түшүргөнүн айтканбыз. Пенде буга жакшы ой жүгүртүп, көбүрөөк акыл калчашы керек. Ошондо ага көп мусулмандар ушул негизде билимсиз болгондуктан, Аллах менен бирге башка нерселерге да ибадат кылышканы, Ага гана тиешелүү болгону акыны башка нерселерге арнап жатышканы ачык болот. Аллах Өзү жардамчы болсун.
Төмөнкүлөр да Аллахка ыйман келтирүү болуп саналган иштерден: Аллах ааламдардын Жаратуучусу, алардын башкаруучусу, илими жана кудурети менен аларга Өзү каалагандай буйрук кылып туруучу экенине ишенүү. Ал дүйнө жана акыреттин Падышасы, бардык ааламдардын Раббиси, Андан башка жаратуучу да жок, Рабби да жок. Ал пенделерди оңдоо үчүн, аларды дүйнө жана акыретте ийгилиги жана оңолуусу бар нерсеге чакыруу үчүн элчилерин жиберип, китептерин түшүргөн. Бул айтылгандарда Анын эч кандай шериги жок, кемчиликтен таза. Аллах Таала минтип айткан:
﴿ٱللَّهُ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ وَكِيلٞ 62﴾
"Аллах – бардык нерселердин Жаратуучусу! Ал – бардык нерсенин Коргоочу-Сактоочусу!" (Зумар, 62-аят).
Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿إِنَّ رَبَّكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِۖ يُغۡشِي ٱلَّيۡلَ ٱلنَّهَارَ يَطۡلُبُهُۥ حَثِيثٗا وَٱلشَّمۡسَ وَٱلۡقَمَرَ وَٱلنُّجُومَ مُسَخَّرَٰتِۭ بِأَمۡرِهِۦٓۗ أَلَا لَهُ ٱلۡخَلۡقُ وَٱلۡأَمۡرُۗ تَبَارَكَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ54﴾
"Силердин Раббиңер – Аллах. Ал асмандар менен Жерди алты күндө жаратты. Кийин Арштан бийик болду. Ал түндү күндүзгө оройт жана ал (караңгылык) аны (күндүздү) кууп жүрөт. Күн, Ай жана (башка) жылдыздар Анын буйругуна моюн сундурулган. Уккула: жаратуу жана буюруу Өзүнө гана таандык! Ааламдардын Раббиси – Аллах Улук, Бийик!" (Аараф, 54-аят).
Ошондой эле Аллах Таалага ыйман келтирүү болуп саналат: Анын Ыйык Китебинде жана ишенимдүү Пайгамбарынын хадистеринде бекемделген көркөм ысымдарына жана улуу сыпаттарына бурмалабастан, маанилерин жокко чыгарбастан, элестетпестен жана окшотпостон ишенүү,
﴿...لَيۡسَ كَمِثۡلِهِۦ شَيۡءٞۖ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ﴾
"... Ага окшош эч нерсе жок. Ал – Угуучу, Көрүүчү!" (Шуура, 11-аят).
Ысым-сыпаттар кандай айтылса ошондой, келбет бербестен, Аллахтын сыпаттары улуу маанилерди билдирип тургандай ыйман келтирүү менен өтүү важыб. Аны Өзүнө ылайык сыпаттар менен, сыпатында эч бир жаратылгандарга окшотпостон сыпаттоо важыб. Аллах Таала минтип айткан: Аллах Таала дагы минтип айткан:
﴿فَلَا تَضۡرِبُواْ لِلَّهِ ٱلۡأَمۡثَالَۚ إِنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ وَأَنتُمۡ لَا تَعۡلَمُونَ74﴾
"Аллахка эч нерсени окшотпогула! Албетте, Аллах билет, силер билбейсиңер!" (Нахл, 74-аят).
Мына ушул – пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларынын жана алардын жолун жакшылык менен ээрчигендердин, Аллахтын ысым-сыпаттары тууралуу ахлу сунна вал жамааттын акыйдасы. Бул акыйданы Имам Абу Хасан ал-Ашари "Ал-Макалаат" китебинде ахлу сунна жана хадис аалымдарынан риваят кылган, ошондой эле башка илим жана ыйман ээлери да ушун айтышкан.
Аль-Авзаии, Аллах аны ырайымына алсын, мындай деди: "Зухрий менен Макхулдан сыпат аяттары жөнүндө суралганда, алар экөө тең: "Кандай айтылса, ошондой ишенгиле" - деп жооп беришкен3.
Аль-Авзаии (Аллах ырайым кылсын) дагы мындай деген: "Биз таабийиндер көп кезде Аллах Таала Аршында деп айтчубуз жана сүннөттө айтылган сыпаттарга ишенчүбүз"4.
Аль-Валид бин Муслим (Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: Мааликтен, ал-Авзаийден, Лайс бин Саъддан жана Суфян ас-Савриден (аларга Аллах ырайым кылсын) сыпат тууралуу келген кабарлар жөнүндө суралганда, алардын баары: "Кандай экенин элестетпестен, кандай айтылса ошондой кабыл алгыла" - дешти.5
Имам Маликтин устазы, Рабиа бин Абу Абдурахман (ал экөөнө Аллах ырайым кылсын) истива жөнүндө суралганда, ал минтип жооп берген: "Истива(нын мааниси) белгисиз эмес. Анын кандайлыгы белгисиз. Дин кабары Аллахтан, аны анык жеткирүү элчинин моюнунда, а бизге болсо ишенип тастыктоо гана милдет".6 Имам Маликтен (ага Аллах ырайым кылсын) ушул тууралуу суралганда ал минтип жооп берген: "Истива белгилүү, кандай экени белгисиз, ага ишенүү ваажыб, ал жөнүндө суроо бидат". Анан сураган адамга: "Сенин жакшы эмес адам экениңди көрүп турам" - деп, аны чыгарып жиберүүгө буйруган7. Ушул сыяктуу маани момундардын энеси Умму Саламадан (ага Аллах ыраазы болсун) да айтылган8.
Имам Абу Абдуррахман бин Мубарак (ага Аллах ырайым кылсын) минтип айткан: "Раббибиз асмандарынын үстүндө Арштан жогору, жараткандарынан ажыраган абалда экенин билебиз"9.
