Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын баяны (Кыргызча)

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын баяны

  • earth भाषा
    (Кыргызча)
  • earth लेखक:
    الشيخ عبد العزيز بن باز
PHPWord

 

 

 

كَيْفِيَّةُ صَلَاةِ النَّبِيِّ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ

 

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын баяны

 

لِفَضِيلَةِ الشَّيْخِ العَلَّامَةِ

عَبْدِ العَزِيزِ بْنِ عَبْدِ اللَّهِ بْنِ بَازٍ

غَفَرَ اللَّهُ لَهُ وَلِوَالِدَيْهِ وَلِلْمُسْلِمِينَ

 

Ардактуу шейх

Абдулазиз ибн Абдуллах ибн Баз

 

 


بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын баяны

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен.

Бардык алкыш-мактоолор жалгыз Аллахка гана таандык. Анын кулу жана элчиси, пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана сахабаларына Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун! Андан кийин айтарым:

Бул – Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдын, намазынын сыпаты жөнүндөгү кыскача сөздөр. Бул китепче менен таанышкан ар бир мусулман намазында Пайгамбарды үлгү тутууга аракет кылсын деп, аны ар бир мусулман эркекке жана аялга сунуштоону кааладым. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:

(صَلُّوا كَمَا رَأَيْتُمُونِي أُصَلِّي).

"Менин намаз окуганымды көргөнүңөрдөй намаз окугула!"1. Анын баяны төмөндөгүдөй:

1- Дааратты толук алуу – ал Аллах Тааланын сөзүнө амал кылып, Ал буйругандай даарат алуу. (Аллах Таала айтты:)

﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِذَا قُمۡتُمۡ إِلَى ٱلصَّلَوٰةِ فَٱغۡسِلُواْ وُجُوهَكُمۡ وَأَيۡدِيَكُمۡ إِلَى ٱلۡمَرَافِقِ وَٱمۡسَحُواْ بِرُءُوسِكُمۡ وَأَرۡجُلَكُمۡ إِلَى ٱلۡكَعۡبَيۡنِ...﴾.

"Оо, ыйман келтиргендер! Эгер намазга камдансаңар, жүзүңөрдү жууп, анан колуңарды чыканагы менен бирге жуугула жана башыңарга «масх» тарткыла (колду суулап, башка сүрткүлө) жана бутуңарды кызыл ашыгын кошуп жуугула..." (Маида сүрөөсү, 6-аят). Аят.

Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:

َا تُقْبَلُ صَلَاةٌ بِغَيْرِ طُهُورٍ).

"Дааратсыз окулган намаз кабыл болбойт."2.

Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, намазын шашып, туура эмес окуган адамга айтты:

(‌إِذَا ‌قُمْتَ ‌إِلَى ‌الصَّلَاةِ، ‌فَأَسْبِغِ ‌الْوُضُوءَ).

"Намазга турганыңда, дааратты толук ал."3.

2- Намаз окуучу адам кайда болбосун, бүт денеси менен кыбылага, тактап айтканда Каабага, жүздөнүп, парз болобу же нафил болобу, окуй турган намазын жүрөгү менен ниет кылат. Ниетти тили менен айтпайт, анткени ниетти тил менен айтуу шариятта келген эмес, тескерисинче, бул – бидаат. Себеби Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, жана анын сахабалары, радыяллаху анхум, ниетти тил менен айтышкан эмес. Эгер адамдарга имам болуп же жалгыз окуса, алдына сутра коюп, ага карап намаз окуйт. Кыбылага жүздөнүү – намаздын шарты, бирок аалымдардын китептеринде түшүндүрүлгөн айрым бир өзгөчө учурлардан тышкары.

3- Көзүн сажда кылуучу жерине багыттап, "Аллаху акбар" деп ихрам такбирин айтат.

4- Такбир айтканда колдорун эки ийиндин же эки кулактын барабарына чейин көтөрөт.

5- Оң колун сол алаканынын жана билегинин үстүнө коюп, көкүрөгүнө коёт. Анткени бул сүр Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, келген.

