Мусулман адам билүүсү важиб болгон нерселер (Кыргызча)

  • earth Тил
    (Кыргызча)
  • earth Автор:
    اللجنة العلمية برئاسة الشؤون الدينية بالمسجد الحرام والمسجد النبوي

Башка котормолор 57

nl هولندي- Nederlands mk مقدوني- македонски te تلغو- తెలుగు sw سواحيلي- Kiswahili rw كينيارواندا- Kinyarwanda ru روسي- Русский es إسباني- español ms ملايو- Melayu ka جورجي- ქართული tl فلبيني تجالوج- Tagalog zh صيني- 中文 gu غوجاراتية- ગુજરાતી fr فرنسي- Français ps بشتو- بشتو id إندونيسي- Indonesia hi هندي- हिन्दी ar عربي- العربية bn بنغالي- বাংলা ha هوسا- Hausa ky قرغيزي- Кыргызча fa فارسي- فارسي ur أردو- اردو en إنجليزي- English da دنماركي- dansk hu هنجاري مجري- magyar tg طاجيكي- тоҷикӣ ta تاميلي- தமிழ் th تايلندي- ไทย ml مليالم- മലയാളം si سنهالي- සිංහල uz أوزبكي- Ўзбек ne نيبالي- नेपाली om أورومو- afaan oromoo am أمهري- አማርኛ tr تركي- Türkçe ti تجريني- ትግርኛ so صومالي- Soomaali vi فيتنامي- Tiếng Việt kk كازاخي- қазақ тілі no نرويجي- Norwegian mfe كريولي- créole ko كوري- 한국어 bs بوسني- bosanski mg ملاغاشي- Malagasy sn الشونا- Shona mos موري- Mõõré ro روماني- română yo يوربا- Èdè Yorùbá prs دري- فارسی دری dyo جوالا- Jóola st سوتي- Sesotho ig إيجبو- Igbo az أذري- azərbaycanca cs تشيكي- čeština lt ليتواني- lietuvių sv سويدي- svenska af أفريقاني- Afrikaans
PHPWord

 

 

 

مَا لَا يَسَعُ المُسْلِمَ جَهْلُهُ

 

 

Мусулман адам билүүсү важиб болгон нерселер

 

 

 

اللَّجْنَةُ العِلْمِيَّةُ

بِرِئَاسَةِ الشُّؤُونِ الدِّينِيَّةِ بِالمَسْجِدِ الحَرَامِ وَالمَسْجِدِ النَّبَوِيِّ

 

 

 


بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

Мусулман адам билүүсү важиб болгон нерселер

Киришүү

Ааламдардын Раббисине алкыш-мактоолор болсун. Ааламдарга ырайым катары жиберилген пайгамбарга, анын сахабаларына, үй-бүлөсүнө, анын сүннөтүн кармангандарга жана анын туура жолунда жүргөндөргө Аллахтын саламы жана салаваты болсун. Андан кийин айтарым:

"Бул кичине китеп мусулмандын ишениминде, ибадаттарында жана мамилелеринде эң зарыл болгон маселелерди камтыйт. Биз аны эки ыйык мечитке (Харам менен Масжид ан-Набавийге) зыярат кылуучулар үчүн топтоштурдук. Алар дин иштерин илимдүүлүк менен терең билүүсү керек. Берешен, кең пейил Аллах Тааладан бул китепти пайдалуу кылуусун, аны салих амалдардын катарында кылуусун жана Өзүнүн гана ыраазылыгы үчүн кабыл кылуусун үмүт кылабыз. Ал андан суралуучулардын эң жакшысы, андан үмүт кылынгандардын эң берешени."

Харам жана Набави мечиттеринин Диний иштери боюнча башкармалыктын алдындагы илимий комитет.

Чексиз Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).

Биринчи бөлүм:

Акыйдага тиешелүү маселелер:

Биринчи сабак: Исламдын мааниси жана түркүктөрү:

Ислам – бул, Аллахты жалгыз деп билип, Ага багынуу, Ага ибидат кылуу менен моюн сунуу, ширк жана ширк кылуучулардан алыс болуу.

Исламдын беш түркүгү бар.

Биринчи түркүгү: Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүү.

Экинчи түркүгү: Намаз окуу.

Үчүнчү түркүгү: Зекет берүү.

Төртүнчү түркүгү: Рамазан айында орозо кармоо.

Бешинчи түркүгү: Мүмкүнчүлүгү жеткен адамга өмүрүндө бир жолу ажылык ибадатын аткаруу.

Тавхиддин зарылдыгы:

Аллах Таала калкты Өзүнө эч нерсени шерик кылбастан ибадат кылуусу үчүн жараткан. Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَمَا خَلَقۡتُ ٱلۡجِنَّ وَٱلۡإِنسَ إِلَّا لِيَعۡبُدُونِ 56﴾

"Мен жиндер жана инсандарды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым". (Зарият, 56-аят). Бул ибадаттарды илим алуу аркылуу гана билүүгө болот. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿فَٱعۡلَمۡ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ وَٱسۡتَغۡفِرۡ لِذَنۢبِكَ وَلِلۡمُؤۡمِنِينَ وَٱلۡمُؤۡمِنَٰتِۗ وَٱللَّهُ يَعۡلَمُ مُتَقَلَّبَكُمۡ وَمَثۡوَىٰكُمۡ 19﴾

(О Мухаммад!) Билгин, эч бир кудай жок, жалгыз Аллах бар! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн жана момун эркек, момун аялдар үчүн Аллахтан кечирим сура! Аллах силердин кыймыл-аракетиңерди (күндүзгү) жана туруктуулугуңарды (түнкү эс алуу) билет. Мухаммад, 19-аят. Алла Таала сөздөн жана амалдан мурда илимди айтты. Мусулман адамга билүүсү эң зарыл болгон илим - бул, тавхид, Аллахтын жалгыздыгы. Анткени, тавхид диндин негизи жана пайдубалы. Дин тавхид менен гана тикеленет. Тавхидди билүү мусулманга эң биринчи жана эң акыркы важиб, милдет. Тавхид ар бир мусулман билип, амал кыла турган Исламдын беш түркүгүнүн биринчиси. Исламдын беш түркүгү бар. Абдуллах бин Умар (аларга Аллах ыраазы болсун) айтып жеткирген хадисте минтип айтылган: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканын уктум:

«بُنِيَ الإسْلَامُ عَلَى خَمْسٍ: شَهَادَةِ أنْ لَا إلَهَ إلَّا اللَّهُ وأنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللَّهِ، وَإقَامِ الصَّلَاةِ، وَإيتَاءِ الزَّكَاةِ، وَحَجِّ البَيْتِ، وصَوْمِ رَمَضَانَ».

"Ислам беш нерсеге негизделген: Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана ажылык амалын аткаруу".1

Мусулман адамга тавхиддин маанисин билүү ваажыб. Тавхиддин мааниси: Ибадат кылуу менен Аллахты жалгыздоо. Ибадат кылууда периште же пайгамбар сыяктуу башка бир нерсени Ага шерик кылып албоо.

"Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок" деген күбөлүктүн мааниси:

Бул — пенденин бекем ишеними менен Аллах Тааладан башка ибадат кылууга татыктуу эч бир кудай жок экенин чындап мойнуна алуусу. Аллахтын бир Өзүнө ибадат кылуусу, ибадаттын кайсы түрү болбосун, дуба болобу, коркуу болобу, үмүт кылуубу, тобокел кылуубу, баарын бир Аллахка арноо.

Бул күбөлүк эки түркүк менен гана орундалат:

Биринчиси: Илахияттыкты (кудайлыкты) жана ибадатка татыктуулукту Аллахтан башка бардык "кудайчалардан", "теңдештерден" жана тагут, шайтандардан четке кагуу.

Экинчиси: Илахияттыкты жана ибадатка татыктуулукту жалгыз гана Аллахтын Өзүнө таандык кылуу. Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌وَلَقَدۡ بَعَثۡنَا فِي كُلِّ أُمَّةٖ رَّسُولًا أَنِ ٱعۡبُدُواْ ٱللَّهَ وَٱجۡتَنِبُواْ ٱلطَّٰغُوتَ...﴾

"Ар бир элге “Аллага ибадат кылгыла, жалган “кудайлардан” алыс болгула!” деп эскерткен элчилерди жибергенбиз". (Нахл, 36-аят).

Ал эми (Аллахтан башка кудай жок келмесинин) шарттары төмөнкүлөр:

Биринчиси: Билбестикти кетирген илим.

Экинчиси: Шек-күмөндү кетирген терең ишеним.

Үчүнчүсү: Ширкти кетирген ыкластуулук.

Төртүнчүсү: Жалганды кетирген чынчылдык.

Бешинчиси: Жек көрүүнү кетирген жакшы көрүү.

Алтынчысы: Баш ийбөөнү кетирген моюн сунуу.

Жетинчиси: Четке кагууну кетирген кабыл кылуу.

Сегизинчиси: Аллахтан башка сыйынылган нерселерге каапырлык кылуу, ишенбөө.

Мына ушул шарттарды аткаруу ваажыб. Бул шарттарды акын төмөндө эки сап ырга батырган.

Илим, ишеним, ыклас жана чынчылдык *** сүйүү, баш ийүү жана аны кабылдоо.

Сегизинчи болуп кошулат *** Аллахтан башка кудайларга каапырлык кылууң.

Күбөлүктү орундатуу Аллахка эч нерсени шерик кылбай ибадат кылуу жана ибадатты калыс Аллах үчүн аткаруу менен болот. Бир гана Аллахка дуба кылып жалбаруу, бир гана Аллахка тобокел кылуу, бир гана Аллахтан үмүт кылуу, бир гана Аллах үчүн намаз окуу, бир гана Аллах Таала үчүн курмандык кылуу.

Кээ бир адамдардын кабырларды таваф кылганы, Аллах үчүн эмес, кабырдагы арбактардан жардам сурап дуба кылганы ибадаттагы ширк болуп эсептелет. Мындан сактануу жана башкаларды да эскертүү зарыл. Анткени, бул мушриктердин Аллахка ибадат кылбай, буркандарга, тоо-таш, бак-даракка ибадат кылганы сыяктуу эле ширктер. Андан тыйып, эскертүү үчүн элчилер жиберилип, китептер түшүрүлгөн ширк мына ушулар.

Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүүнүн мааниси:

Пайгамбардын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) буйругуна баш ийүү, ал айткан кабарларга ишенүү, ал эскертип, тыйган иштерден тыйылуу жана Аллахка ал көрсөткөн шарияттагыдай ибадат кылуу. Мусулман адам Абдуллахтын уулу Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Курайший, Хаашимий экенин, ал жин жана инсандан турган жалпы калайыкка жиберилген Аллахтын элчиси экенин моюдашы керек. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿قُلۡ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِنِّي رَسُولُ ٱللَّهِ إِلَيۡكُمۡ جَمِيعًا...﴾

«Айткын (Эй Мухаммад): «О адамдар! Чындыгында, мен силерге жиберилген Аллахтын элчисимин". (Аараф, 158-аят).

Аллах Таала аны динин жеткирүү үчүн, калайыкты туура жолго баштоо үчүн жибергенин моюндашы керек. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا كَآفَّةٗ لِّلنَّاسِ بَشِيرٗا وَنَذِيرٗا وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَ ٱلنَّاسِ لَا يَعۡلَمُونَ 28﴾

"Биз сени (бейиштен) кушкабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып жалпы адамдардын баарына жибердик. Бирок адамдардын көпчүлүгү муну билишпейт..." (Саба, 28-аят). Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌وَمَآ أَرۡسَلۡنَٰكَ إِلَّا رَحۡمَةٗ لِّلۡعَٰلَمِينَ 107﴾

"(О Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым кылып жибердик". (Анбия, 107-аят).

Бул күбөлүктүн негизги талаптарынын бири: Аллахтын элчисинин рубубияда (бардыгын жаратуу жана башкарууда) эч бир укугу жок экенине, ааламды башкарууда укугу жок экенине, ошондой эле башкалар ага ибадат кылууга укугу жок экенине ишенүүнү талап кылат. Тескерисинче, ал пенде, ага ибадат кылынбайт. Ал жалганчыга чыгарылбай турган элчи. Ал өзүнө да, башкага да пайда же зыян жеткире албайт, Аллахтын каалоосу менен гана жеткирет. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌قُل لَّآ أَقُولُ لَكُمۡ عِندِي خَزَآئِنُ ٱللَّهِ وَلَآ أَعۡلَمُ ٱلۡغَيۡبَ وَلَآ أَقُولُ لَكُمۡ إِنِّي مَلَكٌۖ إِنۡ أَتَّبِعُ إِلَّا مَا يُوحَىٰٓ إِلَيَّ...﴾

Айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллахтын казыналары бар” дебеймин. Мен кайыпты да билбеймин жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. (Анаам, 50-аят).

Экинчи сабак: Ыймандын мааниси жана анын түркүктөрү:

Ыйман: Бул жүрөк менен ишенүү, тил менен тастыктоо, жүрөк жана дене менен ибадат кылуу, ошондой эле ыйман таат-ибадат кылуу менен көбөйүп, күнөө-ката кылуу менен азайып турат.

Ыйман - бул ибадаттын туура жана кабыл болуусунун негизги шарты. Ширк жана каапырлык таат-ибадатты жокко чыгарган сыяктуу. Аллах Таала дааратсыз окулган намазды кабыл кылбаган сыяктуу, ыймансыз аткарылган ибадаттарды кабыл кылбайт. Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَمَن يَعۡمَلۡ مِنَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ مِن ذَكَرٍ أَوۡ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤۡمِنٞ فَأُوْلَٰٓئِكَ يَدۡخُلُونَ ٱلۡجَنَّةَ وَلَا يُظۡلَمُونَ نَقِيرٗا 124﴾

"Эркекпи, аялбы, ким болсо да жакшы иштерди жасаса жана ал ыймандуу болсо, аларга кыпындай да зулум кылынбастан бейишке киришет". (Ниса, 124-аят).

Ошондой эле ширк амалды жок кыларын айткан: Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَلَقَدۡ أُوحِيَ إِلَيۡكَ وَإِلَى ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِكَ لَئِنۡ أَشۡرَكۡتَ لَيَحۡبَطَنَّ عَمَلُكَ وَلَتَكُونَنَّ مِنَ ٱلۡخَٰسِرِينَ 65﴾

"Сага жана сенден мурунку өткөндөргө: «Эгер ширк келтирсең амалың күйүп кетет жана зыян тартуучулардан болуп каласың!» – деп вахий кылынды". (Зумар, 65-аят).

Ыймандын алты бутагы бар: Аллахка ыйман келтирүү, Анын периштелерине ыйман келтирүү, Анын китептерине ыйман келтирүү, Анын элчилерине ыйман келтирүү, акырет күнүнө ыйман келтирүү, тагдырдын жакшы-жаманына ыйман келтирүү.

1) Аллах Таалага ыйман келтирүү өз ичине үч ишти камтыйт:

1-Аллахтын рубубиятына ыйман келтирүү:

Бул, Аллахты иштеринде жалгыздоо: Жаратуусунда, ырыскы берүүсүндө, тирилтүүсүндө, өлтүрүүсүндө. Аллахтан башка жаратуучу жок, Аллахтан башка ырыскы берүүчү жок, Аллахтан башка тирилтүүчу жок, Аллахтан башка өлтүрүүчү жок, ааламды бир гана Аллах Таала Өзү башкарып турат.

Адамдардын ичинен Аллах Тааланын рубубиятын (жаратуучу жана башкарып туруучу экенин) эч ким четке каккан эмес. Аны четке каккандар болгону өз айтканына чын ниети менен ишенбей, текеберлигинен улам гана айтышат. Фираун элине айткан сыяктуу:

﴿‌...أَنَا ‌رَبُّكُمُ ‌الْأَعْلَى﴾

«Мен силердин жогорку даражалуу Кудайыңар болом», (Наазиат, 24-аят). Бирок бул бекем ишеним менен айтылган сөз эмес. Алла Таала Муса пайгамбардын айтканын минтип баяндаган:

﴿‌قَالَ لَقَدۡ عَلِمۡتَ مَآ أَنزَلَ هَٰٓؤُلَآءِ إِلَّا رَبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ بَصَآئِرَ وَإِنِّي لَأَظُنُّكَ يَٰفِرۡعَوۡنُ مَثۡبُورٗا 102﴾

"(Анда Муса) айтты: «Сен мына бул моожизаларды асмандар жана жердин Раббиси көз көрүнөө белги кылып түшүргөнүн билип эле турасың. Демек, мен сени эй, Фираун! Кыйрагандардан болооруңа бекем ишенем». (Исра, 102-аят). Аллах Таала дагы мындай деген:

﴿‌وَجَحَدُوا بِهَا وَاسْتَيْقَنَتْهَا أَنْفُسُهُمْ ظُلْمًا وَعُلُوًّا... ﴾

"Өздөрү (чындык экенин) билип турушса да зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту..." (Намл, 14-аят).

Акыйкатта бул макулуктардын сөзсүз жаратуучусу бар. Алар өзүнөн-өзү жаралып калуусу мүмкүн эмес. Анткени бир нерсе өзүн-өзү жарата албайт жана кокусунан болушу да мүмкүн эмес; Анткени ар бир окуянын анын сөзсүз пайда кылуучусу болот. Анткени алардын ушунчалык керемет тартипте жана бири-бирине ылайыкташып турушу алардын кокусунан пайда болуп калбаганын айгинелеп турат. Аны пайда кылуучу бар экенин аныктап турат. Ал - ааламдардын Раббиси Аллах Таала. Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌أَمۡ خُلِقُواْ مِنۡ غَيۡرِ شَيۡءٍ أَمۡ هُمُ ٱلۡخَٰلِقُونَ 35 أَمۡ خَلَقُواْ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَۚ بَل لَّا يُوقِنُونَ 36﴾

"Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу?"

"Же болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар ишенбейт". (Тур, 35-36-аяттар).

Мекке мушриктери деле Аллахтын рубубиятын четке каккан эмес. Алар Аллахтын илахиятына ширк кылышкан, бул аларды исламга киргизген эмес. Ошол себептүү Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) аларга согуш жарыялаган, алардын канын, мал-мүлкүн адал кылган. Анткени алар ибадатта Аллахка шерик кошушкан. Аллах Таала менен бирге башка нерселерге, буркандарга, таштарга, периштелерге ж.б. сыйынышкан.

2-Аллахтын илахиятына ыйман келтирүү:

Илахиятка ыйман келтирүү: Аллах ибадатка татыктуу, эч бир теңдеши жок жалгыз деп ыйман келтирүү. Илах дегенибиз жакшы көрүп, улуктап, баш ийүү менен ибадат кылууга татыктуу деген маани.

Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌وَإِلَٰهُكُمۡ إِلَٰهٞ وَٰحِدٞۖ لَّآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ٱلرَّحۡمَٰنُ ٱلرَّحِيمُ 163﴾

"Силердин кудайыңар - жалгыз Кудай. Андан башка эч бир (сыйынууга татыктуу) кудай жок, (Ал) Ырайымдуу жана Мээримдүү!" (Бакара, 163-аят).

Аллахтан башка "кудайларга" ибадат кылган адамдын Аллага сыйынуусу батыл, жалган. Аллах Таала минтип айткан:

﴿ذَٰلِكَ بِأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡحَقُّ وَأَنَّ مَا يَدۡعُونَ مِن دُونِهِۦ هُوَ ٱلۡبَٰطِلُ وَأَنَّ ٱللَّهَ هُوَ ٱلۡعَلِيُّ ٱلۡكَبِيرُ 62﴾

"Ушундай. Чынында, Аллах – Ках. (Мушриктер) дуба кылып жаткан “кудайлар” – жалган. Чындыгында, Аллах ал – Бийик, Улук". (Хаж, 62-аят).

Мына ошондуктан Нухтан баштап Мухаммадга ﷺ чейин келген элчилер өз элдерин Аллахты жалгыздап, Өзүнө гана ибадат кылууга чакырышкан. Аллах Таала ар кандай "кудайларга" ибадат кылып, жардам сурап, таянып-сүйөнгөн мушриктердин ишенимин эки акылга сыяр далил менен жалганга чыгарган:

Биринчиси: Алардын кудай деп кабыл алышкан бул кудайларында эч кандай кудайлык касиеттер жок. Алар өздөрү жаралган, башканы жарата алышпайт. Өзүнө сыйынып жаткандарга эч бир пайда бере албайт. Алардан кайсы бир зыянды тосо да албайт. Жашоого, өлүмгө же кайра тирилтүүгө ээлик кылышпайт. Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَٱتَّخَذُواْ مِن دُونِهِۦٓ ءَالِهَةٗ لَّا يَخۡلُقُونَ شَيۡـٔٗا وَهُمۡ يُخۡلَقُونَ وَلَا يَمۡلِكُونَ لِأَنفُسِهِمۡ ضَرّٗا وَلَا نَفۡعٗا وَلَا يَمۡلِكُونَ مَوۡتٗا وَلَا حَيَوٰةٗ وَلَا نُشُورٗا 3﴾

(Мушриктер) Анын ордуна, эч нерсени жарата албаган, өздөрү жаратылган, өздөрүнө зыян да, пайда да тийгизе албаган, өлтүрүү да, тирилтүү да, (өлгөндөргө) кайра жан киргизүү да колунан келбеген нерселерди кудай кылып алышты". (Фуркан, 3-аят).

Экинчиси: Мушриктер Аллах Таала жалгыз Жаратуучу жана башкаруучу экенин моюнга алышчу. Демек алар Аллахты рубубиятта жалгыз деп тааныган сыяктуу, илахиятта да (ибадатка татыктуулугунда) жалгыз деп таанышы зарыл болчу. Аллах Таала минтип айткан:

﴿قُل لِّمَنِ ٱلۡأَرۡضُ وَمَن فِيهَآ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ 84 سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ 85 قُلۡ مَن رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ ٱلسَّبۡعِ وَرَبُّ ٱلۡعَرۡشِ ٱلۡعَظِيمِ 86 سَيَقُولُونَ لِلَّهِۚ قُلۡ أَفَلَا تَتَّقُونَ 87 قُلْ مَنْ بِيَدِهِ مَلَكُوتُ كُلِّ شَيْءٍ وَهُوَ يُجِيرُ وَلَا يُجَارُ عَلَيْهِ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ 88 سَيَقُولُونَ لِلَّهِ قُلْ فَأَنَّى تُسْحَرُونَ 89﴾

(Эй, Мухаммад!): “Эгер билсеңер (айткылачы), жер жана андагылар кимдики?” - деп айткын.

"Алар: “Алланыкы” - дешет. “Анда мындан сабак албайсыңарбы?!” - деп айт".

"(Дагы): “Жети асмандын жана улук Арштын Раббиси ким?” - деп айт".

"Алар: “Алланыкы” - дешет. “Анда (Андан) коркпойсуңарбы?!” - дегин".

"(Дагы): “Эгер билсеңер (айткылачы), бардык нерсенин мүлкү кимдин колунда, Ал – коргойт. Эч ким Ага каршы болуп коргоно албайт?” - деп айт".

"Алар: “Алланыкы” - дешет. “Анда кантип алданып жатасыңар?” - деп айт". (Муминун, 84-89-аяттар). Алар Аллах Тааланын рурубиятына ишенгенден кийин ибадатта Ага эч нерсени кошуп албай, жалгыз Анын Өзүнө ибадат кылышы керек эле.

3-Аллах Тааланын кооз, көркөм ысым-сыпаттарына ыйман келтирүү.

Тагыраак айтканда, Аллах Таала Куранда (жана сүннөттө) Өзүнө таандык кылган ысым-сыпаттарга ыйман келтирүү. Ошондой эле Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөттө Ага таандык кылган ысым-сыпаттарга ыйман келтирүү. Аллахтын Өзүнө гана ылайык ысым-сыпаттарга ыйман келтирүү. Аларды бурмалабастан, четке какпастан, Элестетпестен жана башка нерселерге салыштырып окшотпостон. Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌وَلِلَّهِ ٱلۡأَسۡمَآءُ ٱلۡحُسۡنَىٰ فَٱدۡعُوهُ بِهَاۖ وَذَرُواْ ٱلَّذِينَ يُلۡحِدُونَ فِيٓ أَسۡمَٰٓئِهِۦۚ سَيُجۡزَوۡنَ مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ 180﴾

"Алланын эң жакшы ысымдары бар. Ошол ысымдарын атап дуба кылгыла! Анын ысымдары тууралуу чектен чыккандарды таштагыла! Жакында алар кылган кылмышына жараша жазаланат". (Аараф, 180-аят). Аллах Таала дагы минтип айткан:

﴿‌...لَيۡسَ كَمِثۡلِهِۦ شَيۡءٞۖ وَهُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡبَصِيرُ﴾

"Анын окшошу жок, Ал - Угуучу, Көрүүчү". (Шуура, 11-аят).

Ширктин үч түрү бар:

1. Чоң ширк.

2. Кичине ширк.

3. Купуя ширк.

1. Чоң ширк:

Анын аныктамасы: Аллахтан башканы Аллахка гана таандык болгон өзгөчөлүктөрдө Аллахка теңөө. Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌إِذۡ نُسَوِّيكُم بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ 98﴾

“(Аллага ант болсун, биз анык адашкан экенбиз). Биз силерди ааламдардын Раббисине теңеп алыппыз" - (дешет)". (Шуара, 98-аят).