Аалымдардын бул жаатта айткан сөздөрү өтө көп. Анын баарын бул лекцияда айтып өтүү мүмкүн эмес. Ким көбүрөөк маалымат алгысы келсе, ахлу сунна аалымдарынын жазган китептерине кайрылсын. Мисалы, Абдулла бин Имам Ахмаддын "Сунна" китебине, улуу имам Мухаммад бин Хузайманын "Тавхид" китебине, Абу Касым ал-Лаалкаий ат-Табаринин "Сунна" китебине, Абу Бакр бин Абу Аасимдин "Сунна" китебине кайрылса болот. Ошондой эле шейхул Ислам Ибн Таямиянын Хама элине берген жоопторуна кайрылса болот. Ал жооптордо шейх ахлу суннанын акыйдасын ачыктап, алардын көптөгөн сөздөрүн келтирген. Ахлу суннанын айтканынын тууралыгына жана алар менен талашкандардын сөзүнүн ката, жараксыз экенине көптөгөн шарий жана акылий далилдерди келтирген өтө пайдалуу китеп.
Ошондой эле анын "Тадмурия" деп аталган китебинде бул теманы кеңири чечмелеген жана ахлу суннанын акыйдасын вахий жана акыл далилдери менен баяндаган. Ошондой эле карама-каршы сүйлөөчүлөргө акыйкатты көрсөткөн. Жакшылыкты көздөгөн жана чындыкты билүүнү каалаган илимдүүлөр үчүн бул ачык байкалат. Кыскасын айтканда: Ахлу Сунна вал жамааттын ысым-сыпаттар маселесиндеги ишеними – алар Аллах Таала Өзүнүн китебинде Өзүнө, же Анын элчиси Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өз сүннөтүндө Ага таандык кылган ысым-сыпаттарды жаратылгандарга окшоштурбастан бекемдешет. Алар Аллах Тааланы маанилерин жокко чыгаруудан таза аруулап, жаратылгандарга окшотуудан таза тутушат. Ошентип, алар карама-каршылыктан саламат болушкан. Алар Аллахтын ийгилиги менен бардык далилдерге таянып амал кылышты. Анткени Ал элчилерин жиберген акыйкатты карманган, ал үчүн аракетин жумшаган жана аны Аллахтан ыклас менен сураган адамды акыйкатка багыттап, анын далилин ачык кылып берүү – Аллахтын сүннөтүнөн. Аллах Таала минтип айткан:
﴿بَلۡ نَقۡذِفُ بِٱلۡحَقِّ عَلَى ٱلۡبَٰطِلِ فَيَدۡمَغُهُۥ فَإِذَا هُوَ زَاهِقٞ...﴾
"Биз Акыйкатты (Куранды) жалгандын үстүнө таштайбыз жана ал аны эзип, жанчып салат! Анан жалган жок болот". (Анбия, 18-аят)
Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿وَلَا يَأۡتُونَكَ بِمَثَلٍ إِلَّا جِئۡنَٰكَ بِٱلۡحَقِّ وَأَحۡسَنَ تَفۡسِيرًا33﴾
"Алар (мушриктер өз пикирин тастыктоо үчүн кайдагы бир) мисалдарды сага келтирчү болсо, Биз сага Акыйкатты (Куранды) жана (анын аяттары үчүн) эң жакшы түшүндүрмөлөрдү келтиребиз".
(Фуркан, 33-аят).
Ал эми ысым-сыпат маселесиндеги этикадда ахлу суннага каршы сүйлөгөндөр, сыпаттардан бекемдегенинде да, четке какканында да вахий жана акыл далилдерине карама-каршылыкка сөзсүз дуушар болушат. Ал-Хаафиз бин Касир (ага Аллах ырайым кылсын) өзүнүн белгилүү тафсир китебинде Аллах Тааланын төмөнкү аятынын тафсиринде, бул темада жакшы айтып кеткен:
﴿إِنَّ رَبَّكُمُ ٱللَّهُ ٱلَّذِي خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٖ ثُمَّ ٱسۡتَوَىٰ عَلَى ٱلۡعَرۡشِ...﴾
"Чынында, силердин Раббиңер Жер менен асмандарды алты күндө жаратып, андан кийин (жер-асмандардан да кең болгон) Арштан бийик болду..." (Аараф, 54-аят).
Анын пайдасы чоң болгону үчүн, бул жерде айтып коюу жакшы. Ал (ага Аллах ырайым кылсын) мындай деген:
"Бул тууралуу аябай көп сөздөр айтылган, бул жерде анын баарын айтууга мүмкүн эмес. Биз бул жерде жалаң гана абалкы өткөндөрдүн жолун жолдойбуз: Малик, ал-Авзаий, Ас-Саврий, Лайс бин Саад, Шаафи, Ахмад бин Ханбал, Исхак бин Рахавай ж.б. мурдагы жана азыркы аалымдар Аллахтын сыпаттары кандай айтылса, элестетпестен, окшотпостон жана жокко чыгарбастан ишенебиз дешкен. Окшоштуруучулардын зээнине келип жаткан сырткы мааниси Аллахтан кайтарылган. Анткени Аллах жаратылгандарга окшобойт.
﴿...لَيۡسَ كَمِثۡلِهِۦ شَيۡءٞۖ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ﴾
"... ага (Аллахка) эч нерсе окшобойт. Ал – Угуучу, Көрүүчү!" (Шуура, 11-аят). Тескерисинче, абал имамдар айткандай. Алардын бири, Имам Бухаринин устазы Наим бин Хаммад ал-Хузаий минтип айткан: «Ким Аллахты жаратылгандарга окшотсо, каапыр болот. Ким Аллах Өзүнө таандык кылган сыпатты четке какса, ал да каапыр болот»10, Аллах жана Анын элчиси Аллахты сыпаттаган сыпаттарда окшоштук жок. Ким ачык айкын аяттарда айтылган жана ишенимдүү хадистерде айтылган Аллахка таандык сыпаттардын баарын Аллахтын Өзүнө ылайык таандык кылып бекемдесе жана Аллахтан кемчиликтүү сыпаттарды кайтарса, мына ошол туура жолдо жүргөн болот11. Ибн Касирдин (Аллах аны ырайымына алсын) сөзү аяктады.