6- Намазга киришүү дубасын окуу сүннөт, ал мындай окулат:

(اللَّهُمَّ بَاعِدْ بَيْنِي وبيْنَ خَطَايَايَ، كَمَا بَاعَدْتَ بيْنَ المَشْرِقِ والمَغْرِبِ، اللَّهُمَّ نَقِّنِي مِنَ الخَطَايَا كَمَا يُنَقَّى الثَّوْبُ الأبْيَضُ مِنَ الدَّنَسِ، اللَّهُمَّ اغْسِلْ خَطَايَايَ بالمَاءِ والثَّلْجِ والبَرَدِ).

«Аллахумма баа'ид байнии уа байна хотоо-йаа-йа камаа баа'адта байнал-машрики уал-магриби, Аллахумма наккинии минал-хотоойаа камаа юнаккос-саубул-абяду минадданас, Аллахуммаг-сил хотоо-йаа-йа бил-маа-и уас-салжи уал-барод».

 

"Оо, Аллах! Мен менен менин каталарымдын арасын батыш менен чыгыштын арасын узак кылгандай узак кыла көр! Оо, Аллах! Ак кийим кирден таза болгондой мени да каталарымдан тазарта көр! Оо, Аллах! Менин каталарымды суу, кар жана мөндүр менен жуба көр!"4.

Эгер кааласа, анын ордуна бул дубаны айтат:

(سُبْحَانَكَ اللَّهُمَّ وبِحَمْدِكَ، وَتَبَارَكَ اسْمُكَ، وَتَعَالَى جَدُّكَ، ولَا إلَهَ غَيْرُكَ).

«Субхаанакал-лоохумма уа бихамдика уа табааро касмук уа та’аалаа жаддук, уа лаа илааха гойрук».

 

"Оо, Аллах! (Сени бардык кемчиликтерден аруулайм) Оо, Аллах! сенин ысымың таберик (берекелүү). Улуулугуң эң жогору. Сенден башка сыйынууга татыктуу эч бир кудай жок."5, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, анык келген намазды баштоо дубаларынын башкаларын айтса да болот. Жакшысы, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламды, толук ээрчүү үчүн, кээде бирин, кээде башкасын айтып жүрүүсү керек. Андан соң: «Ауузу биллахи минаш-шайтоонир-рожиим, Бисмиллахир-рахмаанир-рахиим» деп, Фатиха сүрөөсүн окуйт. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деген:

(لَا صَلَاةَ لِمَنْ لَمْ يَقْرَأْ بفَاتِحَةِ الكِتَابِ) .

Ким намазда "фатиха" сүрөөсүн окубаса, анын намазы кабыл болбойт.6. Фатиха сүрөөсүн окугандан кийин «Аамиин» деп: жарыя намаздарда – үн чыгарып, ал эми купуя намаздарда – ичинен айтат. Андан соң Курандан ага жеңил болгон бир сүрө же аяттарды окуйт. Фатихадан кийин бешим, аср жана куптан намаздарында орточо сүрөлөрдөн, багымдат намазында болсо узун сүрөлөрдөн окуу, эң жакшы. Ал эми шам намазында кээде узун, кээде кыска сүрөлөрдөн окулат. Бул амалдардын баары хадистерге негизделген.

7- «Аллаху Акбар» деп, колдорун эки ийининин же кулактарынын тушуна чейин көтөрүп, башын бели менен бирдей түз кармап, эки колунун манжаларын ачып, тизесин чеңгелдеп рүкү кылат. Рүкүдө тынч турат жана “Субхаана Робиял а'зиим” деп айтат. Аны үч же андан көп жолу кайталоо – абзел. Ага кошумча төмөнкү дубаны айтуу – мустахаб:

(‌سُبْحَانَكَ ‌اللهُمَّ ‌وَبِحَمْدِكَ، ‌اللهُمَّ ‌اغْفِرْ ‌لِي).

«Субхаанакал-лоохумма уа бихамдика, аллоохум-маг-фирлии».

 

 

"Оо, Аллах. Сен аруу, тазасың. Бардык мактоо Сага таандык. Оо, Аллах! Мени кечир."7

8- Колдорун эки ийининин же эки кулагынын тушуна чейин көтөрүп, мындай деп рүкүдөн башын көтөрөт: «Самиа'ллооху лиман-хамида».