Чоң ширкке: Ибадатты Аллахтан башкага арноо кирет. Же бардык эмес, кээ бир ибадаттарды, мисалы: дубаны, куткаруусун суроону, назр кылууну, курмандыкты ж.б. ибадаттын түрлөрүн Аллахтан башкага багыштап аткаруу.

Же болбосо, Аллах арам кылган нерсени адалга чыгаруу. Же тескерисинче, Аллах адал кылган нерсени арамга чыгаруу. Же Аллах Таала важыб кылган нерсени жокко чыгаруу. Динде арамдыгы анык болгон иштерди адалга чыгаруу, мисалы: зинаны, арак ичүүнү, ата-энеге ак болууну, сүткордукту ж.б.

Же Аллах Таала адал деген таза, адал нерселерди арамга чыгаруу. Же Аллах Таала ваажыб деген нерселерди четке кагуу, мисалы: Намаз важыб эмес, орозо важыб эмес, зекет важыб эмес деп ишенүү.

Чоң ширк амалдарды күйгүзүп жок кылат жана ошол абалда өтүп кеткен адамдын түбөлүк тозокто калуусуна себеп болот. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌...وَلَوۡ أَشۡرَكُواْ لَحَبِطَ عَنۡهُم مَّا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ﴾

"Эгер алар Аллахка ширк кылышса, анда алардын аткарган жакшы амалдарынын баары өчүп кетет". (Анаам, 88-аят]

Ширк кылып жүрүп тообо кылбастан өтүп кеткен адамды Аллах кечирбейт жана бейиш ага арам болот. Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌إِنَّ ٱللَّهَ لَا يَغۡفِرُ أَن يُشۡرَكَ بِهِۦ وَيَغۡفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَن يَشَآءُ...﴾

"Албетте, Аллах Өзүнө ширк кылынышын кечирбейт. Мындан башка күнөөлөрдү каалаган пендеси үчүн кечирет...". (Ниса, 48-аят). Аллах Таала мындай деген:

﴿إِنَّهُۥ مَن يُشۡرِكۡ بِٱللَّهِ فَقَدۡ حَرَّمَ ٱللَّهُ عَلَيۡهِ ٱلۡجَنَّةَ وَمَأۡوَىٰهُ ٱلنَّارُ...﴾

"Чынында, ким Аллахка ширк кылып жүрүп өтүп кетсе, Аллах аны кечирбейт, анын барар жери тозок". (Маида, 72-аят).

2. Кичине ширк:

Кичине ширк - далилдерде ширк деп айтылып, бирок чоң ширктин даражасына жетпейт. Мисалы: Аллахтан башка менен касам ичүү Кааба, пайгамбарлар, аманат жана бирөөнүн өмүрү менен касам ичкен сыяктуу. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун):

«مَنْ حَلَفَ بِغَيرِ اللهِ فَقَدْ كَفَرَ أَو أَشرَكَ».

«Ким Аллахтан башка менен ант ичсе, анда ал каапырлык кылган болот же ширк кылган болот».2

Кээде бул ширк чоң ширк болуп калышы мүмкүн, бул касам ичкен адамдын жүрөгүнө (ишенимине) карайт. Эгерде пайгамбар менен же кайсы бир шейхтин аты менен касам ичип жаткан адамдын жүрөгүндө аны Аллахка окшош көрүү, же Аллахтан эле эмес алардан да тиленсе болот деп ишенүү же ааламды башкарат деп саноо болсо, бул чоң ширк болуп эсептелет." А эгер Аллахтын атынан башка нерсе менен касам ичкен адамдын мындай ниети жок болсо, адаты боюнча жөн эле тил учунан айтып жатса, анда кичине ширк болот. Бул айрым аймактарда көп кездешет, ошондуктан тавхидди коргоп жана аны сактоо үчүн мындайларга кылдат карап, аларга каршы эскертүү керек.

3. Жашыруун ширк:

Бул рия (элге көрүнүү үчүн амал кылуу) жүрөктө болот. Мисалы: Адамдарга көрүнүү үчүн намаз окуйт, Куран окуйт, мактоо угуу үчүн тасбих айтат, садага берет. Бул эл көрсүн үчүн жасалган амалды текке кетирет. Мындан башка калыс Аллах үчүн аткарган амалдарына зыяны жок.

Пайгамбар (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«الشِّرْكُ فِي هَذِهِ الْأُمَّةِ أَخْفَى مِنْ دَبِيبِ النَّمْلَةِ السَّودَاءِ عَلَى الصَّفَاةِ السَّودَاءِ فِي ظُلْمَةِ اللَّيْلِ، وَكَفَّارَتُهُ أَنْ يَقُولَ: "اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ أَنْ أُشْرِكَ بِكَ شَيْئًا وَأَنَا أَعْلَمُ، وَأَسْتَغْفِرُكَ مِنَ الذَّنْبِ الَّذِي لَا أَعْلَمُ».

«Бул үммөттөгү ширк - капкараңгы түндө, кара таштын үстүндө басып бараткан кара кумурсканын бутунан чыккан дабыштан да акырын (жашыруун). Аны жууп кетирүү: “О Аллахым! Өзүм билип туруп Сага бир нерсени шерик кылып алуудан Сенин Өзүңдүн коргооңду тилейм. Ал эми билбей ширк кылып алганыма Сенден кечирим сурайм» — деп айтуу менен болот".3

Каапырлыктын түрлөрү:

Биринчи: Чоң каапырлык:

Адамды тозокто түбөлүк калтыра турган каапырдык. Мунун беш түрү бар:

1. Жалганга чыгаруу каапырлыгы.

Бул пайгамбарларды жалган деген ишеним. Бул каапырларда аз кездешет; анткени Аллах Таала пайгамбарларын ачык-айкын далилдер менен колдогон. Бул жалганга чыгаруучулардын абалын Аллах Таала минтип сүрөттөгөн:

﴿‌وَجَحَدُوا ‌بِهَا ‌وَاسْتَيْقَنَتْهَا أَنْفُسُهُمْ ظُلْمًا وَعُلُوًّا...﴾

"Өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту..." (Нахл, 14-аят).

2. Баш тартуу, текеберлик каапырлыгы:

Бул Иблистин каапырдыгы сыяктуу, ал Аллахтын буйругун танган эмес, четке да каккан эмес, болгону аны текеберлик менен кабыл кылган. Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ أَبَىٰ وَٱسۡتَكۡبَرَ وَكَانَ مِنَ ٱلۡكَٰفِرِينَ 34﴾

"Эстегиле, Биз периштелерге «Адамга сажда кылгыла» дегенде дароо сажда кылышты. Бир гана Иблис баш тартып, моюн толгоду жана каапырлардан болду". (Бакара, 34-аят).

3. Баш тартуу каапырлыгы:

Бул кулагы жана жүрөгү менен акыйкатты кабыл алуудан жүз буруп, ага көңүл бурбай, капарына албай коюу менен болгон каапырлык. Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَمَنۡ أَظۡلَمُ مِمَّن ذُكِّرَ بِـَٔايَٰتِ رَبِّهِۦ ثُمَّ أَعۡرَضَ عَنۡهَآۚ إِنَّا مِنَ ٱلۡمُجۡرِمِينَ مُنتَقِمُونَ 22﴾

"Раббисинин аяттары эскертилгенден соң алардан жүз буруп кеткен адамдан өткөн заалым (каапыр) барбы?! Биз албетте, кылмышкерлерден өч алабыз!" (Сажда, 22-аят).

Ал эми жарым-жартылай жүз буруу (толук эмес баш тартуу) – бул каапырлык эмес, фасыктык болуп саналат; мисалы, диндин айрым парз болгон илимдерин орозо өкүмдөрү же ажы маселеси сыяктуу маселелерди билүүдөн баш тартуу.

4. Шектенүү каапырлыгы:

Бул акыйкатка айкын ишенбей, эки анжы болуп, шектенүү менен болгон каапырдык. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَدَخَلَ جَنَّتَهُ وَهُوَ ظَالِمٌ لِنَفْسِهِ قَالَ مَا أَظُنُّ أَنْ تَبِيدَ هَذِهِ أَبَدًا35 وَمَا أَظُنُّ السَّاعَةَ قَائِمَةً وَلَئِنْ رُدِدْتُ إِلَى رَبِّي لَأَجِدَنَّ خَيْرًا مِنْهَا مُنْقَلَبًا 36﴾

"Жана өзүнө заалым (каапыр) болгон абалда (кооз-көркөм) багына кирип: «Бул (байлыгым) эч качан кыйрабайт деп ойлоймун.

Кыямат деле болбосо керек. Эгер (болуп калып) мен Раббиме кайтарылган күндө да азыркыдан жакшыраак келечек тапсам керек деп ойлоймун» - дечү". (Кахф, 35-36-аяттар).

5. Эки жүздүүлүк каапырлыгы:

Мындай адам тили менен ыйман келиргенин айтып, жүрөгүндөгү ишенбөөчүлүгүн жашырат. Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَمِنَ ٱلنَّاسِ مَن يَقُولُ ءَامَنَّا بِٱللَّهِ وَبِٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ وَمَا هُم بِمُؤۡمِنِينَ 8﴾

"Адамдардан кээ бирөөлөрү «Аллахка жана Акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет. Бирок, алар ыймандуу эмес". (Бакара, 8-аят).

Чоң каапырлыктын мына ушул беш түрү адамды динден чыгарат.

Экинчиси: Кичине каапырлык:

Каапырлыктын бул түрү адамды тозокто түбөлүк калтырбайт. Бул Куранда жана сүнөттө каапырлык деп айтылып, бирок аныктыкты билдирген "алиф, лам" тамгаларысыз, белгисиз болуп айтылган каапырлык. Каапырлыктын бул түрүнө мисал өтө көп. Кээ бири булар: Абу Хурайранын (ага Аллах ыраазы болсун) айтымындагы Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) төмөнкү хадиси:

«اثْنَتَانِ فِي النَّاسِ هُمَا بِهِمْ كُفْرٌ: الطَّعْنُ فِي النَّسَبِ، وَالنِّيَاحَةُ عَلَى المَيِّتِ».

"Адамдарда каапырлыктын белгилеринен болгон эки белги бар: Ата-текти кемсинтүү жана өлүккө кошок айтуу".4

 

 

2) Периштелерге ыйман келтирүү:

Периштелер кайып ааламга кирет. Аллах аларды нурдан жараткан. Алар жалаң гана Аллахка ибадат кылуу менен алек. Аларда Аллах сыяктуу рубубият жана илахияттык касиеттер жок. Алар буйрукту аткарууда Аллахка күнөө кылышпайт. Буйрукту так аткарышат. Алардын саны өтө көп, аны Аллахтан башка эч ким билбейт.

Периштелерге ыйман келтирүү төрт маселени өз ичине алат:

1- Алардын бар экендигине ишенүү.

2 - Алардын бизге белгилүү аталыштарына ыйман келтирүү, мисалы: Жебирейил, Микайил, Исрафил ж.б. Ал эми ысымдарын билбегендерине жалпылай ишенебиз.

3 - Алардын Куран жана сүннөттө айтылган, бизге белгилүү сыпаттарына ыйман келтирүү: Мисалы, Жебирейилди пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) алты жүз канаттуу Аллах Таала жараткан кейпинде асман мейкининде көргөнүн айткан.

4 - Алардын бизге белгилүү амалдарына ыйман келтирүү. Мисалы, Аллах Тааланы аруулап тасбих айтышканы, күнү-түнү тынбай, чарчабай, ыкшоолонбой ибадат кылганы ж.б.

Алардын аткарган иштерине карасак, Жебирейил периште вахий жеткирүү милдетин аткарат.

Исрафил периште кыяматта сур тартуу милдетин аткарат.

Өлүм периштеси өлгөндөрдүн жанын алуу милдетин аткарат.

Маалик деген периште тозок отунун сакчысы, Ридван деген периште бейиш-бактарынын сакчысы ж.б.

3) Китептерге ыйман келтирүү:

Китеп дегенибиз Аллах Таала элчилерине түшүргөн "асман китептери" деп аталган китептер. Бул китептер адам баласын туура жолго салуу, дүйнө жана акыреттин бактысына жетүүлөрү үчүн ырайым катары түшүрүлгөн китептер.

Китептерге ыйман келтирүү төрт нерсени өз ичине алат:

1 - Бул китептерди акыйкатта Аллах Таала түшүргөнүнө ыйман келтирүү.

2 - Алардын бизге белгилүү ысымдарына ыйман келтирүү. Мухаммад пайгамбарыбызга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) түшүрүлгөн Куран сыяктуу. Муса пайгамбарга түшүрүлгөн Тооратка. Иса пайгамбарга түшүрүлгөн Инжилге. Дауд пайгамбарга түшүрүлгөн Забурга.

Ал эми аты аталбагандарына жалпылай ыйман келтиребиз.

3 - Аларда айтылган кабарларга ишенип тастыктоо. Мисалы, Куранда айтылгандарга жана мурдагы китептерде өзгөртүлүп кеткенге чейин айтылган кабарларга.

4 - Күчүн жоготпогон өкүмдөргө амал кылуу, ага баш ийүү жана ыраазы болуу, анын ички сырын билебизби, билбейбизби айырмасы жок. Мурдагы китептердин баары Куран түшкөндөн кийин күчүн жоготкон. Мурдагы китептердеги эч бир өкүмгө амал кылууга болбойт. Эгер андагы туура өкүмдү Куран жана сүннөт тастыктаса гана амал кылынат.

4) Элчилерге ыйман келтирүү:

Аллах Таала пенделеринин арасынан тандап алып, ага вахий тушүрүп, аны башкаларга жеткирүүсүн буйруган адамдар элчи (расул) деп аталат. Элчилердин эн биринчиси Нух (ага Аллахтын тынчтыгы болсун), акыркысы Мухаммад (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун). Алар деле жаратылган адамдар. Аларда Аллах сыяктуу рубубият жана илахияттык касиеттер жок.

Элчилерге ыйман келтирүү өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

1 - Алардын рисала-пайгамбарчылыгы Аллахтан келген чындык экенине ыйман келтирүү. Алардын кайсы биринин пайгамбарлыгына каапыр болуп, ишенбеген адам баарына каапыр болуп эсептелет.

2 - Алардын арасынан бизге аты белгилүү болгондоруна ошол аты менен ыйман келтиребиз. Мисалы, Мухаммад, Ибрахим, Муса, Иса жана Нух (аларга Аллахтын тынчтыгы болсун). Мына ушул беш пайгамбар "уулул-азм" чечкиндүүлүктүн, сабырдуулуктун ээлери деп аталат.

Ал эми, ысымы маалым болбогон пайгамбарларга жалпысынан ыйман келтиребиз. Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا رُسُلٗا مِّن قَبۡلِكَ مِنۡهُم مَّن قَصَصۡنَا عَلَيۡكَ وَمِنۡهُم مَّن لَّمۡ نَقۡصُصۡ عَلَيۡكَ...﴾

"Чынында сага чейин элчилерди жибергенбиз, алардан сага баяндап айтып бергендерибиз да бар, айтпагандарыбыз да бар". (Гафир, 78-аят).

3 - Алардын айткан акыйкат кабарларына ишенип, тастыктоо.

4 - Алардын ичинен бизге жиберилген пайгамбар, пайгамбарлардын акыркысы Мухаммаддын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) шариятына амал кылуу.

5) Акырет күнүнө ыйман келтирүү:

Акырет күнү дегенибиз адамдар эсеп-кысап берүү үчүн кайрадан тирилтилген кыямат күнү. Акырет (акыркы күн) деп аталып калуусунун себеби, ал кун - бул дүйнө күндөрүнүн акыркысы болгондуктан. Ал күнү Бейиш эли Бейиштен, Тозокко ылайык болгондор Тозоктон орун алышат.

Акыретке ыйман келтирүү үч маселени өз ичине алат:

а) Кайра тирилүүгө ыйман келтирүү:

Кайра тирилүү дегенибиз кыямат күнү экинчи жолу сур тартылганда бардык өлүктөрдүн кайра жан киргизилип кабырдан туруусу. Адамдар Раббисинин алдына бут кийими жок жылаңаяк, үстүндө кийими жок жылаңач, сүннөткө отургузулбаган абалда тизилип турушат. Аллах Таала минтип айткан:

﴿كَمَا بَدَأْنَا أَوَّلَ خَلْقٍ نُعِيدُهُ ‌وَعْدًا ‌عَلَيْنَا إِنَّا كُنَّا فَاعِلِينَ 104﴾

«Абалкы жаратканыбыздай жаратабыз. Биз албетте (ушундай) кылуучубуз». (Анбия, 104-аят).

б) Эсеп-кысапка жана сый-жазага ыйман келтирүү:

Адамдар бул дүйнөдө жасаган амалдарына жараша суракка алынып, амалына жараша, же сыйга же жазага татыктуу болушат. Аллах Таала минтип айткан:

﴿إِنَّ إِلَيۡنَآ إِيَابَهُمۡ 25 ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا حِسَابَهُم 26

"Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат".

"Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз!" (Гашия, 25-26-аяттар).

в) Бейишке жана тозокко ыйман келтирүү:

Бул экөө адамдар түбөлүк кала турган жайлар. Бейиш - Аллах Таала Өзүнө жана пайгамбарына таат-ибадат кылган такыба ыймандуу пенделерине даярдап койгон жыргал жай. Бейиште адам баласынын көзү көрбөгөн, кулагы укпаган, жүрөгүнө сыйбаган нерселер бар.

Ал эми тозок: Бул азап жайы. Аллах Таала аны Өзүнө каапырлык кылып, элчисине күнөөкөр болгон каапыр пенделерге даярдап койгон. Анда ойго келбеген коркунучтуу азаптын түрлөрү бар.

6) Тагдырдын жакшысы да, жаманы да Аллахтан экенине ыйман келтирүү:

Тагдыр дегенибиз: Аллах Таала Билүүчу сыпаты менен алдын ала билип, даанышмандыгы менен ченеп-өлчөп белгилеп койгон сызыгы.

Тагдырга ыйман келтирүү төрт маселени өз ичине алат:

1 - Илим: Аллах Тааланын илимине, тагыраагы, алдын ала билүүчү сыпатына ыйман келтирүү. Ал болгон нерсени да, эми боло турган нерсени да, алардын кандай болорун да, жалпылай да, кеңири да, эзелтеден жана ар дайым билет. Аллах Таала боло элек нерсени эгер болсо кандай болорун билүүчү. Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌وَلَوۡ رُدُّواْ لَعَادُواْ لِمَا نُهُواْ عَنۡهُ ...﴾

"Эгер (дүйнөгө) кайра кайтарылышса деле, кайра эле тыюу салынган ишке кайтышмак..." (Анаам, 28-аят).

2 - Жазылгандыгына ыйман келтирүү: Аллах Таала кыямат күнгө чейин боло турган иштин баарынын тагдырын жазып койгон. Бул тууралуу Аллах Таала минтип айткан:

﴿أَلَمۡ تَعۡلَمۡ أَنَّ ٱللَّهَ يَعۡلَمُ مَا فِي ٱلسَّمَآءِ وَٱلۡأَرۡضِۚ إِنَّ ذَٰلِكَ فِي كِتَٰبٍۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٞ 70

"(О Мухаммад!) Билбейсиңби, Аллах асмандагы жана жердеги (бардык) нерселерди билет. (Себеби) ал нерселер Китепте (Лавхул-Махфузда) бар. Бул Аллахка жеңил". (Хаж, 70-аят).

3 - Аллах Тааланын каалоосуна ыйман келтирүү: Бул ааламда Аллах Таала каалаган нерсе гана болот. Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَرَبُّكَ يَخۡلُقُ مَا يَشَآءُ وَيَخۡتَارُ ...﴾

"Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсесин жаратат жана тандайт" (Касас, 68-аят). Инсандын да каалоосу бар, бирок анын каалоосу Аллахтын каалоосунан чыкпайт. Аллах Таала мындай деген:

﴿وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ 29

"Жана силер (адамдар) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар!" (Таквир, 29-аят).

4 - Аллахтын жараткандыгына ыйман келтирүү: Аллах Таала калайыкты, алардын амалдарынын жана кыймыл-аракет иштеринин жакшы-жаманын бүт жараткан. Аллах Таала минтип айткан:

﴿ٱللَّهُ خَٰلِقُ كُلِّ شَيۡءٖۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيۡءٖ وَكِيلٞ 62

"Аллах – бардык нерселердин Жаратуучусу. Ал – бардык нерсенин Сактоочусу". (Зумар, 62-аят).

Мына ушулардын баары төмөнкү төрт сапка батырылган:

Илим, жазуу, каалоосу бизди башкарат*** жаратуучулугу - пайда кылып, ишке ашырат.

Үчүнчү сабак: Ихсан:

Ихсан: бул бир гана түркүк, Аллах Тааланы көрүп тургандай ибадат кылуу. Сен Аллахты көрбөгөнүң менен ал сени көрүп турат.

Башкача айтканда: Инсан ар бир ибадатын Аллахтын алдында турам деген бекем ишеним менен аткаруусу. Бул Аллахтан толук коркууну жана Ага толук таазим кылып баш ийүүнү камсыз кылат. Ошондой эле ибадаттарды толук Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сүннөтүнө ылайык аткарууга түрткү болот.

Ихсандын эки даражасы бар: Ихсан кылуучулар эки түрдүү даражада болушат:

Биринчиси: Эн жогорку даражасы - Аллахты көрүп тургандай ибадат кылуу. Пенде жүрөгү менен Аллахты көрүп тургандай амал кылып, анын жүрөгү ыйман менен нурданып, кайып нерселер да даана көрүнгөндөй болот.

Экинчиси: Ыклас жана Аллах мени көрүп турат деген көзөмөл. Бул, пенде ар бир амалында Аллах Таала Өзү көрүп турганын жана аны көзөмөлдөп жатканын эстеп туруусу. Эгер адам ушул абалды жүрөгүндө пайда кылса, анда ал Аллах үчүн ыклас кылуучу болот.

Төртүнчү сабак: Ахлу Суннанын усулу тууралуу кыскача баяндама:

Биринчи: Куран жана сүннөттө айтылгандарды ички жашыруун жана сырткы ачык амалдары менен ээрчүү. Кайсы бир пенденин сөзүн Аллахтын жана Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сөзүнөн алдын койбоо.

Экинчи: Аллахтын элчисинин (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларына карата жүрөктү да, тилди да таза кармоо (жек көрбөө жана тил тийгизбөө). Аллахтын элчисинен кийинки халифалар: Абу Бакр, Умар, Усман жана Али экенине ынануу.

Үчүнчү: Аллахтын элчисинин үй-бүлөсүн (ахл ал-Байт) жакшы көрүү жана дос тутуу. Ахл ал-Байттын мусулмандарын гана.

Төртүнчү: Эгер зулум кылса да падышага жана башкаруучуларга каршы чыкпоо. Аларга оң жолго түшүп, оңолуусу үчун дуба кылынат. Аларга каршы, алардын зыянына дуба кылынбайт. Эгер алар күнөө ишке буйрубаса, аларга баш ийүү Аллах Таалага баш ийүүдөн болуп эсептелип, парз болот. А эгер күнөө ишке буйрушса, анда аларга баш ийилбейт. Андан башка иштерде баш ийүү жакшылык иш катары сактала берет.

Бешинчи: Олуялардын кереметтерин тастыктап ишенүү. Керемет дегенибиз, алардын колу аркылуу Аллах Тааланын адаттан тыш иштерди аткаруусу.

Алтынчы: Биздин кыбылага жүздөнгөн адамдарды чоң күнөөлөрү үчүн каапырга чыгарбоо. Хавариждер сыяктуу, алар чоң күнөө кылгандарды каапырга чыгарышат. Күнөөкөр болсо да ыймандагы бир туугандыгы сакталып тура берет. Күнөөкөр адамга: бул ыйманы менен момун, чоң күнөөсү себептүү фасык деп айтышат.

Экинчи бөлүм: Ибадатка тиешелүү маселелер.

Биринчи сабак: тазалык (таарат).

Даараттын тилдеги мааниси: маанилик жана хиссий (материалдык) ыпластыктан арылуу, тазалануу дегенди туюндурат.

Шарияттагы мааниси: дааратсыздыктын жана ыпластыктын күтүүсү. Даарат - намаздын ачкычы. Ошол себептен дааратты үйрөнүү өтө зарыл жана ар бир мусулманга аны билүү ваажыб.

 

Биринчи: Суулардын түрлөрү:

1 - Таза суулар, башка таза эмес нерсени тазалоого жарактуу. Мейли ал өзүнүн жаратылган табиятында болсун; Жамгыр, деңиз жана дарыя суулары сыяктуу. Же ага башка таза бир нерсе аралашып кетип, бирок аны суулук табиятынан чыгарбаса.

2 - Нажас, булганган суулар: буларды колдонууга болбойт. Ал дааратсыздыкты да кетирбейт. Ыпластыкты да тазалай албайт. Мындай сууларга нажас нерсе арлашып даамын, түсүн же жытын өзгөртүп жиберген суулар кирет.

Экинчи: Ыплас нерселер:

Ыплас дегенибиз (шариятта атайын) белгиленген булганыч нерселер. Мунун кайсы түрү болбосун намазды жараксыз кылат (намаздан тыят). Заара, заң (тезек), кан сыяктуулар. Булар денеде, кийимде, же намаз окуй турган жерде болсо (намаз жараксыз).