Ошондой эле Аллахка ыйман келтирүүгө төмөнкүлөр да кирет: ыйман - сөз жана амалдан турат. Ыйман таат-ибадат менен көбөйүп, күнөө кылуу менен азаят деген ишеним. Андыктан мусулмандардан кимдир бирөөнү ширк же каапырлыктан башка зына, уурулук, сүткордук, арак ичүү, ата-энени нааразы кылуу сыяктуу чоң күнөөлөрү үчүн, эгер ал бул күнөөлөрдү адал деп эсептебесе, каапырга чыгарууга болбойт. Аллах Таала минтип айткан:
﴿إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَغۡفِرُ أَن يُشۡرَكَ بِهِۦ وَيَغۡفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَن يَشَآءُ...﴾
"Чынында, Аллах Өзүнө бир нерсени шерик кылышканын кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендесинен кечирет...". (Ниса, 48-аят). Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан мутаватир хадистерде мындай деп айтылган:
«إِنَّ اللهَ يُخْرِجُ مِنَ النَّارِ مَنْ كَانَ فِي قَلْبِهِ مِثْقَالُ حَبَّةٍ مِنْ خَرْدَلٍ مِنْ إِيْمَانٍ».
"Чынында Аллах Таала, кимдин жүрөгүндө сары кычынын данындай ыйманы болсо, аны тозоктон чыгарат".12
Экинчи негиз: периштелерге ыйман келтирүү.
Бул өз ичине эки нерсени камтыйт: Биринчиси: Периштелерге жалпылай ыйман келтирүү; бул – Аллах Тааланын периштелери бар экенине, аларды таат-ибадат үчүн жаратканына ишенүү. Аларды минтип сыпаттаган:
﴿وَقَالُواْ ٱتَّخَذَ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَلَدٗاۗ سُبۡحَٰنَهُۥۚ بَلۡ عِبَادٞ مُّكۡرَمُونَ 26 لَا يَسۡبِقُونَهُۥ بِٱلۡقَوۡلِ وَهُم بِأَمۡرِهِۦ يَعۡمَلُونَ27 يَعۡلَمُ مَا بَيۡنَ أَيۡدِيهِمۡ وَمَا خَلۡفَهُمۡ وَلَا يَشۡفَعُونَ إِلَّا لِمَنِ ٱرۡتَضَىٰ وَهُم مِّنۡ خَشۡيَتِهِۦ مُشۡفِقُونَ28﴾
"(Мушриктер): «Чексиз Ырайымдуунун баласы бар» дешти. Аллах бала күтүүдөн Аруу -Таза. Андай эмес, алар (периштелер) урматтуу пенделер".
"Алар Андан (Аллахтан) озунуп сүйлөшпөйт. Алар анын буйругун гана аткарышат".
"(Аллах) Алардын келечектерин да, өтмүштөрүн да билет. Алар (Аллахтын алдында) Ал каалагандар үчүн гана колдоочу боло алышат. Алар Аллахтан коркуп, ырайымына жалдырап турушат". (Анбия, 26-28-аяттар).
Периштелердин түрлөрү көп, Аршты көтөрүп турууга буйрулгандары бар, бейиш менен тозокту көзөмөлдөгөндөрү бар, пенделердин иш-амалдарын жазып, сактап тургандары бар. Экинчиси: периштелерге кеңири түрдө ыйман келтирүү; бул – Аллах жана Анын элчиси атаган периштелерге ыйман келтирүү: вахийге милдеттендирилген Жебирейил, жамгырга милдеттендирилген Микайил, тозоктун сакчысы Малик жана сурду тартууга милдеттендирилген Исрафил. Алар тууралуу ишенимдүү хадистерде да айтылган, алардын бири Айша (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган ишенимдүү хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жан мактоосу болсун) минтип айткан:
«خُلِقَتِ الـمَلَائِكَةُ مِن نُورٍ، وَخُلِقَ الجَانُّ مِنْ مَارِجٍ مِنْ نَارٍ، وَخُلِقَ آدَمُ مِمَّا وُصِفَ لَكُم».
"Периштелер нурдан жаратылган, жиндер оттун жалынынан жаратылган, Адам болсо силерге сыпатталып айтылган нерседен (ылайдан) жаратылган".13 Имам Муслим "Сахих" китебинде риваят кылган.
Үчүнчү негиз: Китептерге ыйман келтирүү. Бул да эки нерсени өз ичине камтыйт:
Биринчиси: Аллах Таала Өзүнүн акысын билдирүү жана ага чакыруу үчүн элчи-пайгамбарларына китептерди түшүргөнүнө жалпылай ыйман келтирүү. Аллах Таала минтип айткан:
﴿لَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا رُسُلَنَا بِٱلۡبَيِّنَٰتِ وَأَنزَلۡنَا مَعَهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمِيزَانَ لِيَقُومَ ٱلنَّاسُ بِٱلۡقِسۡطِ...﴾
"Биз пайгамбарларыбызды анык далилдер менен жиберип, аларга Китепти жана адилдикти түшүрдүк, адамдар теңдик менен (жашап) туруулары үчүн...". (Хадид, 25-аят). Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿كَانَ ٱلنَّاسُ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ فَبَعَثَ ٱللَّهُ ٱلنَّبِيِّـۧنَ مُبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ وَأَنزَلَ مَعَهُمُ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ لِيَحۡكُمَ بَيۡنَ ٱلنَّاسِ فِيمَا ٱخۡتَلَفُواْ فِيهِ...﴾
"Адамдар (мурда) бир (динди гана кармаган) үммөт болгон. Анан Аллах, (бейиштен) сүйүнүчтүү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү пайгамбарларды жиберип, адамдар арасындагы талашкан нерседе (динде) өкүм кылуу үчүн аларга (Аллахка гана сыйынуу жөнүндөгү) чындыкты камтыган китепти түшүрдү...".
(Бакара, 213-аят).