"Аллах Өзүнө мактоо айткандарды угат." Эгер имам болуп же жалгыз намаз окуса, рүкүдөн туруп жатканда минтип айтат:

(رَبَّنَا ولَكَ الحَمْدُ حَمْدًا كَثِيرًا طَيِّبًا مُبَارَكًا فِيهِ مِلْءَ السَّمَواتِ ومِلْءَ الأرضِ، ومِلْءَ ما شِئتَ مِن شيءٍ بَعدُ).

«Роббанаа уа лакал-хамду хамдан касиирон тоййибан мубаарокан фиихи милас-самауаати уа мил-ал-ард уа мил-а маа шиьта мин шай-ин ба'д».

 

"Оо, Раббибиз! Сага көп, таза, берекелүү мактоолорду айтабыз; асмандар менен жерди жана андан кийин Өзүң каалаган нерселерди толтурганча."8.

Ал эми имамга уюган киши болсо, (рүкүдөн) көтөрүлгөндө: «Роббана уа лакал хамду» деп, жогоруда айтылган зикирлерди аягына чейин айтат.

Эгер имам, ага уюган киши жана өзү жалгыз намаз окуган киши төмөнкү дубаны кошуп айтса жакшы.

(أهْلَ الثَّنَاءِ والْمجْدِ، أحَقُّ مَا قَالَ العَبْدُ، وكُلُّنَا لَكَ عَبْدٌ: اللَّهُمَّ لَا مَانِعَ لِمَا أعْطَيْتَ، ولَا مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ، ولَا يَنْفَعُ ذَا الجَدِّ مِنْكَ الجَدُّ).

«Ахлас-санаа-и уал-мажд ахак-ку маа каадал-а'бду, уа куллунаа лака а'бд, аллоохумма лаа маани'а лимаа а'тойта, уа лаа муу'тия лимаа мана'та, уа лаа янфа зал-жадди минкал-жадд».

 

"Сен мактоо жана улуулукка ылайыктуусуң. Биз баарыбыз Сенин кулуңбуз жана кулуңдун айтар сөзүнүн эң туурасы: "Оо, Аллах! Сен берген нерсеге эч ким тоскоол боло албайт. Ал эми Сен бербеген нерсени эч ким бере албайт. ошондой эле бай адамдын мал-дүйнөсү Сенин алдыңда ага пайда бере албайт."9. Бул дуба Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, бекемделген.

Имам, ага уюган адам же жалгыз намаз окуган киши рүкүгө чейинки абалдай эле колдорун көкүрөгүнүн үстүнө коюусу мустахаб. Бул амал Вааил ибн Хужр жана Сахл ибн Са'д, радыяллаху анхумалар, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, риваят кылган хадисте тастыкталган.

9- «Аллаху Акбар» деп саждага барат. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, алгач тизелерин, андан кийин колдорун жерге коёт. Эгер бул оордук жаратса, анда алгач колдорун, андан кийин тизелерин жерге коёт. Буттарынын жана колдорунун манжаларын кыбылага каратып, кол манжаларын бириктирип, түз кармайт. Саждада жети мүчөсү жерге тийип туруусу керек: бешене менен мурун, эки кол, эки тизе жана эки буттун манжаларынын учу. Саждада: «Субхаана Роббиял а'лаа» деп айтат. Бул дубаны үч же андан көп жолу айтуу сүннөт. Ошондой эле, буга кошумча төмөнкү зикирлерди айтуу мустахаб:

(سُبْحانَكَ اللَّهُمَّ رَبَّنا وبِحَمْدِكَ، اللَّهُمَّ اغْفِرْ لِي).

«Субхаанакал-лоохумма роббанаа уа бихамдик, Аллахуммаг-фир-лии».

 

"Оо, Аллах! Оо, Раббибиз! Сен Аруу, Тазасың. Бардык мактоо Сага таандык. Оо, Аллах! Мени кечир!" Саждада дубаны көп кылуу абзел, себеби Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:

(‌أَمَّا ‌الرُّكُوعُ، ‌فَعَظِّمُوا ‌فِيهِ ‌الرَّبَّ، وَأَمَّا السُّجُودُ، فَاجْتَهِدُوا فِي الدُّعَاءِ، فَقَمِنٌ أَنْ يُسْتَجَابَ لَكُمْ).