Негизи бардык нерсе таза жана пайдаланууга жарактуу (мубах) болот. Ал эми ким бир нерсени нажас деп эсептесе аны далилдөөсү кажет. Чимкирик, адамдын тери, эшектин тери өзү булганыч болсо да таза эсептелет. Бардык нажасаттар (ыпластыктар) булганыч, бирок бардык эле булганычтар нажасат боло бербейт.

Нажасаттын үч даражасы бар:

Биринчиси: Оор нажасаттар;

мисалы, ит жалаган нерсе. Мындай нерсени жети жолу жууп, биринчисинде топурак менен жуу менен таза болот.

Экинчиси: Жеңил нажасаттар:

Эмчектеги наристенин заарасы, эгер ал кийимге жукса. Ошол жерге толук суу чачып коюу менен эле таза болот, аны ушалап, анан сыгып жуунун кереги жок.

Үчүнчүсү: Орто нажасаттар:

Мисалы: Адамдын заарасы, заңы жана нажасаттардын көпчүлүгү, эгер кийимге же жерге жуккан болсо. Эгер нажасатты алып салууга болсо, анда анын ордун суу менен жуу аркылуу таза болот.

Нажасат экенин далили бар нерселер:

1 - Адамдын заарасы жана заңы.

2 - Мазий жана вадий суулары.5

3 - Эти желбей турган жаныбарлардын тезеги.

4 - Айыз жана нифас каны.

5 - Иттин шилекейи.

6 - Өлүмтүк. Анын ичинен булар нажас эмес:

а) Адамдын жасаты.

б) Чегирткенин жана балыктын өлүгү.

в) Айланып турган каны жок майда жандар, мисалы, чымын, кумурска, аары ж.б.

г) Өлүмтүктүн сөөгү, мүйүзү, тырмагы, жүнү, канаты.

Нажасатты тазалоонун жолдору:

1 - Суу менен, суу нажасатты кетирүүчү негизги таза нерсе.

2 - Нажас болгон нерселерди же нажас менен булганган нерселерди тазалоо сыпаты шариятта айтылган нерселер:

а) Өлүмтүктүн тариси ашатуу менен таза болот.

б) Ит жалаган идиш жети жолу жуу менен, биринчисинде топурак менен жуу менен таза болот.

в) Айыз каны жуккан кийимди ушалап тазалап, аны суу менен жууп жана сыгуу менен таза болот. Андан кийин да изи калса, анын зыяны жок.

г) Аялдын жерге сүйрөлгөн этеги, таза жерге сүйрөлүү менен таза болот.

д) Эмчектеги баланын сийдиги тийген жерге сууну чачып койсо таза болот, эгер кыз бала болсо аны жуу менен таза болот.

е) Мазий суусу жуккан кийимди сууну чачуу менен тазаласа болот.

ё) Көлөчтүн таманын жерге сүртүү менен тазалайт.

ж) Жерди нажасаттан тазалоо үчүн ошол жерге чака менен сууну куят. Же нажасат күндүн табына же шамалга кургап калганга чейин калтырып коёт, эгер нажасаттын изи жок болуп кетсе, ал жер таза эсептелет.

Үчүнчү: даараты жок адам тыйыла турган иштер:

Кичине же чоң даараты жок адамга аткаруу арам болгон иштер:

1- Парз жана напил намаздар; Ибн Умар (ага Аллах ыраазы болсун) риваят кылган хадисте пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«لَا يَقْبَلُ اللَّهُ صَلَاةً بِغَيْرِ طُهُورٍ».

"Аллах Таала дааратсыз окулган намазды кабыл кылбайт".6

2 - Куранды кармоо; Пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Амр бин Хазимге жазган катында мындай деген жери бар:

«لَا يَمَسُّ الْقُرْآنَ إِلَّا طَاهِرٌ».

"Куранды таза адам гана кармайт".7

3 - Каабаны тооп кылуу; Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«الطَّوَافُ بِالْبَيْتِ صَلَاةٌ، إِلَّا أَنَّ اللَّهَ أَبَاحَ فِيهِ الْكَلَامَ».

"Каабаны тооп кылуу - бул намаз, болгону анда сүйлөөнү Аллах мубах кылган".8 Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) Каабаны тооп кылганда даарат алган. Ошондой эле ал айызы келген аялдарды таза болгонго чейин Каабаны тооп кылуудан тыйган.

Ал эми чоң дааратсыз (жунуп) адамга арам болгон иштер булар:

1- Куран окуу; Али (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: "Пайгамбарды жунуптуктан башка нерсе Куран окуудан тоспойт эле" (9).9

2 - Дааратсыз мечитте көпкө туруу; Аллах Таала минтип айткан:

﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ لَا تَقۡرَبُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَأَنتُمۡ سُكَٰرَىٰ حَتَّىٰ تَعۡلَمُواْ مَا تَقُولُونَ وَلَا جُنُبًا إِلَّا عَابِرِي سَبِيلٍ حَتَّىٰ تَغۡتَسِلُواْ...﴾

"Эй, ыймандуу пенделер! Айтып жатканыңарды андап билмейинче мас абалыңарда намазга жакындабагыла! Жунуб болсоңор да жуунмайынча (жакындабагыла). Бирок кесип өтүүгө болот...." (Ниса, 43-аят).

Жунуп адам даарат алса, мечитте көпкө кармалса боло берет. Ошондой эле жунуп адам мечитке отуруп албай, жол кесип мечиттин ичинен өтүп кетсе эч нерсе болбойт.

Төртүнчү: Ажат өтөө адеби:

Ажат өтөөдө төмөнкү адептерди сактоо мустахаб:

1 - Талаа жерде элдин көзүнөн оолак болуп, жашыруун жерге отуруу.

2 - Ажатканага кирерде дуба айтуу, дуба мындай айтылат:

«اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنَ الْخُبْثِ وَالْخَبَائِثِ».

"Аллахумма иннии ауузу бика минал хубси вал хабааис" "Аллахым, менин жиндердин эркек-ургачысынын жамандыгынан сакта".10

Ажат өтөөдө төмөнкүлөрдү аткаруу важыб:

1 - Заарадан таза болуу.

2 - Авратты жабуу.

Ажат өтөөдө төмөнкүлөрдү аткаруу арам:

1 - Кыбылага жуздөнүп же артын салып отуруу.

2 - Адамдар басып өтө турган жолдорго жана коомдук жайларга ажат өтөө.

3 - Сууга, айрыкча, акпаган сууга заара кылуу.

Ажат өтөөдө төмөнкү иштерди аткаруу макүрү:

1 - Ажат өтөгөндө мүчөнү оң кол менен кармоо.

2 - Нажас чыккан жайды оң кол менен жуу жана аарчуу.

3 - Ажат өтөп жатып сүйлөө, айрыкча, Аллахты зикир кылып сүйлөө.

Бешинчи: Нажас чыккан жайларды жуу жана аарчуу:

Истинжа дегени, эки мүчөдөн чыккан заң, зааранын ордун суу менен жууп тазалоо.

Истижмар дегени, эки мүчөдөн чыккан заң, зааранын ордун суудан башка таш, кагаз ж.б. менен тазалоо.

Истижмар кылууга жарактуу нерселердин шарттары:

1 - Мубах болуусу.

2 - Таза болуусу.

3 - Тазалоочу нерсе болуш керек.

4 - Сөөк же тезек болбошу керек.

5 - Аллахтын аты жазылган барак сыяктуу урматы сактала турган нерсе болбош керек.

Эгер бул эки шарт табылса истижмар кылуу менен эле чектелсе болот:

1 - Чыккан нерсе адатта чыкчу жерден башка жакка жайылып кетпесе.

2 - Истижмар кылган нерсе үч же андан көп санда болсо.

Алтынчы: Даараттын өкүмдөрү:

Даарат үч ибадат үчүн ваажыб болот:

1 - Намаз, мейли парз болсун, мейли напил болсун.

2 - Куранды кармоого.

3 - Каабаны тооп кылууга.

Даараттын шарттары:

1- Ислам дининде болуу.

2 - Акыл-эси жайында болуу.

3 - Ак-караны ажырата турган жашта болуу.

4 - Ниет кылуу: ниеттин орду жүрөк. Ниетти тил менен айтуу бидаат. Даарат алууну каалаган адам алгач ниет кылат. Ал эми тазалык үчүн дааратта жуулчу мүчөлөрдү жуу - даарат болуп эсептелбейт.

5 - Өкүмү улануусу: даарат алып бүтмөйүнчө аны токтотууну ниет кылбоо.

6 - Даарат алууну важип кылган нерсенин (дааратты бузган нерсе, мисалы, заара) токтошу. Заарасы токтобой калган адамдар жана оору себептүү истихаза каны келип турган аялдар буга кирбейт.

7 - Заара же заң чыгарган адам үчун даараттан мурда истинжа же истижмар кылуу.

8 - Суунун таза жана жууга ылайыктуу (мубах) болуусу.

9 - Суу териге жетишине тоскоол болгон нерселерди алып салуу.

10 - Даараты үзгүлтүксүз сына берген адам үчун намаз убактысынын кирүүсү.

Даараттын парздары:

1 - Бетти жуу: ага ооз жана мурунду жуу кошулат.

2 - Эки колду чыканактарды кошуп жуу.

3 - Башка толук масх тартуу, эки кулак да ушуга кирет.

4 - Эки бутту кызыл ашыктарды кошуп жуу.

5 - Жуула турган мүчөлөрдү тартиби менен жуу.

6 - Биринин артынан бирин жуу: бир мүчөнү жуугандан кийин экинчи мүчөнү жууганча көп убакыт өткөрбөө.

Даараттын сүрөттөлүшү:

1 - Бисмилланы айтуу.

2 - Эки колду билекке чейин үч жолу жуу.

3 - Бетти үч жолу жуу, буга ооз менен мурунду да кошуп жуу кирет.

4 - Эки колду чыканактарды кошуп үч жолудан жуу, оболу оң анан сол кол жуулат.

5 - Башка жана кулактарга масх тартуу.

6 - Эки бутту кызыл ашыктарды кошуп үч жолу жуу, оболу оң бут анан сол бут жуулат.

Дааратты бузуучулар:

1 - Эки авраттан чыккан нерселер: заара, заң жана жел.

2 - Денеден кандайдыр нажастын чыгуусу.

3 - Уктап же башка себептен акылдын кетиши.

4 - Эки авраттын бирин кийимсиз кармоо.

5 - Төөнүн этин жеш.

6 - Динден чыгып кетүү, бизди жана бардык мусулмандарды Алла Өзү мындайдан сактасын.

Жетинчи: Маасыга жана калың байпакка масх тартуунун өкүмдөрү:

1 - Маасы: териден же ушул сыяктуу калын нерседен жасалган бут кийим.

2 - Калың байпак: жүндөн, пахтадан же ушул сыяктуу нерселерден жасалган, бутка кийилүүчү байпак.

Буларга масх тартуунун шарттары:

1 - Экөөнү тең толук даарат алгандан кийин кийүү.

2 - Экөө тең кызыл ашыктан өйдө жаап туруусу.

3 - Экөө тең таза болуусу.

4 - Белгиленген мөөнөттүн ичинде масх тартуу.

5 - Масх гусул алууда эмес даарат алууда тартылуусу.

6 - Маасы жана байпак кийгенге мубах болуусу. Бирөөдөн тартып алган же жибектен болсо эркектер үчүн, ага масх тартууга болбойт. Анткени арам нерсе менен жеңилдик (уруксат) берилбейт.

Масх тартуу мөөнөтү:

Туруктуу адам үчүн бир күн, бир түн. Мусапыр үчүн үч күн, үч түн.

Масх кандай тартылат:

Колду суулап маасы же байпакка буттун манжаларынан баштап балтыр жакка карай сүртөт, бир жолу.

Масхты бузуучулар:

1 - Масх мөөнөтү бүтүүсү.

2 - Маасы же байпактын эки же бир пайын чечүү.

3 - Жунуп болуу.

Маасыга масх тартуунун өкүмдөрү:

Бул жеңилдик. Чечип бутту жууга караганда масх тартуу абзел. Анткени буда Аллахтын жеңилдигин кабыл алуу, пайгамбарды ээрчүү жана бидаатчыларга каршылык бар.

3 - Гипске, таңууга жана пластырга масх тартуу:

Гипс: сыныктын үстүнө куюлган катуу зат.

Таңуу: жаракат, күйүк, шишиктин үстүнө кебез менен таңылган таңуу.

Пластыр: жаракат же сыйрылган жерге чаптап коюучу медициналык таңуу.

Буларга масх тартуунун өкүмү:

Пластырга муктаждык болуп турса, байлоого муктаждык болгон жерден ашырбоо шарты менен жайыз (уруксат берилет).

Жайыз эмес: эгер ага муктаждык бүтсө, же аларды чечип алууда жарага зыяны тийбесе.

Масх кандай тартылат:

Айланасын жууп, анан таңуунун бардык тарабына масх тартат. Даарат алуучу мүчөдөн башка жагына ашып турган бөлүгүнө масх тартылбайт.

Сегизинчи: Таямумдун өкүмдөрү:

Таямум: Дааратсыздыкты кетирүү максатында шарият көрсөткөндөй жүз жана колго (билекке чейин) масх тартуу.

Өкүмү:

Таямум суу жок учурда же бар сууну пайдалана албаган учурда гусул менен даараттын ордуна жүрөт.

Таямумдун сыры:

Бул Мухаммад пайгамбардын үммөтүнө гана таандык болгон амалдардан. Мурдагы үммөттөрдө болгон эмес. Биздин үммөткө Алланын берген жеңилдиги жана жакшылыгы.

Таямум кыла турган абалдар:

1 - Сапарда болобу, үйдо болобу, суу болбой калып, аны издеп да таба албаганда.

2 - Суу бар, бирок ал ичкенге же тамак бышырганга керек болсо, аны менен даарат алып алса кийин сууга муктаж болуп кала турган болсо, өзү же башка бирөө, же мал-жандыгы сууга муктаж болуп калса.

3 - Сууга жуунса ооруп калуу же оорудан айыгуусу кечеңдей турган коркунучу болсо.

4 - Даарат алуу үчүн кыймылдай албаган оорусу болсо жана аны даарат алдыра турган эч ким болбосо жана намаз убактысынын чыгып кетүүсүнөн корксо.

5 - Сууктан корксо, аны жылытууга шарт болбосо, таямум кылып, намаз окуса болот.

Таямумдун сыпаты:

Манжаларын бир аз ачып топуракты алаканы менен чаап, анан алаканы менен бетин сүртөт. Анан эки колунун артына сүртөт, бетти да, колду да толук сүртүү керек.

Таямумду бузуучулар:

1 - Суу жок болгону үчүн таямум кылган болсо, суу табылышы менен бузулат. Же сууну пайдалана албаганы үчүн таямум кылган болсо, пайдаланууга кадыр болор замат таямум бузулат.

2 - Дааратты бузуучу нерселердин кайсы бири болбосун же гусулду важыб кылчулар, жунуптук, айыз жана нифас кандарынын келүүсү таямумду бузат.

Сууну да пайдалана албаган жана таямум да кыла албаган адамга тиешелүү өкүмдөр:

Суу да, топурак да жок болсо же денесине сууну да, топуракты да пайдаланууга болбой турган абалдагы адам болсо, андай адам дааратсыз жана таямумсуз эле ошол абалында намаз окуй берет. Анткени, Алла Таала пендеге колунан келгенди гана жүктөгөн. Эгер ал суу же топуракты таап калса, же аларды пайдаланууга жарактуу болуп калса деле мурдагы намаздарын кайтарып окубайт. Аллах Таала минтип айткан:

﴿...فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ مَا ٱسۡتَطَعۡتُمۡ...﴾

"Аллага колуңардан келишинче такыбалык кылгыла..." (Тагабун, 16-аят). Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«إِذَا أَمَرْتُكُمْ بِأَمْرٍ فَأْتُوا مِنْهُ مَا اسْتَطَعْتُمْ».

"Силерди кайсы бир амалдарга буйрусам, колуңардын келишинче аткаргыла".11

Пайда: Эгер жунуптугу үчун таямум кылса, кийин суу табылып калса, кайра жуунушу керек.

Тогузунчу: айыз жана нифаска тиешелүү өкүмдөр:

Биринчи: айыз:

Айыз белгилүү бир мөөнөттө аял кишинин жатынынан агып чыга турган кан. Көбүнчө ар айда алты-жети күн келет. Бирок адатына жараша мындан аз же көп болушу да ыктымал. Алла Таала жараткан табиятына жараша ар кайсы аялдын айызы ар түрдүү, көбүрөөк күн же азыраак күн келиши мүмкүн.

Айыздын өкүмдөрү:

1 - Айыз учурунда аял киши намаз окубайт, орозо кармабайт.

2 - Таза болгондон кийин орозонун казасын кармап берет, намаздын казасын окубайт.

3 - Каабаны тооп кылбайт. 4 - Куран окубайт. 5 - Мечитте отуруп албайт. 6 - Айызы токтоп, тазаланмайынча күйөөсүнүн ага кошулуусу арам.

7 - Жыныстык катнаш кылбастан кучактап, өөп рахат алса болот.

8 - Айыз убагында ага талак берүүгө болбойт.

Каны токтогондон кийинки мөөнөт тазалык деп аталат. Ошол учурдан баштап жуунуп, амалдарын аткара баштайт. Ошондон кийин ага тыюу салынган иштерди аткара берет.

Таза болгондон кийин саргыч, же күрөң түстө суюктук келсе, ага маани берилбейт.

Экинчиси: Нифас каны:

Нифас төрөт учурунда жана төрөттөн кийин жатындан чыкчу кан. Бул кош бойлуу кезинде агып чыкпай калган (айыз) кандын калдыгы.

Нифаста дагы айыз сыяктуу эле жыныстык катнаш кылбастан пайдаланганга уруксат.

Арам кылынган нерселер: жыныстык катнаш кылуу, намаз, орозо, талак, Каабаны тооп кылуу, куран окуу жана мечитте көпкө отуруп алуу. Ага деле айыз сыяктуу каны токтогондо жуунуу важыб.

Айыз сыяктуу эле орозонун казасын кармайт, намаздын казасын окубайт.

Нифастын эң көп мөөнөтү кырк күнгө созулат. Эгер кырк күнгө чейин эле кан келбей калса, анда нифас бүткөн болуп эсептелет. Жуунуп, намаз окуп ж.б. нифас убагында тыйылган иштерди аткара берет.

Экинчи сабак: Намаз:

Биринчи: Азан жана кооматтын өкүмү:

Азан хижранын алгачкы жылында шариятка кирген. Намаз убакыттарын билүү кыйынга туруп, өз ара кеңешүүлөр болгон. Абдулла бин Зайд (ага Алла ыраазы болсун) азыркы айтылып жүргөн азанды түшүндө көрөт. Анан аны аян-кабар тастыктайт.

Азан: Намаз убактысы киргенин жар салуу. Коомат: Намаздын башталганын жар салуу.

Азан менен коомат эркектер жамааты үчүн парз кифая, бул парз намаздары үчүн. Бул экөө Исламдын ачык белгилеринен, аларды таштап коюуга болбойт.

Азандын шарттары:

1 - Азанчы эркек киши болуусу керек.

2 - Азан тартиби менен айтылышы керек.

3 - Азан үзгүлтүккө учурабай сөздөрү биринин артынан бири айтылышы керек.

4 - Азан намаз убактысы киргенден кийин айтылышы керек. Багымдаттын жана жуманын гана биринчи азандары убак киргенге чейин айтылат.

Азандын сүннөттөрү:

1 - Манжаларын кулагына коюу.

2 - Намаздын алгачкы убагында айтуу.

3 - "Хайя алас-солаа, хайя алал-фалаах" деген сөздөрдү айтканда оңго жана солго бурулуу.

4 - Азанчынын үнү кооз болуусу.

5 - Азандын сөздөрүн ашыкча созбой, узартпай, жай жана так айтуу.

6 - Ар бир сүйлөмдөн кийин бир азга токтоо.

7 - Азан айткан учурда кыбылага жүздөнүү.

Азандын жыйырма беш сүйлөмү бар. Алланын элчисинин заманында Билал (ага Алла ыраазы болсун) азанды ушундай айткан.

Азандын сөздөрү:

"Аллаху акбар" төрт жолу.

"Ашхаду аллаа илааха ил-лаллооху" эки жолу.

"Ашхаду анна Мухаммадан расуулул-лах" эки жолу.

"Хаййа алас-сола" эки жолу.

"Хаййа алал-фалах" эки жолу.

Анан дагы "Аллаху акбар" деп эки жолу айтат.

Анан "лаа илааха иллаллах" деп бир жолу айтып бүтүрөт.

Багымдатта "Хаййа алал-фалах" дегенден кийин "Ассолаату хойрун минан навм" деп эки жолу кошумчалайт. Анткени, бул убакта адамдардын кобү уктап жаткан болот.

Коомат он бир сүйлөмдөн турат. Аны азандан батыраак айтат. Себеби ал намазга келген адамдар үчүн, созуп айтуунун кажети жок.

Айтылуу тартиби мындай:

"Аллаху акбар" эки жолу.

"Ашхаду аллаа илааха ил-лаллооху" бир жолу.

"Ашхаду анна Мухаммадан расуулул-лах" бир жолу.

"Хаййа алас-сола" бир жолу.

"Хаййа алал фалах" бир жолу.

"Код коомат ас-солах" эки жолу.

"Аллаху акбар" эки жолу.

"Лаа илааха иллал-лах" бир жолу.

Азанды уккан адамга азанчыны кайталап айтуу мустахаб. Болгону "хаййа алас-сола жана хаййа алал фалах" дегенде "лаа хавла ва лаа куввата илла билах" деп айтуу керек. Анан пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтуу керек. Андан кийин бул дубаны айтат:

«اللهمّ رَبَّ هَذِهِ الدَّعْوَةِ التَّامَّةِ، وَالصَّلاةِ القَائِمَةِ، آتِ مُحَمَّدًا الوَسِيلَةَ وَالفَضِيلَةَ، وَابْعَثْهُ مَقَامًا مَحْمُودًا الَّذِي وَعَدْتَهُ، إِنَّكَ لَا تُخْلِفُ الْمِيعَادَ».

"Аллахумма робба хаазихид-даъватит-таамма, вас-солаатил кооима, аати Мухаммаддан ал василата, вал фазилата, ваб аъсху макооман махмуудан аллазии ваъадтаху, иннака лаа тухлифул миъаад".

Мааниси: "О, Аллах! О, ушул толук чакыруунун жана убактысы келип калган намаздын Раббиси! Мухаммадга кыяматта шапаат кылууну жана жакшылыктарыңды ыраа көр! аны Өзүң убада кылган улук, даңкталган орунда (шапаат кылуу ордунда) тирилт! Сен эч качан убадага каршы чыкпайсың!".12

Ошондой эле дагы минтип айтат:

«رَضِيتُ بِاللَّهِ رَبًّا، وَبِالْإِسْلَامِ دِينًا، وَبِمُحَمَّدٍ ﷺ نَبِيًّا».

"Розийту биллахи Роббан, ва бил ислаами диинан, ва би Мухаммадин набийан".

Мааниси: Аллахтын Рабби экенине, Исламдын дин экенине, Мухаммаддын пайгамбар экенине ыраазы болуп, ынандым" (13).13

Азан айтылгандан кийин кайра келүү ниет жок, эч себепсиз мечиттен чыгып кетүү арам.

Эки намазды бир убакта чогуу окуган учурда бир азан жана ар бир намазга озүнчө коомат айтылат.

Үчүнчү: Намаздын орду жана артыкчылыгы:

Намаз Исламдын эки күбөлүк келимесинен кийинки эле манилүү түркүгү. Намаздын өзүнчө орду бар. Алла Таала намазды пайгамбарыбызга мираж түнү асманда парз кылган. Бул Алланын алдында намаздын маанилүүлүгүн, улуктугун жана аткарылуусунун зарылдыгын билдирет.

Намаздын важыбдыгы, артыкчылыгы тууралуу өтө көп хадистер бар. Анын парздыгы Исламда зарыл экени маалым.

Анын важыбдыгы жана маанилүүлүгү тууралуу Куран жана сүннөттө ачык тексттер көп.

1 - Аллах Таала айткан:

﴿...إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ كَانَتۡ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ كِتَٰبٗا مَّوۡقُوتٗا﴾

"Чынында, намаз ыймандуу пенделерге так убагында окулуучу парз болду". (Ниса, 103-аят). Т.а. Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) баяндап берген так убактарда окуу парз болду.

2- Аллах Таала дагы минтип айткан:

﴿وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ حُنَفَاءَ وَيُقِيمُوا الصَّلَاةَ...﴾

"Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн аткарууга буйрулган эле..." (Баййина, 5-аят)

3-Аллах Таала минтип айткан:

﴿فَإِنْ تَابُوا وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ فَإِخْوَانُكُمْ فِي الدِّينِ...﴾

"Эгер тообо кылып, намаз окуп, зекеттерин беришсе, алар да силердин диндеш бир тууганыңар болот..." (Тообо, 11-аят).

4- Жаабир (аларга Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«إِنَّ بَيْنَ الرَّجُلِ وَبَيْنَ الشِّرْكِ وَالْكُفْرِ تَرْكُ الصَّلَاةِ».