Экинчиси: Китептерге толук ыйман келтирүү; бул – Аллах Таала атаган китептерге: Тоорат, Инжил, Забур жана Куранга ишенүү. Куран алардын эң абзели, акыркысы, үстөмдүк кылуучусу жана тастыктоочусу. Ал бардык үммөт Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ишенимдүү сүннөтү менен бирге ээрчий турган жана өкүмүнө баш ийе турган китеп. Анткени Аллах Таала пайгамбарыбыз Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) адамдарга жана жиндерге пайгамбар кылып жиберген. Ага алардын арасында өкүм кылуусу үчүн Куранды түшүргөн. Аны жүрөктөргө шыпаа, бардык нерсенин баяны, туура жол көрсөтүүчү жана ыймандууларга ырайым кылган. Аллах Таала минтип айткан:
﴿وَهَٰذَا كِتَٰبٌ أَنزَلۡنَٰهُ مُبَارَكٞ فَٱتَّبِعُوهُ وَٱتَّقُواْ لَعَلَّكُمۡ تُرۡحَمُونَ155﴾
"Биз сага бул Китепти (Куранды) куттуу кылып түшүрдүк. Ушуга ээрчигиле жана (Аллахтан) корккула! Ырайымына арзып калсаңар, ажеп эмес!" (Анаам, 155-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:
﴿...وَنَزَّلۡنَا عَلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ تِبۡيَٰنٗا لِّكُلِّ شَيۡءٖ وَهُدٗى وَرَحۡمَةٗ وَبُشۡرَىٰ لِلۡمُسۡلِمِينَ﴾
"Биз сага Китепти (Куранды) ар бир нерсеге баяндама, туура жол, ырайым жана мусулмандар үчүн жакшы кабар иретинде түшүрдүк". (Нахл, 89-аят). Аллах Таала мындай деген:
﴿قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُمۡ جَمِيعًا ٱلَّذِي لَهُۥ مُلۡكُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۖ فَـَٔامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِ ٱلنَّبِيِّ ٱلۡأُمِّيِّ ٱلَّذِي يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ وَكَلِمَٰتِهِۦ وَٱتَّبِعُوهُ لَعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ158﴾
"Айт: “О адамдар! Мен силердин баарыңарга жиберилген Аллахтын элчиси боломун! (Аллах) ушундай: Асмандар жана жер мүлкү Аныкы. Андан башка эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал өлтүрөт жана тирилтет. Эми, Аллахка жана Анын эч кимден сабак албаган, элчи пайгамбарына ыйман келтиргиле! Ал пайгамбар (дагы) Аллахка, Анын сөздөрүнө ыйман келтирет. Туура жолго түшүүгө үмүтүңөр болсо, ошону гана эрчигиле". (Аараф, 158-аят). Бул маанидеги аяттар өтө көп.
Төртүнчү негиз: Элчилерге ыйман келтирүү.
Бул дагы эки ишти өзүнө камтыйт: Биринчи: Элчилерге жалпылай ыйман келтирүү. Бул – Аллах Таала пенделерине өздөрүнөн болгон элчилерди жибергенине ишенүү. Алар бейишти сүйүнчүлөп, тозокту эскертип, акыйкатка чакырышат. Ким алардын чакырыгын кабыл кылса, бакытка жетет. Ким алардын чакырыгын кабыл кылбаса, өкүнүч менен уттурат. Пайгамбарлардын акыркысы жана эң абзели биздин пайгамбарыбыз Абдуллахтын уулу Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактосу болсун). Аллах Таала бул тууралуу минтип айткан:
﴿وَلَقَدۡ بَعَثۡنَا فِي كُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱجۡتَنِبُواْ ٱلطَّٰغُوتَ...﴾
"Биз ар бир элге «Аллахка гана ибадат кылгыла, (башка) “кудайлардан” алыс болгула (деп айта турган) пайгамбарларды жибергенбиз...". (Нахл, 36-аят). Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿رُّسُلٗا مُّبَشِّرِينَ وَمُنذِرِينَ لِئَلَّا يَكُونَ لِلنَّاسِ عَلَى ٱللَّهِ حُجَّةُۢ بَعۡدَ ٱلرُّسُلِ...﴾
«(Кыяматта) адамдардын колунда Аллахка каршы далил болуп калбаш үчүн (Биз) (ыйман келтиргендерге) бейиштен сүйүнчү кабар берүүчү жана (каапыр болгондорду) тозок менен коркутуучу пайгамбарларды (бардык элдерге жибергенбиз)...». (Ниса, 165). Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿مَّا كَانَ مُحَمَّدٌ أَبَآ أَحَدٖ مِّن رِّجَالِكُمۡ وَلَٰكِن رَّسُولَ ٱللَّهِ وَخَاتَمَ ٱلنَّبِيِّـۧنَ...﴾
"(О ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы..." (Ахзаб сүрөсү, 40-аят).
Экинчи: Пайгамбарларга жекече ыйман келтирүү. Бул – Аллах Таала Өзү атаган, же Анын Элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) атаган пайгамбарларга жеке, ысымдары менен ыйман келтирүү. Мисалы, Нух, Худ, Салих, Ибрахим жана башкалар сыяктуу. Аларга, алардын үй-бүлөсүнө жана ээрчүүчүлөрүнө Аллахтын саламы жана салаваты болсун.
Бешинчи негиз: Акырет күнүнө ыйман келтирүү
Бул өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:
Аллах жана Анын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) кабарлаган, өлүмдөн кийин боло турган бардык нерселерге ыйман келтирүү; мисалы: кабыр сыноосу, кабырдын азабы жана ырахаты, Кыямат күнү боло турган коркунучтуу жана оор абалдар, Кыл көпүрө, Тараза, Эсеп-кысап, Жазага тартуу, адамдарга амал китептеринин таратылышы; китебин оң жагынан же сол жагынан, же арт тарабынан алуу, ж.б.
Мындан сырткары пайгамбарыбыз Мухаммадга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) таандык болгон Хавз көлүнө, бейиш менен тозокко, ыймандуулардын Раббисин көрүүсүнө жана Анын аларга сүйлөөсүнө, ошондой эле Куранда жана Пайгамбардын ишенимдүү сүннөтүндө келген башка нерселердин баарына ыйман келтирүү да кирет. Пенде булардын баарына Аллах жана Анын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баяндагандай таризде ыйман келтирип, тастыктоосу ваажыб.