"Рүкүдө Раббиңерди улуктагыла. Ал эми саждада дуба кылууга умтулгула! Анткени саждадагы дубаңар кабыл болууга татыктуу."10

Ошондой эле, Раббисинен дүйнө жана акыреттин жакшылыгын сурайт. Намаз парз болобу же нафил болобу, анда эки чыканагын капталдарына, курсагын сандарына, сандарын болсо балтырына тийгизбей, билектерин жерден көтөрүп турат. Анткени Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деген:

(اعْتَدِلُوا في السُّجُودِ، ولَا يَبْسُطْ أحَدُكُمْ ذِرَاعَيْهِ انْبِسَاطَ الكَلْبِ).

"Саждада түз болгула, жана эч кимиңер ит сыяктуу чыканактарын (жерге) жайып албасын".11

10- Башын такбир айтып көтөрүп, сол бутун жайып ага отуруп, оң бутун тик кылып, колдорун сандарынын үстүнө, тизелерине жакын коюп, мындай деп айтат:

(رَبِّ اغْفِرْ لِي وَارْحَمْنِي وَاهْدِنِي وَارْزُقْنِي وَعَافِنِي وَاجْبُرْنِي).

«Роббиг-фир-лии, уар хамнии, уах-динии, уар-зук-нии,

уа’аафинии, уаж-бурнии».

"Оо, Раббим! Мени кечир, мага ырайым кыла көр! Мени туура жолго баштай көр! Мага ырыскы бер! Мени Өзүң оңдоп, мага амандык бер!"12. Ал бул отурушта тынч жана бейпил абалда отурат.

11- Экинчи саждага такбир айтат жана анда биринчи саждада кылган нерселерди аткарат.

12. «Аллаху Акбар» деп башын көтөрүп, кыямга туруудан алдын эки сажданын ортосундагы отуруш сыяктуу кыскача отурат. Бул «истираха» (эс алуу) отурушу деп аталат. Бул мустахаб болуп саналат, эгер аны аткарбаса күнөө болбойт. Бул отурушта эч кандай зикир же дуба айтылбайт. Андан кийин экинчи рекетке турат. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо тизелерине таянып, ал эми оор болсо жерге таянып турат. Андан кийин Фатиха сүрөөсүн жана андан соң Курандан жеңил келген аяттарды окуйт. Андан кийин биринчи рекеттегидей иш-аракеттерди аткарат.

13- Эгер намаз багымдат, жума жана эки айт намаздары сыяктуу эки рекеттүү болсо, анда экинчи саждадан кийин оң бутун тик кылып, сол бутун жайып ага олтурат. Оң колун оң санынын үстүнө коюп, сөөмөйүнөн башка баардык манжаларын түйүп, аны менен Аллахтын жалгыздыгына ишарат кылат. Эгер оң колунун чыпалагы менен аты жок манжасын түйүп, баш бармагы менен ортоңку манжасын тегерек кылып, сөөмөйү менен ишарат кылса да жакшы болот; анткени бул эки сыпат тең Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, келген. Жакшыраагы – бирде муну, бирде тигини кылуу. Сол колун сол санынын үстүнө, тизесине жакын коёт. Андан кийин бул отурушта ташаххудду окуйт, ал төмөнкүдөй:

(التَّحِيَّاتُ لله والصَّلَوَاتُ والطَّيِّبَاتُ، السَّلَامُ عَلَيْكَ أيُّها النبيُّ ورَحْمَةُ الله وبَرَكَاتُهُ، السَّلَامُ عَلَيْنَا وعلَى عِبَادِ الله الصَّالِحِينَ، أشْهَدُ أنْ لا إلَهَ إلَّا الله وأَشْهَدُ أنَّ مُحَمَّدًا عَبْدُهُ ورَسولُهُ).

«Аттахияату лиллаахи уассолаваату уаттойибаат, асслааму алайка айюхан-набию уа рахматуллаахи уа баракаатух. Ассалааму а'лайнаа уа а'лаа и'баадиллахис-соолихийн, ашхаду ал-лаа илааха иллаллаху уа ашхаду анна Мухаммдан а'бдуху уа расуулух».