"Чындыгында, адам менен ширктин жана каапырлыктын ортосунда намазды таштоо гана турат".14

5-Бурайда (ага Аллах ыраазы болсун) айтат: Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айткан:

«العَهْدُ الَّذِي بَيْنَنَا وَبَيْنَهُمُ الصَّلَاةُ، فَمَن تَرَكَهَا فَقَدْ كَفَرَ».

"Биз менен каапырлардын ортосундагы келишим – бул намаз, ким аны таштаса, анда ал каапыр болот".15

Намаздын парз экенин танган адам анык каапыр болорун бардык ааламдар бир ооздон айтышкан. Ал эми ким жалкоолук кылып же кайдыгер болуп намаз окубаса, басымдуу пикирде жана сахабалардын бирдиктүү пикиринде каапыр болот.

Үчүнчү: Намаздын шарттары:

1- Намаз убактысынын кириши:

Аллах Таала минтип айткан:

﴿...إِنَّ ٱلصَّلَوٰةَ كَانَتۡ عَلَى ٱلۡمُؤۡمِنِينَ كِتَٰبٗا مَّوۡقُوتٗا﴾

"Чынында, намаз ыймандуу пенделерге так убагында окулуучу парз болду". (Ниса, 48-аят). Т.а. белгилүү бир убакта окуу парз болду.

Парз намаздардын убактылары төмөнкүдөй:

а) Багымдат: таң аткандан баштап күн чыкканга чейин.

б) Бешим: чак түштөн оогондон баштап ар бир нерсенин көлөкөсү өзүнүн узундугундай болгонго чейин.

в) Асыр: бешимдин убагы чыккандан баштап күндун нуру саргарганга чейин, зарыл убактысы күн батканга чейин.

г) Шам: күн баткандан баштап кызыл нур тараганга чейин.

д) Куптан: шам убактысы бүткөндөн баштап түндүн жарымына чейин.

2- Авратты жабуу:

Авратты жабуу дегени, аврат деп аталган дене мүчөлөрүн жашыруу, ачылып калууну жек көрүү жана уялуу. Эркек кишинин авраты - киндигинен баштап тизесине чейин. Аял кишинин намазда бетинен башка бардык жери аврат. Эгер махрам болбогон бөтөн эркектер болсо, бетин да жабат.

3 - Нажасаттардан сактануу:

Нажасаттар: шариятта белгилүү ыплас нерселер, анын кайсы түру болбосун намазды тыят: заара, заң, кан ж.б. булар кийимде, денеде жана намаз окуй турган жерде болсо, намаз окууга болбойт.

4 - Кыбылага жүздөнүү:

Кыбыла - ыйык Кааба, адамдар ага жүздөнгөнү үчүн кыбыла (жүздөнүүчү тарап) деп аталган.

Кыбылага карабай окулган намаз жарактуу эмес. Аллах Таала минтип айткан:

﴿...وَحَيۡثُ مَا كُنتُمۡ فَوَلُّواْ وُجُوهَكُمۡ شَطۡرَهُ...﴾

"... Кайсы жерде болсоңор да кыбылага жүздөнгүлө..." (Бакара, 144-аят).

5 - Ниет:

Ниеттин тилдеги мааниси, максат кылуу. Шарияттагы мааниси, Аллага жакындоо үчүн кайсы бир ибадатты аткарууга чечим кабыл алуу. Ниеттин орду жүрөктө, аны тил менен айтуунун кажети жок.

Төртүнчү: Намаздын түркүктөрү:

Булар он төрт түркүк:

Биринчиси: Кудурети болсо, тике туруу:

Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌...وَقُومُواْ لِلَّهِ قَٰنِتِينَ﴾

"... Аллага баш ийген абалда тике тургула" (Бакара, 238-аят). Имран (ага Алла ыраазы болсун) айткан хадисте минтип айтылат:

«صَلِّ قَائِمًا، فَإِن لَمْ تَسْتَطِعْ فَقَاعِدًا، فَإِن لَمْ تَسْتَطِعْ فَعَلَى جَنْبٍ».

"Намазды туруп оку. Эгер тура албасаң, отуруп оку. Эгер отура да албасаң, жатып оку".16

Оору себептүү тике тура албаса, анда абалына жараша, же отуруп же жатып окуйт. Туруп окууда коркунуч туулган адам, такыр кийими жок жылаңач адам ж.б. отуруп же жатып намаз окуу зарыл болгондор оорулуу адамдын өкүмүн алат. Ошондой эле туруп окуй албаган имамдын артында уюп намаз окугандарга да отуруп окууга уруксат. Эгер имам отуруп окуса, артындагылар да имамды ээрчип отуруп окушат. Ал эми напил намаздарды туруп окууга кудурети жетип турса деле отуруп окууга болот, бирок отуруп окугандын сообу туруп окугандыкына жетпейт.

Экинчи түркүгү: (Аллаху акбар деп) биринчи киришүү такбирин айтуу:

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«ثُمَّ اسْتَقْبِلِ الْقِبْلَةَ، وَكَبِّرْ».

"Анан кыбылага жүздөнүп, (Аллаху акбар деп) такбир айт".17

"Аллаху акбар" деп айтуу жетиштүү, кошумча эч нерсе айтылбайт.

Үчүнчү түркүгү: Фатиха сүрөсүн окуу:

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«لَا صَلَاةَ لِمَنْ لَمْ يَقْرَأْ بِفَاتِحَةِ الْكِتَابِ».

"Фатиханы окубаган адамдын намазы жарабайт".18

Төртүнчү түркүгү: Ар бир рекетте рүкү кылуу:

Аллах Таала минтип айткан:

﴿يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا ارْكَعُوا وَاسْجُدُوا...﴾

"Эй, ыймандуулар! Рүкү кылгыла, сажда кылгыла..." (Хаж, 77-аят).

Бешинчи жана алтынчы түркүктөрү:

Рүкүдөн өйдө болуу жана белин түздөп мурдагы абалындагыдай тике болуп туруу.

Пайгамбарыбыз намазын туура эмес окуган кишиге минтип үйрөткөн:

«ثُمَّ ارْفَعْ حَتَّى تَعْتَدِلَ قَائِمًا».

"Анан өйдө бол да белиңди түзөп тике тур...".19

Жетинчи түркүгү: дененин жети жерин жерге тийгизип сажда кылуу:

Булар: Бешене менен бирге мурун, эки алакан, эки тизе, эки буттун учтары. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«أُمِرْنَا أَنْ نَسْجُدَ عَلَى سَبْعَةِ أَعْظُمٍ: الجَبْهَةِ، وَأَشَارَ بِيدِهِ عَلَى أَنْفِهِ، وَالكَفَّيْنِ، وَالرُّكْبَتَيْنِ، وَأَطْرَافِ القَدَمَيْنِ».

"Жети мүчөнү жерге тийгизип сажда кылууга буйрулганбыз: бешене, анан мурдун колу менен көрсөттү, эки алакан, эки тизе, эки буттун учтары".20

Сегизинчи түркүк: Саждадан өйдө болуп, эки сажданын ортосунда отуруу:

Айша (ага Аллах ыраазы болсун) айткан:

«كَانَ النَّبِيُّ ﷺ إِذَا رَفَعَ رَأْسَهُ مِنَ السَّجْدَةِ، لَمْ يَسْجُدْ حَتَّى يَسْتَوِيَ جَالِسًا».

"Пайгамбарыбыз саждадан өйдө болгондо, белин түзөп бир аз отурмайынча экинчи саждага кетчү эмес".21

Тогузунчу түркүк: Бардык түркүктөрдү бир азга токтолуп шашпай аткаруу:

Б.а. аз болсо да бир аз токтоо, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазын жакшы эмес окуган адамга мындай деген:

«حَتَّى تَطْمَئِنَّ».

"Бир азга токтолуп оку".22

Онунчу жана он биринчи түркүктөр:

Акыркы ташахуд жана ага отуруу. Ибн Масуд (ага Аллах ыраазы болсун) айткан:

«إِذَا صَلَّى أَحَدُكُمْ فَلْيَقُلْ: التَّحِيَّاتُ لِلَّهِ وَالصَّلَوَاتُ وَالطَّيِّبَاتُ، السَّلَامُ عَلَيْكَ أَيُّهَا النَّبِيُّ وَرَحْمَةُ اللَّهِ وَبَرَكَاتُهُ، السَّلاَمُ عَلَيْنَا وَعَلَى عِبَادِ اللَّهِ الصَّالِحِينَ، أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَأَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ».

"Эгер бирөөңөр намаз окуса, минтип айтсын: "Аттахияту лиллаахи вассолаваату ваттойибаат, асслааму алайка айюхан-набию ва рахматуллаахи ва баракатух. Ассалааму аълайнаа ва аълаа иъбаадиллахис-соолихийн, ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммдан аъбдуху ва расуулух". Мааниси: "Бардык саламдар, жүгүнүүлөр жана таза (дубалар) жалгыз Аллахка! О, Аллахтын пайгамбары! Сага Аллахтын саламы, мээрими жана берекелери болсун! (Ошондой эле) Бизге жана Аллахтын бардык салих (ибадат кылган) пенделерине Аллахтын саламы болсун! Мен: "Жалгыз Аллахтан башка кудай жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем".23

Он экинчи түркүк: Акыркы ташахудда пайгамбарга салават айтуу:

Салават минтип айтылат:

«اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَى مُحَمَّدٍ».

"Аллахумма солли алаа Мухаммад...".24 Буга кошумча кылып айтуу сүннөт.

Он үчүнчү түркүк: Түркүктөрдү тартиби менен аткаруу:

Анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) тартиби менен аткарган. Мындай деп айткан:

«صَلُّوا كَمَا رَأَيْتُمُونِي أُصَلِّي».

"Менын намаз окуганымды көргөнүңөрдөй намаз окугула".25 Намазын туура эмес окуган адамга үйрөткөндө да "андан кийин" деп улам тартиби менен айткан.

Он төртүнчү түркүк: Салам берүү:

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

««‌وَخِتَامُهَا ‌التَّسْلِيمُ».

"Намаз салам берүү менен жыйынтыкталат". Жана мындай деген:

«وَتَحْلِيلُهَا التَّسْلِيمُ».

"Намаздан чыгуу салам менен болот".26

Бешинчи: Намаздын ваажыбдары:

Булар сегиз ваажыб:

1 - Биринчи киришүү такбиринен башка бардык такбирлер.

2 - Рүкүдө бир жолу "субхана Роббиял Азиим" деп айтуу. Үч жолу айтуу сүннөт, бул кемелине келтирип аткаруунун эң төмөнү. Ал эми эң көбү он жолу айтса болот

3 - Рүкүдөн өйдө болгондо "самиъа Аллаху лиман хамида" деп айтуу, имам үчүн да, намазды жалгыз окуган адам үчүн да.

4 - Рукүдөн өйдө болгондо "роббанаа ва лакал хамду" деп айтуу.

5 - Саждада бир жолу "субхана Роббиял аълаа" деп айтуу. Үч жолу айтуу сүннөт.

6 - Эки сажданын ортосунда бир жолу "Роббиг фир лии" деп айтуу. Үч жолу айтуу сүннөт.

7 - Биринчи ташахудга отуруу: Анда минтип айтылат:

«التَّحِيَّاتُ لِلَّهِ، وَالصَّلَوَاتُ وَالطَّيِّبَاتُ، السَّلَامُ عَلَيْكَ أَيُّهَا النَّبِيُّ وَرَحْمَةُ اللَّهِ وَبَرَكَاتُهُ، السَّلَامُ عَلَيْنَا وَعَلَى عِبَادِ اللَّهِ الصَّالِحِينَ، أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَأَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ».

"Аттахияту лиллаахи вассолаваату ваттойибаат, асслааму алайка айюхан-набию ва рахматуллаахи ва баракатух. Ассалааму аълайнаа ва аълаа иъбаадиллахис-соолихийн, ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммдан аъбдуху ва расуулуху".27

8 - Биринчи ташахуд үчүн отуруу.

Алтынчы: Намаздын сүннөттөрү:

Сүннөттөрдү аткарбай коюу намазды жокко чыгарбайт. Эки түрдүү болот: тил менен аткарылчу сүннөттөр, амал менен аткарылчу сүннөттөр.

Биринчиси: тил менен аткарылчу сүннөттөр:

1 - Намазды баштоо дубасы, ал ар түрдүү айтылат. Мисалы:

«سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ وَبِحَمْدِكَ، وَتَبَارَكَ اسْمُكَ، وَتَعَالى جَدُّكَ، وَلَا إِلٰهَ غَيْرُكَ».

"Субхаанака Аллахумма ва бихамдика, ва табаарокасмука, ва таъала жаддука, ва лаа илааха гойрук". Мааниси: "О, Аллах! Сени бардык кемчиликтерден аруулоо менен Сага мактоолорду айтамын. О, Аллах! сенин ысымыңда береке бар. Улуулугуң эң жогору. Сенден башка эч бир кудай жок".28

2 - Фатихадан мурда "ауузуну" айтуу. Ал "ауузу биллахи минаш-шайтонир-рожиим" деп айтылат.

3 - Кыраттан мурда "Бисмилланы" айтуу. Ал "Бисмиллаахир-Рохманир-Рохиим" деп айтылат.

4 - Рүкү жана саждада айтылган тасбихтерге бирден көп айтуу.

5 - Эки сажданын ортосундагы төмөнкү сөздү бирден көп айтуу:

«رَبِّ اغْفِرْ لِي».

"Роббиг фир лии" Эки сажданын ортосунда.

6 - Төмөнкү сөздү:

«مَلْءَ السَّمَاوَاتِ، وَمَلْءَ الْأَرْضِ، وَمَلْءَ مَا بَيْنَهُمَا، وَمَلْءَ مَا شِئْتَ مِنْ شَيْءٍ بَعْدُ».

"Мил-ас-самаваати ва мил-ал арди, ва мил-а маа байнахумаа, ва мал-а маа шита мин шайин баъду". Төмөнкү сөздөн кийин:

«رَبَّنَا ولَكَ الحَمْدُ».

"Роббана ва лакал хамду".29

7 - Фатихадан кийин кыраат кылуу.

8 - Төмөнкү сөз:

«اللَّهُمَّ إِنِّي أَعُوذُ بِكَ مِنْ عَذَابِ جَهَنَّمَ، وَمِنْ عَذَابِ الْقَبْرِ، وَمِنْ فِتْنَةِ الْمَحْيَا وَالْمَمَاتِ، وَمِنْ فِتْنَةِ الْمَسِيحِ الدَّجَّالِ».

"Аллахумма инни ауузу бика мин азааби жаханнама, ва мин азааби ал-кобр, ва мин фитнатил махяа вал мамаат, ва мин фитнатил масиих ад-дажжал".30 Мындан сырткары акыркы ташахуддан кийинки кошумча дубалар.

Экинчиси: амал менен болуучу сүннөттөр:

1 - Эки колду төрт учурда ийин же кулак тушуна чейин көтөрүү:

а) Биринчи киришүү такбиринде.

б) Рүкүгө эңкейгенде.

в) Рүкүдөн өйдө болгондо.

г) Үчүнчү рекетке турганда.

2 - Рүкүдөн мурда жана кийин кыямда турганда оң колду сол колдун үстүнө көкүрөк тушуна коюу.

3 - Сажда кыла турган жерге карап туруу.

4 - Сажда кылганда эки колду эки жакка ачып, кенен кылуу.

5 - Эки саждада санды курсакка тийгизбей ачык кылуу.

6 - Үч, төрт рекеттүү намаздардагы акыркы отуруудан башка бардык отурууда сол бутуна отуруп, оң бутунун учун кыбылага каратат.

7 - Үч жана төрт рекеттүү намаздардын акыркы отурушунда сол бутун оң бутунун астынан чыгарып жамбашы менен жерге отурат.

Жетинчи: Намаздын аткарылышынын сыпаты:

1 - Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намазга турганда кыбылага жүздөнчү, эки колун алаканын кыбылага каратып өйдө көтөрчү да, анан:

«اللهُ أَكبَرُ».

"Аллаху Акбар" деп такбир айтчу.

2 - Анан оң колун сол колунун үстүнө көкүрөк тушуна койчу.

3 - Анан киришүү дубасын окучу. Ал окуган киришүү дубаларынын такталгандарынын баары жарактуу. Алардын бири:

«سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ وَبِحَمْدِكَ، وَتَبَارَكَ اسْمُكَ، وَتَعَالى جَدُّكَ، وَلَا إِلٰهَ غَيْرُكَ».

"Субхаанака Аллахумма ва бихамдика, ва табаарокасмука, ва таъала жаддука, ва лаа илааха гойрук".

4 - Анан мындай дечү.

«أَعُوذُ بِاللَّهِ مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ، بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَٰنِ الرَّحِيمِ».

"Аузу биллахи минаш-шайтоонир-рожим. Бисмиллахир-Рохманир-Рохиим".

5 - Анан Фатиханы окуп, бүткөндө "аамиин" дечү.

6 - Анан Курандан дагы бир каалаган сүрөнү окучу. Багымдат намазын жана шам менен куптандын алгачкы эки рекетин жарыя окучу. Мындан башканын баарын купуя окучу. Бардык намаздарда биринчи рекетин экинчи ирекетинен узуныраак окучу.

7 - Анан киришүү такбиринде көтөргөндөй эки колун өйдө көтөрчү. Анан "Аллаху акбар" дечү. Анан рүкүгө эңкейчү. Манжаларын ачып тизесине таянчу, белин түптүз кылчу, башын да же өйдө, же ылдый эмес, бели менен түз кармачу. Анан минтип айтчу:

«سُبْحَانَ رَبِّيَ الْعَظِيمِ».

"Субхаана Робиял Азиим" Кемелдиктин эң азы үч жолу айтуу.

8 - Анан башын көтөрүп:

«سَمِعَ اللَّهُ لِمَنْ حَمِدَهُ».

"Самиъа Аллаху лиман хамидах" - дечү. Рүкүдө көтөргөн сыяктуу колун өйдө көтөрчү.

Тике болуп түз тургандан кийин мындай дечү:

«اللَّهُمَّ رَبَّنَا وَلَكَ الْحَمْدُ، حَمْدًا كَثِيرًا طَيِّبًا مُبَارَكًا فِيهِ، مَلْءَ السَّمَاءِ، وَمَلْءَ الْأَرْضِ، وَمَلْءَ مَا بَيْنَهُمَا، وَمَلْءَ مَا شِئْتَ مِنْ شَيْءٍ بَعْدُ، أَهْلَ الثَّنَاءِ وَالْمَجْدِ، أَحَقُّ مَا قَالَ الْعَبْدُ، وَكُلُّنَا لَكَ عَبْدٌ، لَا مَانِعَ لِمَا أَعْطَيْتَ، وَلَا مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ، وَلَا يَنْفَعُ ذَا الْجَدِّ مِنْكَ الْجَدُّ».

"Аллахумма Роббанаа ва лакал хамду. Хамдан касирон тоййибан мубаракан фиих. Мил-ас-самааи, ва мил-ал-арди, ва мил-а-маа байнахума, ва мил-а-маа шита мин шай-ин баъду, ахлас-санааи вал мажди, ахакку маа коолал аъбду, ва куллунаа лака аъбдун, лаа мааниъиа лимаа аътойта, ва лаа муутиъа лимаа манаъта, ва лаа йанфаъу зал жадди минкал жадду".31 Бул турууда бир аз узунураак турчу.

10 - Анан такбир айтып саждага жыгылчу. Мында колун көтөрчү эмес. Саждада бешенесин, мурдун, эки алаканын, эки тизесин, эки бутунун учтарын жерге тийгизчү. Колунун да, бутунун да манжаларын кыбылага каратып койчу. Саждасын да шашпай аткарчу. Бешенесин жана мурдун жерге бекем койчу. Эки алаканына таянып, эки чыканагын өйдө кылчу. Карууларын капталынан ажыратып турчу, Курсагын санынан ажыратып турчу. Сандарын балтырларынан ажыратып турчу. Саждада минтип айтчу:

«سُبْحَانَ رَبِّيَ الأَعْلَى».

"Субхаана Роббиял аълаа" бир жолу. Кемелдиктин эн азы үч жолу айтуу. Анан хадистерде келгендей дуба кылчу.

11- Андан кийин "Аллаху акбар" деп башын көтөрчү. Андан соң сол бутун төшөп ошого отурчу, оң бутун тике кылып, манжаларын кыбылага каратчу. Эки колун эки санына коюп мындай дечү:

«اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي، وَارْحَمْنِي، وَاجْبُرْنِي، وَاهْدِنِي، وَارْزُقْنِي».

"Аллахуммагфир лии, вархамнии, важбурнии, вахдинии, варзукнии".32

12 - Андан кийин такбир айтып сажда кылчу, экинчи сажданы да биринчи рекеттеги сыяктуу кылчу.

13 - Анан такбир айтып башын көтөрөт, тизелерине жана сандарына таянып, эки буту менен турчу.

14 - Толук түздөнүп тургандан кийин кыраат кылчу. Ошентип экинчи рекетти биринчи рекет сыяктуу окучу.

15 - Анан эки сажданын ортосунда отурган сыяктуу биринчи ташахудга отурчу. Оң колун оң санына, сол колун сол санына койчу. Оң колунун баш бармагын ортоңку манжасынын учуна тийгизип тоголок темирдей кылчу. Сөөмөйү менен ишара кылып, ошону карап отурчу. Анан минтип айтчу:

«التَّحِيَّاتُ لِلَّهِ وَالصَّلَوَاتُ وَالطَّيِّبَاتُ، السَّلَامُ عَلَيْكَ أَيُّهَا النَّبِيُّ وَرَحْمَةُ اللَّهِ وَبَرَكَاتُهُ، السَّلَامُ عَلَيْنَا وَعَلَى عِبَادِ اللَّهِ الصَّالِحِينَ، أَشْهَدُ أَنْ لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، وَأَشْهَدُ أَنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ وَرَسُولُهُ».

"Аттахияту лиллаахи вассолаваату ваттойибаат, асслааму алайка айюхан-набию ва рахматуллаахи ва баракатух. Ассалааму аълайнаа ва аълаа иъбаадиллахис-соолихийн, ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху ва ашхаду анна Мухаммдан аъбдуху ва расуулух". Бул отурууну жеңил (кыскарак) кылчу.

16 - Анан такбир айтып өйдө болчу да, үчүнчү жана төртүнчү рекетти окучу. Бул эки рекетти женил окучу. Бул эки рекетте Фатиханы эле окучу.

17 - Анан акыркы отурууга жамбаш менен отурчу. Жамбашы менен дегенибиз, сол бутун жерге төшөп, оң бутунун алдынан чыгарат, оң бутун тике кылат, анан жамбашы менен жерге отурат.

18 - Анан акыркы ташахудду окучу, ал биринчи ташахудга эле окшош. Ага кошумча кылып:

«اللَّهُمَّ صَلِّ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ، كَمَا صَلَّيْتَ عَلَى آلِ إِبْرَاهِيمَ، إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ، وَبَارِكْ عَلَى مُحَمَّدٍ وَعَلَى آلِ مُحَمَّدٍ، كَمَا بَارَكْتَ عَلَى آلِ إِبْرَاهِيمَ، إِنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ».

"Аллахумма солли алаа Мухаммадин ва алаа аали Мухаммад. Камаа соллайта алаа Ибархима ва алаа аали Ибрахима иннака Хамидум Мажиид. Ва баарик алаа Мухммадин ва алаа аали Мухаммад. Камаа бааракта алаа Ибрахима ва алаа аали Ибрахима, иннака Хамидум Мажиид".

19 - Анан тозоктун азабынан сактоону, кабырдын азабынан сактоону, жашоонун жана өлүмдүн фитнасынан сактоону, Дажжалдын фитнасынан сактоону сурап дуба кылчу. Мындан сырткары Куран, сүннөттө келген дубаларды айтчу.

20 - Анан оң жагына салам берип:

«السَّلاَمُ عَلَيْكُمْ وَرَحْمَةُ اللَّهِ».

"Ассаламаа алайкум ва рахматуллах" дечү. Анан сол тарабына да ушинтип салам берчү. Салам кыбыланы карап турган абалында башталып башы толук бурулганда бүтөт.

Сегизинчи: Намаздын макүрү амалдары:

1 - Зарылдыксыз эле эки жакка кароо.

2 - Асманга кароо.

3 - Зарылдыксыз эле көздөрүн жумуп алуу.

4 - Саждада эки чыканагын жерге төшөп алуу

5 - Зарылдыксыз ооз, мурунду жаап алуу.

6 - Заарасы же заңы кыстап турганда, же жакшы көргөн тамагы дастарконго келип калганда намаз окуу.

7 - Саждада жабышып калган нерсени аарчу үчүн бешенесин жана мурдун сыйпалоо. Намаздан кийин аарчыса эч нерсе эмес.

8 - Зарылдыксыз эле өйдө турганда дубалды же башка нерсени таянып туруу.

Тогузунчу: Намазды жараксыз кылуучу амалдар:

1 - Ичип-жеш.

2 - Намазга тиешеси жок сөздөрдү сүйлөө.

3 - Күлүү, каткыруу.

4 - Кайсы бир парзды же ваажыбды атайлап таштап кетүү.