Алтынчы негиз: Тагдырга ыйман келтирүү
Бул өз ичине төрт маселени камтыйт:
Биринчиси: Аллах Таала өтмүштү да, келечекти да билет. Ал пенделеринин абалын билген, алардын ырыскысын, ажалын, кыла турган амалдарын ж.б. иштерин билген. Ага булардын эч бири жашыруун эмес - деп ыйман келтирүү. Ал минтип айтат:
﴿...وَٱعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عَلِيمٞ﴾
"... жана билип алгыла: Аллах ар кандай нерсени Билүүчү". (Бакара, 231-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:
﴿...لِتَعۡلَمُوٓاْ أَنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ قَدِيرٞ وَأَنَّ ٱللَّهَ قَدۡ أَحَاطَ بِكُلِّ شَيۡءٍ عِلۡمَۢا﴾
"... Аллах ар нерсеге кудуреттүү экенин жана Аллах ар нерсени илими менен камтып алганын билишиңер үчүн...". (Талак, 12-аят).
Экинчиси: Аллах Таала бардык тагдыр жана өкүм кылган иштерди жазып койгонуна ыйман келтирүү. Аллах Таала минтип айткан:
﴿قَدۡ عَلِمۡنَا مَا تَنقُصُ ٱلۡأَرۡضُ مِنۡهُمۡۖ وَعِندَنَا كِتَٰبٌ حَفِيظُۢ 4﴾
"Биз, жер алардан (алардын денелеринен «жеп») кемиткен нерсени билдик. Биздин алдыбызда (бардык нерсенин илимин Өзүндө) сактоочу Китеп (Лавхул Махфуз) бар". (Коф, 4-аят). Аллах Таала мындай деген:
﴿...وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ فِيٓ إِمَامٖ مُّبِينٖ﴾
"... Биз бардык нерсени Анык Китепте (алдын ала) эсептеп койгонбуз". (Йасин, 12-аят). Аллах Таала дагы мындай деген:
﴿أَلَمۡ تَعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّ ذَٰلِكَ فِي كِتَٰبٍۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ70﴾
"(О Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар. Бул Аллахка жеңил". (Хаж, 70-аят).
Үчүнчүсү: Аллах Тааланын каалоосуна ыйман келтирүү. Ал эмнени кааласа болот, каалабаганы болбойт. Аллах Таала минтип айткан:
﴿...إِنَّ ٱللَّهَ يَفۡعَلُ مَا يَشَآءُ﴾
"... Аллах каалаган нерсесин жасайт". (Хаж, 18-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:
﴿إِنَّمَآ أَمۡرُهُۥٓ إِذَآ أَرَادَ شَيۡـًٔا أَن يَقُولَ لَهُۥ كُن فَيَكُونُ82﴾
"Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши «Бол!» деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат". (Йасин, 82-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:
﴿وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ29﴾
"... силер (о пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!". (Таквир, 29-аят).
Төртүнчү: Бардык нерсени Аллах Таала жаратканына ыйман келтирүү. Андан башка Жаратуучу да, Рабби да жок. Аллах Таала минтип айткан:
﴿ٱللَّهُ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ وَكِيلٞ62﴾
"Аллах – бардык нерселердин Жаратуучусу! Ал – бардык нерсенин Коргоочу-Сактоочусу!" (Зумар, 62-аят). Аллах Таала мындай деген:
﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ ٱذۡكُرُواْ نِعۡمَتَ ٱللَّهِ عَلَيۡكُمۡۚ هَلۡ مِنۡ خَٰلِقٍ غَيۡرُ ٱللَّهِ يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَۖ فَأَنَّىٰ تُؤۡفَكُونَ3﴾
"О адамдар! Аллахтын берген жакшылыктарын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллахтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар?!" (Фатир, 3-аят).
Тагдырга ыйман келтирүү ушул төрт иштин баарына ишенүүнү өзүнө камтыйт. Бул ахлу сунна вал жамааттын ишеними. Бул ишеним булардын кээ бирин четке каккан бидаатчылардын ишенимине тескери келет.
Ахли сүннөт ишенген туура акыйдадагы маанилүү маселелерден болуп булар эсептелет: Аллах үчүн жакшы көрүү, Аллах үчүн жек көрүү, Аллах үчүн достошуу жана Аллах үчун душмандашуу. Бул – Дос тутуу ишеними, жана ал Аллах Таалага ыйман келтирүүдөн болуп эсептелет.
Ыймандуу адам ыймандууларды жакшы көрүп, алар менен достошот, ал эми каапырларды жек көрүп, душмандашат. Бул үммөттө ыймандуулардын башында – Ахлу сунна вал жамаат ишеними айткандай – пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабалары турат. Ыймандуулар аларды жакшы көрүшөт, дос тутушат жана пайгамбарлардан кийинки эле эң жакшы адамдар деп ишенишет. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«خَيْرُ القُرُونِ قَرْنِي ثُمَّ الَّذِينَ يَلُونَهُمْ ثُمَّ الَّذِينَ يَلُونَهُم».
"Муундардын эң жакшысы - менин муунум. Андан соң алардан кийин келгендер. Андан соң алардан кийин келгендер".14 Бухари жана Муслимдиин китептеринде айтылган.
Алар сахабалардын эң абзели Абу Бакр Сыддык, андан кийин Умар ал-Фарук, андан кийин Усман Зуннуройн, анан Али Муртазо (аларга Аллах ыраазы болсун), алардан кийин бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын калганы, андан кийин башка сахабалар (аларга Аллах ыраазы болсун) экенине ишенишет. Сахабалардын ортосунда болгон кээ бир иштерге кийлигишпейт. Бул иштерде алар ижтихад кылган деп ишенишет. Алардын кимиси туура болсо, ага эки сооп, кимиси ката болсо, ага бир сооп.
Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) үй-бүлө мүчөлөрүнөн болгон ыйман келтиргендерди жакшы көрүшөт жана аларды өздөрүнө дос тутушат. Аллахтын элчисинин аялдарын ыймандуулардын энеси деп кам көрүшөт жана алардын баарына ыраазылык айтышат. Ыймандуулар бул жолду Рофидалардын жаман жолунан таза деп эсептешет. Рофидалар
Аллахтын элчисинин сахабаларын жек көрүшө, тил тийгизишет. Үй-бүлөсү тууралу чектен чыкан сөздөрдү айтышат. Аларды Аллах берген орундан жогору коюшат. Ошондой эле ыймандуулар бул жолду навасибдердин жолунан таза деп эсептешет. Навасибдер Аллахтын элчисинин үй-бүлөсүнө тили жана амалы менен акаарат кылышат.
Биз айтып өткөндөрдүн баары Аллах Таала Өзүнүн Элчиси Мухаммадды (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөнөткөн туура акыйдага кирет. Бул - ишенүү важиб болгон, бекем кармай турган, анын үстүндө туруктуу боло турган жана ага каршы келген нерселерден сактана турган акыйда. Бул, адашуудан кутулган Ахли Сунна вал жамаат мазхабынын акыйдасы. Бул тууралуу пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«لَا تَـزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي ظَاهِرِينَ عَلَى الحَقِّ، لَا يَضُرُّهُمْ مَنْ خَذَلَهُمْ، حَتَّى يَأْتِيَ أَمْرُ اللهِ وَهُمْ كَذَلِكَ».
«Меним үммөтүмдөн акыйкатты үстөм кармаган бир топ дайыма болот, аларга жардам бербегендер зыянын тийгизе албайт. Аллахтын буйругу (Кыямат) келгенге чейин алар ошол абалында болушат».15 Бир риваятта мындай деген:
«لَا تَزَالُ طَائِفَةٌ مِنْ أُمَّتِي عَلَى الحَقِّ مَنْصُورَةٌ».
«Меним үммөтүмдөн акыйкатты карманган, (Аллахтын) жардамы келип турган топ болот»16, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:
«افْتَرَقَتِ اليَهُودُ عَلَى إِحْدَى وَسَبْعِينَ فِرْقَةً، وَافْتَرَقَتِ النَّصَارَى عَلَى اثْنَتَيْنِ وَسَبْعِينَ فِرْقَةً، وَسَتَفْتَرِقُ هَذِهِ الأُمَّةُ عَلَى ثَلَاثِ وَسَبْعِينَ فِرْقَةً كُلُّهَا فِي النَّارِ إِلَّا وَاحِدَةً فَقَالَ الصَّحَابَةُ: مَنْ هِيَ يَا رَسُولَ اللهِ؟ قَالَ: مَنْ كَانَ عَلَى مِثْلِ مَا أَنَا عَلَيْهِ وَأَصْحَابِي».
Яхудилер жетимиш бир агымга бөлүнгөн. Христиандар жетимиш эки агымга бөлүнгөн. Бул үммөт болсо жетимиш үч агымга бөлүнөт. Анын бирөөнөн башкасы баары тозокто болот". Сахабалар: "Ал бирөөсү кимдер?" - деп сурайт. "Мен жана менин сахабаларым карманган жолду кармангандар" - деп жооп берген."17
Туура акыйдага каршы келген пикирлер:
Бул акыйдадан четтеп, анын каршысын кармангандардын түрү көп. Алардын кээ бири: буркандарга, айкелдерге, периштелерге, олуяларга, жиндерге, бак-даракка, тоо-ташка ж.б. сыйынгандар. Булар элчи-пайгамбарлардын чакырыгын кабыл кылышкан эмес. Тескерисинче, аларга каршы болуп, тоңмоюндук кылышкан. Курайштар жана башка араптар пайгамбарыбызга каршы чыккан сыяктуу. Алар өздөрү сыйынган нерседен муктаждыктарын чечүүнү суранышкан, ооруга шыпаа тилешкен, душманга каршы жардам күтүшкөн, аларга арнап курмандык чалып, аларга назр кылышкан. Качан Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды бул иштеринен тыйып, жалгыз Аллахтын Өзүнө ыклас менен ибадат кылууга чакырганда, ага таң калышып, андан баш тартышты. Алар мындай дешти:
﴿أَجَعَلَ ٱلۡأٓلِهَةَ إِلَٰهٗا وَٰحِدًاۖ إِنَّ هَٰذَا لَشَيۡءٌ عُجَابٞ5﴾
"Ал (биздин) көп кудайларды бир эле Кудай кылат бекен?! Бул өтө таң калычтуу нерсе!» – дешти". (Сад, 5-аят).
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларды Аллахка чакырып, ширктен тыйып эскертип, аларды чакырып жаткан диндин акыйкатын аларга түшүндүрүп, анан алардын ичинен Аллах туура жолго салгандары динди кабыл кыла баштады. Андан кийин Аллахтын динине топ-топ болуп киришти. Пайгамбарыбыздын, анын сахабаларынын жана аларды ээрчигендердин талыкпаган чакырыгынан жана жихадынан кийин Ислам дини башка диндерден бийик болуп ачыкка чыкты. Кийин абал кайра өзгөрүп, көпчүлүк адамдарда илимсиздик күчөдү. Көп адамдар жахилият динине кайтып кетишти. Алар пайгамбарларды, олуяларды чегинен ашырып, аларга дуба кылып, жардам тилеп ж.б.ширктин түрлөрүн кылышты. Арап каапырлары "Лаа илааха иллаллах" келмесинин маанисин билгенчелик алар келменин маанисин билбей калышты. Аллахтан гана жардам сурайбыз.
Пайгамбарчылыктан кийинки доорлордо илимсиздиктин айынан бул ширктер адамдарга жайылып биздин заманга чейин жетти.