"Бардык саламдар, жүгүнүүлөр жана таза (дубалар) жалгыз Аллахка таандык! Оо, Аллахтын пайгамбары! Сага Аллахтын саламы, мээрими жана берекеттери болсун! (Ошондой эле) Бизге жана Аллахтын бардык салих (ибадат кылуучу) пенделерине Аллахтын саламы болсун! Мен: "Жалгыз Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Мухаммад анын кулу жана элчиси" деп күбөлүк берем". Андан кийин төмөнкү салаватты айтат:

(اللَّهُمَّ صَلِّ علَى مُحَمَّدٍ وعلَى آلِ مُحَمَّدٍ، كما صَلَّيْتَ علَى إبْرَاهِيمَ وعلَى آلِ إبْرَاهِيمَ؛ إنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ، وَبَارِكْ علَى مُحَمَّدٍ وعلَى آلِ مُحَمَّدٍ، كما بَارَكْتَ علَى إبْرَاهِيمَ وعلَى آلِ إبْرَاهِيمَ؛ إنَّكَ حَمِيدٌ مَجِيدٌ).

«Аллоохумма солли 'алаа Мухаммадин уа 'алаа аали Мухаммад,

камаа соллайта 'ала Иброохиима. Уа 'алаа аали Ибрахиим иннака

хамийдум мажийд.

Аллоохумма баарик 'алаа Мухаммад уа 'алаа аали Мухаммад, камаа

баарокта 'алаа Иброохиима уа 'алаа аали Иброохиим иннака хамидум

мажиид».

 

"Оо, Аллах! Пайгамбарың Ибрахим жана анын үй-бүлөсүнө ырайым кылган сыяктуу Пайгамбарың Мухаммадга, анын үй-бүлөсүнө да ырайым кыл. Чындыгында Сен мактоого татыктуу, Улук Затсын! Оо, Аллах! Пайгамбарың Ибрахимди жана анын үй-бүлөсүн берекеттүү кылган сыяктуу, Пайгамбарың Мухаммадды жана анын үй-бүлөсүн да берекеттүү кыл! Албетте Сен мактоого татыктуу Улук Затсын."13

Андан кийин төрт нерседен Аллахтан коргоо сурап, мындай дейт:

(اللَّهُمَّ إنِّي أَعُوذُ بِكَ مِن عَذَابِ جَهَنَّمَ، وَمِنْ عَذَابِ القَبْرِ، وَمِنْ فِتْنَةِ المَحْيَا وَالْمَمَاتِ، وَمِنْ شَرِّ فِتْنَةِ المَسِيحِ الدَّجَّالِ).

«Аллоохумма инний а’уузу бика мин `азааби жаханнам, уа мин

`азаабил-кобри, уа мин фитнатил махйаа уа мамаати, уа мин

шарри фитнатил Масиихид-Дажжаал».

 

"Оо, Аллах! Мени тозок азабынан, кабыр азабынан, өмүр жана өлүм алдындагы азгырыктардан жана Масих Дажжалдын азгырыгынан сакта!"14.

Андан соң дүйнө жана акырет жакшылыктарынан каалаганын сурап дуба кылат. Намаз парз болобу же нафил болобу, ата-энесине же башка мусулмандарга дуба кылса да болот. Анткени, Пайгамбарыбыз, саллаллаху алейхи уа саллам, Ибн Мас'уд, радыяллаху анхуга, ташахудду үйрөткөн хадистеги сөзү жалпы маанини камтыйт:

(ثُمَّ ‌لِيَتَخَيَّرْ ‌مِنَ ‌الدُّعَاءِ بَعْدُ أَعْجَبَهُ إِلَيْهِ فَيَدْعُو).

"Андан кийин өзүнө жаккан дубаны тандап кылат."15. Башка риваятта:

(‌ثُمَّ ‌لِيَخْتَرْ ‌مِنْ ‌الْمَسْأَلَةِ ‌مَا ‌شَاءَ).

"Андан кийин каалаган тилегин сурайт."16.

Бул пенденин дүйнө жана акыретине пайдалуу болгон бардык нерселерди өз ичине камтыйт. Андан соң оң тарабына: «Ассаламу алайкум уа рахматуллах» жана сол тарабына «Ассаламу алайкум уа рахматуллах» деп салам берет.