5 - Бир парзды же рекетти атайлап ашыкча кылуу.

6 - Имамдан озунуп атайлап салам берүү.

7 - Зарылдыксыз эле намаздын кыймылына кирбеген ашыкча кыймылдарды көп кылуу.

8 - Намаздын кайсы бир шартын бузуу, мисалы: даараттын сынуусу, атайлап авратын ачып алуу, дененин көп бөлүгүн зарылдыксыз эле кыбыладан буруп жиберүү, ниетти токтотуу ж.б.

Онунчу: Адашуу саждасы:

Адашуу дегенибиз - унутуу: Пайгамбарыбыз да намазда унутуп калган учурлары болгон. Анткени, бул адамдын табиятында бар нерсе. Анын адашып, унутуусу үммөтү үчүн нээмат жана диндин толуктугунан кабар берип турат. Себеби унуткан учурда ал үйрөткөндөй анын жолун жолдойбуз.

Адашуу саждасын аткарууга себеп болгон учурлар:

1 - Биринчи абал:

Намазда ашыкча кылуу, же кыймылды же сөздү ашыкча кошуп жиберүү:

а) Ашыкча кыймылдар: Эгер намаздын өз кыймылдарынан болсо, мисалы: каадада отуруунун ордуна кыямга туруп алса, же туруунун ордуна отуруп алса, же рүкүнү, сажданы ашыкча кылып алса, мына ушуларды унутуп аткарып алган болсо, адашуу саждасын кылат.

б) Ашыкча сөздөр: Рүкү же саждада кыраат кылып алган сыяктуу.

Мына ушул учурда да адашуу саждасын кылуу мустахаб.

2 - Экинчи абал:

Унутуп намазды кем кылып алуу. Бул төмөнкү эки иштин бири менен болот:

а) Парзды таштап коюу: Эгер бул парз алгачкы киришүү такбири болсо, намазы жарактуу болбойт. Б.а. адашуу саждасы аны түзөбөйт, жетишсиз. Биринчи такбирден башка парзы болсо рүкү, сажда сыяктуу жана аны кийинки рекеттин кыраатынан мурда эстесе, анда кайтаруусу важыб, анан андан кийинкилерин да кайталайт.

А эгер кийинки рекеттин кыраатын окуп алгандан кийин эстесе, анда ошол таштап кеткен рекет жараксыз болот, андан кийинки рекет анын ордуна жүрөт.

б) Важыбды таштоо, мисалы, биринчи ташахудду же рүкүдө айтылчу тасбихти унутуп калса. Мындай абалда адашуу саждасын кылат.

3 - Үчүнчу абал:

Мисалы, бешим намазында үч рекет же төрт рекет окуганын билбей калса, мындай абалда:

а) Ою бир тарапка көбүрөөк ооп турса, ошону карманат жана адашуу саждасын аткарат.

б) Эгер ою эч бир жакка ообосо, азын карманат жана адашуу саждасын кылат.

Эгер шек намаздан кийин пайда болсо же көп шектенген адам болсо, анда шектенүүсүнө маани бербейт.

Пайда: Адашуу саждасы саламдан алдын кылынат: эгер кемитип койсо же шектенип бирок ою эч бир тарапка ообосо. А эгер намаздын ашыкчалыгы үчун же көңүлү бирине тарткан шек үчүн болсо, анда саламдан кийин болот. Мында ар ким өзү туура көргөнүн карманса деле болот.

Он биринчи: Намаз окууга тыюу салынган убакыттар:

Негизи намазды бардык убакта окууга уруксат. Кээ бир гана убакта намаз окууга тыюу салынган. Алар төмөнкүлөр:

1 - Багымдат намазынан кийин күн чыкканга чейин. Күн чыгып найза бою көтөрүлгөндөн кийин окуй берсе болот.

2 - Чак түш болуп күн төбөгө келгенде. Бул тыюу салынган убактардын эн кыскасы.

3 - Асыр намазынан кийин күн батканга чейин. Бул тыйылган убактардын эң узуну.

Тыюу салынган убактарда деле окуса боло турган намаздар:

1 - Өтүп кеткен парз намаздын казасы.

2 - Себептүү намаздар: мечит менен саламдашуу намазы, тавафтын эки рекет намазы, күн тутулгандагы намаз, жаназа намазы.

3 - Багымдат намазынын окулбай калган сүннөтүн багымдаттын парзынан кийин окуса болот.

Он экинчи: Жамаат намазы:

Намазды жамаат менен мечитте окуу Исламдын негизги белгилеринин бири. Беш убак намазды мечитте жамаат менен окуу эң улуу жана бекемделген ибадаттардан экенин бардык аалымдар бир ооздон тастыкташкан. Бул Исламдын негизги белгилеринен.

1 - Жамаат намазынын өкүмү:

Кудурети жеткен эркектерге намазды мечитте жамаат менен окуу важыб. Сапарда болсун, үйдо болсун айырмасы жок. Тынчтык кезде да, кооптуу кезде да ар бир мусулманга важыб.

Намазды жамаат менен окуунун важыбдыгына Куран, сүннөт жана кылымдан кылымга өткөн мусулмандардын кылган амалы далил.

Курандан далил: Алла Таала минтип айткан:

 

﴿وَإِذَا كُنتَ فِيهِمۡ فَأَقَمۡتَ لَهُمُ ٱلصَّلَوٰةَ فَلۡتَقُمۡ طَآئِفَةٞ مِّنۡهُم مَّعَكَ...﴾

"(Эй, Мухаммад!) Сен алар менен бирге (согушта) намаз окусаң, алардын бир тобу сени менен намазга турсун..." (Ниса, 102-аят). Намазды жамаат менен окуунун важыбдыгына аят далил болгондугу үчүн. Кооптуу учурда да жамаатты таштоого уруксат берген жок. Эгер ваажыб болбогондо кооптуу учурда уруксат берүүгө негизги себеп болмок. Жамаат намазга барбоо, ага жалкоолук кылуу мунафыктардын эң белгилүү сыпаттарынын бири.

Сүннөттөн далил: Бул тууралуу хадистер өтө көп, алардын кээ бири төмөнкүлөр:

Имам Муслимдин ишенимдүү хадистер топтомунда келген.

أَنَّ رَجُلًا أَعْمَى قَالَ: يَا رَسُولَ اللَّهِ، لَيْسَ لِي قَائِدٌ يَقُودُنِي إِلَى الْمَسْجِدِ، فَسَأَلَهُ أَنْ يُرَخِّصَ لَهُ أَنْ يُصَلِّيَ فِي بَيْتِهِ، فَرَخَّصَ لَهُ، فَلَمَّا وَلَّى دَعَاهُ فَقَالَ: «هَلْ تَسْمَعُ النِّدَاءَ؟» قَالَ: نَعَمْ، قَالَ: «فَأَجِبْ».

Көзү азиз киши: "О Алланын элчиси! Мени мечитке жетелеп келе турган киши жок" - деп, намазын үйүндө эле окуй берүүгө уруксат сурайт. Ага уруксат берип, ал чыгып жөнөгөндө кайра чакырып: "Азанды угасыңбы?" - деп сурайт. Тиги: "Ооба" - дейт. "Анда чакырыкка жооп кылып мечитке кел" - деп айтат".33

Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) анын көзү азиздигине, анан да аны жетелеп келе турган кишинин жоктугуна карабай, азанды уксаң мечитке кел деп буйруду. Бул намазды жамаат менен окуунун важыбдыгына далил.

2 - Жамаатка жетишүү:

Имам менен намаздын бир рекетин окууга жетишкен адам жамаатка жетишкен болот. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«مَنْ أَدْرَكَ رَكْعَةً مِنَ الصَّلَاةِ فَقَدْ أَدْرَكَ الصَّلَاةَ».

«Ким бир рекет намазга жетишсе, анда ал намаздын баарына жетишкен болот».34

3 - Рекетке жетишүү:

Рекеттин рүкүсүнө жетишип калган киши ошол рекетке жатишкен болот. Кечигип келген киши имам рүкү кылып турганда келсе, турган абалда киришүү такбирин айтып, анан дагы такбир айтып рүкүго кетиши керек. Эгер турган абалда киришүү такбири менен эле чектелип калса, ошол такбир рүкүнүн такбирине да өтө берет.

4 - Намазды жамаат менен окубоого уруксат берген үзүрлөр:

1 - Жумага жана жамаатка барууга кыйынчылык жараткан оору.

2 - Заараны же заңды чыгарбай сактоо: буларды чыгарбай сактоо намазга берилүүнү жоготот, ошондой эле ден соолукка да зыянын тийгизет.

3 - Адам ачка болуп турганда, же тамакка табити тартып турганда тамак келип калса, (анда алгач тамактануу керек). Бирок муну дайыма адат кылып, же атайын жамаатка барбоо үчүн айла-амал кылууга болбойт.

4 - Өзүнө, мал-мүлкүнө же дагы башка бир нерсесине коркунуч туулса.

Он үчүнчү: Коркунуч туулган учурдагы намаз:

Мубах болгон бардык согуштарда, мисалы, каапырлар менен, баш ийбеген топтор менен, каракчылар менен болгон согуштарда коркунуч намазын окуу шариятта каралган. Алла Таала минтип айткан:

﴿...إِنۡ خِفۡتُمۡ أَن يَفۡتِنَكُمُ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓاْ...﴾

"Жер үстүндө сапар тартканыңарда каапырлардын кол салуусунан корксоңор, намазыңарды кыскартып окусаңар болот. Чынында, силердин анык душманыңар – каапырлар". (Ниса, 101-аят). Ушуларга салыштырып согушка уруксат берилген башка топтор менен согушканда да коркунуч намазын окууга болот.

Коркунуч намазы эки шарт менен окулат:

1) Согушуу адал болгон душмандар менен согушууда.

2) Мусулмандар намаз окуп жатканда душмандын чабуул коюусунан корккондо.

Коркунуч намазынын сыпаты:

Бул намаздын бир канча окулуу тартиби бар. Эн белгилүүсү Сахл (ага Алла ыраазы болсун) айтып берген хадисте келген:

أَنَّ طَائِفَةً صَفَّتْ مَعَ النَّبِي ﷺ، وَطَائِفَةً وِجَاهَ العَدُوِّ، فَصَلَّى بِالَّتِي مَعَهُ رَكْعَةً، ثُمَّ ثَبَتَ قَائِمًا، وَأَتَمُّوا لِأَنْفُسِهِمْ، ثُمَّ انْصَرَفُوا، وَصَفُّوا وِجَاهَ العَدُوِّ، وَجَاءَتِ الطَّائِفَةُ الأُخْرَى، فَصَلَّى بِهِمُ الرَّكْعَةَ الَّتِي بَقِيَتْ مِنْ صَلَاتِهِ، ثُمَّ ثَبَتَ جَالِسًا، وَأَتَمُّوا لِأَنْفُسِهِمْ، ثُمَّ سَلَّمَ بِهِمْ.

Бир тайпа аскер пайгамбар менен сапка турду. Экинчи тайпа душманга карап калды. Биринчи тайпа менен бир рекет намаз окуду да, турган боюнча калды, аскерлер намазды өздөрүнчө окуп бүтүштү. Анан алар душман тарапка кетти. Экинчи тайпа келди, алар менен экинчи рекетти окуду. Анан отурган боюнча калып, аскерлер болсо өз алдынча окуп бүтүштү. Анан алар менен салам берип намазды жыйынтыктады.35

Коркунуч намазынан мындай пайдаларды алабыз:

1 - Исламдагы намаздын зарылдыгы, жамаат намазынын зарылдыгы, ушундай абалдарда да моюндан түшүп калбайт.

2 - Алла Таала бул үммөттөн машакатты алып салды, шариат жеңил, ыңгайлуу, ар бир доорго, ар бир жерге ылайыктуу.

3 - Ислам шарияты кемчиликсиз, толук. Ал ар кандай абалга ылайыктуу түзүлгөн.

Он төртүнчү: Жума намазы:

Биринчи: Анын өкүмү:

Ар бир балакатка жеткен, акыл-эси жайында, эч кандай үзүрү жок туруктуу (мусапыр эмес) мусулман эркекке жума намазын окуу парз айн.

Аллах Таала минтип айткан:

﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا نُودِيَ لِلصَّلَوٰةِ مِن يَوۡمِ ٱلۡجُمُعَةِ فَٱسۡعَوۡاْ إِلَىٰ ذِكۡرِ ٱللَّهِ وَذَرُواْ ٱلۡبَيۡعَۚ ذَٰلِكُمۡ خَيۡرٞ لَّكُمۡ إِن كُنتُمۡ تَعۡلَمُونَ9﴾

"О ыйман келтиргендер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллахты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин) токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер". (Жума, 9-аят).

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«لَيَنْتَهِيَنَّ أَقْوَامٌ عَنْ وَدْعِهِمُ الْجُمُعَاتِ، أَوْ لَيَخْتِمَنَّ اللَّهُ عَلَى قُلُوبِهِمْ، ثُمَّ لَيَكُونُنَّ مِنَ الْغَافِلِينَ».

"Айрым адамдар жума намазын себепсиз калтырууну токтотпосо, Алла алардын жүрөгүн мөөрлөп, анан алар капылеттеги адамдардан болуп калышат".36

Экинчи: жума намазынын туура болуусунун шарттары:

а) Убакыттын кирүүсү: Жуманын убактысы бешимдин убактысы сыяктуу. Убакыт кире электе окууга да, убакыт өтүп кеткенден кийин окууга да болбойт.

б) Жамааттын болуусу, туурасы жамаатта эң азы үч адам болуш керек. Жалгыз же эки адамга жума намазын окууга болбойт.

в) Намаз окуучулар (жума намазга катышуучулар) туруктуу жашоочу болушу керек. Алардын жашаган үйлөрү да адатта эл кандай үйлөрдү куруп жашаса, ошол сыяктуу туруктуу курулуштардан турган болушу шарт. Бул үйлөр темир-бетондон болобу, таштанбы, ылайданбы же башка материалданбы — айырмасы жок. Ошондуктан, жума намазы боз үйлөрдө же чатырларда жашаган көчмөндөргө туура келбейт, анткени алар туруктуу жерге отурукташпайт, малдары үчүн тоют издеп көчүп жүрүшөт.

г) Намаздан мурда эки кутпа айтылышы керек.

Үчүнчү: Жума кутпасынын парздары:

1 - Аллага мактоо жана эки күбөлүк келмесин айтуу.

2 - Пайгамбарга салават айтуу.

3 - Аллага такыбалык кылууга буйруу.

4 - Курандан аяттарды окуу.

5 - Насаат, баян кылуу.

Төртүнчү: Жума кутпасынын мустахабдары:

1 - Кутпаны минбарда айтуу.

2 - Эки кутпанын ортосунда бир аз отуруу. 3 - Эки кутпада тең мусулмандарга жана башчыларга жакшы дуба кылуу.

4 - Кутпаларды кыска кылуу.

5 - Кутба айткан кишинин минбарга чыкканда элге салам айтуусу.

Бешинчи: Жума күндө аткарылчу мустахаб иштер:

1 - Мисвак колдонуу.

2 - Эгер бар болсо атыр себинүү.

3 - Жума намазына эртерээк баруу.

4 - Улоого минбестен жөө басып баруу.

5 - Имамга жакын отуруу.

6 - Дуба кылуу.

7 - Кахф сүрөсүн окуу.

8 - Пайгамбарга көп салават айтуу.

Алтынчы: Жумага келген киши тыйыла турган иштер:

1 -Имам кутпа айтып жатканда сүйлөөгө болбойт. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деген:

«إِذَا قُلْتَ لِصَاحِبِكَ يَوْمَ الْجُمُعَةِ: أَنصِتْ، وَالْإِمَامُ يَخْطُبُ، فَقَدْ لَغُوتَ».

"Эгер жаныңдагы адамга жума күнү имам кутпа айтып жаткан маалда: "Тынчтанып ук» - десең да, анда куру сөз сүйлөгөн болосуң".37 Б.а. күнөөкөр болот.

2 - Имамдан башка бирөө адамдардын үстүнөн аттап өткөнү болбойт. Бош жер болсо, ага башка жол менен жете албаса, ошондо гана аттап барса болот.

Жумага жетишүү:

Жума намазынын экинчи рекетинин рүкүсүнө имамга жетишип калса, жумага жетишкен болот, анан экинчи рекетти кошуп окуп толуктап коёт. Эгер экинчи рекеттин рүкүсүнө жетишпей калса, жумага жетишпеген болот. Төрт рекет кылып бешим кылып окуйт. Ошондой эле уктап же башка себеп менен жуманы өткөрүп жиберген адам ордуна бешим окуйт.

Он бешинчи: Үзүрү барлардын намазы:

Биринчи: Бейтап адамдын намазы:

Биринчиден: Бейтап адам намазын өз чамасына жараша окуйт. Акылы жайында турса, намазды убактысынан кечиктирбейт.

Экинчиден: Оорулуу адам намазын кандай окуйт?

1 - Ооруган адам эгер кыйналбай тике тура алса, намазын туруп окуйт жана рүкү, сажда кылат.

2 - Эгер турууга кадыр болуп, бирок рүкү менен сажда кылуу кыйын болсо, анда рүкүнү турган абалда ишарат кылып, сажданы отурган абалда ишарат кылып аткарат.

3 - Эгер туруп окууга кадыр болбосо, анда отуруп окуйт. Сүннөт боюнча буттарын айкалыштырып отурат, рүкүгө ишарат кылат. Эгер сажда кыла алса, жерге сажда кылат. Эгер жерге сажда кыла албаса, анда рүкүдөн ылдыйыраак кылып ишарат кылат.

4 - Эгер отуруп окууга да кадыр болбосо, жатып окуйт. Жузүн кыбылага каратып, бир жак тарабына жатат. Эгер кыйын болбосо оң жагы менен жатканы жакшы. Рүкү менен сажданы ишарат менен аткарат.

5 - Эгер жамбаштап жатууга да кадыр болбосо, анда буттарын кыбыла тарапка сунуп, чалкасынан жатып окуйт. Рүкү менен сажданы ишарат кылат.

6 - Рүкү, саждада жалпы денеси менен ишара кыла албаса, башы менен ишара кылат. Эгер ал да оор болсо, анда ишара кылуу анын моюнунан түшөт. Намаздын жүрүшүн жүрөгүнөн өткөрүп, рүкү, сажда, отуруу ж.б. амалдарын ниети менен эле аткарат жана зикирлерин айтат.

7 - Ооруган адам намаздын шарттарынан колунан келгенин аткарат. Мисалы, кыбылага жүздөнүү, суу менен даарат алуу, же таямум, нажасаттардан тазалануу ж.б. Булардан кайсы бирин аткара албаса, ал моюнунан түшөт. Абалына жараша намазды убактысынан кечиктирбей окуйт.

8 - Кыям жана рүкүнүн ордунда буттарын айкалыштырып, ал эми мындан башкасында буттарып алдына төшөп отурганы сүннөт.

Экинчи: Мусапырдын намазы:

1 - Үзүрлүүлөрдүн дагы бири: Мусапыр төрт рекеттүү намазды эки рекет кылып кыскартып окуйт. Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَإِذَا ضَرَبۡتُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ فَلَيۡسَ عَلَيۡكُمۡ جُنَاحٌ أَن تَقۡصُرُواْ مِنَ ٱلصَّلَوٰةِ...﴾

"Жер үстүндө сапар тартканыңарда намазыңарды кыскартып окусаңар болот..." (Ниса, 101-аят).

Анас бин Малик (ага Алла ыраазы болсун) айткан:

«خَرَجْنَا مَعَ النَّبِيِّ ﷺ مِنَ الْمَدِينَةِ إِلَى مَكَّةَ، فَكَانَ يُصَلِّي رَكْعَتَيْنِ رَكْعَتَيْنِ، حَتَّى رَجَعْنَا إِلَى الْمَدِينَةِ».

"Алланын элчиси менен Мадинадан Меккеге жөнөп чыкканыбызда Меккеге жеткенге чейин намаздарды эки рекет, эки рекет кылып окудук".38

Намазды кыскартып окуу мусапыр жашаган аймагынын чегинен чыгар замат эле башталат. Анткени, Алла Таала жолго чыккан адамга муну мубах кылган. Калаасынан чыкканга чейин жолоочу болуп эсептелбейт. Пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) жөнөп чыккандан кийин кыскартып окуй баштаган.

2 - Мусапыр адам үчүн намазды кыскартып окууга уруксат берилген аралык болжол менен сексен чакырым.

3 - Мусапыр кайра шаарынын чегине киргенге чейин намазды кыскартып окуйт.

4 - Эгер мусапыр киши бир шаарга жетип, анда туруп калууну кааласа, мындайда үч түрдүү абал болот:

а) Эгер төрт күндөн ашык туруу ниети болсо, анда турган күнүнөн баштап намазын толук окуйт, мусапырга тиешелүү уруксаттын бул кишиге тиешеси болбойт.

б) Төрт күн же андан азыраак туруу ниети болсо, анда намазын кыскартып окуйт, мусапырга берилген уруксат буга да тиешелүү болот.

в) Эч бир мөөнөттү ниет кылбай, ылайыктуу жер болуп, же дарыланып же башка иши менен иши бүткөнчө, бир күнбү же он күнбү жүрүп калса: Анда кайтып кеткенче мусапыр эсептелип, намазын кыскартып окуйт.Туруу мөөнөтү төрт күндөн ашып кетсе да.

5 - Эгер мусапыр киши жеригиликтүү тургун имамга уюп намаз окуса, акыркы ташахудда кошулса да намазын толук окуйт.

6 - Жергиликтүү тургун мусапырга уюп намаз окуса, мусапыр намазын кыска окуйт, жергиликтүү тургун ал салам бергенден кийин туруп намазын толуктап окуп алат.

Он алтынчы: Айт намаздары:

Мусулмандардын айт майрамдары Алла Таала шарият кылып берген майрамдар, алар өздөрү майрам кылып алган эмес. Мусулмандарда эки эле айт бар: орозо айт, курман айт. Каапырлар менен бидаатчылардан айырма ушунда, аларда Алланын шарияты менен эмес өздөрүнүн каалоолору менен дайындап алган майрамдары көп.

Эки айт намаздын өкүмдөрү:

Айт намаздарын окуу парз кифая (бирөө аркылуу башкалардын моюнунан түшө турган парз) пайгамбарыбыз да, туура жолго баштачу халифтер да такай амал кылып жүрүшкөн. Айт намаздары диндин ачык белгилеринин бири.

Айт намаздарынын убактылары: күн найза бою көтөрүлгөндөн баштап б.а. күн чыккандан он беш мүнөттөн кийин башталып, күн чак түшкө оогонго чейин.

Айт намаздарынын тартиби:

1 - Биринчи рекетте киришүү такбирин айтат. Анан киришүү дубасын (сананы) окуйт. Анан ар биринде колун өйдө көтөрүп алты такбир айтат. Такбирлердин арасында Аллага алкыш-мактоо айтат. Пайгамбарга салават айтат. Анан "аузуну", "бисмилланы" айтып кыраатка киришет.

2 - Экинчи рекетке турууда айтылган такбирден сырткары беш такбир айтат. Анан "аузу, бисмилланы" айтып кыраатка киришет. Биринчи рекетте Фатихадан кийин "Аъла" сүрөсүн, экинчи рекетте Фатихадан кийин "Гашия" сүрөсүн окуу мустахаб.

3 - Имам салам берип, минбарга көтөрүлөт, эки кутпа айтат. Жума кутпасы сыяктуу эки кутпанын отосунда бир аз отурат.

Айттын сүннөттөрү:

а) Жуунуу.

б) Тазаланып, жыттуулануу.

в) Орозо айтында айт намазга чыгарда бир нерсе жеп чыгуу. Курман айтта эгер курмандык чала турган болсо, анда айт намазынан кийин бир нерсе жеп алуу.

г) Жөө басып баруу.

д) Барганда башка жол менен барып, келгенде башка жол менен келүү.

е) Имамдан башкалардын намазга эртерээк баруусу.

Такбир айтуу:

Эки айттын түнү, Зулхижжанын он күнү жана ташрик күндөрү такбир айтуу сүннөт. Мунун эки түрү бар:

Биринчи түрү: жалпы такбир: бул такбирди айтууга атайын дайындалган убакыт жок.

1 - Орозо айтында: айттын биринчи түнүнүн күнү баткандан баштап айт намазы башталганга чейин.

2 - Курман айтта: зул хижжа айынын биринчи түнүнүн башталышында күн баткандан баштап ташрик күндөрүнүн акыркы күнүндө күндүн батышына чейин.

Экинчи түрү: белгилүү убакка байланган такбир: бул такбир парз намаздарынан кийин гана айтылат.

1 - Ихрамда эместер: Арафа күнүнүн багымдат намазынан баштап, ташриктин акыркы күнүнүн асыр намазына чейин.

2 - Ихрамдагылар: айт күнүнүн бешим намазынан баштап, ташриктин акыркы күнү асыр намазына чейин.

Он жетинчи: Күн тутулганда окулчу намаз:

Кусуф жана хусуф сөздөрүнүн мааниси:

Хусуф - айдын түндо толук же жарым жартылай тутулуусу.

Кусуф - күндүн күндүз толук же жарым жартылай тутулуусу.