Кийинкилердин шек-күмөнү деле мурункулардыкына окшош, алардын айткан сөздөрү мындай болчу:
﴿...هَٰٓؤُلَآءِ شُفَعَٰٓؤُنَا عِندَ ٱللَّهِ...﴾
"Ушулар Аллахтын алдындагы биздин колдоочуларыбыз..." (Юнус, 18-аят), Алар дагы мындай дешкен:
﴿...مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ...﴾
"Биз буркандарга, алар бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз..." (Зумар, 3-аят) Аллах Таала бул күмөндү жокко чыгарып, Андан башкага сыйынган ар бир адам – ал ким болбосун – Ага шерик кошуп, каапыр болоорун баяндаган. Аллах Таала минтип айткан:
﴿وَيَعۡبُدُونَ مِن دُونِ ٱللَّهِ مَا لَا يَضُرُّهُمۡ وَلَا يَنفَعُهُمۡ وَيَقُولُونَ هَٰٓؤُلَآءِ شُفَعَٰٓؤُنَا عِندَ ٱللَّهِ...﴾
"(Мушриктер) Аллахтан башка, пайда да, зыян да жеткире албай турган нерселерге ибадат кылып: “Ушулар Аллахтын алдындагы биздин колдоочуларыбыз” - дешти". (Юнус, 18-аят). Аллах алардын айтканын четке кагып мындай деди:
﴿قُلۡ أَتُنَبِّـُٔونَ ٱللَّهَ بِمَا لَا يَعۡلَمُ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِي ٱلۡأَرۡضِۚ سُبۡحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشۡرِكُونَ18﴾
«Айткын: «Силер Аллахка асмандар жана жердеги билбеген “шериктерин” билгизип коймок болдуңарбы?!» Ал (мушриктер ойлогондой болуудан) Таза жана алардын ширктеринен Бийик!»
(Юнус, 18-аят).
Аллах Таала төмөнкү аятта Өзүнөн башкага болгон ибадат, мейли ал пайгамбар, олуя ж.б. болсун, аны кандай ат менен аташпасын баары бир ал чоң ширк экенин баяндаган:
﴿...وَٱلَّذِينَ ٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ أَوۡلِيَآءَ مَا نَعۡبُدُهُمۡ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَآ إِلَى ٱللَّهِ زُلۡفَىٰٓ...﴾
"Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (Зумар, 3-аят). Андан кийин Аллах Таала алардын айтканын төмөнкү сөзү менен жокко чыгарат:
﴿...إِنَّ ٱللَّهَ يَحۡكُمُ بَيۡنَهُمۡ فِي مَا هُمۡ فِيهِ يَخۡتَلِفُونَۗ إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَهۡدِي مَنۡ هُوَ كَٰذِبٞ كَفَّارٞ﴾
"Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!" (Зумар, 3-аят).
Аллах Таала Өзүнөн башкага дуба кылуу, коркуп, үмүт кылуу сыяктуу ибадаттар менен сыйынуу Өзүнө (Аллахка) каапырлык кылуу экенин жана алар кудайларыбыз Аллахка жакындатат деген сөздөрүндө жалганчы экенин баяндаган.
Таза акыйдага каршы, пайгамбарлар алып келген динге тескери келген акыйдалардын дагы бири, азыркы замандагы Маркс, Ленин ж.б. түзгөн атеисттик көз караштагы каапыр акыйдасы. Аны социализм деп атайбы, коммунизм деп атайбы, же басизм дейби, же башка аталыш менен атайбы айырмасы жок, бул атеисттик көз караштын негизи - кудай жок, тирүүлүк бул материя деген көз караш.
Алардын ишениминин негиздеринде кайра тирилүүнү четке кагуу, бейиш менен тозокту четке кагуу, бардык диндерге ишенбөөчүлүк бар. Алардын китептерин карап, ишенимдерин изилдеген адам муну анык билет. Бул ишеним бардык асмандан түшкөн диндерге каршы келеринде жана буга ишенгендер бул дүйнөдө жана акыретте эң жаман кесепеттерге туш болору шексиз.
Акыйкатка каршы келген ошондой акыйдалардын бири, кээ бир суфийлердин өздөрү олуя деп атаган адамдарды Аллахка ааламды башкарууда шерик кылып алышканы. Аларды Актаб, Автад, Агвас ж.б. аталыштар менен кудай кылып атап алышкан. Бул рубубияттагы ширк, жана ал Аллах Таалага кылынган ширктин эң чоң түрлөрүнүн бири.
Жахилият доорундагы мурдагылардын ширкин кийинкилердин арасында жайылган ширк менен салыштырып караган адам, кийинкилердин ширки алда канча чоң жана оор экенин көрөт. Мунун баяны төмөнкүдөй: Исламга чейинки доордогу араб каапырлары эки нерсе менен айырмаланышкан: Биринчиси: Алар рубубиятта ширк кылышчу эмес, алардын ширки ибадатта гана болгон. Алар Аллах Тааланын рубубиятта жалгыз экенин моюндашкан. Аллах Таала минтип айткан:
﴿وَلَئِن سَأَلۡتَهُم مَّنۡ خَلَقَهُمۡ لَيَقُولُنَّ ٱللَّهُ...﴾
"Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, «Аллах», дешет...". (Зухруф, 87-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:
﴿قُلۡ مَن يَرۡزُقُكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِ أَمَّن يَمۡلِكُ ٱلسَّمۡعَ وَٱلۡأَبۡصَٰرَ وَمَن يُخۡرِجُ ٱلۡحَيَّ مِنَ ٱلۡمَيِّتِ وَيُخۡرِجُ ٱلۡمَيِّتَ مِنَ ٱلۡحَيِّ وَمَن يُدَبِّرُ ٱلۡأَمۡرَۚ فَسَيَقُولُونَ ٱللَّهُۚ فَقُلۡ أَفَلَا تَتَّقُونَ31﴾
(О Мухаммад, мушриктерге) айт: “Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллах” – деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?”. (Юнус, 31-аят). Бул маанидеги аяттар өтө көп.
Экинчиден: алардын ибадаттагы ширки дайыма болгон эмес, ал бир гана бейпил мезгилде болгон. Ал эми кыйынчылык мезгилде алар Аллахка калыс ибадат кылышкан. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:
﴿فَإِذَا رَكِبُواْ فِي ٱلۡفُلۡكِ دَعَوُاْ ٱللَّهَ مُخۡلِصِينَ لَهُ ٱلدِّينَ فَلَمَّا نَجَّىٰهُمۡ إِلَى ٱلۡبَرِّ إِذَا هُمۡ يُشۡرِكُونَ65﴾
"Эгер алар кемеге түшүшсө (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллахтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба (ибадат) кылышат. Ал эми, Аллах аларды (апааттан) куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат". (Анкабут, 65-аят).