14- Эгер намаз шам намазы сыяктуу үч рекеттүү, же бешим, аср жана куптан намаздары сыяктуу төрт рекеттүү болсо, жогоруда айтылган ташаххудду Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, айтылган салаваттар менен кошо окуйт. Андан кийин тизесине таянып, колдорун ийининин же кулагынын тушуна чейин көтөрүп: «Аллаху Акбар»

деп үчүнчү рекетке турат. Жогоруда айтылгандай колдорун көкүрөгүнө коёт да, бир гана "Фатиха" сүрөөсүн окуйт. Эгерде кээ бир учурларда бешим намазынын үчүнчү жана төртүнчү рекеттеринде "Фатиха" сүрөөсүнө зам сүрөө кошуп окуса да боло берет. Анткени бул тууралуу Абу Саи'д, радыяллаху анху, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан,

риваят кылган хадисте келген. Эгерде биринчи ташаххуддан кийин Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламга, салават айтпаса, анда эч нерсе болбойт. Анткени биринчи ташаххудда салават айтуу важип эмес, мустахаб болуп эсептелет. Андан кийин шам намазынын үчүнчү рекетинен соң жана бешим, аср, куптан намаздарынын төртүнчү рекеттеринен соң, эки рекеттүү намазда айтылгандай, акыркы ташаххудду окуйт. Андан кийин оң жана сол жагына салам берет. Намаздан кийин үч жолу «Астагфируллах» деп айтып, андан соң мындай дейт:

(اللَّهُمَّ أَنْتَ السَّلَامُ وَمِنْكَ السَّلَامُ، تَبَارَكْتَ يا ذَا الجَلَالِ وَالإِكْرَامِ).

«Аллахумма антас-салаам, уа минкас-салаам, табааракта йаа зал-жалаали уал-икроом».

"Оо, Аллах! Өзүң(дүн бир ысымын) Салам жана саламаттык жалгыз Өзүндөн! Оо, улуу-урматтуулуктун ээси, Сен - Табериксиң!"17 Имам болсо, жүзүн элге буруудан алдын мындай дейт:

َا إلَهَ إلَّا الله وحْدَهُ لا شَرِيكَ لَه، لَهُ المُلْكُ، ولَهُ الحَمْدُ، وَهوَ عَلَى كُلِّ شيءٍ قَدِيرٌ، لَا حَوْلَ وَلَا قُوَّةَ إلَّا بالله، اللَّهُمَّ لَا مَانِعَ لِمَا أعْطَيْتَ، ولَا مُعْطِيَ لِمَا مَنَعْتَ، وَلَا يَنْفَعُ ذَا الجَدِّ مِنْكَ الجَدُّ، لَا إلَهَ إلَّا الله، وَلَا نَعْبُدُ إلَّا إيَّاهُ، لَهُ النِّعْمَةُ وَلَهُ الفَضْلُ، وَلَهُ الثَّنَاءُ الحَسَنُ، لَا إلَهَ إلَّا الله مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ وَلَو كَرِهَ الكَافِرُونَ) .

«Лаа илааха иллал-Лооху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул

мулку уа лахул хамду уа хуа а'лаа кулли шай’ин кодийр. Аллоохумма

лаа маани’а лимаа а’тойта уа лаа му’тийа лимаа мана’та. Уа лаа

йанфа’у зал жадди минкал жадд. Лаа илаха иллал-Лооху уа лаа на’буду иллаа

иййааху лахун-ни’мату уа лахул фадлу уа лахус-санааул-хасану. Лаа

илааха иллал-Лооху мухлисийна лахуд-дийна уа лау карихал

каафируун».

"Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок, Ал жалгыз, Анын эч бир шериги жок! Мүлк (баардык ааламдар) Аныкы! Мактоолор жалгыз Ага таандык! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү! Аллахтын күчүнөн өткөн күч, Аллахтын кубатынан өткөн кубат жок. Оо, Аллах! Сен берген нерсени эч ким тосо албайт, Сен тоскон нерсени эч ким бере албайт. Бай кишинин мал-дүйнөсү Сенин алдында ага пайда бере албайт. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Биз жалгыз Аллахтан башка эч бир кудайга ибадат кылбайбыз. Нээмат, артыкчылык жана бардык жакшы мактоолор Ага таандык. Аллахтан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Биз эгер каапырлар жаман көрсө да Аллахка калыс ибадат кылабыз"18.