Кусуф намазынын өкүмү:

Бекемделген сүннөт. Анткени пайгамбарыбыз (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өз доорунда күн тутулганда окуган. Ошондо эле бул намазды окууга буйруган. Аалымдардын баары бир ооздон күн тутулганда намаз окуу шарияттын өкүмү деп айтышкан.

Намаздын убагы:

Күн же ай тутула баштагандан тартып тутулуу тараганга чейин.

Намаздын тартиби:

Эки рекет, кыраат жарыя окулат, окулуу тартиби төмөнкүдөй:

а) Киришүүгө такбир айтылат, киришүү дубасы (сана) ауузу, бисмилла айтылат. Фатиха окулат, анан узун кыраат кылынат.

б) Анан узакка рүкү кылынат.

в) Анан рүкүдөн өйдө болордо: "самиаъ Аллаху лиман хамида" айтылат. Анан дагы Фатиханы окуйт. Анан узун кыраат кылат, бирок мурдагыга караганда кыскараак окуйт.

г) Анан дагы узун рүкү кылат, бирок биринчи рүкүгө караганда кыскараак кылат.

д) Анан рүкүдөн өйдө болуп "Самиъа Аллаху лиман хамида" деп айтат.

е) Анан эки узун сажда кылат.

ё) Анан экинчи рекетке турат. Аны кудум биринчи рекеттин өзүндөй окуйт. Болгону биринчиге караганда кыскараак окуйт.

Сүннөттөрү:

а) "Ассолату жаамиа" деп жарыя кылуу.

б) Жамаат менен окуу.

в) Намаздын рүкү, сажда, кыямдарын узун кылуу.

г) Намаздын экинчи рекетин биринчисинен кыскараак кылуу.

д) Намаздан кийин насаат айтып, жакшы иштерди кылууга, жаман иштерди таштоого чакыруу.

е) Дубаны, кечиримди, жалбарууну, садаканы көбөйтүү.

Он сегизинчи: Жамгыр тилөө намазы.

1) Жамгыр тилөө: Кургакчылык болгон учурда жамгыр тилеп Аллага жалбаруу.

Жамгыр тилөө намазынын убактысы шариятта көрсөтүлгөн:

Жамгыр жаабай, жер кургап, мал-жан зыянга учураган учурда жамгыр тилөө намазын окуу шариятта белгиленген. Мындай абалда адамдын Аллага жалынып жамгыр тилөөдөн башка аргасы калбайт. Жамгыр тилеп жалбаруунун бир канча түрү бар.

а) Кээде жамаат менен, же жалгыз эле намаз окуу.

б) Кээде жума кутпасында кутпа кылган имам дуба кылып, эл аамиин деп тилеп турат.

в) Кээде намаз окубай эле, кутпа да айтпай, каалаган учурда дуба кылуу менен болот.

Жамгыр тилөө намазынын өкүмү:

Себеби табылган учурда сүннөт муаккада болот, анткени пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул ишти аткарган. Абдулла бин Зайддын хадисинде минтип айтылат:

«خَرَجَ النَّبِيُّ ﷺ إِلَى الْمُصَلَّى، فَاسْتَسْقَى، وَاسْتَقْبَلَ الْقِبْلَةَ، وَقَلَبَ رِدَاءَهُ، وَصَلَّى رَكْعَتَيْنِ».

"Аллахтын элчиси (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) намаз окуй турган жайына чыгып, жамгыр тилеп, кыбылага жүздөнүп, чепкенин тескери жамынып, эки рекет намаз окуду".39

Жамгыр тилөө намазын окуунун тартиби:

Жамгыр тилөө намазы айт намазы сыяктуу. Айт намазы сыяктуу, жамгыр тилөө намазын да атайын талаага намаз окуучу жайда окуйт. Өкүмдөрү да айт намазынын өкүмдөрү сыяктуу: рекеттеринин саны, кыраатты жарыя окуу, кутпадан мурда окулганы, биринчи жана экинчи рекетинде кырааттан мурда такбир айтылганы кыскасы баары айт намазына окшош. Булар аят намазынын тартиптеринде айтылып өткөн. Бир жолу кутпа айтылат.

Он тогузунчу: Жаназанын өкүмдөрү:

Биринчиси: Өлүм сааты жакындап калган адамдын жанында отурган кишиге тиешелүү:

1- "Лаа илааха иллаллах" деп келме айтып туруу сүннөт.

2-Кыбылага жүздөндүрүү сүннөт.

3-Көздөрүн жумдуруу мустахаб.

4-Жаны чыккан адамдын үстүн жабуу сүннөт.

5-Аны көмүүгө тез даярдануу.

6-Карыздарын төлөөгө шашылуу.

7-Анан өлүктү жууп, кепиндейт. Жууп, кепиндөө парз айн.

Экинчиси: Мейитте жаназа окуунун өкүмдөрү:

Өкүмү: Парз кифая.

Шарттары:

1) Кыбылага жүздөнүү.

2) Авреттерин жабуу.

3) Нажасаттардан сактануу.

4) Намаз окуучунун жана мейиттин тазалыгы.

5) Намаз окуучунун жана мейиттин мусулман болуусу.

6) Жаназа өз калаасында болсо, ага катышуу.

7) Катышуучу балакат жаш курагына жеткен болуусу.

Парздары:

1) Намазга туруу.

2) Төрт такбир айтуу.

3) Фатиханы окуу.

4) Пайгамбарга (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) салават айтуу.

5) Мейитке дуба кылуу.

6) Тартиби менен аткаруу.

7) Салам берүү.

Сүннөттөрү:

1) Ар бир такбирде колду көтөрүү.

2) Аузуну айтуу.

3) Өзүнө жана жалпы мусулмандарга дуба кылуу.

4) Кыраатты купуя кылуу.

5) Төртүнчү такбирден кийин саламдан мурда бир аз туруу керек.

6) Оң колун сол колунун үстүнө, көкүрөк тушуна коюу.

7) Салам бергенде оң жагына башын буруу.

Намаздын тартиби:

Имам же жалгыз окуган адам мейит эркек болсо көкүрөк тушуна, аял болсо киндик тушуна турат. Анан киришүү такбирин айтат, ауузуну айтат, сана дубасын окубайт, бисмилланы айтып, Фатиханы окуйт.

Анан такбир айтат. Анан Пайгамбарга салам айтат, анан дагы такбир айтат, анан сүннөттө келгендей мейитке арнап дуба кылат. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِحَيِّنَا وَمَيِّتِنَا، وَصَغِيرِنَا وَكَبِيرِنَا، وَذَكَرِنَا وَأُنثَانَا، وَشَاهِدِنَا وَغَائِبِنَا، اللَّهُمَّ مَنْ أَحْيَيْتَهُ مِنَّا فَأَحْيِهِ عَلَى الإِيمَانِ، وَمَنْ تَوَفَّيْتَهُ مِنَّا فَتَوَفَّهُ عَلَى الإِسْلَامِ، اللَّهُمَّ لَا تَحْرِمْنَا أَجْرَهُ، وَلَا تُضِلَّنَا بَعْدَهُ».

"Аллахуммагфир лихаййина ва маййитина, ва закарина ва унсаана, ва шаахидина ва гооибина. Аллахумма ман ахйайтаху минна фа-ахйихи алал ийман. Ва ман таваффайтаху минна фа-таваффаху алал ислам. Аллахумма лаа тахримна ажроху, ва лаа тудиллана баъдаху".40

Жана мындай деген:

«اللَّهُمَّ اغْفِرْ لَهُ وَارْحَمْهُ، وَعَافِهِ وَاعْفُ عَنْهُ، وَأَكْرِمْ نُزُلَهُ، وَوَسِّعْ مَدْخَلَهُ، وَاغْسِلْهُ بِالْمَاءِ وَالثلْجِ وَالْبَرَدِ، وَنَقِّهِ مِنَ الْخَطَايَا كَمَا نَقَّيْتَ الثَّوْبَ الْأَبْيَضَ مِنَ الدَّنَسِ، وَأَبْدِلْهُ دَارًا خَيْرًا مِنْ دَارِهِ، وَأَهْلًا خَيْرًا مِنْ أَهْلِهِ، وَزَوْجًا خَيْرًا مِنْ زَوْجِهِ، وَأَدْخِلْهُ الْجَنَّةَ، وَأَعِذْهُ مِنْ عَذَابِ الْقَبْرِ، وَمِنْ عَذَابِ النَّارِ».

О, Аллах! Аны кечир! Ага ырайым кыл! Ага жакшылык кылып, күнөөлөрүн кечир. Анын бейиштеги ордун кереметтүү кыл. Анын кирер жерин кенен кыл жана аны суу, кар, мөндүр менен жуу! Аппак кийимди кирден тазалагандай, аны да күнөөлөрдөн тазала. Ага өз үйүнөн жакшы үй, өз бүлөсүнөн жакшы бүлө жана өз жубайынан жакшы жубай берип, аны бейишке киргиз. Аны кабыр жана тозок азабынан сактай көр.41 Анан акыркы такбирди айтып бир аз туруп, оң жагына салам берет.

 

 

Үчүнчү сабак: Зекет:

1 - Зекеттин аныктамасы жана орду:

Зекеттин тилдеги мааниси өсүү, көбөйүү дегенди туюндурат.

Зекеттин шарияттык мааниси: Шарият тарабынан милдеттендирилген белгилүү чекке жеткен байлык өлчөмүн белгилүү адамдарга бөлүп берүү.

Зекет берүү Исламдын беш түркүгүнүн үчүнчүсү. Зекет берүү маанилүү ибадат болгондуктан Куранда сексен эки жерде намаз окуу менен катар айтылган.

Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَأَقِيمُواْ ٱلصَّلَوٰةَ وَءَاتُواْ ٱلزَّكَوٰةَ...﴾

"Намазды тургузгула жана зекетти бергиле..." (Бакара, 43-аят).

Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айтты:

«بُنِيَ الإِسْلَامُ عَلَى خَمْسٍ: شَهَادَةِ أَنْ لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّـهُ، وَأَنَّ مُحَمَّدًا رَسُولُ اللَّـهِ، وَإِقَامِ الصَّلَاةِ، وَإِيتَاءِ الزَّكَاةِ، وَحَجِّ الْبَيْتِ، وَصَوْمِ رَمَضَانَ».

"Ислам беш нерсеге негизделген: Аллахтан башка ибадатка татыктуу кудай жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, Рамазан айында орозо кармоо жана ажылык амалын аткаруу".42

Аалымдардын баары зекеттин парз экендигин бир ооздон макулдашкан. Ошондой эле аны четке каккан адам каапыр болорун айтышкан. Зекетти берүүдөн баш тарткан коомго согуш жарыялоону айтышкан.

2-Зекеттин важыб болуусунун шарттары:

а) Эркиндик: Кулга зекет чыгаруу ваажыб эмес. Анткени, анын байлыгы жок. Анын колундагынын баары кожоюнга таандык. Анын зекети кожоюндун моюнунда.

б) Мусулман болуусу: Каапырдын зекет чыгаруусу ваажыб эмес. Анткени зекет Аллага ибадат кылуу, Аллага жакындоо. Ал эми каапыр ибадат кылуучулардан жана Аллага жакындоочулардан эмес.

в) Байлыктын чен-өлчөмгө жетүүсү: чен өлчөмгө жетпесе зекет важыб эмес. Чен өлчөм дегени шариятта белгиленген чек.

г) Мүлктүн ээси болуу: зекет бериле турган мүлк зекет берген кишинин өзүнө таандык мүлк болушу керек. Мисалы, мукатаба (эркиндикке чыгуу үчүн кулдун кожоюну менен келишими) сыяктуу карызы болсо, зекет бербейт.

д) Байлыктын чекке жеткенине бир жылдын айлануусу: Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) пайгамбарыбыздан угуп айткан:

«لَا زَكَاةَ فِي مَالٍ حَتَّى يَحُولَ عَلَيْهِ الْحَوْلُ».

"Бир жыл айланмайынча байлыктан зекет берилбейт".43

3-Зекет бериле турган байлык, малдар:

Биринчиси: Мал жандыктар.

Булар төө, уй жана кой. Булардан зекет берүү үчүн эки шарт табылышы керек:

1-Буларды иштетүү үчүн эмес, сүтү жана көбөйтүү үчүн кармаган болушу керек.

2-Булар жайытта багылышы керек. Эгерде мал жандыкты ээси жем-чөптү сатып алып, же талаадан жыйнап келип бакса, анда мындай малдарга зекет важыб болбойт. Жыл бою же жылдын жарымынан көбүндө жайытка жайылбай колдо кармалган малга да зекет берилбейт.

4-Мал-жандыктардын чен өлчөмү:

1 - Төөнүн зекети:

Эгер шарттары табылса, ар бир беш төөгө бир кой зекет берүү парз. Ошондо он төөгө эки кой, он беш төөгө үч кой, жыйырма төөгө төрт кой берилет. Сүннөт жана ижмаъда ушундай айтылган. Эгер төөнүн саны жыйырма бешке жетсе, ага бир жашар ургаачы тайлак берилет. Бир жашар дегени толук бир жыл болуп экинчи жылга өткөн тайлак. Эгер андайы жол болсо, эки жашар эркек тайлак жарайт.

Эгер төөнүн саны отуз алтыга жетсе, ага эки жашар ургаачы тайлак берет. Эки жашар дегени, туулганына толук эки жыл толуп, үчкө карай кеткен тайлак.

Кырк алтыга жеткенде, үч жашар ургаачы төө берилет.

Алтымыш бирге жеткенде төрт жашка толгон жаңы асый төө берилет.

Жетимиш алтыга жетсе, эки ургаачы эки жашар кунан тайлак берилет.

Токсон бирге жетсе, ага эки ургаачы үч жашар бышты тайлак берилет.

Эгер жүз жыйырмадан бирөө ашса, ага үч ургаачы эки жашар кунан тайлак берилет.

2-Уйдун зекети:

Бардык шарттары табылса, уйдун саны отузга жеткенде бир жашар эркек же ургаачы торпок берилет.

Отузга жетпесе, эч нерсе беилбейт.

Эгер уйдун саны кыркка жетсе, эки жашка толгон кунаажын берилет.

Кырктан ашса, ар бир отузуна бирден эркек же ургаачы торпок, ар бир кыркына бирден эки жашар кунаажын берилет.

3-Койдун зекети:

Кой-эчки биригип саны кыркка жетсе, ага бир токту же бир чебич (эчки) берилет.

Кыркка жетпеген кой-эчкиге зекет берилбейт. Кой-эчкинин саны бир жүз жыйырма бирге жеткенде, эки кой берүү важыб болот. Эки жүз бирге жеткенде, үч кой берүү важыб болот.

Андан кийин ушул өлчөм кайталанып кете берет, ар бир жүз койго бирден кой, төрт жүз койго төрт кой ж.б.у.с.

Экинчиси: Жерден чыккан нерселердин зекети:

Жерден чыккан нерселер да эки түрдүү болот:

1) Дан жана мөмөлөр.

2) Кен-байлыктар.

Биринчи түрү: дан жана мөмөлөр:

Зекет бериле турган дандар: буудай, арпа жана күрүч. Мөмөлөр: мисалы, курма жана мейиз. Мындан башка өсүмдүктөрдөн, жашылча-жемиштерден, буурчак сыяктуулардан зекет берилбейт.

Мөмө жана дандардан зекет берүүнүн важыб болуусунун шарттары:

1) Көпкө сактала турган болуш керек. Сакталбай турган жашылча, жемиштерден зекет берилбейт.

2) Идиш менен өлчөнө турган болушу керек. Дааналап же тараза менен тартыла турган коон, дарбыз, пияз, анар сыяктуулардан зекет берилбейт.

3) Чен өлчөмгө жетиши керек: өлчөм беш авсак (болжолдо 610кг дан 700 кг чейин) мындан азына зекет берилбейт.

4) Зекет важыб болгон учурда чен-өлчөмгө жеткен нерсеге ээ болуп туруусу керек.

Зекет важыб болгон убактан кийин ээлик кылган адам зекет бербейт. Мисалы, бирөөдөн сатып алса же белекке келсе.

Зекет берүүнүн важыб болгон убагы:

Дандан жана мөмөдөн зекет берүү алардын жарактуулугу (бышайын деп калуусу) анык болгондон баштап берилет. Жарактуулугун башталыш белгилери төмөнкүдөй болот:

а) Дандарда: даны толуп, катууланып калса.

б) Курманын мөмөлөрү: кызгылт, саргыч болуп быша баштаса.

в) Жүзүмдө: жумшап, даамы таттууланса.

Булардын чени (нисабы):

Дан жана мөмөнүн чени беш авсак, Бир васагы алтымыш сааъ болот. Ошондо чен пайгамбардын сааъ чени менен үч жүз сааъ болот. Муну килограммга айлантсак болжолдо 900 кг болот.

Мындан бериле турган зекеттин өлчөмү:

Жамгырдын суусу менен же булактын суусу менен табигый , ташып келбестен сугарыла турган жерлердин түшүмүнөн ондон бири зекетке берилет.

Эгерде эгиндер жана жемиштер чыгым жана мээнет менен сугарылса – мисалы, кудуктан же дарыядан суу чыгарып, аны малдын күчү же заманбап жабдуулар аркылуу сугарылса – анда зекет катары түшүмдүн ондон биринин жарымы (жыйырмадан бири) берилет.

Экинчи түрү: Кен байлыктар:

Жерден чыккан нерселердин дагы бири: кен байлыктар. Кен байлыктар жердин астынан чыккан жер жынсынан башка болгон заттар, мисалы, алтын, күмүш, темир, каухар ж.б.

Кен байлыктан зекет берүүнүн важыб болгон убактысы:

Кен байлыкты алса, же ага ээ болсо, анын зекетин дароо берүү важыб, жыл айлануусун күтпөйт. Анын чени алтын-күмүштүн чени сыяктуу, баасынын 2.5 пайызын берет.

Үчүнчү: Акчанын зекети:

Акча дегени: алтын, күмүш жана акча кагаздар, булардын да зекети важыб. Буга далил: Алла Тааланын төмөнкү сөзү:

﴿وَالَّذِينَ يَكْنِزُونَ الذَّهَبَ وَالْفِضَّةَ وَلَا يُنْفِقُونَهَا فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَبَشِّرْهُمْ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ 34﴾

"Алтын-күмүштү жыйып алып, анан аны Алла жолунда иштетпегендерге жан ооруткан азап болорун сүйүнчүлө!” (Тауба, 34-аят).

Хадисте минтип айтылган:

«مَا مِنْ صَاحِبِ ذَهَبٍ وَلَا فِضَّةٍ لَا يُؤَدِّي فِيهَا حَقَّهَا؛ إِلَّا إِذَا كَانَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ صُفِّحَتْ لَهُ صَفَائِحُ مِنْ نَارٍ».

"Алтын же күмүштүн ээси анын акысын бербесе, кыямат күнү ага отко кызытылып басылат".44

Бардык аалымдар алтын менен күмүшкө зекет берилерин бир ооздон тастыкташкан. Ал эми акчалай кагаздардын өкүмү алтын-күмүшкө окшош. Анткени, булар да иштетүүдө алтын-күмуш сыяктуу колдонулат.

Булардын зекет чени жана ваажыб болгон өлчөмү:

Булардын чени алтын менен күмүштүн чени сыяктуу; анткени иштетүүдө ушуларга окшош. Эгер чени жетсе зекет берүү важыб. Нак кагаз акчалардын ченин азыркы күндө көбүнчө күмүш менен эсептешет. Анткени, күмүш алтындан арзан жана чегине бат жетет. Мусулман киши баасы 595 гр күмүшкө жеткен акчага ээ болсо жана бир жыл айланса, андан зекет берүүсү важыб. Күмүштүн граммынын баасы ар түрдүү болуп өзгөрүп турат. Аз акчасы бар адам анын чеги зекетке жеткен-жетпегенин билбей калышы мүмкүн. Ошон үчун күмүш саткандардан сурап, анан 595 граммга чагып, натыйжада эсебин чыгарса болот.

Пайда: Эгер байлыгынан зекет берүүнү каалса, ченди кыркка бөлөт, ошондон чыкканы бериле турган зекттин өлчөмү болот.

Төртүнчү: Соодадагы буюм-теримдин зекети:

Бул киреше табуу үчүн даярдалган нерселер. Соода буюмдары акчадан башка бардык буюм-теримге тиешелүү. Мисалы, машина, кийим, темир, жыгач ж.б. соодага тиешелүү нерселер.

Соода буюмдарына зекет берүүнүн важыб болуусунун шартары:

1-Анык ээлик кылуу; соода, же ижаара же башка бир кесип сыяктуу.

2-Соода ниети менен ээлик кылуу; ошол нерсени кесип кылуу, анткени амалдар ниетке жараша бааланат, соода - бул амал, башка амалдар сыяктуу буга ниет тамырлаш болуусу керек.

3-Алтын менен күмуштун биринин зекет бере турган чегине жетиши керек.

4-Толук бир жыл айланышы керек.

Буюмдардын зекетин кантип чыгарат:

Соода буюмдары жыл айланып бүткөндө алтын же күмүш (негизги акча өлчөмдөрү) менен бааланат. Бааланып, экөөнүн биринин зекет өлчөмүнө жетсе, анын баасынын ондон биринин төрттөн бирин (2,5%) зекетке чыгарат.

Бешинчи: Битир садакасы:

Бул орозо айынын акырында бериле турган важыб садака. Хижранын экинчи жылы парз болгон.

Өкүмү:

Айт күнү жана түнү өзүнө, үй-булөсүнө жете тургандай азыкка ээлик кылган ар бир мусулманга важыб. Ар бир мусулманга, эркек, аял, чоң, кичине, эркин, кул дебей баарына ваажыб. Хадисте минтип айтылган:

«فَرَضَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ زَكَاةَ الْفِطْرِ عَلَى الْعَبْدِ وَالْحُرِّ، وَالذَّكَرِ وَالْأُنثَى، وَالصَّغِيرِ وَالْكَبِيرِ، مِنَ الْمُسْلِمِينَ».

"Орозо битирди Алланын элчиси мусулмандардан кулга да, эркинге да, эркекке да, аялга да, кичинеге да, чоңго да парз кылды".45 Парз дегени - важыб, милдет кылды деген мааниде.

Орозо битирдин шарият болуусунун сыры:

Ибн Аббас (ага Алла ыраазы болсун) мындай деген:

«فَرَضَ رَسُولُ اللَّهِ ﷺ زَكَاةَ الْفِطْرِ؛ طُهْرَةً لِلصَّائِمِ مِنَ اللَّغْوِ وَالرَّفَثِ، وَطُعْمَةً لِلْمَسَاكِينِ».

"Алланын элчиси (ага Алланын тынчтыгы жана мактоосу болсун) орозо битирди парз кылды: орозо кармаган адамды беймаани сөзүнөн, бузук иштеринен тазалоо жана жардыларга тамак болсун үчүн".46

Важыб болуу жана берүү убактысы:

Айт күндүн түнүнүн башталышында күн баткандан баштап берүү важыб. Айт күнү айт намазга барардан мурда берүү мустахаб. Айт намаздан кечиктирүү жарабайт. Эгер айт намаздан кийинкиге кечиктирсе, каза деп эсептеп берүүсү важыб болот жана белгиленген убагынан кечиктиргени үчүн күнөөкөр болот.

Айттан бир-эки күн мурда берсе да жарайт.

Чен-өлчөмү жана эмнелерден берилери:

Кайсы жер болсо ошол жердин үрпүнө ылайык азыктан бир сааъ берет. Мисалы, күрүч, курма, буудай ж.б. Бир сааъ дегенибиз болжолдо үч килограмм. Азыктын баасын берүүгө болбойт. Мисалы, ордуна акча берүү. Анткени, бул Алланын элчисинин кылганына каршы болуп калат.

Зекетти чыгаруу жана аны алуучулар:

Чыгарар убагы:

Зекетти бере турган убагы келер замат чыгаруу важыб. Зарылчылыксыз кечиктирүүгө болбойт. Мисалы, бере турган малы башка жерде болуп калып, аны алып келгенге убакыт керек же өкүл кылганга эч ким жок болуп калса.

Зекетти чыгара турган орун:

Зекетти малы турган жердин өзүнө чыгарган жакшы. Абалга жараша малды башка жерге алып барып берсе да болот:

а) Эгер өзү турган жерде зекет алганга муктаж эч ким болбосо.

б) Башка жерде өзүнө тууган муктаждар бар болсо.

в) Башка жерге алып барууда шарият жагынан пайда болсо. Мисалы, башка жердеги мусулмандарда ачарчылык, суу каптоо, же башка бир апаат болсо.

Далилдер жалпы айтылганы үчүн жаш баланын, жиндинин малынан да зекет берилет. Аны валиси баш-көз болуп ишке ашырат. Зекетти зекет ниети менен гана бериш керек. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«إِنَّمَا الْأَعْمَالُ بِالنِّيَّاتِ».

"Амалдар ниетке жараша...".47

Зекет алуучулар:

Зекет ала турган сегиз түрдүү адамдар бар:

Биринчи топ: Жардылар:

Алар турмушка керектүү негизги нерселер, үй, тамак жана кийими жетишсиз адамдар. Аларга бериле турган зекет алардын өзүнө жана бала-чакасына бир жылга жеткидей болушу абзел.