Кийинки мушриктер мурдагыларга караганда эки тараптан кошумча ширк кылышты: Биринчиси: Айрымдарынын рубубиятта ширк келтирүүсү. Экинчиси: бейпилдиктеги жана кыйынчылыктагы ширктери. Муну аларга аралашып, алардын иштерин изилдеп көргөндөр жана алардын төмөнкүлөрдүн кабырына барып дуба кылып жатканын көргөндөр жакшы билет. Мисирдеги Хусейндин, Бадавинин, Адендеги ал-Айдарустун, Йемендеги ал-Хаадинин, Шамдагы Ибн Арабинин, Ирактагы Абдулкадыр Жайланинин ж.б. белгилүү кабырларды ыйыктап, Аллахтын көп акыларын аларга арнашат. Аларды мындан тыйган, Аллах Таала пайгамбарыбызды жана мурдагы пайгамбарларды жиберген таза акыйданы баяндаган адамдар аз. Баарыбыз Аллахка таандыкпыз, баарыбыз Ага кайтабыз.
Дагы ошондой туура акыйдага каршы келген акыйдалардын бири - Аллах Тааланын ысым-сыпаттарына байланыштуу бидаатчы жахмия, муътазила жана алардын жолун жолдоп, Аллахтын сыпаттарын четке каккандардын акыйдасы. Алар Аллахтын сыпаттарын жокко чыгарган. Аны кемчиликсиз сыпаттарынан ажыратып, такыр жок болгон, жансыз жана болбой турган сыпаттар менен сыпатташат. Аллах алардын айткан сөздөрүнөн өтө бийик, таза.
Дагы мындай акыйдага ашарилер сыяктуу Аллахтын кээ бир сыпатын бекемдеп, кээ бир сыпатын жокко чыгаргандар да кирет. Аларга далилдерин бурмалап, четке каккан сыпаттарда да бекемдеген сыпаттарында качкан нерселерден качуулары зарыл болот.
Мунусу менен алар самий (Куран, хадисте келген) жана аклий далилдерге каршы болушту. Ушинтип мында өздөрүнө ачык карама-каршы келишкен.
Ал эми ахлу сунна вал жамат: Аллах Таала Өзүнө таандык кылган жана Анын элчиси Ага таандык кылган ысым-сыпаттардын баарын толук бойдон Ага таандык деп эсептеп, бекемдешет. Аны жаратылгандарга окшотуудан таза тутуп, маанилерин жокко чыгаруудан таза аруулашты. Бурмалабастан, маанилерин жокко чыгарбастан далилдердин баарына амал кылышты. Ошондуктан алар жогоруда айтылгандай, башкалар дуушар болгон карама-каршылыктан саламат болушту.
Мына ушул кутулуунун, дүйнө жана акыреттеги бакыттын жолу. Бул - үммөттүн башында турган абалкы мусулмандар жана алардын имамдары карманган туура жол. Кийинки келгендер мурдагы келгендер оңолгон нерсе менен гана оңоло алышат. Ал Аллахтын китебине жана сүннөткө ээрчүү жана аларга каршы келген нерсени таштоо. Аллах Тааладан үммөттү акылына келтирүүсүн, анын арасынан туура жолго чакыруучуларды көбөйтүүсүн, анын башчылары менен аалымдарына ширкке каршы күрөшүүгө, аны жоюуга жана ага алып баруучу жолдордон эскертүүгө ийгилик берүүсүн тилейбиз. Ал - Жакын жана Угуучу. Аллах ийгилик Ээси, Ал бизге жетиштүү, Ал эң жакшы - Вакиил (жөлөк), жана Андан башка күч да, кубат да жок. Аллахтын кулу жана элчиси, пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа салламга, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын салам-салаваты болсун.
***
ky397v4.0 - 17/11/2026
Имам Бухари, 2856. Имам Муслим, 30.
Лалкаи, Шарх Усул ал-Иътикад, 735. Ибн Абдул-Барр, Жаамиъ ал-Илм ва Фадлихи, 1801. Бирок анда “сыпат аяттары” дегендин ордуна “хадистер” деп келет жана тексти төмөнкүдөй: "Бул хадистерди кандай келсе, ошондой риваят кылгыла жана ал тууралуу талашып-тартышпагыла".
(Аль-Байхаки; «Аль-Асмаа вас-Сыфат», 865. Ибн Таймия; «Аль-Хамавия китебинин 269-бетинде санадын сахих деген». Аз-Захаби; «Аль-Ард», 2/223 риваят кылуучулардын баары ишенимдүү имамдар деген).
Ал-Лалакаи, Шарх Усул ал-Иътикад, 930; Байхаки, Ал-Асмаа вас-Сифат, 955.
Ал-Лалакаи, Шарх Усул ал-Иътикад, 665; Байхаки, Ал-Асмаа вас-Сифат, 868.
Ал-Лалакаи, Шарх Усул ал-Иътикад, 664; Абу Нуайм, Хилятул-Авлия, 6/325; Аль-Байхаки, Ал-Асмаа вас-Сифат, 867.
Аль-Музакки, Аль-Музаккият, 29; Ибн Батта, Аль-Ибаана, 120; Аль-Лалакаи, «Шарх Усул аль-Иътикад», 663.
Даримий, 67. Байхаки, 903.
(Аз-Захаби, «Ал-Улув», 464; Албани «Мухтасар ал-Улув» (184) китебинде чынжыр тизмеги ишенимдүү жана белгилүү деген).
Тафсир ибн Касир, 3\426, 427.
Имам Бухари, 22. Абу Саид ал-Худриден (Аллах ага ыраазы болсун).
(Муслим, 2996. Айша (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган).
Имам Бухари, 3651. Имам Муслим, 2533.
(Муслим, 1920. Саубандын (Аллах андан ыраазы болсун) хадисинен)
(Ибн Маажа, 3952. Ибн Хиббан, 6714. Хааким, 8653)
Тирмизий, 2641. Албаний, "Сахих Жаамиъ", 5343.
Имам Муслим, 8.