Отуз үч жолудан «СубхаанАллах», «Алхамдулиллах» жана «Аллаху Акбар» деп айтат. Жүздү толуктап: «Лаа илааха иллал-Лооху уахдаху лаа шарийка лаху, лахул мулку уа лахул хамду уа хуа 'алаа кулли шай’ин кодийр» деп айтат. Ар бир намаздан кийин "Аят аль-Курсий", "Ихлас", "Фалак" жана "Нас" сүрөлөрүн окуйт. Багымдат жана Шам намаздарынан кийин бул үч сүрөнү үч жолудан окуу мустахаб; анткени бул тууралуу Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, хадистер келген. Бул зикирлердин баарын айтуу сүннөт, парз эмес.

Ар бир мусулман эркекке жана аялга бешим намазынан алдын төрт, андан кийин эки рекет, шам намазынан кийин эки рекет, куптан намазынан кийин эки рекет жана багымдат намазынан алдын эки рекет намаз окуу сүннөт. Жалпысы он эки рекет. Бул рекеттер "раватиб" деп аталат. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, сапарда эмес кезинде бул сүннөт намаздарды такыр калтырбай окуп жүргөн. Ал эми сапарда багымдаттын сүннөтү менен витр намаздарын калтырбай окуйт эле. Чынында, Пайгамбар, алейхис-солату уас-салам, бул экөөнү үйдө да, сапарда да калтырбай такай окучу. Бул кошумча сүннөт намаздарды жана витрди үйдө окуган абзел, эгер мечитте окуса да зыяны жок. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деген:

(أفْضَلُ صَلَاةِ المَرْءِ في بَيْتِهِ، إلَّا الصَّلَاةَ المَكْتُوبَةَ).

" Адамдын парз намазынан башка эң абзел намаз – анын үйүндө окуган намазы"19.

Бул сүннөттөргө бекем болуу бейишке кирүүнүн себептеринен, себеби Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:

(مَنْ صَلَّى اثْنَتَيْ عَشْرَةَ رَكْعَةً فِي يَومٍ وَلَيْلَةٍ، بُنِيَ لَه بِهِنَّ بَيْتٌ فِي الجَنَّةِ).

"Ким күнүнө он эки рекет намаз окуса, ага Бейиштен үй курулат"20.

Эгер асырдан алдын төрт, шам намазынан алдын эки жана куптан намазынан алдын эки рекет окуса, жакшы болот. Анткени бул тууралуу Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, сахих кабар келген. Ошондой эле, бешимден кийин төрт жана андан алдын төрт рекет окуса да жакшы болот. Анткени Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:

(مَنْ ‌حَافَظَ ‌عَلَى ‌أَرْبَعِ ‌رَكَعَاتٍ ‌قَبْلَ ‌الظُّهْرِ، وَأَرْبَعٍ بَعْدَهَا حَرَّمَهُ اللَّهُ عَلَى النَّارِ).

"Кимде-ким бешимден алдын төрт рекет жана андан кийин төрт рекетти такай окуса, Аллах аны тозокко арам кылат"21. Мааниси – ал бешимден кийинки эки рекетке башка эки рекетти кошот. Анткени сүннөт намаз – андан алдын төрт, андан кийин эки рекет. Эгер андан кийин дагы эки рекет кошсо, анда Умму Хабиба, радыяллаху анханын, хадисинде айтылган нерсеге амал кылган болот.

Аллах ийгилик Ээси. Пайгамбарыбыз Абдулланын уулу Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана Кыямат Күнүнө чейин анын жолун жакшылык менен жолдоочуларга Аллахтын тынчтыгы жана саламы болсун.

 

***


Муслим, 224-хадис

Бухари, 5782-хадис

Бухари, 744-хадис; Муслим, 598-хадис

Муслим, 399-хадис

Бухари, 756-хадис

Бухари, 817-хадис; Муслим, 484-хадис

Бухари, 711-хадис; Муслим, 598-хадис

Муслим, 477-хадис

Муслим, 479-хадис

Бухари, 788-хадис; Муслим, 493-хадис

Тирмизи, 284-хадис; Абу Дауд, 850-хадис; Ибн Маажа, 898-хадис

Бухари, 797-хадис; Муслим, 402-хадис

Бухари, 1311-хадис; Муслим, 588-хадис

Насааи, 1298-хадис

Муслим, 402-хадис

Муслим, 591-хадис

Муслим, 402-хадис

Бухари, 6860-хадис

Муслим, 728-хадис

Ахмад, 25547-хадис; Тирмизи, 393-хадис; Абу Дауд, 1077-хадис

Бухари, 605-хадис