Экинчи топ: Мискиндер:

Булар өздөрүнө каражат таба алат, бирок өздөрүн толук камсыздай албайт. Мисалы, ала турган айлыгы бар, бирок анысы жыл бою камсыз кылганга жетпейт.

Мындайларга да жыл бою толук камсыз болгонго жете тургандай берүү абзел.

Үчүнчү топ: Зекет чогултуп иштеген адамдар:

Булар башчысынын буйругу менен элден зекет жыйнап, аны сактап, тиешелүү муктаждарга таркатышат.

Буларга кылган иштерине жараша берилет, эгер аларга мамлекет тарабынан эмгек акы же сыйлык берилбесе.

Төртүнчү топ: жүрөгү исламга ийиген адамдар.

Исламга кирүүсү үмүт кылынган, же ыйманы бекемделиши үмүт кылынган же мусулмандарга зыянын тийгизүүдөн тыйылары үмүт кылынган адамдар.

Буларга жүрөктөрү жибий турган өлчөмдө берүү абзел.

Бешинчи топ: азат кылына турган кул:

Муну менен кулду азат кылууну максат кылат.

Мукатаб дегени өз керт башын сатып алып эркиндикке чыгара турган кул. Буга согушта барымтага түшүп калган мусулмандарды эркиндикке чыгарып алуу да кирет.

Алтынчы топ: карызга баткандар, булар эки түрдүү болот:

Биринчиси: өзүнүн муктаждыгы үчүн карыз алган жана карызын төлөй ала турган акчасы жок адам. Ага карызынан кутулууга жеткидей берилет.

Экинчиси: бирөөлөрдү жараштыруу үчүн карыз алган адам. Ал бай киши болсо да карызынан кутулууга жеткидей зекет берилет.

Жетинчи топ: Алла жолундагы адам:

Булар Алла жолунда жихадда жүргөн адамдар.

Аларга Алла жолуна чыкканда улоосуна, курал-жарагына, азыгына жеткидей берилет.

Сегизинчи топ: жолоочулар:

Сапарда жүргөндө каражаты түгөнүп калган же, ууруга алдырып жиберген, үйүнө жетип алганга колунда эч нерсеси жок куру жалак калган жолоочулар.

Аларга эгер алар бай болсо деле зекеттен үйүнө жетип алгыдай берилет.

Төртүнчү сабак: Орозо.

Орозо бул:

Таң аткандан күн батканга чейин ичүүдөн, жегенден тыйылуу аркылуу Алла Таалага ибадат кылуу.

Орозо Исламдын бир түркүгү. Алланын парздарынын бири. Диндин зарыл белгилеринен. Орозонун парздыгына Куран, сүннөт жана жалпы мусулмандардын келишими далил.

Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌شَهۡرُ رَمَضَانَ ٱلَّذِيٓ أُنزِلَ فِيهِ ٱلۡقُرۡءَانُ هُدٗى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَٰتٖ مِّنَ ٱلۡهُدَىٰ وَٱلۡفُرۡقَانِۚ فَمَن شَهِدَ مِنكُمُ ٱلشَّهۡرَ فَلۡيَصُمۡهُ...﴾

(Эсептелүү күндөр – бул) Рамазан айы. Бул айда туура жолго баштоочу, ачык далилдүү Куран түшүрүлдү. Силерден ким (жаңырган) айга күбө болсо, орозо кармасын!" (Бакара, 185-аят.)

 

 

 

Рамазандын орозосунун парз болуусунун шарттары:

1- Исламда болуусу, каапыр адамга орозо парз эмес.

2- Балакатка жетүүсү. Балакатка жете электерге орозо парз эмес. Ак-караны ажыратып калган бала болсо, орозо кармаса болот. Ага напил болуп жазыла берет.

3- Акыл-эси жайында болуусу. Жиндиге орозо кармоо парз эмес, анда ниет болбогону үчүн анын орозосу жарактуу болбойт..

4- Орозо кармоого кадыр болуусу. Орозо кармоого кадыр болбогон оорулууга орозо парз эмес. Мусапырга да парз эмес. Мындайлар оору жана сапар үзүрлөрү жоюлгандан кийин орозонун казасын кармап беришет. Аял кишинин орозосу жарактуу болуу үчүн айыз жана нифас канынан тазаланган болуусу шарт.

Рамазан айынын киргени төмөнкү эки иштин бири менен аныкталат:

а) Рамазан айынын жаңырган айын көрүү менен. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ، وَأفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ».

"Айды көрүп орозо кармагыла, айды көрүп ооз ачкыла".48

б) Шаабан айынын отуз күн болуп толукталышы менен. Бул Рамазандын айы көрүнбөгөн учурда же күн бүркөө болуп, же чаңтозоң көтөрүлүп айды көрүү мүмкүн болбосо. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мындай деп айткан:

«فَإِنْ غُمَّ عَلَيْكُمْ؛ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاثِينَ يَوْمًا».

"Эгер силерге күн бүркөө болуп калса, Шаабанды толук отуз күн кылып толуктагыла".49

Орозонун ниети:

Башка ибадаттар сыяктуу эле орозо да ниетсиз жарактуу болбойт. Парз орозонун ниетин кылуу башка орозолордон айырмаланат. Мунун баяны төмөнкүдөй:

Биринчи: Парз орозо; Рамазандын орозосу, анын казасы, назр орозолор, буларга таң атканга чейин түнү ниет кылуу важыб. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«مَن لَمْ يُبَيِّتْ الصِّيَامَ مِنَ اللَّيْلِ فَلَا صِيَامَ لَهُ».

"Кимде-ким кечинде орозону ниет кылбаса, анын орозосу туура болбойт".50

Экинчи: напил орозолор, аларды күндүз ниет кылса болот. Бирок таң аткандан кийин эч нерсе жебестен туруп ниет кылуусу шарт.

Орозону бузуучулар:

Биринчи: жыныстык катнаш: жыныстык катнашка барган адамдардын ошол күнкү орозосу жокко чыгат, анын казасын кармап бериш керек болот. Казасын кармоо менен бирге акы-төлөм, каффарат да важыб. Ал кулду азат кылуу. Эгер андай кыла албаса, эки ай катары менен орозо кармайт. Кайсы бир шарияттык үзүрү менен орозо да кармай албаса, алтымыш кембагалды тойюндурушу керек. Ар бир кембагалга ошол шаардын үрп-адаты боюнча тамак болуп эсептелген нерседен жарым сааъ берилет.

Экинчи: Уруктук суунун түшүүсү: аялын өбүп, же кармалап, же өзүн-өзү колу менен кандырып, же аялды кайра-кайра карап уруктук суусун түшүрүп алса, ага каффарат болбойт, ошол күндүн казасын гана кармайт. Анткени каффарат жыныстык катышка тиешелүү. Ал эми уктап жаткан киши түшүркөп уруктугу түшүп калса, ага эч нерсе важыб болбойт. Анткени, ал ыктыярсыз болгон иш, болгону жуунуп орозосун уланта берет.

Үчүнчү: атайлап жеп же ичип алуу: Аллах Таала минтип айткан:

﴿وَكُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ حَتَّىٰ يَتَبَيَّنَ لَكُمُ ٱلۡخَيۡطُ ٱلۡأَبۡيَضُ مِنَ ٱلۡخَيۡطِ ٱلۡأَسۡوَدِ مِنَ ٱلۡفَجۡرِۖ ثُمَّ أَتِمُّواْ ٱلصِّيَامَ إِلَى ٱلَّيۡلِ...﴾

"Таң сүрө баштаганда, ак жиптин кара жиптен айырмасы анык билингенге чейин жеп-иче бергиле. Андан кийин орозону кечке чейин кармагыла". (Бакара, 187-аят).

Ал эми унутуп калып жеп же ичип алса, эч нерсе эмес. Хадисте минтип айтылган:

«مَن نَسِيَ وَهُوَ صَائِمٌ، فَأَكَلَ أَوْ شَرِبَ، فَلْيُتِمَّ صَوْمَهُ، فَإِنَّمَا أَطْعَمَهُ اللَّهُ وَسَقَاهُ».

"Орозо туткан адам унутуп жеп же ичип алса, орозосун улантып кармай берсин. Анткени аны Алла Таала Өзү жедирип, ичирди".51

Төртүнчү: атайлап кусуу: эгер ыктыярсыз кусса орозосуна зыяны жок. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«مَنْ ذَرَعَهُ الْقَيءُ فَلَيْسَ عَلَيْهِ قَضَاءٌ، وَمَن اسْتَقَاءَ عَمْدًا فَلْيَقْضِ».

"Кимде-ким кускусу келип кусса, ал казасын тутпайт. Кимде-ким атайлап кусса, казасын тутат".52

Бешинчи: Денеден кан агып чыкса, хижама, тамырдан алынган кан, донор болуп кан берүү, баары орозону ачат. Ал эми аз чыккан кан, мисалы, диагноз үчүн алынган кандын орозого зыяны жок. Ошондой эле ыктыярсыз чыккан кан, мурундун каноосу, тиштин каноосу, жаракаттан чыккан кан, булардын орозого зыяны тийбейт.

Рамазанда оозун ачып алууга уруксат берилгендер:

Биринчи топтогулар: ооз ачууга уруксат берилип, казасын кармоо важыб болгондор:

Биринчиси: айыгуу үмүтү бар бейтаптар. Булардын оорусу орозого зыяндуу болсо, оозун ачып алса болот.

Экинчиси: мусапыр: сапарда кыйынчылык жаралса да, жаралбаса да оозун ачып алса болот.

Бул экөөнө Аллах Тааланын сөзү далил:

﴿...وَمَن كَانَ مَرِيضًا أَوۡ عَلَىٰ سَفَرٖ فَعِدَّةٞ مِّنۡ أَيَّامٍ أُخَرَ...﴾

"... ким ооруп калса, же сапарда болсо, башка күндөрү кармап берет..." (Бакара, 185-аят.)

Үчүнчү: Кош бойлуу же бала эмизген аял. Эгер орозо кармоо ага кыйын болсо, же өзүнө, же баласына зыяны тийсе, булар оорулуу адамдын өкүмүндө болот да оозун ачып алса болот. Булардын баары кийин орозонун казасын кармап беришет.

Төртүнчү: Айыз каны же нифас каны келген аял. Буга оозун ачуу важыб. Булардын орозо кармоосу туура болбойт, булар да кийин казасын кармап беришет.

Экинчи топтогулар: Оозун ачып алууга уруксат жана каза эмес каффарат важыб болгондор:

Биринчиси: айыгуусу үмүт кылынбаган оору менен ооругандар.

Экинчи: орозо кармай албай калган жашы улуу кишилер.

Булардын оозу ачык болот жана орозонун ар бир күнү үчүн бирден кембагалдын курсагын тойгузат. А эгер карыя киши акылынан адашып калган даражага жетсе, анын моюнан милдет түшөт. Ал оозун ачат жана ага эч нерсе кылуу важыб эмес.

Орозонун казасын кармоо убактысы жана аны кечиктирүүнүн өкүмү:

Рамазандын казасын кийинки Рамазанга чейинки аралыкта өтөшү керек. Эртерээк кармоого шашканы жакшы болот. Кийинки Рамазанга чейин кечиктирүүгө болбойт. Айша энебиз (ага Аллах ыраазы болсун) айткан:

«كَانَ يَكُونُ عَلَيَّ الصَّوْمُ مِنْ رَمَضَانَ، فَمَا أَسْتَطِيعُ أَنْ أَقْضِيَ إِلَّا فِي شَعْبَانَ لِمَكَانِ رَسُولِ اللهِ ﷺ».

"Менде Рамазандан калган каза күндөрүм болор эле, Аллахтын элчисине (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) (кызматына, жакындашуусуна) карап ал казалардымды Шаабанга чейин кечиктирген учурум болгон".53

Рамазандын орозосун кийинки орозого чейин кечиктирген адамдын эки абалы болот:

1-Шарияттык үзүр себептүү кечиктирүү. Мисалы, кийинки Рамазанга чейин айыкпай ооруй берүү. Мындайда казасын гана тутат.

2-Шарияттык үзүрсүз кечиктирүү. Мындайда кечиктиргени үчүн күнөөкөр болот, казасын кармап, тообо кылуу важыб жана ар бир күнү үчүн кембагалды тойгузуусу керек болот.

Казасы бар адамдын напил орозо кармоосу:

Рамазан орозосунан казасы бар адам напил орозо кармабай, казасын батыраак кармап бергени оң. Бирок напил орозонун убактысы өтүп кете турган - Арафаттын же Мухаррамдын орозосу сыяктуу болсо, анда казадан мурда напилди тута берсе болот. Анткени, казанын убактысы кенен, Мухаррам менен Арафат өтүп кетет. Ал эми Шаввалдын алты күндүк орозосун казаны кармагандан кийин гана тутат.

Орозо кармоо арам болгон убактар:

1-Орозо айт күнү жана курман айт күнү орозо кармоо. Буларга тыюу салынган.

2- Зул-хижжа айынын ташрик күндөрү орозо кармоо. Бирок ажыга келген таматту жана кыран кылуучулар хадий малы жок болсо, бул күндөрү орозо кармаса болот. Ташрик күндөрү дегенибиз: Зулхиджа айынын он биринчи, он экинчи, он үчүнчү күндөрү.

3-Шек күнү шек болгон үчүн орозо кармоого болбойт. Бул Шаабан айынын отузунчу күнү. Бул күнгө караган түн булут каптап же чаң каптап ай көрүнбөй калса.

Орозо кармоо макүрү болгон күндөр:

а) Ражаб айында гана орозо кармоо. б) Жума күнү гана орозо кармоо. Буларга тыюу салынган. Жумадан мурдагы же кийинки күндү кошуп кармаса, макүрү эмес.

Орозо кармоо сүннөт болгон убактар:

а) Шаввал айында алты күн орозо кармоо. б) Зул-хижжанын тогузунчу күнү, айрыкча, Арафат күнү орозо кармоо. Бирок ажыдагыларга бул күнү орозо кармоо сүннөт эмес. Бул күндүн орозосу эки жылдык кичине күнөөлөргө каффарат (кечирим) болот. в) Ар бир айда үч күн орозо кармоо. Жакшысы ай толгон күндөрдө он үчү, он төртү, он беши кармоо керек. г) Ар аптада дүйшөмбү жана бейшемби күнү орозо кармоо. Анткени, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) бул күндөрү орозо кармаган. Себеби бул күндөрү пенденин иш-амалдары Аллага көтөрүлөт.

Напил орозолор:

а) Дауд пайгамбардын орозосу, бир күн тутуп, бир күн оозун ачып жүргөн.

б) Мухаррам айындагы орозо. Орозо кармоо эң жакшы болгон айлардын бири. Айрыкча, Ашура күнүндөгү орозо, бул Мухаррамдын онунчу күнү. Ага тогузунчу күндү кошуп тутуу жакшы, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) минтип айтканы үчүн:

«لَئِنْ بَقِيتُ إِلَى قَابِلٍ لَأَصُومَنَّ التَّاسِعَ».

"Эгер кийинки жылга чейин тирүү турсам, анда бул орозого тогузунчу күндү да кошуп кармаймын".54 Бул орозо өзүнөн мурдагы жылдын майда күнөөлөрүнө каффарат болот.

Бешинчи сабак: Ажы жана умра.

Ажылыктын тилдик мааниси: көздөө, бет алуу. Шарияттагы мааниси: белгилүү амалдарды аткаруу үчүн, белгилүү убакта Меккени жана ажы амалдары аткарылчу жерлерди максат кылып баруу.

Умранын тилдеги мааниси: Зыярат кылуу.

Шарияттагы мааниси: Белгилүү амалдарды аткаруу үчүн каалаган жыл мезгилинде Каабаны максат кылып келүү.

Ажылык Исламдын бир түркүгү жана негизги белгилеринин бири. Хижранын тогузунчу жылы парз болгон. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) өмүрүндө бир жолу ажылык кылган (коштошуу ажылыгын).

Мүмкүнчүлүгү бар адамга өмүрүндө бир жолу ажылык кылуу парз. Андан ашыкчасы напил болуп эсептелет. Ал эми умра көп аалымдардын айтымында ваажыб. Пайгамбарыбыздан (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) "аялдарга да жихад кылуу зарылбы?" деп сурашканда, ал:

«نَعَمْ، عَلَيْهِنَّ جِهَادٌ لَا قِتَالَ فِيهِ: الْحَجُّ وَالْعُمْرَةُ».

"Ооба, алардын да жихады бар, бирок анда согушуу жок. Ал - ажылык жана умра" - деген.55

Ажылык жана умранын парз болуусунун шарттары:

1-Исламда болуусу.

2-Акыл-эси жайында болуусу.

3-Балакатка жетүүсү.

4-Эркин болуусу.

5-Мүмкүнчүлүктүн болуусу.

Аялдарга алтынчы шарт болуп, чогуу бара турган махрамы болуусу кошулат. Анткени, аял кишиге ажыга болобу, башкага болобу, махрамсыз сапарга чыгууга болбойт. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) айткан:

«لَا تُسَافِرُ الْمَرْأَةُ إِلَّا مَعَ ذِي مَحْرَمٍ، وَلَا يَدْخُلُ عَلَيْهَا رَجُلٌ إِلَّا وَمَعَهَا مَحْرَمٌ».

"Аял киши махрамы менен гана сапарга чыгат жана анын үйүндө махрамы болсо гана башка эркек кире алат".56

Аялдын махрамы: Күйөөсү, түбөлүк нике жүрбөй турган туугандары; Тек жагынан: Атасы, ага-иниси, атасынын бир туугандары, өзүнүн бир тууганынын балдары жана бир тууган тагалары. Же себеп менен махрам болгондор: Эмчектеш ага-иниси. Же кудалашуу жагынан махрам болгондор: Өгөй атасы, өгөй баласы.

Мүмкүнчүлүктүн болуусу: Каржы жагынан, физикалык жагынан мүмкүнчүлүктүн болуусу, улоо, жолдун ачыктыгы, барып келгенче жетчүдөй каражаттын болуусу. Ошондой эле кайра келгенче үй-бүлөсүнө жете турган каражаттын болуусу.

Өзүнө жана буюмуна, улоосуна жол коопсуз болуусу

Кимде каражаты болуп, бирок физикалык жактан кадыр болбосо, жашы улуу болуп, же айыкпас оорулуу болуп калса, анда ордуна ажылык жана умра кылуу үчүн бирөөнү жибериш керек.

Ордуна ажыга жана умрага бара турган адамда эки шарттын болуусу зарыл:

1-Бара турган адам мусулман, балакат жашына жеткен, акыл-эси жайында адам болушу керек.

2-Ал өзү үчүн ажы амалын мурда аткарган болушу керек.

Ихрамдын орундары:

Ихрамга кире турган жайларды мийкат деп аташат. Анын тилдеги мааниси: Чек. Шарияттагы мааниси: Ибадат үчүн белгиленген орун жана убакыт.

Ажылык үчүн убакытка жана орунга тиешелүү мийкаттар бар:

а) Убакытка тиешелүү мийкаттар: Алла Таала айткан:

﴿ٱلۡحَجُّ أَشۡهُرٞ مَّعۡلُومَٰتٞۚ فَمَن فَرَضَ فِيهِنَّ ٱلۡحَجَّ...﴾

"Ажылык белгилүү айларда болот..." (Бакара, 197-аят).

Бул айлар: Шаввал, Зулкаада, Зулхижжанын алгачкы он күнү.

б) Орунга тиешелүү мийкаттар: Булар ажыга же умрага барган адамдын ихрамды ниет кылбастан өтүп кетүүсүнө тыюу салынган жайлар. Алар төмөнкүдөй:

1-Зулхулайфа, бул Мадиналыктардын жана ошол тараптан келгендердин мийкаты.

2-Жухфа, бул Шам, Мисир жана Марокко тараптан келгендердин мийкаты.

3-Корн ал-Маназил, бул азыр Сейл деген ат менен белгилүү, бул Нажд элинин мийкаты.

4-Заат Ирк, бул Ирактыктардын мийкаты.

5-Яламлам, бул Йемендиктердин мийкаты.

Кимдин орду бул мийкаттардан башка жерде болсо, ал ажылык менен умрага ошол өзу турган жеринен ихрамга кирет. Меккеликтер Меккеден ихрамга кирет, аларга мийкатка сыртка чыгуу зарыл эмес. А умра үчүн жакынкы чекке, Хилге чыгышы керек. Ажылык жана умраны максат кылган адам Аллахтын элчиси айтып белгилеп кеткен ушул чектерден өтпөй туруп ниет кылып ихрамга кириши керек. Ажылык же умра үчүн келген адамдын бул жерлерден ихрамсыз өтүп кеткени туура эмес.

Жогоруда айтылган мийкаттардын ээси болбосо да, ошол тараптан келгендер ошол жерлердин кайсысына туш келсе, ошол жерден ихрамга кирет.

Меккеге жөнөгөн адам бул мийкаттардан суу аркылуу да, аба аркылуу да, кургактык аркылуу да өтүп кетүүгө болбойт. Бул мийкаттардын кайсысынын чегине жакын өтсө, ошол жерден ихрамга кирет. Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: "Жолуңарда туш келген жериңерге карагыла" (57).57

Самолет менен ажылык, умрага жөнөгөн адам асманда самолет мийкаттын чегине жакындаганда ихрамга кирет. Самолет аеропортко конгондон кийин ихрамга кирүүгө болбойт.

Ихрам:

Бул амалдарды аткарууга киришүү ниети. Ажыда ажылыкка киришүүнү ниет кылуу. Умрада умрага киришүүну ниет кылуу. Амалга киришүүнү ниет кылгандан кийин гана киши мухрим (ихрамга кирген) болуп эсептелет. Жөн эле ниетсиз ихрам кийимин кийип алуу менен мухрим болуп эсептелбейт.

Ихрамдын мустахабдары:

1-Ихрамдан мурда жуунуу.

2-Эркектер денесине жыттуу нерселерди себинүүсү. Ихрам кийимине себүүгө болбойт.

3-Белден ылдый жана белден өйдө эки ак кийимди оронуу жана эки шлепка кийүү.

4-Кыбылага жүздөнүп турган абалда ихрамга кирүүсү.

Ажы амалдарынын түрлөрү:

Ажы кылган адам ажылыктын үч амалынын бирин тандаса болот. Алар:

1-Таматту: мында ажы айларында умраны ниет кылып ихрамга кирип, аны аткаргандан кийин ихрамдан чыгып турат да, ажылык башталган күндөрү кайра ажылык үчүн ихрамга кирет.

2-Ифрад: мында мийкаттан ажалыкты гана ниет кылып ихрамга кирет да, ажы амалын толук бүткөнгө чейин ихрамдан чыкпай жүрөт.

3-Киран: мында ажы менен умраны чогуу ниет кылат, же оболу умрага ихрамга кирип, анан анын тавафын аткаруудан мурда ажылык ихрамга кирет. Умра менен ажыны мийкатта ниет кылат, же умранын тавафын аткаруудан мурда ажыга ниет кылат. Анан экөөнө таваф жана сайъ кылат.

Таматту менен кыран кылуучулар эгер меккенин тургуну болбосо фидя (курмандык) важыб болот.

Бул үчөөнүн эң абзели - таматту ажылыгы. Анткени, пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) сахабаларын таматту кылууга буйруган. (58). Андан кийинкиси - кыран. Себеби мында умра да, ажы да аткарылат. Андан кийинкиси - ифрад.58

г) Бул ажылыктардын бирине ихрамга киргенден кийин дароо талбия айтат:

«لَبَّيْكَ اللَّهُمَّ لَبَّيْكَ، لَبَّيْكَ لَا شَرِيكَ لَكَ لَبَّيْكَ، إِنَّ الْحَمْدَ وَالنِّعْمَةَ لَكَ وَالْمُلْكَ لَا شَرِيكَ لَكَ».

"Лаббайка аллахумма лаббайк, лаббайка лаа шарика лака лаббайк. Иннал хамда, ван-ниъмата, лака валмулк, лаа шарика лак".

Мааниси: "О, Аллах! Мына мен Сенин алдыңдамын. Мына мен Сенин алдыңдамын. Сенин эч бир шеригиң жок. Албетте, мактоо, нээмат жана мүлк Сеники. Сенин шеригиң жок".59

Бул сүннөт, муну көп айтуу мустахаб. Эркектер жарыя, аялдар купуя айтышат.

Убактысы: башталышы ихрамга кирер замат башталат. Бүтүшү төмөнкүдөй:

Биринчи: умра кылуучу Каабаны таваф кыларда талбия айтканын токтотот.

Экинчи: Ажы кылуучу айт күнү Акабада шайтанга таш атууну баштаганда токтотот.

Ихрамда тыюу салынган иштер:

Биринчи: Денесинин кайсы жеринен болсо да чач, түктөрдү жулуу, кыркуу жана алуу.

Экинчи: Бутунун же колунун тырмактарын алуу, эгер тырмагы сынып калса, эч нерсе важыб эмес.

Үчүнчү: Топу, чалма сыяктуу башка жабышып туруучу баш кийимдер менен эркек киши башын жаап алуусу.

Төртүнчү: Көйнөк, чепкен, желек сыяктуу тигилген кийимди толук денесине же жарым-жартылай жамынып алуу. Тигилген дегени, кол кап, маасы, байпак сыяктуу дененин бир мүчөсүнө толук кийиле турган ийне менен тигилген кийимдер. Ал эми аял киши өзү каалаган денесин толук жапкан кийимди кийе берет. Болгону ал паранжа кийбейт, эгер бөтөн эркектердин арасында болуп калса, бетин жоолугунун же шарфынын учу менен жаап алат. Колдоруна кол кап кийбейт.

Бешинчи: Жыттуу нерсе себинүү; анткени ихрамдагы адам дүйнөлүк кооздук жасалгалардан алыстап, акыретке жүздөнүшү (эстеши) керек.

Алтынчы: Кургактыктагы жан-жаныбарды өлтүрүү же аңчылык кылуу. Ихрамдагы адам кургактыктагы жаныбарларга аңчылык кылбайт, аңчыларга көрсөтүп бербейт жана мууздабайт.

Өзү алган же ал үчүн алынган, же ал жардам берип алган аңдын этинен жеген да арам. Ихрамдагы адамга бул өлүмтүк сыяктуу болот.

Ал эми деңиздин аңына келсек, ихрамдагы адамга деңиз жаныбарларын тутууга болот. Ошондой эле тоок, кой-эчки сыяктуу бакма малды мууздоого болот, анткени булар аң эмес.

Жетинчи: Өзүнө да башка бирөөгө да нике келишимин кылууга болбойт. Никеге күбө болууга да болбойт.

Сегизинчи: Жыныстык катнаш кылууга болбойт. Биринчи ихрамдан чыгуудан мурда жыныстык катнаш кылган адамдын амалдары бүт бузулат, ошентсе да башка амалдарын акырына чейин чыгарат да, кийинки жылы казасын өтөйт жана ага бир төө союу важыб болот. А эгер биринчи ихрамдан чыгуудан кийин жыныстык катнаш кылса, амалдары бузулбайт, кан чыгаруу важыб болот.

Бул иште аял деле эркек сыяктуу, эгер ал өз ыктыяры менен бул ишке барса.

Тогузунчу: Жыныстык катнаш кылбай бирок аялын кучактап, өпкүлөп, аврет жерлерин тийгизүү. Ихрамдагы адамга мындай кылууга болбойт, анткени бул жыныстык катнашка түртөт.

 

 

Умра:

а) Умранын парздары:

1-Ихрамга кирүү.

2-Каабаны таваф кылуу.

3-Сафа менен Марванын ортосунда чуркоо.

б) Умранын важыбдары:

1-Мийкаттан ихрамга кирүү.

2-Чачын алуу же кыскартуу.

в) Умранын тартип, сыпаты:

Умра кылган киши биринчи кезекте Каабаны жети жолу таваф кылат. Тавафты кара таштын тушунан баштап, кара таштын тушунан бүтүрөт. Таваф кылганда таза, авраттары жабык болушу керек. Тавафта изтиба кылуу сүннөт. Изтиба - оң ийнин ачып, жамынчысын оң колунун астынан өткөрүп, сол ийнине таштап коюу. Жети жолу айлангандан кийин эки ийнин тең кайра жаап алат.

Кара ташка жүздөнөт, аны өбүүгө мүмкүн болсо өбөт. Болбосо оң колу менен сылап, колун өөп коёт. Эгер сылоого да мүмкүн болбосо, оң колун ошол жакка ишара кылып көтөрүп "Аллаху акбар" деп бир жолу айтат, колун өппөйт, токтоп туруп албайт. Анан Каабаны сол тарабына кылып тавафын улантат. Баштапкы үч айланууда рамл кылуу сүннөт. Рамл: кадамдарын кыска-кыска таштап, бирок батыраак басуу.

Каабанын Йемен бурчуна келгенде - бул Каабанын төртүнчү бурчу - эгер мүмкүн болсо бурчту сылайт, такбир айтпайт, өппөйт. Эгер мүмкүн болбосо колун көтөрбөйт, такбир айтпайт, жөн эле өтүп кетет. Йемен бурчу менен кара таш турган бурчтун ортосунда:

﴿...رَبَّنَآ ءَاتِنَا فِي ٱلدُّنۡيَا حَسَنَةٗ وَفِي ٱلۡأٓخِرَةِ حَسَنَةٗ وَقِنَا عَذَابَ ٱلنَّارِ﴾

"Роббана аатинаа фид-дуня хасана, ва фил аахироти хасана ва кына азаабан-наар" деп дуба кылат. Мааниси: О, Раббибиз! Бизге ушул дүйнөдө да, Акыретте да жакшылык бере көр жана бизди Тозок азабынан сакта!”. (Бакара, 20-аят).

Тавафты толук бүткөндөн кийин, мүмкүн болсо Ибрахимдин орду деген жерде эки рекет намаз окуйт. Эгер тыгын болсо, мечиттин каалаган жеринде окуса болот. Намаздын биринчи рекетинде "Фатихадан" кийин "Каафирун" сүрөсүн окуу сүннөт. Экинчи рекетинде "Фатихадан" кийин "Ихлас" сүрөсүн окуу сүннөт. Анан сайъ кылуу үчүн жөнөйт. Сафа менен Марванын ортосунда жети жолу ары-бери чуркайт. Барганы бир, келгени бир деп эсептелет.

Сайъ (чуркоо) Сафадан башталат, ага көтөрүлүп, бир азга токтойт. Эгер мүмкүн болсо көтөрүлүү жакшы. Ошол жерде төмөнкү аятты окуйт:

﴿‌إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلۡمَرۡوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِ...﴾

"Сафа жана Марва Аллахтын дининин белгилеринен", (Бакара, 158-аят).

Кыбылага жүздөнүп, Аллага мактоо айтып, такбир айтып, мындай дейт:

«لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ، وَاللَّهُ أَكْبَرُ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ لَا شَرِيكَ لَهُ، لَهُ الْمُلْكُ وَلَهُ الْحَمْدُ، يُحْيِي وَيُمِيتُ، وَهُوَ عَلَى كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ، لَا إِلٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَحْدَهُ، أَنْجَزَ وَعْدَهُ، وَنَصَرَ عَبْدَهُ، وَهَزَمَ الْأَحْزَابَ وَحْدَهُ».

"Лаа илааха иллаллаху валлаху акбар, лаа илааха иллаллаху вахдаху лаа шарикалах, лахул мулку, ва лахул хамду, юхйии ва юмииту, ва хува алаа кулли шайиң кодир. Лаа илааха иллаллаху вахдах, анжаза ваъдах, ва насаро абдах, ва хазамал ахзааба вахдах".60 Анан колун көтөрүп кыска дуба кылат. Бул зикирди жана дубаны үч жолу кайталайт. Анан ылдыйлап Марваны көздөй басат. Биринчи белгиден экинчи белгиге жеткенге чейин эркектер батыраак басышат. Ал эми аялдарга бул эки жашыл белгинин ортосунда бат басуу керек эмес, анткени аял киши аврат болуп эсептелет. Алар сайъдын баарын басып эле аткарышат. Анан Марва тарапка басып барып, ага көтөрүлөт. Эгер мүмкүн болсо көтөрүлүү жакшы. Анан Сафада айткан зикир дубаларды айтат. Болгону төмөнкү аятты окубайт:

﴿‌إِنَّ ٱلصَّفَا وَٱلۡمَرۡوَةَ مِن شَعَآئِرِ ٱللَّهِ...﴾

"Сафа жана Марва Аллахтын дининин белгилеринен..." Бул аят биринчи айланууда Сафага чыкканда гана окулат. Анан Марвадан түшүп Сафаны көздөй басат. Белгилердин ортосунда ылдамдайт. Ошентип Сафага жетет. Ушинтип жети жолу айланат. Барганы бир, кайтканы бир айлануу болуп эсептелет. Сайъ кылып жатканда зикир, дубаларды көп айтуу мустахаб. Чоң жана кичине дааратсыздыктан таза болушу керек. Эгер дааратсыз чуркаса деле жарай берет. Ошондой эле тавафтан кийин этек кири же нифас каны келген аял деле сайъ кыла берет. Анткени, сайъга даарат шарт эмес, жөн гана мустахаб.

Сайъды бүткөндөн кийин чачын алдырат же кыскартат. Эркектер үчун чачын алдырганы жакшыраак болот.

Ушуну менен умранын амалдарын аткарып бүтөт.

Ажылык:

а) Ажылыктын парздары:

1-Ихрамга кирүү.

2-Арафатта туруу.

3-Ифаза тавафы.

4-Сайъ кылуу.

б) Ажылыктын важыбдары:

1-Мийкаттан ихрамга кирүү.

2-Күндүз келип турган адамдар үчүн Зулхиджанын тогузунчу күнү күн батканга чейин туруу.

3-Зулхиджанын онунчу түнү Муздалифада (жок дегенде) тундүн жарымын түнөө.

4-Ташрик күндөрү Минада түнөө.

5-Таш атуу.

6-Чачты алдыруу же кыскартуу.

7-Коштошуу тавафы.

Ажылыктын тартип-сыпаты:

Мийкатка жеткенде эгер убакыт тар болсо, ажылыкты гана кылуучу өзү талбия айта баштайт. Меккеге келип, Каабаны таваф кылат жана Сафа менен Марванын ортосунда сайъ кылат. Ошол бойдон ихрамдан чыкпай тогузунчу күнү Арафатка барат. Арафатта күн батканга чейин турат.

Анан талбия айтып Муздалифага жөнөйт. Ал жерде түнөп, багымдат намазын окуйт. Анан күн жарыганга чейин Аллахты зикир кылып, талбия айтып турат.

Күн жарыганда күн чыкканга чейин Минага жөнөйт. Акабада шайтанга жети таш атат. Анан чачын кырат же кыскартат, кырганы жакшыраак.

Анан ифааза тавафын аткарат. Ага мурдагы сайъ кылганы жетиштүү. Ошо менен анын ажылыгы бүтөт да, ихрамдан толук чыгат.

Эми ага Зулхижжанын он биринчи жана он экинчи күндөрү шайтанга таш атуу калат. Эгер шашылыш болсо, үч жолу таш атат, ар биринде жетиден таш болот. Ар бир ташты атканда такбир айтат. Хиф мечити жактагы "кичине таш атуудан" баштайт. Анан ортоңкусуна атат. Анан Акабадан атат, бул акыркысы. Ар биринде жетиден таш атат. Эгер он экисинен кийинкиге калууну кааласа, он үчүнчү күнү он экинчи жана он биринчи күндөрү таш аткандай эле дагы атат.

Таш атуунун убактысы: үч күнү тең чак түштөн кийин атылат.

Эгер он экинчи күнү күн батканга чейин кетип калса, эч нерсе эмес. Он үчүнчү күнү да түштөн кийин таш атууга калса, бул жакшыраак болот. Алла Таала минтип айткан:

﴿‌...فَمَن تَعَجَّلَ فِي يَوۡمَيۡنِ فَلَآ إِثۡمَ عَلَيۡهِ وَمَن تَأَخَّرَ فَلَآ إِثۡمَ عَلَيۡهِۖ لِمَنِ ٱتَّقَىٰ...﴾

".... (Минадагы ибадаттарды) эки күндө шашылыш бүтүргөн кишиге да күнөө эмес. Кечиктирип бүтүргөн кишиге да күнөө эмес. (Бул өкүмдөр) такыба кишилер үчүн..."

(Бакара, 203-аят).

Сапары карып кайта турган учур болгондо, жети жолу коштошуу тавафын аткарат. Сайъ кылбайт.

Эгер алып барган хадий малы жок болсо, умрага таматту кылганы жакшыраак. Анда сегизинчи күнү ажылык үчүн ниет кылып талбия айтат. Анан жогоруда айтылгандай амалдарды аткарат. Эгер умра менен ажыга чогуу ниет кылса, ал деле жарайт. Муну кыран деп атайт. Мында умра менен ажыны чогуу ниет кылып, бир таваф, бир сайъ аткарылат.

Үчүнчү бөлүм:

Мамилелерге тишелүү нерселер.

Аалымдар үйрөнүү парз айн болгон анык парз илимдерди баян кылышкан. Ар бир мусулман канчалык деңгээлде билүүсү анык парз экенин айтышкан. Ошолордун бири катары: соода-сатык менен иштеген адамга соода илимин билүү зарылдыгын айтышкан. Антпесе, ал билбестен сүткордукка же башка арам жолдорго түшүп калуусу мүмкүн. Кээ бир сахабалардан муну бекемдеген сөздөр айтылган.

Умар бин Хаттаб (ага Аллах ыраазы болсун) айткан: "Сооданын диндеги илимин билбеген адам биздин базарларыбызда соода кылбасын".61

Али бин Абу Талиб (ага Аллах ыраазы болсун) мындай деген: "Кимде-ким илимин билбей туруп соода баштаса, ал улам-улам суткордукка түшө берет".62

Ибн Аабидин Алламийдин сөзүн ушинтип эскерген: "Ар бир балакатка жеткен эркек-аялга динди жана туура жолду табуу илими парз болгондон кийин, даараттын, гусулдун, намаздын, орозонун, байлыгы жеткен адамга зекеттин, кудурети жеткен адамга ажылыктын, соода кылган кишиге сооданын илимин билүү да парз кылынган. Мунун себеби бардык мамилелерде макүрү жана шек-күмөнгө түшүп калбоосу үчүн. Бул бардык кесип ээлерине тиешелүү. Ким эмне менен алек болсо, ошол ишинде арам жолго кирип калбашы үчүн кылган кесибинин илимин билүүсу зарыл".63

Имам Наваи мындай деген: "Ал эми соода менен нике жана ушулар сыяктуу негизи парз болбогон иштерде алардын шарттарын билбей туруп киришүү арам".64

Булар Ислам шариятында көрсөтүлгөн кээ бир малга, байлыкка тиешелүү мамилелердин эрежелери:

1-Толук же басымдуу пайда алып келүүчү бардык иштер адал кылынган. Мисалы, адал буюмдарды сатуу жана сатып алуу, ижарага берүү, шүфъа (кошунанын сатып алуудагы артыкчылык укугу) ж.б.65

2-Адамдардын укуктарын камсыз кылып, сактоочу бардык иштер шариятта мыйзамдаштырылган. Мисалы, күрөөгө коюу, күбө кылуу ж.б.

3-Келишим түзгөн тараптарга пайда алып келген бардык нерселерди шарият жактайт. Мисалы, келишимди кайра бузуу (икала), тандоо укугу (хияр) жана соодадагы шарттар.

4-Адамдарга зулум боло турган нерсенин баарынан жана алардын малын арамдан жештен тыят. Мисалы, сүткордук, тартып алуу, ашыкча кымбаттатуу ж.б.

5-Жакшылыкка колдоо көрсөткөн иштин баарын шарият жактайт. Мисалы, карыз берүү, колдонуп турууга берип туруу, сактап туруу үчүн берүү ж.б.

6-Мээнетсиз, пайдасыз, оңой жол менен келе турган кирешенин баарынан тыят. Мисалы, кумар оюндары, сүткордук ж.б.

7- Белгисиздик жана алдоо басымдуулук кылган бардык мамиледен тыят. Мисалы, бирөө өзү ээлик кылбаган нерсени сатуусу жана анык болбогон нерсени сатуу.

8-Арамга алып бара турган куулугу бар иштердин баарынан тыят. Мисалы, Иъйна соодасы сыяктуу.66

9-Аллага ибадат кылуудан тоскон иштердин баарынан тыят. Мисалы, жуманын экинчи азанынан кийин соода кылуу.

10- Зыяндуу жана мусулмандарга душмандыкты пайда кыла турган иштердин баарынан тыят. Мисалы, арам нерселерди сатуу, бирөөнүн соодасынын үстүнө соода кылуу ж.б.

Мусулман адамга кайсы бир маселеде билбестик болсо, аны билгендерден суроосу зарыл. Шарияттагы өкүмүн билмейинче ишке киришпегени оң. Аллах Таала минтип айткан:

﴿‌...فَاسْأَلُوا ‌أَهْلَ ‌الذِّكْرِ إِنْ كُنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ﴾

"Эгер билбесең, илим ээлеринен (китептен билгендерден) сурагыла". (Нахл, 43-аят).

Топтоого мүмкүн болгон маселелер ушулар. Аллах бизге пайдалуу илим жана жакшы малдарды аткарууга топук берсин, Ал - Берешен, Жоомарт. Аллахтын элчисине, сахабаларына жана үй-бүлөсүнө Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун.

 

 

***

Мазмуну

 

Киришүү 2

Биринчи бөлүм: 3

Акыйдага тиешелүү маселелер: 3

Биринчи сабак: Исламдын мааниси жана түркүктөрү: 3

Тавхиддин зарылдыгы: 4

"Аллахтан башка ибадат кылууга татыктуу кудай жок" деген күбөлүктүн мааниси: 6

Ал эми (Аллахтан башка кудай жок келмесинин) шарттары төмөнкүлөр: 7

Мухаммад Аллахтын элчиси деп күбөлүк берүүнүн мааниси: 9

Экинчи сабак: Ыймандын мааниси жана анын түркүктөрү: 12

1) Аллах Таалага ыйман келтирүү өз ичине үч ишти камтыйт: 14

1-Аллахтын рубубиятына ыйман келтирүү: 14

2-Аллахтын илахиятына ыйман келтирүү: 17

3-Аллах Тааланын кооз, көркөм ысым-сыпаттарына ыйман келтирүү. 21

2) Периштелерге ыйман келтирүү: 32

3) Китептерге ыйман келтирүү: 33

4) Элчилерге ыйман келтирүү: 35

5) Акырет күнүнө ыйман келтирүү: 37

а) Кайра тирилүүгө ыйман келтирүү: 37

б) Эсеп-кысапка жана сый-жазага ыйман келтирүү: 38

в) Бейишке жана тозокко ыйман келтирүү: 38

6) Тагдырдын жакшысы да, жаманы да Аллахтан экенине ыйман келтирүү: 39

Үчүнчү сабак: Ихсан: 42

Төртүнчү сабак: Ахлу Суннанын усулу тууралуу кыскача баяндама: 43

Экинчи бөлүм: Ибадатка тиешелүү маселелер. 45

Биринчи сабак: тазалык (таарат). 45

Биринчи: Суулардын түрлөрү: 46

Экинчи: Ыплас нерселер: 46

Үчүнчү: даараты жок адам тыйыла турган иштер: 50

Төртүнчү: Ажат өтөө адеби: 52

Бешинчи: Нажас чыккан жайларды жуу жана аарчуу: 54

Алтынчы: Даараттын өкүмдөрү: 55

Жетинчи: Маасыга жана калың байпакка масх тартуунун өкүмдөрү: 58

Сегизинчи: Таямумдун өкүмдөрү: 61

Тогузунчу: айыз жана нифаска тиешелүү өкүмдөр: 64

Экинчи сабак: Намаз: 66

Биринчи: Азан жана кооматтын өкүмү: 66

Үчүнчү: Намаздын орду жана артыкчылыгы: 72

Үчүнчү: Намаздын шарттары: 74

Төртүнчү: Намаздын түркүктөрү: 77

Бешинчи: Намаздын ваажыбдары: 83

Алтынчы: Намаздын сүннөттөрү: 85

Жетинчи: Намаздын аткарылышынын сыпаты: 88

Сегизинчи: Намаздын макүрү амалдары: 95

Тогузунчу: Намазды жараксыз кылуучу амалдар: 96

Онунчу: Адашуу саждасы: 97

Он биринчи: Намаз окууга тыюу салынган убакыттар: 100

Он экинчи: Жамаат намазы: 101

Он үчүнчү: Коркунуч туулган учурдагы намаз: 105

Коркунуч намазынын сыпаты: 106

Он төртүнчү: Жума намазы: 107

Бешинчи: Жума күндө аткарылчу мустахаб иштер: 110

Жумага жетишүү: 111

Он бешинчи: Үзүрү барлардын намазы: 112

Он алтынчы: Айт намаздары: 117

Он жетинчи: Күн тутулганда окулчу намаз: 120

Он сегизинчи: Жамгыр тилөө намазы. 122

Он тогузунчу: Жаназанын өкүмдөрү: 124

Үчүнчү сабак: Зекет: 129

1 - Зекеттин аныктамасы жана орду: 129

2-Зекеттин важыб болуусунун шарттары: 130

3-Зекет бериле турган байлык, малдар: 131

Төртүнчү сабак: Орозо. 147

Рамазандын орозосунун парз болуусунун шарттары: 148

Бешинчи сабак: Ажы жана умра. 159

Ажылык жана умранын парз болуусунун шарттары: 160

Ихрамдын орундары: 162

Ихрам: 165

Умра: 171

Ажылык: 176

Үчүнчү бөлүм: 179

Мамилелерге тишелүү нерселер. 179

 

***


. Имам Ахмад, Муснад, 6072. Тирмизи, 1535. Тирмизи бул хадисти хасан деп жазган.

Имам Бухари, Адаб Муфрад, 716. Имам Ахмад, Муснад, 19606. Дия ал-Мукдис, Ахаадис ал-Мухтар, 1\150. Албани, Сахих ал-Жаами, 3731.

Имам Муслим, 121. Имам Ахмад, Муснад 10434.

Мазий суусу - аялды караганда, жыныстык катышты эстегенде, элестеткенде тамчы болуп илешип агып чыккан түссүз тунук суу, көп учурда анын агып чыкканы билинбейт. Вадий суусу - заара кылгандан кийин же оор жүк көтөргөндө чыгып кетүүчү илешкек суюктук.

Имам Муслим, 224.

Имам Малик, Муатта, 219, 680; Даарими, 312; Абдуразак, Мусаннаф, 1328; Албани, Ирва ал-Голилде бул хадисти сахих деген, 122.

Насааи, 12808. Имам Ахмад, 15423. Албани, Ирва ал-Голил, 121.

Ибн Маажа, 594. Ибн Хаббан, 799. Албани бул хадисти Тирмизинин сунанында алсыз деп айткан, 146.

Имам Бухари 143. Имам Муслим, 122.

Бухари, 7288. Муслим, 6066.

. Ибн Бааз, Мажмуу ал-фатаава, 29\141; (Байхаки Жаабирден ишенимдүү чынжыр тизмек менен риваят кылып, "аллази ваъадтаху" дегенден кийин "Иннака лаа тухлифул миъаад" дегенин кошуп айткан).

Тирмизи, 2635.

Имам Муслим, 82.

Тирмизи, 265, бул "хасан сахих гориб" деген. Албани Сахих ат-таргиб ва ат-тархиб китебинде ишенимдүү хадис деген.

Имам Бухари, 1117.

Имам Бухари, 6251. Имам Муслим, 884.

Имам Бухари, 756. Имам Муслим, 872.

Имам Бухари, 793. Имам Муслим, 398.

Имам Бухари, 812. Имам Муслим, 490.

Имам Муслим, 498.

Имам Бухари, 724. Имам Муслим, 398.

Имам Бухари, 797. Имам Муслим, 402.

Тирмизи, 839.

Имам Бухари, 6008.

Имам Бухари, 1110.

Имам Бухари, 835.

Имам Бухари, 743. Имам Муслим, 399.

Тирмизи, 266.

Имам Муслим, 588.

Абу Дауд, 5168.

Тирмизи, 284.

Имам Муслим, 1484.

Имам Бухари, 609. Имам Муслим, 602.

Имам Бухари, 4130. Имам Муслим, 842.

Имам Муслим, 865.

Имам Бухари, 934. Имам Муслим, 851.

Имам Бухари, 1081. Имам Муслим, 693.

Имам Бухари 1012. Имам Муслим, 894.

Абу Дауд, 3201; Тирмизи, 1024, ишенимдүү, хасан хадис деген.

Имам Муслим, 962.

Имам Бухари 8; Имам Муслим, 111.

Ибн Маажа, 1792; Тирмизи, 63, 7631.

Имам Бухари, 1402; Имам Муслим, 2287.

Имам Бухари 1432; Имам Муслим, 984.

Абу Дауд, 1609; Ибн Маажа, 1827; Албани Сахих Абу Даудда ишенимдүү деген, 1609.

Имам Бухари 1; Имам Муслим, 1907.

Имам Бухари, 1810; Имам Муслим, 1086.

Имам Бухари, 1909.

Имам Ахмад, 26467; Абу Дауд, 2454; Насаи, 2331.

Имам Бухари, 6669; Имам Муслим, 2709.

Абу Дауд, 2380; Тирмизи, 719; Ибн Маажа, 676.

Имам Бухари, 1849; Имам Муслим, 1846.

Имам Муслим, 1134.

Имам Ахмад, 25198; Насаи, 2627; Ибн Маажа, 2901.

Имам Бухари, 1862; Имам Муслим, 1341.

Имам Бухари, 1531.

Имам Муслим, 1211.

Имам Бухари, 1549.

Имам Муслим, 1218.

Тирмизи, 487. Албани аны хасан хадис деген.

Маъна ал-Мухтаж, 2\22.

Хаашия ибн Аабидин, 1\42.

Ал-Мажмууъ, 1\50.

Шуфъа – бул, шериктеш үлүшүн башка бирөөгө акча же мүлк төлөп өткөзүп берген учурда ошол үлүштү биринчи кезекте шериктеши сатып алууга укуктуу болушу.

Иъйна соодасы: бирөөгө бир нерсени узак мөөнөткө кымбат баага сатып, аны кабыл кылгандан кийин, акчасын албай туруп аны кайра өзү нак акчага арзан баада сатып алуусу (бул сүткордуктун эле бир түрү).

Имам Бухари, 8.